Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Асанов Алмазбек Аскеровичтин БАЯНДАМАСЫ
*****
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан катышуучулардын, коноктордун жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана аларга ыкчам чара көрүүгө багытталган бир катар алдын алуу жана практикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.
Министрликтин күчтөрү жана каражаттары жогорку даярдык режимине өткөрүлүп, күчөтүлгөн күнү-түнү нөөмөт уюштурулуп, кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүү жана мүмкүн болуучу окуяларга ыкчам чара көрүүгө даярдык камсыздалды.
Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 300дөн ашык куткаруучу жана 79 атайын техника бирдиги (авариялык куткаруу, өрт өчүрүү, 1 комплект талаа госпиталы жана 2 бирдик тик учак), анын ичинде зарыл болгон авариялык-куткаруу жабдуулары, байланыш каражаттары жана атайын жабдуулар менен камсыздалган.
Иш-чаралар өткөрүлүүчү негизги объектилерде жана катышуучулар менен коноктордун жүрүү маршруттарында убактылуу куткаруу посттору жайгаштырылып, нөөмөт уюштурулду.
Куткаруу посттору автоунаа жолдорунун татаал тилкелеринде уюштурулду:
– Алма-Атинская көчөсү – Айланма жол;
– Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу, «Кара-Суу» бурулушу;
– Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу, Токмок шаары;
– Боом капчыгайы, Бишкек – Балыкчы унаа жолунун 132-чакырымы;
– Куакы капчыгайы, Бишкек – Балыкчы унаа жолунун 145-чакырымы;
– Бишкек – Балыкчы – Каракол унаа жолу, Балыкчы шаары (айланма жол);
– Бишкек – Балыкчы – Каракол унаа жолу, Тамчы айылы;
– Бишкек – Балыкчы – Каракол унаа жолу, Өрнөк айылы.
Мындан тышкары, Министрликтин күчтөрү жана каражаттары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлгөн негизги объектилерде тартылды:
– Курманжан-Датка атындагы музей;
– «Евразия» мейманканасы;
– №2 Мамлекеттик резиденция;
– «Рух-Ордо»;
– ипподром, Көк-Бөрү аренасы;
– «Газпром»;
– «Номад» амфитеатры;
– Кырчын этношаарчасы.
Оюндар өтүп жаткан мезгилде Кырчын капчыгайында Министрликтин куткаруу бөлүмдөрү тарабынан туруктуу нөөмөт уюштурулуп, келип чыккан кырсыктарга ыкчам чара көрүлдү.
Жаан-чачындын жаашына жана топурак жолдордун абалынын начарлашына байланыштуу куткаруучулар тарабынан ылайга тыгылып калган 60тан ашык автоунааны эвакуациялоо жана чыгаруу боюнча жардам көрсөтүлдү. Бул иштерди жүргүзүүгө атайын авариялык-куткаруу техникасы тартылды.
Мындан тышкары, куткаруучулар медициналык кызматкерлер менен биргеликте ар кандай жаракат алган жана медициналык жардамга кайрылган Оюндардын катышуучуларына, конокторуна жана көрүүчүлөрүнө биринчи жана медициналык жардам көрсөтүштү.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында Кырчын капчыгайынын аймагында мобилдик госпиталь уюштурулуп, медициналык жардамга кайрылган 400дөн ашык адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, тиешелүү медициналык коштоо камсыздалды.
Бардык кайрылуулар жана окуялар Министрликтин туруктуу көзөмөлүндө болуп, келип чыккан кырдаалдарга ыкчам чара көрүлдү.
Өрттөрдүн келип чыгышын алдын алуу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүүчү объектилерде өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында Министрлике караштуу Өрт көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан өрт коопсуздугунун абалы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышы, эвакуация жолдорунун жана эвакуациялык чыгуулардын абалы, өрт өчүрүү каражаттарынын, өрткө каршы коргоо системаларынын болушу жана ишке жарамдуулугу, ошондой эле объектилердин катышуучуларды жана келүүчүлөрдү коопсуз кабыл алууга даярдыгы бааланды.
Аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.
Мындан тышкары, гидрометеорологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана суу ташкындарынын, селдердин жана башка кооптуу жаратылыш кубулуштарынын келип чыгышы мүмкүн болгон коркунучтарды болжолдоо боюнча иштер жүргүзүлдү.
Кооптуу жаратылыш кубулуштарынын келип чыгышы мүмкүн болгон учурда тиешелүү шашылыш бирдирүүлөр мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыкчам жеткирилип, ошондой эле Министрликтин расмий сайтына жайгаштырылды.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!
*****
#ҚирғизистонҲақиқати
Қирғиз Республикаси Фавқулодда вазиятлар вазири ўринбосари, полковник Алмазбек Аскерович Асановнинг БАЁНОТИ
VI Жаҳон кўчманчилар ўйинлари доирасида Қирғиз Республикаси Фавқулодда вазиятлар вазирлиги томонидан иштирокчилар, меҳмонлар ва томошабинлар хавфсизлигини таъминлаш, шунингдек, эҳтимолий фавқулодда вазиятларнинг олдини олиш ва уларга тезкор чора кўришга қаратилган қатор профилактик ҳамда амалий тадбирлар амалга оширилди.
Вазирликнинг куч ва воситалари юқори тайёргарлик режимига ўтказилиб, кучайтирилган кечаю кундузги навбатчилик ташкил этилди. Вазиятни доимий мониторинг қилиш ва эҳтимолий ҳодисаларга тезкор жавоб беришга тайёрлик таъминланди.
Хавфсизликни таъминлаш учун 300 нафардан зиёд қутқарувчи ва 79 бирлик махсус техника жалб этилди. Улар таркибида авариявий-қутқарув ва ёнғин ўчириш техникаси, 1 та дала госпитали ҳамда 2 та вертолёт, шунингдек, зарур авариявий-қутқарув жиҳозлари, алоқа воситалари ва махсус ускуналар мавжуд бўлди.
Асосий тадбирлар ўтказиладиган объектлар ва иштирокчилар ҳамда меҳмонларнинг ҳаракат йўналишларида вақтинчалик қутқарув постлари ташкил қилиниб, навбатчилик йўлга қўйилди.
Қутқарув постлари автомобиль йўлларининг мураккаб участкаларида жойлаштирилди:
* Алма-Атинская кўчаси – Айланма йўл;
* Бишкек – Норин – Торугарт автомобиль йўли, «Қора-Сув» бурилиши;
* Бишкек – Норин – Торугарт автомобиль йўли, Токмок шаҳри;
* Боом дараси, Бишкек – Балиқчи автомобиль йўлининг 132-километри;
* Қуакы дараси, Бишкек – Балиқчи автомобиль йўлининг 145-километри;
* Бишкек – Балиқчи – Қоракўл автомобиль йўли, Балиқчи шаҳри (айланма йўл);
* Бишкек – Балиқчи – Қоракўл автомобиль йўли, Тамчи қишлоғи;
* Бишкек – Балиқчи – Қоракўл автомобиль йўли, Ўрнок қишлоғи.
Шунингдек, Вазирликнинг куч ва воситалари VI Жаҳон кўчманчилар ўйинлари ўтказилган асосий объектларга жалб этилди. Улар қаторида Қурмонжон Датка музейи, «Евразия» меҳмонхонаси, №2 Давлат қароргоҳи, «Руҳ-Ордо» маданий мажмуаси, ипподром, Кўк-Бўрў аренаси, «Газпром» мажмуаси, «Номад» амфитеатри ва Қирчин этношаҳарчаси бор.
Ўйинлар давомида Қирчин дарасида Вазирликнинг қутқарув бўлинмалари томонидан доимий навбатчилик ташкил қилиниб, юзага келган ҳодисаларга тезкор чора кўрилди.
Ёғингарчиликлар ва тупроқ йўлларнинг ҳолати ёмонлашгани сабабли қутқарувчилар лойга ботиб қолган 60 дан зиёд автомобильни эвакуация қилиш ва чиқариб олишда ёрдам кўрсатди. Бу ишларга махсус авариявий-қутқарув техникаси жалб этилди.
Бундан ташқари, қутқарувчилар тиббиёт ходимлари билан ҳамкорликда турли жароҳатлар олган ёки тиббий ёрдам сўраб мурожаат қилган Ўйинлар иштирокчилари, меҳмонлари ва томошабинларига биринчи ҳамда тиббий ёрдам кўрсатдилар.
Қирғиз Республикаси Соғлиқни сақлаш вазирлиги билан ҳамкорлик доирасида Қирчин дараси ҳудудида кўчма госпиталь ташкил этилди. У ерда тиббий ёрдам сўраб мурожаат қилган 400 нафардан зиёд кишига тиббий ёрдам кўрсатилиб, зарур тиббий кузатув ва ҳамроҳлик таъминланди.
Барча мурожаатлар ва ҳодисалар Вазирликнинг доимий назоратида бўлиб, юзага келган вазиятларга тезкор чора кўрилди.
Ёнғинларнинг олдини олиш ва VI Жаҳон кўчманчилар ўйинлари ўтказиладиган объектларда ёнғин хавфсизлигини таъминлаш мақсадида Вазирлик ҳузуридаги Ёнғин назорати хизмати ходимлари томонидан объектлардаги ёнғин хавфсизлиги ҳолати текширилди.
Текширувлар давомида ёнғин хавфсизлиги талабларига риоя қилиниши, эвакуация йўллари ва чиқиш эшикларининг ҳолати, ёнғин ўчириш воситалари ҳамда ёнғинга қарши ҳимоя тизимларининг мавжудлиги ва ишлаш қобилияти, шунингдек, объектларнинг иштирокчилар ва ташриф буюрувчиларни хавфсиз қабул қилишга тайёрлиги баҳоланди.
Аниқланган камчиликларни бартараф этиш бўйича тегишли чоралар кўрилди.
Шу билан бирга, гидрометеорологик вазиятни мониторинг қилиш, сув тошқинлари, сел ва бошқа хавфли табиий ҳодисалар юзага келиш эҳтимолини прогнозлаш бўйича ҳам ишлар олиб борилди.
Хавфли табиий ҳодисалар юзага келиш эҳтимоли аниқланган ҳолатларда тегишли тезкор огоҳлантиришлар давлат органлари ва маҳаллий ўзини ўзи бошқариш органларига зудлик билан етказилди, шунингдек, Вазирликнинг расмий веб-сайтида жойлаштирилди.
Эътиборингиз учун раҳмат!
Мавзуга оид бошқа хабарлар
- ДКО-2026: МАЙРАМДЫН АРТЫНДА ТУРГАН КААРМАНДАР Сиёсат / Ҳукумат / Жамият / Иқтисод / Технология / Илим-фан / Спорт / Маданият / Туризм / Жаҳон / Соғлиқни сақлаш / Молия / Адабиёт / Тиббиёт
- Байыркы жана азыркы Ош Сиёсат / Ҳукумат / Жамият / Иқтисод / Технология / Илим-фан / Спорт / Маданият / Туризм / Жаҳон / Соғлиқни сақлаш / Молия / Адабиёт / Тиббиёт
- Кытай Эл аралык сооданы илгерилетүү кеңешинин төрагасы Жэнь Хунбин Сиёсат / Ҳукумат / Жамият / Иқтисод / Технология / Илим-фан / Спорт / Маданият / Туризм / Жаҳон / Соғлиқни сақлаш / Молия / Адабиёт / Тиббиёт
- Эл Аралык Адабий Форуму . ---
- #КыргызстанАкыйкаты Аялзатынын улуулугу — элдин маданий жүзүндө Сиёсат / Ҳукумат / Жамият / Иқтисод / Технология / Илим-фан / Спорт / Маданият / Туризм / Жаҳон / Соғлиқни сақлаш / Молия / Адабиёт / Тиббиёт
