Кыргызстанда ак илбирсти экотуризм аркылуу коргоо боюнча МЖӨ долбоору каралууда


Бүгүн, 8-октябрда, Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында жаратылышты коргоону жана экотуризмди айкалыштырган жаңы демилге – “Ак илбирсти экотуризм аркылуу коргоо долбоору” каралууда. Долбоордун концепциясы жана аны ишке ашырууга мүмкүн болгон аймактар талкууланып, ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Нурбек Анарбекин, Кыргыз Республикасындагы Эл аралык финансылык корпорациянын (IFC) өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Пятаченко, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Хью Ридделл жана IFCнин консультанты Эркин Асрандиев катышты.
Долбоордун концепциясы Индиянын SUJAN Luxury Hospitality Private Limited (SUJAN) компаниясы тарабынан сунушталган. Компания туризмди өнүктүрүү жана жаратылышты коргоо багыттарында тажрыйбага ээ. Концепция экотуризмди өнүктүрүү, ак илбирсти жана башка жапайы жаныбарларды байкоо, фототуризм, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, егерлерди даярдоо, жергиликтүү коомчулуктар менен иш алып баруу жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү багыттарын камтыйт.
Демилге жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилеге негизделген туризмди өнүктүрүүгө жана эл аралык деңгээлдеги туристтик продукт түзүүгө багытталган. Ошондой эле туристтик кызматтарды биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жергиликтүү коомчулуктарды колдоо боюнча жаратылышты коргоо чаралары менен айкалыштырууну көздөйт.
Долбоор азырынча кароонун жана алдын ала иштеп чыгуунун баштапкы баскычында турат. Анын концепциясы, мүмкүн болгон жайгашуусу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашыруу шарттары боюнча консультациялар уланууда.
*****
#РеспубликанскаяПрессаAkiykatKG
В Кыргызстане рассматривается проект ГЧП по защите снежного барса через экотуризм
Сегодня, 8 октября, в Кыргызстане в рамках государственно-частного партнёрства (ГЧП) рассматривается новая инициатива – “Проект по защите снежного барса через экотуризм”, направленная на сочетание природоохранной деятельности и развития экотуризма. Участники обсудили концепцию проекта и возможные территории для его реализации. В обсуждении приняли участие заместитель главы Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Дамирбек Бикулов, директор Центра государственно-частного партнёрства Нурбек Анарбекин, руководитель Представительства Международной финансовой корпорации (IFC) в Кыргызской Республике Дмитрий Пятаченко, руководитель Представительства Всемирного банка в Кыргызской Республике Хью Ридделл и консультант IFC Эркин Асрандиев.
Концепция проекта предложена индийской компанией SUJAN Luxury Hospitality Private Limited (SUJAN), имеющей опыт в сфере развития туризма и охраны природы. Она предусматривает развитие экотуризма, наблюдение за снежным барсом и другими дикими животными, фототуризм, проведение научных исследований, подготовку егерей, взаимодействие с местными сообществами и развитие туристической инфраструктуры.
Инициатива направлена на развитие ответственного туризма и создание туристического продукта с учётом природоохранных задач. Предполагается также сочетание туристической деятельности с мерами по сохранению биоразнообразия и поддержке местных сообществ.
Проект находится на начальной стадии рассмотрения и предварительной проработки. Продолжаются консультации по его концепции, возможному месту реализации и дальнейшим условиям реализации в соответствии с законодательством Кыргызской Республики в сфере государственно-частного партнёрства.
*****
#ҚирғизистонҲақиқати
Қирғизистонда оқ илвирсни экотуризм орқали муҳофаза қилиш бўйича ДХШ лойиҳаси кўриб чиқилмоқда
Бугун, 8 октябрь куни Қирғизистонда давлат-хусусий шериклик (ДХШ) доирасида табиатни муҳофаза қилиш ва экотуризмни уйғунлаштиришга қаратилган янги ташаббус — «Оқ илвирсни экотуризм орқали муҳофаза қилиш лойиҳаси» кўриб чиқилмоқда.
Учрашувда лойиҳа концепцияси ҳамда уни амалга ошириш мумкин бўлган ҳудудлар муҳокама қилинди. Унда Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик бошчиси ўринбосари Дамирбек Бикулов, Давлат-хусусий шериклик маркази директори Нурбек Анарбекин, Халқаро молия корпорациясининг (IFC) Қирғиз Республикасидаги ваколатхонаси раҳбари Дмитрий Пятанченко, Жаҳон банкининг Қирғиз Республикасидаги ваколатхонаси раҳбари Хью Ридделл ҳамда IFC консультанти Эркин Асрандиев иштирок этди.
Лойиҳа концепцияси туризмни ривожлантириш ва табиатни муҳофаза қилиш соҳаларида тажрибага эга бўлган Ҳиндистоннинг SUJAN Luxury Hospitality Private Limited (SUJAN) компанияси томонидан таклиф этилган.
Концепция доирасида экотуризмни ривожлантириш, оқ илвирс ва бошқа ёввойи ҳайвонларни кузатиш, фото-туризмни йўлга қўйиш, илмий тадқиқотлар ўтказиш, егерларни тайёрлаш, маҳаллий жамоалар билан ҳамкорлик қилиш, шунингдек, туристик инфратузилмани ривожлантириш каби йўналишлар назарда тутилган.
Ташаббус табиатга масъулиятли муносабат тамойилларига асосланган туризмни ривожлантириш ва халқаро даражадаги туристик маҳсулот яратишга қаратилган. Шу билан бирга, туристик хизматларни биологик хилма-хилликни сақлаш ҳамда маҳаллий аҳолини қўллаб-қувватлашга қаратилган табиатни муҳофаза қилиш чора-тадбирлари билан уйғунлаштириш кўзда тутилмоқда.
Айни пайтда лойиҳа кўриб чиқиш ва дастлабки ишлаб чиқишнинг бошланғич босқичида турибди. Унинг концепцияси, амалга оширилиши мумкин бўлган ҳудудлар ҳамда Қирғиз Республикасининг давлат-хусусий шериклик соҳасидаги қонунчилигига мувофиқ амалга ошириш шартлари бўйича маслаҳатлашувлар давом этмоқда.
Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...






#КыргызстанАкыйкаты




1-октябрь — Эл аралык Мугалимдер,Медицина тармагында менторлук менен билим берүүнү ден соолук менен айкалыштырып иштеген кесип ээленин кесиптик майрамы.Бул күн улуу муундун өкүлдөрүнө урмат-сый көрсөтүп, алардын коомдогу ордун дагы бир ирет баалаган өзгөчө дата. Ошондой эле күз айларында медицина кызматкерлерин ,мугалимдердин, педагогдордун коомдогу ордуна таазим этип, алардын талыкпаган эмгегин белгилөө салтка айланган.



#КыргызстанАкыйкаты






Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Sellergo Co., Ltd. компаниясынын Башкы директору Жунхван Хо жана HIGEN Healthcare компаниясынын Башкы директору Ли Ёнгдук менен жолугушту.









#





#
, 2026-жылдын 16-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында «Өсүү жана инновациялар үчүн Корея Республикасы менен Борбордук Азиянын кызматташтыгынын келечеги» аталышында Биринчи Корея-Борбордук Азия бизнес-саммити өтүүдө.