Агрардык тармакта кызматташтык жана айыл чарбага инвестиция тартуу



Бүгүн, 17-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пекин айыл чарба илимий-технологиялык «ЦзинГэн ТяньСя» компаниясынын (Кытай Эл Республикасы) өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Анын ичинде заманбап агротехнологияларды киргизүү, биологиялык жана органикалык жер семирткичтерди өндүрүүнү өнүктүрүү, топурактын түшүмдүүлүгүн жана айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатуу маселелери каралды. Ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө, анын ичинде өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, продукциянын сапатын көзөмөлдөө үчүн лабораториялык базаны өнүктүрүү жана агротуризмди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
«Кыргызстан агрардык секторду инвестицияларды тартуунун жана алдыңкы технологияларды киргизүүнүн негизги багыттарынын бири катары карайт. Биз ата мекендик продукцияны өнүктүрүүгө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Компаниянын өкүлдөрү «ЦзинГэн ТяньСя» экологиялык жактан таза жер семирткичтерди, микробдук препараттарды өндүрүүгө жана топуракты калыбына келтирүү боюнча чечимдерди иштеп чыгууга адистешкен жогорку технологиялуу ишкана экенин белгилешти. Ошондой эле компаниянын өнүккөн илимий-изилдөө базасы бар экени жана Кытайдын алдыңкы илимий мекемелери менен кызматташары айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууга кызыкдар экенин билдиришти.
*****
Сотрудничество в аграрной сфере и привлечение инвестиций в сельское хозяйство
Сегодня, 17 апреля, глава Национальное агентство по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров встретился с представителями Пекинская сельскохозяйственная научно-технологическая компания «ЦзинГэн ТяньСя» (Китайская Народная Республика).
В ходе переговоров стороны обсудили перспективы двустороннего сотрудничества в сфере сельского хозяйства, включая внедрение современных агротехнологий, развитие производства биологических и органических удобрений, а также повышение плодородия почв и качества сельскохозяйственной продукции. Отдельное внимание было уделено возможностям реализации совместных инвестиционных проектов, в том числе созданию производственных мощностей и развитию лабораторной базы для контроля качества продукции, а также развитию агротуризма.
«Кыргызстан рассматривает аграрный сектор как одно из ключевых направлений для привлечения инвестиций и внедрения передовых технологий. Мы заинтересованы в реализации совместных проектов, направленных на развитие отечественной продукции, расширение экспортного потенциала и обеспечение устойчивого развития сельского хозяйства», — отметил Равшанбек Сабиров.
Представители компании подчеркнули, что «ЦзинГэн ТяньСя» является высокотехнологичным предприятием, специализирующимся на производстве экологически чистых удобрений, микробных препаратов и решений в области восстановления почв, а также обладает развитой научно-исследовательской базой и сотрудничает с ведущими научными учреждениями Китая.
По итогам встречи стороны выразили заинтересованность в дальнейшем развитии сотрудничества и проработке совместных инвестиционных инициатив.
#РеспубликанскаяПрессаАкыйкатKG
*****
Аграр соҳада ҳамкорлик ва қишлоқ хўжалигига инвестициялар жалб этиш масалалари муҳокама қилинди
2026 йил 17 апрель куни Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик раҳбари Равшанбек Сабиров Хитой Халқ Республикасининг Пекин қишлоқ хўжалиги илмий-технологик ЦзинГэн ТяньСя компанияси вакиллари билан учрашув ўтказди.
Музокаралар давомида томонлар қишлоқ хўжалиги соҳасидаги икки томонлама ҳамкорлик истиқболларини муҳокама қилдилар. Хусусан, замонавий агротехнологияларни жорий этиш, биологик ва органик ўғитлар ишлаб чиқаришни ривожлантириш, тупроқ унумдорлигини ошириш ҳамда қишлоқ хўжалиги маҳсулотлари сифатини яхшилаш масалаларига алоҳида эътибор қаратилди.
Шунингдек, қўшма инвестиция лойиҳаларини амалга ошириш имкониятлари, жумладан, ишлаб чиқариш қувватларини яратиш, маҳсулот сифати устидан назоратни кучайтириш учун лаборатория базасини ривожлантириш ҳамда агротуризмни кенгайтириш масалалари ҳам муҳокама қилинди.
“Қирғизистон аграр соҳани инвестициялар жалб этиш ва илғор технологияларни жорий қилишнинг устувор йўналишларидан бири сифатида кўради. Биз маҳаллий маҳсулотларни ривожлантириш, экспорт салоҳиятини кенгайтириш ҳамда қишлоқ хўжалигининг барқарор ривожини таъминлашга қаратилган қўшма лойиҳаларни амалга оширишдан манфаатдормиз”, — дея таъкидлади Равшанбек Сабиров.
ЦзинГэн ТяньСя компанияси вакиллари мазкур корхона экологик тоза ўғитлар, микробиологик препаратлар ишлаб чиқариш ва тупроқни қайта тиклаш бўйича инновацион ечимларни ишлаб чиқишга ихтисослашган юқори технологияли корхона эканини қайд этдилар. Шу билан бирга, компания ривожланган илмий-тадқиқот базасига эга бўлиб, Хитойнинг етакчи илмий муассасалари билан яқин ҳамкорлик қилиб келаётгани таъкидланди.
Учрашув якунида томонлар ҳамкорликни янада ривожлантириш ва қўшма инвестиция ташаббусларини амалга ошириш юзасидан манфаатдор эканликларини билдирдилар.
#ҚирғизистонХақиқатиПресса




#КыргызстанАкыйкатыПресса


#AkiykatKG
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурду.

#AkiykatKG
#AkiykatKG



NWT Group компаниясы менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды




#КыргызстанАкыйкаты












#АкыйкатKG



