Материалы за Ноябрь 2026 года » Ақийқат.KG

Равшанбек Сабиров «Чаарат ЗААВ» ЖАКтын өкүлдөрү менен инвестициялык долбоорду мындан ары ишке ашыруу маселелерин талкуулады

 
   Бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «Чаарат ЗААВ» жабык акционердик коомунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын учурдагы инвестициялык ишмердүүлүгү, долбоордун ишке ашырылышы жана мындан аркы кызматташтыктын багыттары талкууланды.
Компаниянын өкүлдөрү долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү, менчик түзүмүндөгү өзгөрүүлөр, инвестициялык милдеттенмелердин аткарылышы жана келечектеги өнүгүү пландары тууралуу маалыматтар менен бөлүштү. Ошондой эле стабилдештирүү режими жөнүндө колдонуудагы макулдашууга жана анын мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу маселелер каралды. Улуттук агенттик бул маселени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте карап чыгат.
«Биз үчүн инвестициялык долбоорлор өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө гана эмес, аймактарга жана жергиликтүү тургундарга да реалдуу пайда алып келиши маанилүү. Инвесторлордун долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруусуна, жаңы жумуш орундарын түзүүсүнө, өндүрүштү өнүктүрүүсүнө жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуусуна кызыкдарбыз», - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Жолугушууда компаниянын социалдык жоопкерчилиги жана Чаткал районунун жергиликтүү калкы менен өз ара аракеттенүүсү боюнча маселелер да талкууланды. Компания жергиликтүү коомчулукту колдоп, социалдык мааниге ээ демилгелерди ишке ашырууга катышып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп жатканы белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты улантууга жана инвестициялык долбоорду туруктуу ишке ашыруу максатында ачык диалогду сактоого өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.
*****
#РеспубликанскаяПрессаAkiykatKG
Равшанбек Сабиров обсудил с представителями ЗАО «Чаарат ЗААВ» дальнейшую реализацию инвестиционного проекта
Сегодня, 6 ноября, глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров встретился с представителями ЗАО «Чаарат ЗААВ». В ходе встречи обсуждены текущая инвестиционная деятельность компании, ход реализации проекта и перспективы дальнейшего сотрудничества.
Представители компании представили информацию о ходе реализации проекта, изменениях в структуре собственности, выполнении инвестиционных обязательств и планах дальнейшего развития. Также рассмотрены вопросы, связанные с действующим соглашением о режиме стабилизации и возможностью его продления. Национальное агентство рассмотрит данный вопрос совместно с соответствующими структурными подразделениями с учётом требований законодательства Кыргызской Республики.
«Для нас важно, чтобы инвестиционные проекты не только способствовали развитию экономики страны, но и приносили ощутимую пользу регионам и местным жителям. Мы заинтересованы в том, чтобы инвесторы успешно реализовывали свои проекты, создавали рабочие места, развивали производство и вносили вклад в социально-экономическое развитие Кыргызской Республики», - отметил Равшанбек Сабиров.
В ходе встречи также обсуждены вопросы социальной ответственности компании и её взаимодействия с местным населением Чаткальского района. Отмечено, что компания оказывает поддержку местному сообществу, участвует в реализации социально значимых инициатив и вносит вклад в социально-экономическое развитие региона.
По итогам встречи подтверждена взаимная заинтересованность в дальнейшем сотрудничестве и поддержании открытого диалога для обеспечения устойчивой реализации инвестиционного проекта.
*****
#ҚирғизистонҲақиқати

РАВШАНБЕК САБИРОВ «ЧААРАТ ЗААВ» ЁПИҚ АКЦИЯДОРЛИК ЖАМИЯТИ ВАКИЛЛАРИ БИЛАН ИНВЕСТИЦИЯ ЛОЙИҲАСИНИНГ КЕЛГУСИДАГИ ИЖРОСИНИ МУҲОКАМА ҚИЛДИ

Бугун, 6 ноябрь куни, Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик бошчиси Равшанбек Сабиров «Чаарат ЗААВ» ёпиқ акциядорлик жамияти вакиллари билан учрашди. Унда компаниянинг жорий инвестиция фаолияти, лойиҳанинг амалга оширилиш жараёни ҳамда келгусидаги ҳамкорлик йўналишлари муҳокама қилинди.

Учрашув давомида компания вакиллари лойиҳани амалга оширишнинг бугунги ҳолати, мулкчилик таркибидаги ўзгаришлар, инвестициявий мажбуриятларнинг бажарилиши ва истиқболдаги ривожланиш режалари ҳақида маълумот бердилар.

Шунингдек, барқарорлаштириш режими тўғрисидаги амалдаги келишув ҳамда унинг муддатини узайтириш имкониятлари юзасидан фикр алмашилди. Миллий агентлик мазкур масалани Қирғиз Республикаси қонунчилиги талабларини инобатга олган ҳолда тегишли таркибий бўлинмалар билан ҳамкорликда кўриб чиқади.

«Биз учун инвестиция лойиҳалари нафақат мамлакат иқтисодиёти ривожига, балки ҳудудлар тараққиёти ва маҳаллий аҳоли фаровонлигига ҳам амалий наф келтириши муҳим. Инвесторларнинг ўз лойиҳаларини муваффақиятли амалга ошириши, янги иш ўринларини яратиши, ишлаб чиқаришни ривожлантириши ва Қирғиз Республикасининг ижтимоий-иқтисодий тараққиётига муносиб ҳисса қўшишидан манфаатдормиз», — деди Равшанбек Сабиров.

Учрашувда компаниянинг ижтимоий масъулияти, шунингдек, Чатқал тумани маҳаллий аҳолиси билан ўзаро ҳамкорлиги масалалари ҳам муҳокама этилди. Компания томонидан маҳаллий жамоатчиликни қўллаб-қувватлаш, ижтимоий аҳамиятга эга ташаббусларни амалга оширишда иштирок этиш ва ҳудуднинг ижтимоий-иқтисодий ривожланишига ҳисса қўшиш борасида муайян ишлар олиб борилаётгани таъкидланди.

Учрашув якунида томонлар ҳамкорликни изчил давом эттириш, инвестиция лойиҳасининг барқарор амалга оширилишини таъминлаш мақсадида очиқ ва конструктив мулоқотни сақлаб қолишдан ўзаро манфаатдор эканликларини билдирдилар.

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Ganfeng Lithium Group компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

#
Бүгүн, 3-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана Ganfeng Lithium Group Co., Ltd. компаниясынын вице-президенти Чжу Тяньлун өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Документ инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде тоо-кен өнөр жайы, заманбап технологияларды киргизүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу багыттарында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган.
«Кыргызстан үчүн узак мөөнөттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болгон эл аралык компаниялар менен кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү. Биз заманбап технологияларды киргизүүгө, тажрыйба алмашууга жана экономиканын тармактарын өнүктүрүүгө, өлкөнүн инвестициялык потенциалын чыңдоого өбөлгө түзө турган демилгелерди биргелешип иштеп чыгууга ачыкпыз», - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Меморандумдун алкагында тараптар өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, маалымат алмашууга жана келечектүү инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип кароону билдиришти.
*****
#РеспубликанскаяПрессаAkiykatKG
Подписан меморандум о сотрудничестве с Ganfeng Lithium Group
Сегодня, 3 ноября, глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров и вице-президент компании Ganfeng Lithium Group Co., Ltd. Чжу Тяньлун подписали меморандум о взаимопонимании и сотрудничестве.
Документ направлен на развитие инвестиционного взаимодействия, в том числе в сфере горнодобывающей промышленности, внедрения современных технологий и реализации перспективных проектов на территории Кыргызской Республики.
«Для Кыргызстана важно развивать сотрудничество с международными компаниями, заинтересованными в реализации долгосрочных инвестиционных проектов. Мы открыты к внедрению современных технологий, обмену опытом и проработке инициатив, которые будут способствовать развитию отраслей экономики и укреплению инвестиционного потенциала страны», - отметил Равшанбек Сабиров.
В рамках меморандума стороны намерены развивать взаимодействие, обмениваться информацией и совместно прорабатывать возможности реализации перспективных инвестиционных инициатив.
*****
#ҚирғизистонҲақиқати
3 ноябрь куни Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик раҳбари Равшанбек Сабиров ва Ganfeng Lithium Group Co., Ltd. компанияси вице-президенти Чжу Тяньлун ўзаро англашув ва ҳамкорлик тўғрисидаги меморандумни имзоладилар.

Мазкур ҳужжат инвестициявий ҳамкорликни ривожлантириш, жумладан, тоғ-кон саноати соҳасидаги ўзаро алоқаларни кенгайтириш, замонавий технологияларни жорий этиш ҳамда Қирғиз Республикаси ҳудудида истиқболли лойиҳаларни амалга оширишга қаратилган.

«Қирғизистон учун узоқ муддатли инвестициявий лойиҳаларни амалга оширишга қизиқиш билдираётган халқаро компаниялар билан ҳамкорликни ривожлантириш муҳим аҳамиятга эга. Биз замонавий технологияларни жорий этиш, тажриба алмашиш, иқтисодиёт тармоқларини ривожлантириш ва мамлакатнинг инвестициявий салоҳиятини мустаҳкамлашга хизмат қиладиган ташаббусларни биргаликда ишлаб чиқишга тайёрмиз», — деди Равшанбек Сабиров.

Меморандум доирасида томонлар ўзаро ҳамкорликни изчил ривожлантириш, ахборот алмашиш ҳамда истиқболли инвестиция ташаббусларини амалга ошириш имкониятларини биргаликда ўрганишга келишиб олдилар.

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик CSCEC компаниясы менен кызматташуунун келечегин талкуулады

#КыргызстанАкыйкаты
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик CSCEC компаниясы менен кызматташуунун келечегин талкуулады
Бүгүн, 3-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «CSCEC» компаниясынын
«2-инженердик бюросунун» өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун багыттарын жана компаниянын Кыргызстандагы инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Атап айтканда, Майлуу-Суу шаарында кубаттуулугу 26 кВт болгон чакан гидроэлектр станциясын куруу, ошондой эле Асман шаарын куруу демилгелери каралды. Мында компаниянын долбоорлорго катышуусунун мүмкүн болгон форматтары жана каржылоо тартуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар инвестициялык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын, мамлекеттик колдоонун колдонуудагы чараларын жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү механизмдерин карап чыгышты. Инвестициялык демилгелерди даярдоо жана ишке ашыруу баскычтарында иш-аракеттерди координациялоо маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана талкууланган долбоорлорду иштеп чыгууну улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.
*****
#РеспубликанскаяПрессаКыргызстанАкыйкаты
Национальное агентство по инвестициям обсудило перспективы сотрудничества с компанией CSCEC
Сегодня, 3 ноября, глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров встретился с представителями ООО «2-е инженерное бюро CSCEC».
В ходе встречи стороны обсудили перспективы взаимодействия и возможности участия компании в реализации инвестиционных и инфраструктурных проектов в Кыргызстане. В частности, были рассмотрены две инициативы: строительство малой гидроэлектростанции мощностью 26 кВт в городе Майлуу-Суу, а также строительство города Асман, включая возможные форматы участия компании и вопросы привлечения финансирования.
Кроме того, стороны рассмотрели приоритетные направления инвестиционного сотрудничества, действующие меры государственной поддержки и механизмы взаимодействия с профильными государственными органами. Отдельное внимание было уделено вопросам координации действий на этапах подготовки и реализации инвестиционных инициатив.
По итогам встречи стороны выразили взаимную заинтересованность в дальнейшем сотрудничестве и продолжении проработки обсуждённых проектов.
*****
#ҚирғизистонҲақиқати

МИЛЛИЙ ИНВЕСТИЦИЯЛАР АГЕНТЛИГИ CSCEC КОМПАНИЯСИ БИЛАН ҲАМКОРЛИК ИСТИҚБОЛЛАРИНИ МУҲОКАМА ҚИЛДИ

Бугун, 3 ноябрь куни Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Миллий инвестициялар агентлиги раҳбари Равшанбек Сабиров CSCEC компаниясининг «2-муҳандислик бюроси» вакиллари билан учрашди.

Учрашув давомида томонлар ҳамкорликнинг устувор йўналишлари, шунингдек, компаниянинг Қирғизистондаги инвестициявий ва инфратузилмавий лойиҳаларни амалга оширишда иштирок этиш имкониятларини муҳокама қилдилар.

Хусусан, Майли-Суу шаҳрида қуввати 26 кВт бўлган кичик гидроэлектр станциясини қуриш, шунингдек, Асман шаҳрини барпо этиш ташаббуслари кўриб чиқилди. Мазкур лойиҳаларда компания иштирокининг эҳтимолий шакллари ҳамда уларни молиялаштириш учун инвестиция маблағларини жалб этиш масалаларига алоҳида эътибор қаратилди.

Шунингдек, томонлар инвестициявий ҳамкорликнинг устувор йўналишлари, давлат томонидан тақдим этилаётган амалдаги қўллаб-қувватлаш чоралари ва тегишли давлат идоралари билан ҳамкорлик механизмларини кўриб чиқдилар.

Инвестициявий ташаббусларни тайёрлаш ва амалга ошириш жараёнларида ўзаро ҳамкорликни мувофиқлаштириш масалалари ҳам муҳокаманинг муҳим йўналишларидан бири бўлди.

Учрашув якунида томонлар ўзаро манфаатли ҳамкорликни янада ривожлантириш, шунингдек, муҳокама қилинган лойиҳаларни батафсил ишлаб чиқиш борасидаги ҳамкорликни давом эттиришга тайёр эканликларини билдирдилар.

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Яндекс.Метрика
Cайт "Clicks.KG" Реклама Агентлиги
томонидан ишлаб чиқилган.