ЛОВЗ-Мамлекеттен элге жардам мыйзамы
21.07.2026.Бишкек. Президент Садыр Жапаров «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы мыйзамды мурда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Документ Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын ченемдерин ишке ашырууга багытталган.
Мыйзам майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо жана абилитациялоо тармагындагы мамлекеттик кепилдиктерди белгилейт. Документте социалдык, саясий укуктарды коргоо жана саламаттык сактоо кызматтарын алуу тартиби каралган. Ошондой эле билим берүү, эмгек ишмердүүлүгү жана маданий турмушка катышуу укуктары бекитилген. Мыйзам инфратүзүмдүк объекттерге тоскоолдуксуз жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну милдеттендирет.
Мыйзам расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.