Материалы за 29.07.2026 » Ақийқат.KG

ШОС-2026 Кыргыз-Өзбек Долбору ишке тушту.

#Кыргызстан_Акыйкаты
#РеспубликалыкМаалыматАгенттиги
#ШОС

КЫРГЫЗСТАН-Өзбекстан Бизнес
Форуму;

ДОЛБООР
Өзбекстан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө инвестициялар жана соода тармагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча
ИШ-АРАКЕТТЕРДИН ПЛАНЫ
(«ЖОЛ КАРТАСЫ»)

(2026-жылдын 28-июлу, Бишкек шаары)

Жалпы наркы – 1 млрд 568,7 млн АКШ доллары.

Анын ичинде:

* жалпы суммасы 540,6 млн АКШ долларын түзгөн 52 инвестициялык долбоор;
* жалпы суммасы 1 млрд 28,1 млн АКШ долларын түзгөн 82 соода келишими.

Алардын ичинен:

* Өзбекстан Республикасынын аймагында жалпы суммасы 285,0 млн АКШ долларын түзгөн 12 долбоор;
* Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы суммасы 255,6 млн АКШ долларын түзгөн 40 долбоор.

Кыймылсыз мүлк жана девелопмент

(7 долбоор – 215,0 млн АКШ доллары)

1-долбоор

Көп кабаттуу турак жайларды куруу

Кыргыз тараптагы өнөктөш: «Business House KG» ЖЧК

Жайгашкан жери: Өзбекстан Республикасы, Ташкент шаары, Мирабад району.

Долбоордун наркы: 40 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. 2026-жылдын апрель айында аянты 5,1 гектар болгон жер тилкеси бөлүнгөн.
2. 2026-жылдын май айында курулуш иштерине уруксат берүүчү документтер толук таризделген.
3. 2026-жылдын июнь айында пайдубал куруу иштери аяктаган.
4. 2026-жылдын июнь айында 9 жана 12 кабаттуу 13 турак үйдүн курулушу башталган.

Кийинки кадамдар

1. Курулуш иштерин аяктоо — 2026-жылдын ноябрь айы.
2. Инженердик-коммуникациялык тармактарга кошуу — 2027-жылдын февраль айы.
3. Ички жана тышкы жасалгалоо иштерин бүтүрүү — 2027-жылдын июнь айы.
4. Объектти пайдаланууга берүү — 2027-жылдын сентябрь айы.

Жооптуу:

* «Lider Diamond Group» ЖЧК;
* Ташкент шаарынын хокимияты (Ш. Умурзаков).

2-долбоор

Заманбап турак жай комплексин куруу

Кыргыз тараптагы өнөктөш: «Business House KG» ЖЧК

Жайгашкан жери: Өзбекстан Республикасы, Анжиян облусу, Анжиян шаары.

Долбоордун наркы: 15 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. Долбоордун концепциясы 2026-жылдын март айында иштелип чыккан.
2. 2026-жылдын май айында аянты 0,7 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.
3. 2026-жылдын июль айында долбоордук-сметалык документацияны даярдоо башталган.

Кийинки кадамдар

1. Курулушка уруксат берүүчү документтерди тариздөө — 2026-жылдын ноябрь айы.
2. Жер иштерин жүргүзүү — 2027-жылдын март айы.
3. Курулуш иштерин баштоо — 2027-жылдын май айы.

Жооптуу:

* «Business House» ЖЧК;
* Анжиян облусунун хокимияты (Ш. Абдурахманов).

3-долбоор

Заманбап турак жай комплексин куруу

Кыргыз тараптагы өнөктөш: «Vision House» ЖЧК

Жайгашкан жери: Өзбекстан Республикасы, Анжиян облусу, Хожаабад району.

Долбоордун наркы: 20 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. 2025-жылдын ноябрь айында аянты 0,8 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.
2. 2026-жылдын март айында курулушка уруксат берүүчү документтер таризделген.
3. 2026-жылдын май айында пайдубал куруу иштери бүткөрүлгөн.
4. 2026-жылдын июнь айында 8 кабаттуу эки турак үйдүн курулушу башталган.

Кийинки кадамдар

1. Курулушту аяктоо — 2027-жылдын сентябрь айы.
2. Инженердик-коммуникациялык тармактарга кошуу — 2027-жылдын декабрь айы.
3. Ички жана тышкы жасалгалоо иштерин аяктоо — 2028-жылдын март айы.
4. Объектти пайдаланууга берүү — 2028-жылдын май айы.

Жооптуу:

* «Vision House» ЖЧК;
* Анжиян облусунун хокимияты (Ш. Абдурахманов).

4-долбоор

Көп кабаттуу турак жайларды куруу

Кыргыз тараптагы өнөктөш: «Ege Cizge Inshaat» ЖЧК

Жайгашкан жери: Өзбекстан Республикасы, Анжиян облусу, Анжиян шаары.

Долбоордун наркы: 15 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. 2026-жылдын апрель айында аянты 1 гектар болгон жер тилкеси бөлүнгөн.
2. 2026-жылдын май айында курулушка уруксат берүүчү документтер таризделген.
3. 2026-жылдын июнь айында пайдубал куруу иштери аяктаган.
4. 2026-жылдын июнь айында 9 кабаттуу үч турак үйдүн курулушу башталган.

Кийинки кадамдар

1. Курулуш иштерин аяктоо — 2027-жылдын май айы.
2. Инженердик-коммуникациялык тармактарга кошуу — 2027-жылдын июль айы.
3. Ички жана тышкы жасалгалоо иштерин бүтүрүү — 2027-жылдын октябрь айы.
4. Объектти пайдаланууга берүү — 2027-жылдын декабрь айы.

Жооптуу:

* «Ege Cizge Inshaat» ЖЧК;
* Анжиян облусунун хокимияты (Ш. Абдурахманов).

5-долбоор

Көп кабаттуу турак жайларды куруу

Кыргыз тараптагы өнөктөш: «Brand House KG» ЖЧК

Жайгашкан жери: Өзбекстан Республикасы, Анжиян облусу, Анжиян шаары.

Долбоордун наркы: 80 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. 2026-жылдын февраль айында аянты 13 гектар болгон жер тилкеси бөлүнгөн.
2. 2026-жылдын май айында курулушка уруксат берүүчү документтер таризделген.
3. 2026-жылдын июнь айында пайдубал куруу иштери аяктаган.
4. 2026-жылдын июнь айында 9 жана 12 кабаттуу 13 турак үйдүн курулушу башталган.

Кийинки кадамдар

1. Курулуш иштерин аяктоо — 2027-жылдын май айы.
2. Инженердик-коммуникациялык тармактарга кошуу — 2027-жылдын сентябрь айы.
3. Ички жана тышкы жасалгалоо иштерин бүтүрүү — 2027-жылдын декабрь айы.
4. Объектти пайдаланууга берүү — 2028-жылдын декабрь айы.

Жооптуу:

* «Brand House KG» ЖЧК;
* Анжиян облусунун хокимияты (Ш. Абдурахманов).

6-долбоор

Туристтик комплексти түзүү

Кыргыз тараптагы өнөктөш: «Заркент дур тош конлари» ЖЧК

Жайгашкан жери: Өзбекстан Республикасы, Наманган облусу, Янгикурган району.

Долбоордун наркы: 30 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. 2026-жылдын март айында аянты 2 гектар болгон жер тилкеси аныкталган.
2. 2026-жылдын май айында долбоордун концепциясы иштелип чыккан.
3. 2026-жылдын июль айында долбоор алдындагы документацияны даярдоо башталган.

Кийинки кадамдар

1. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) иштеп чыгуу — 2026-жылдын октябрь айы.
2. Долбоордук-сметалык документацияны даярдоо — 2027-жылдын январь айы.
3. Курулуш иштерин баштоо — 2027-жылдын май айы.

Жооптуу:

* «Заркент дур тош конлари» ЖЧК;
* Наманган облусунун хокимияты (Ш. Абдуразаков).

7-долбоор

«Illusion» үй-бүлөлүк эс алуу жана көңүл ачуу борборун куруу

Кыргыз тараптагы өнөктөш: «Milan» компаниялар тобу

Жайгашкан жери: Жаңы Ташкент шаары.

Долбоордун наркы: 15 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. 2026-жылдын февраль айында аянты 2,2 гектар болгон жер тилкеси бөлүнгөн.
2. 2026-жылдын апрель айында долбоордук-сметалык документация даярдалган.
3. 2026-жылдын июль айында курулуш аянты толук даярдалган.

Кийинки кадамдар

1. Курулушка уруксат берүүчү документтерди тариздөө — 2026-жылдын сентябрь айы.
2. Жер иштерин жүргүзүү — 2026-жылдын ноябрь айы.
3. Курулуш иштерин баштоо — 2027-жылдын май айы.

Жооптуу:

* «Illusion Park» ЖЧК;
* Жаңы Ташкент шаарын куруу дирекциясы (Д. Адилов).

ЖЕҢИЛ ӨНӨР ЖАЙ

(5 долбоор – 80,1 млн АКШ доллары, 18 соода келишими – 306,2 млн АКШ доллары)

8-долбоор

Тигүү фабрикасынын базасында трикотаж буюмдарын өндүрүү жана боёо өндүрүшүн уюштуруу

Кыргыз тараптагы өнөктөш: «Евразия групп» ЖЧК

Жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ош облусу.

Долбоордун наркы: 30,0 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. 2025-жылдын июль айында долбоордун бизнес-планы иштелип чыккан.
2. 2025-жылдын август айында уруксат берүүчү документтер даярдалган.
3. 2026-жылдын июнь айында инвестициялык макулдашууну даярдоо жана инженердик инфраструктураны долбоорлоо башталган.

Кийинки кадамдар

1. Инвестициялык макулдашууга кол коюу — 2026-жылдын декабрь айы.
2. Узундугу 6 чакырым болгон электр берүү линиясын жана трансформатордук көмөк чордондун долбоорун аяктоо — 2027-жылдын январь айы.
3. Долбоорду бекитип, ишке ашырууну баштоо — 2027-жылдын февраль айы.

Жооптуу:

* «Евразия групп» ЖЧК;
* Өзбекстан–Кыргызстан өнүктүрүү фонду (А. Алиев).

9-долбоор

Трикотаж продукциясын өндүрүүнү кеңейтүү

Кыргыз тараптагы өнөктөш: «Cosmo Textiles» ЖЧК.

Жайгашкан жери: Өзбекстан Республикасы, Анжиян облусу, Балыкчы району.

Долбоордун наркы: 30,0 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. Долбоордун биринчи этабы 2025-жылдын ноябрь айында пайдаланууга берилген.
2. Экинчи этап үчүн 0,35 гектар жер тилкеси 2026-жылдын июнь айында бөлүнгөн.

Кийинки кадамдар

1. Бизнес-планды иштеп чыгуу — 2026-жылдын октябрь айы.
2. Долбоордун экинчи этабын ишке ашырууну баштоо — 2027-жылдын февраль айы.

Жооптуу:

* «Cosmo Textiles» ЖЧК;
* Анжиян облусунун хокимияты (Ш. Абдурахманов).

10-долбоор

Сүлгү өндүрүшүн модернизациялоо

Кыргыз тараптагы өнөктөш: «Faiza Mari Tex» биргелешкен ишканасы.

Жайгашкан жери: Өзбекстан Республикасы, Наманган облусу, Касансай району.

Долбоордун наркы: 8,0 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. 2025-жылдын сентябрь айында жер тилкеси бөлүнгөн.
2. 2026-жылдын март айында долбоордук документация даярдалган.
3. 2026-жылдын май айында курулуш-монтаж иштери башталган.

Кийинки кадамдар

1. Кошумча каржылоо булактарын аныктоо — 2026-жылдын ноябрь айы.
2. Курулуш-монтаж иштерин аяктоо — 2027-жылдын декабрь айы.

Жооптуу:

* Наманган облусунун хокимияты (Ш. Абдураззаков).

11-долбоор

Тигүү фабрикасынын өндүрүшүн кеңейтүү

Кыргыз тараптагы өнөктөш: «Евразия групп» ЖЧК.

Жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ош облусу.

Долбоордун наркы: 6,4 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. 2026-жылдын февраль айында долбоорду каржылоонун негизги шарттары макулдашылган.
2. 2026-жылдын июнь айында кредиттик каражаттарды кайтаруу булагы аныкталган.
3. 2026-жылдын июль айында Өзбекстан–Кыргызстан өнүктүрүү фондуна берүү үчүн документтер топтому даярдалган.

Кийинки кадамдар

1. Кара-Суу райондук администрациясынын жер тилкесин күрөөгө коюуга макулдугун алуу — 2026-жылдын октябрь айы.
2. Кредиттик келишимге кол коюу — 2026-жылдын декабрь айы.
3. Каржылоону баштоо — 2027-жылдын февраль айы.

Жооптуу:

* «Евразия групп» ЖЧК;
* Өзбекстан–Кыргызстан өнүктүрүү фонду (А. Алиев).

12-долбоор

Полиэстер кездемелерин өндүрүүнү уюштуруу

Кыргыз тараптагы өнөктөш: «Зилан Эверсун Текстиль» ЖЧК.

Жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Кара-Балта шаары.

Долбоордун наркы: 5,7 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. 2025-жылдын декабрь айында долбоор техникалык сыноодон өткөрүлгөн.
2. 2026-жылдын май айында өндүрүштүн биринчи линиясы пайдаланууга берилген.

Кийинки кадамдар

1. Ишкананы долбоордук өндүрүш кубаттуулугуна чыгаруу — 2027-жылдын август айы.
2. Ишкананын экспорттук продукциясын тышкы рынокторго чыгарууга көмөк көрсөтүү — 2027-жылдын декабрь айы.

Жооптуу:

* «Зилан Эверсун Текстиль» ЖЧК;
* Өзбекстан–Кыргызстан өнүктүрүү фонду (А. Алиев).

13-долбоор

Текстиль продукцияларын өз ара жеткирүү

Кыргыз тараптагы өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, «Кристалл и Ко» ЖЧК, «Imron Trade» ЖЧК, «Neo Company» ЖЧК, «Каган Лайн» ЖЧК жана «ЕвроАзия Групп» ЖЧК.

Келишимдердин жалпы наркы: 306,2 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча:

* Өзбекстандын компанияларынын экспортунун көлөмү 141,7 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 54 пайызга (49,7 млн долларга) өскөн.
* Анын ичинде:
* трикотаж кездемеси – 27,2 млн доллар;
* даяр тигүү буюмдары – 30,6 млн доллар.
* Кыргызстандан импорттун көлөмү 2,1 млн долларды түзүп, 90,9 пайызга өскөн.
* Анын ичинде:
* трикотаж кездемеси – 0,7 млн доллар;
* пахта буласы – 0,5 млн доллар.

2026-жылдын январь–июнь айларынын жыйынтыгы боюнча:

* Өзбекстандын компанияларынын экспорту 40,9 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,3 пайызга (3,2 млн долларга) көбөйгөн.
* Анын ичинде:
* трикотаж кездемеси – 8,8 млн доллар;
* даяр тигүү буюмдары – 14,3 млн доллар.
* Кыргызстандан импорт 1,9 млн долларды түзүп, 138 пайызга өскөн.
* Анын ичинде:
* трикотаж кездемеси – 0,8 млн доллар;
* пахта буласы – 0,5 млн доллар.

Кийинки кадамдар

Кол коюлган экспорттук-импорттук келишимдерди бекитилген графикке ылайык толук ишке ашыруу.

Жооптуу:

* «Zamon Farovon» ЖЧК;
* «Yuudos Group» ЖЧК;
* «The Besttex» ЖЧК;
* «Smile Tex Invest» ЖЧК;
* «Rayonaxon Orzu Tex» ЖЧК;
* «Узтекстильпром» ассоциациясы (М. Жуманиязов).

АЙЫЛ ЧАРБАСЫ

(9 долбоор – 50,6 млн АКШ доллары, 10 соода келишими – 280,0 млн АКШ доллары)

14-долбоор

5 миң баш малга ылайыкталган мал чарба комплексин түзүү

Кыргыз тараптагы өнөктөш: «Agro Prom Global Industriya» ЖЧК.

Жайгашкан жери: Өзбекстан Республикасы, Сурхандарыя облусу, Шерабад району.

Жер аянты: 19,6 миң гектар.

Долбоордун наркы: 15,0 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. Инвестициялык келишимге 2025-жылдын февраль айында кол коюлган.
2. 2025-жылдын март айында 19,6 миң гектар жер тилкеси бөлүнгөн.
3. 2025-жылдын май айында курулуш иштери башталган.

Кийинки кадамдар

1. Курулуш иштерин аяктоо — 2026-жылдын октябрь айы.
2. Жабдууларды жеткирүү жана орнотуу — 2026-жылдын ноябрь айы.
3. Долбоорду пайдаланууга берүү — 2026-жылдын декабрь айы.

Жооптуу:

* «Pomir Agroklaster» ЖЧК;
* Сурхандарыя облусунун хокимияты (У. Косимов).

15-долбоор

Күрүч өстүрүү

Кыргыз тараптагы өнөктөш: «Agro Prom Global Industriya» ЖЧК.

Жайгашкан жери: Өзбекстан Республикасы, Сурхандарыя облусу, Термез району.

Долбоордун наркы: 13,0 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. 2025-жылдын февраль айында инвестициялык келишимге кол коюлган.
2. 2025-жылдын март айында аянты 6,4 миң гектар жер тилкеси аныкталган.
3. 2025-жылдын октябрь айында 1,5 миң гектар аянтта күрүч өстүрүлгөн.
4. 2026-жылдын апрель айында кезектеги себүү иштери жүргүзүлгөн.

Кийинки кадамдар

1. Түшүм жыйноо — 2026-жылдын октябрь айы.
2. Долбоорду толук ишке киргизүү — 2026-жылдын декабрь айы.

Жооптуу:

* «Pomir Agroklaster» ЖЧК;
* Сурхандарыя облусунун хокимияты (У. Косимов).

16-долбоор

Кара карагатты өстүрүү жана кайра иштетүүнү уюштуруу

Кыргыз тараптагы өнөктөш: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги.

Жайгашкан жери: Ысык-Көл облусу.

Долбоордун наркы: 2,0 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. 2026-жылдын июль айында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору даярдалган.

Кийинки кадамдар

1. Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу.
2. Зарыл документтерди тариздөө — 2027-жылдын февраль айы.
3. Жерди даярдоо иштери — 2027-жылдын март айы.
4. Кара карагаттын көчөттөрүн отургузууну баштоо — 2027-жылдын апрель айы.

Жооптуу:

* Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги (И. Абдурахмонов).

17-долбоор

Өзбекстандын «Искандер» жана «Лазурный» сортторундагы күрүчтү биргелешип өстүрүү (500 гектар)

Кыргыз тараптагы өнөктөш: Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги.

Жайгашкан жери: Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары.

Долбоордун наркы: 0,05 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. 2026-жылдын июнь айында бизнес-план иштелип чыккан.
2. 2026-жылдын июль айында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кызматташуу жөнүндө келишимдин долбоору даярдалган.

Кийинки кадамдар

1. Макулдашууга кол коюу.
2. Документтерди тариздөө — 2027-жылдын февраль айы.
3. Жер иштетүү иштерин жүргүзүү — 2027-жылдын март айы.
4. Күрүч себүүнү баштоо — 2027-жылдын апрель айы.

Жооптуу:

* Өзбекстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Күрүччүлүк илимий-изилдөө институту (А. Мансуров).

18-долбоор

«Достук багы» интенсивдүү мөмө багын түзүү

Кыргыз тараптагы өнөктөш: «Кыргыз Агрохолдинг» ААК.

Жайгашкан жери: Чүй облусу.

Долбоордун наркы: 0,5 млн АКШ доллары.

Аткарылган иштер

1. 2026-жылдын апрель айында 50 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.
2. 2026-жылдын май айында долбоордук-сметалык документация даярдалган.
3. 2026-жылдын июль айында жерди тегиздөө иштери аяктаган.

Кийинки кадамдар

1. Аймакты көчөт отургузууга даярдоо жана сугат бассейнин куруу — 2026-жылдын август айы.
2. Электр жана суу менен камсыздоо тармактарын тартуу — 2026-жылдын сентябрь айы.
3. Көчөттөрдү отургузуу — 2026-жылдын октябрь айы.

Жооптуу:

* «Агросаноат инноваторлари» ЖЧК;
* Өзбекстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Агроөнөр жайды өнүктүрүү агенттиги (Н. Абуллаев).

59. «Аманат Кредит» МКК ЖЧКсынын уставдык капиталына инвестиция салуу

Кыргыз тараптагы өнөктөшү: «Аманат Кредит» МКК ЖЧКсы

Жайгашкан жери: Бишкек шаары

Долбоордун баасы: 1,0 млн АКШ доллары

Аткарылган иштер:

1. Инвестициялык каржылоо алуу боюнча арыз кабыл алынган – 2026-жылдын февраль айы.
2. Компаниянын 10 жылдык өнүгүү стратегиясы иштелип чыккан – 2026-жылдын март айы.
3. Долбоордун финансылык модели жана концепциясы даярдалган – 2026-жылдын февраль–март айлары.
4. Инвестициялык комитеттин чечимине ылайык финансылык модель жана концепция толукталып иштелип чыккан – 2026-жылдын май–июнь айлары.

Кийинки кадамдар:

1. Инвестициялык келишимге кол коюу – 2027-жылдын февраль–март айлары.
2. Компаниянын уставын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен мамлекеттик каттоодон өткөрүү – 2027-жылдын апрель айы.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу – 2027-жылдын май айы.
4. Өзбекстан–Кыргызстан өнүктүрүү фонду тарабынан компаниянын уставдык капиталына инвестиция салуу – 2027-жылдын июнь айы.

Жооптуу тараптар:

* Өзбекстан–Кыргызстан өнүктүрүү фонду (А. Алиев)
* Өзбекстандын Кайра куруу жана өнүктүрүү фонду (Ш. Вафаев)

Эскертүү

Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Жол картасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө болот.

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Яндекс.Метрика
Cайт "Clicks.KG" Реклама Агентлиги
томонидан ишлаб чиқилган.