Байыркы жана азыркы Ош




#КыргызстанАкыйкаты
ОШ — ДКО-2026
ДҮЙНӨНҮ ДҮНГҮРӨТКӨН ЭЛДИК ТОЙДУН ГҮЛҮ
Меймандостугу, улуттар ынтымагы, улуттук обон-күүсү жана тандырсамсасы менен дүйнө меймандарын суктандырган байыркы шаар
«Той болот, тойдун эртеси да болот…» — дейт кыргыз эли.
Ооба, ар бир тойдун аягы бар. Бирок жакшы тойдун даңкы, анын шаңы, конокторго калтырган таасири, ак тилек-дубасы эртеси да, жылдар өткөндөн кийин да жашай берет.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — ДКО-2026 да соңуна чыкты. Бир жума бою Кыргызстанда спорт, өнөр, маданият жана улуттук салт-санаа бир чоң сахнада тоолошту. Дүйнөнүн 110дон ашуун өлкөсүнөн келген спортчулар жана меймандар көчмөн элдердин бай тарыхый-маданий мурасы менен таанышты.
Бирок бул улуу майрамдын өзгөчө руху спорттук аянтчаларда гана эмес, этношаарчаларда да сезилди.
Мына ошол өзгөчө чөйрөдө Ош шаары өзүнүн кайталангыс жүзүн даана көрсөтө алды.
Байыркы шаар өзүн мелдештердеги жыйынтыктары менен гана эмес, биринчи кезекте меймандостугу, улуттук маданияты, улуттар аралык ынтымагы жана кайталангыс даамдары менен таанытты.
ОШ — БИР ШААРГА ТОПТОШКОН БИР НЕЧЕ МАДАНИЯТ
Ош — кылымдардан бери ар түрдүү улуттар менен элдер ынтымакта жашап келген, Чыгыштын ар кыл маданияттары кесилишкен байыркы шаар.
ДКО-2026 күндөрүндө бул өзгөчөлүк дагы бир ирет ачык көрүнүп турду.
Ош этношаарчасына кирген мейман өзүн бир шаардын эмес, бүтүндөй бир аймактын маданиятына аралашып кеткендей сезди.
Бул жерде өзбек, кыргыз, түрк, уйгур элдеринин обон-күүлөрү жаңырды.
Улуттук бийлер, күлкү жана шаттыктын добуштары этношаарчага өзгөчө көрк берип турду.
Ал эми дор оюндары чет элдик меймандарды өзгөчө таң калтырды.
Асман менен жердин ортосунда тең салмак сактап, дор үстүндө өнөрүн көрсөткөн артисттердин чеберчилигине суктанган чет элдик коноктордун таасирин сөз менен сүрөттөө кыйын.
Бул жерде ар бир обон, ар бир бий, ар бир улуттук кийим — Оштун көп улуттуу маданий жүзүн ачып турду.
ТАНДЫР КУРУЛДУ — ТАРЫХ ЖАНА САЛТ ЖАНДАНДЫ
Ош этношаарчасынын эң кызыктуу көрүнүштөрүнүн бири — улуттук тамактарды даярдоо өнөрүн меймандарга түздөн-түз көрсөтүү болду.
Бул жерде тандырлар жана очоктор курулду.
Тандырдын жанында жөн гана тамак бышкан жок. Бул жерде байыркы жашоо-турмуш, үй-бүлөнүн куту, атадан балага өтүп келе жаткан улуттук ашкана маданияты жанданды.
Чет элдик туристтер үчүн бул кадимки ашкана эмес, чыныгы этнографиялык көрүнүшкө айланды.
Тандырга жабылган нан, жаңы бышкан самса, улуттук тамактардын жыты бүт этношаарчаны аралап, меймандарды өзүнө тартып турду.
Айрыкча Ош шаарынын брендине айланган тандырсамса жана көк самса коноктордо чоң кызыгууну жаратты.
Самса дасторконго коюлганга чейин эле анын даярдалыш процесси меймандар үчүн өзүнчө кызыктуу көрүнүшкө айланды.
Тандырдан жаңы алынган ысык самса — Оштун өзгөчө гастрономиялык визиттик карточкасы катары таанылды.
ОШ ШААРЫНЫН КОМАНДАСЫ — ҮЧ ЖОЛУ ЖЕҢҮҮЧҮ!
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн улуттук-этнографиялык сынактарда Ош шаарынын командасы жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, бир эле учурда үч байгелүү орунга ээ болду.
Тактап айтканда, «Шамдагайлар» сынагында Ош шаарынын командасы боз үйдү болгону 6 мүнөттүн ичинде тигип, биринчи орунду ээледи. Бул жыйынтык катышуучулардын шамдагайлыгын гана эмес, боз үй тигүүнүн улуттук салтын жана ыкмаларын мыкты билерин да көрсөттү.
Ошондой эле театрлаштырылган каада-салттар сынагында да Ош шаарынын командасы биринчи орунду багындырды. Команда сахнада элдин байыркы үрп-адаттарын, каада-салттарын жана улуттук баалуулуктарын жогорку чеберчилик менен көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн жана калыстардын жогору баасына татыды.
Ал эми кыргыз улуттук тамактарын даярдоо сынагында Ош шаарынын командасы экинчи орунду ээледи.
Ошентип, көп улуттуу жана бай маданий мураска ээ болгон Ош шаары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын этномаданий программасында өзүнүн татыктуу ордун дагы бир жолу далилдеди.
Бул жеңиштер — Ош элинин улуттук салттарга болгон урмат-сыйын, эмгекчилдигин, ынтымагын жана чыгармачылык дараметин айгинелеген жаркын көрүнүш болду.
Бул жерде улуттук тамак жөн гана конокко тартууланган жок.
Ош өзүнүн даамын да, тарыхын да меймандар менен бөлүштү.
МААЛЫМАТ — ОШТУН ҮНҮН ДҮЙНӨГӨ ЖЕТКИРГЕН КӨПҮРӨ
Чоң иш-чаранын ийгилигин анын сахнасы жана меймандары менен гана өлчөө мүмкүн эмес.
Ал тууралуу коомчулукка ким, кандай жана канчалык деңгээлде маалымат жеткирип жатканы да маанилүү.
Ушул жагынан алганда, ДКО-2026 күндөрүндө Ош шаарынын пресс-кызматы да өзгөчө жигердүүлүк менен иш алып барды.
Иш-чарага даярдык көрүү процесси, этношаарчанын күнүмдүк жашоосу, меймандарды тосуп алуу, маданий программалар, улуттук тамак-аштар, кол өнөрчүлүк жана башка иш-чаралар тууралуу маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу ыкчам, үзгүлтүксүз жана системалуу түрдө коомчулукка жеткирилип турду.
Бул абдан маанилүү эле.
Анткени бүгүнкү күндө маалымат — чоң иш-чаранын ажырагыс бөлүгү.
Ош этношаарчасында болуп жаткан ар бир маанилүү окуянын өз убагында чагылдырылышы Ош шаарынын ДКО-2026дагы катышуусу тууралуу өлкөдө жана эл аралык аудиторияда кеңири түшүнүктүн калыптанышына өбөлгө түздү.
Пресс-кызматтын өкүлдөрү окуяларды жөн гана кабарлап коюу менен чектелген жок.
Алар Оштун меймандостугун, улуттук рухун жана маданий байлыгын маалымат мейкиндиги аркылуу кеңири жайылтууга салым кошту.
Анткени оюндар аяктагандан кийин да сүрөттөр, видеолор, жаңылыктар жана социалдык тармактардагы материалдар ДКО-2026нын катышуучулары менен туристтеринин эсинде калат.
Бүгүн ДКО-2026 тууралуу сөз болгондо, Ош этношаарчасы, улуттук обондор, брендге айланган тандырсамса жана меймандостук тууралуу түшүнүк дүйнөгө тарады.
МАСУДА АЙДАРБЕКОВА БАШЫНДА ТУРГАН КОМАНДА
Бул зор иштердин артында, албетте, чоң команданын күжүрмөн эмгеги турат.
Масуда Айдарбекова башында турган команда Ош шаарынын ДКО-2026дагы татыктуу катышуусу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алып, ар бир майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурду.
Меймандарды тосуп алуудан тартып маданий программаларды уюштурууга чейин, этношаарчанын жасалгасынан маалыматтык камсыздоого чейин бардык иштин өзөгүндө бир гана максат турду:
Оштун атын татыктуу коргоо.
Жыйынтыгы болсо көз алдыбызда.
Оштун боз үйлөрүнүн алдынан эл үзүлгөн жок.
Улуттук музыканын коштоосунда меймандар бири-бири менен сүрөткө түшүштү.
Самса тартууланды.
Ыр ырдалды.
Бий бийленди.
Дор оюндары көрсөтүлдү.
Байыркы салттар заманбап эл аралык иш-чаранын шартында кайрадан жанданды.
ГҮЛГӨ БӨЛӨНГӨН ШААР 🌺
Шаардын сырткы көрүнүшү да майрамга шайкеш болушу керек эле.
Бул багытта Азамат Советбекович жана «Osh Zelenhoz» жамаатынын эмгеги өзгөчө белгилөөгө татыктуу.
Гүл өспөгөн жерлерге гүлдөр отургузулуп, шаардын көчөлөрү жана иш-чара өтүүчү аймактар көрктөндүрүлдү.
Кудум Ош шаары өзү да меймандарды тосуп алуу үчүн майрамдык кийимин кийгендей болду.
Ал эми Жылдызбек Кочконов баштаган жамаат тазалыкты жана тартипти камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду.
Анткени мейманга калчу алгачкы таасир — шаардын сырткы көрүнүшүнөн башталат.
Сулуулук — көрк менен.
Көрк — тазалык менен.
Тазалык — жоопкерчиликтүү эмгек менен жаралат.
ӨШТҮН ДАГЫ БИР ЖЕҢИШИ — АДАМДАРДЫН ЖҮРӨГҮНДӨ
ДКО-2026нын спорттук мелдештеринде кимдир бирөө медаль алды.
Кимдир бирөө чемпион болду.
Кимдир бирөө жеңишке бир кадам жетпей калды.
Ал эми этношаарчалардагы «мелдештин» өлчөмү башкача эле.
Бул жерде жеңиш — меймандын жүрөгүндө жакшы таасир калтыруу болчу.
Ош бул сынакта өзүн татыктуу көрсөтө алды.
Анткени Оштун эң чоң байлыгы — анын тарыхы да, боз үйлөрү да, тандыры да эмес.
Оштун эң чоң байлыгы — анын адамдары.
Көп улуттуу, ак көңүл, меймандос, өзүнүн баалуулуктарын урматтаган жана башка элдердин маданиятын сыйлаган адамдары.
ДКО АЯКТАДЫ. БИРОК ӨШТҮН МЕЙМАНДАРЫ КЕТҮҮГӨ ШАШЫЛГАН ЖОК
ДКО-2026 оюндары жыйынтыкталды.
Бирок майрамдын шаңы дароо басылган жок.
Тескерисинче, оюндун акыркы күндөрүндө дагы бир өзгөчө көрүнүш байкалды.
Жүздөгөн туристтер Ош шаарынын тарыхый жайларына, байыркы чепке карай жол тартышты.
Бул кокустук эмес.
Анткени чоң эл аралык иш-чаранын эң башкы ийгилиги — меймандын «дагы бир келем» деген каалоосун ойготуу.
ДКО-2026нын меймандары Ошто спорттук мелдештерди жана этношаарчаны гана көрүп кетишкен жок.
Алар шаардын тарыхый демин сезишти.
Байыркы чепти көрүүгө кызыгышты.
Этно-базар көчөлөрүн кыдырышты.
Улуттук тамактардан даам татышты.
Жергиликтүү адамдар менен баарлашышты.
Ошентип, ДКО-2026 Ош үчүн дагы бир мүмкүнчүлүктүн эшигин ачты — шаардын туристтик дараметин дүйнөгө таанытуу мүмкүнчүлүгүн.
ТОЙДУН ЭРТЕСИ БАР. БИРОК ДАҢКЫ КАЛАТ
Эми этношаарчалардагы музыканын үнү басылды.
Тандырлардагы от өчтү.
Боз үйлөр акырындык менен жыйналат.
Меймандар өз мекендерине кайтышат.
Бирок ДКО-2026нын Ошто калтырган изи оңой менен өчпөйт.
Бул из — тандырсамсанын жытына аралашкан эстелик.
Бул из — улуттук күүлөрдүн коштоосунда бийлеген чет элдик меймандын кубанычы.
Бул из — дор үстүндө чеберчилигин көрсөткөн өнөрпоз.
Бул из — Ош этношаарчаларындагы кызуу маектер.
Бул из — тазалык үчүн таң эрте туруп эмгектенген жумушчу.
Бул из — шаарды гүлгө бөлөгөн багбан.
Бул из — ар бир окуяны коомчулукка өз убагында жеткирген журналист менен маалымат кызматкеринин эмгеги.
Эң башкысы — Ошко келип, анын байыркы тарыхы менен таанышып, нан-тузунан даам татып, тарыхый жайларын көрүп, шаардын меймандостугун жүрөгүнө сиңирип кеткен жүздөгөн чет элдик меймандардын эсинде калган элес.
Ошондуктан ДКО-2026 Ош үчүн жөн гана кезектеги иш-чара болгон жок.
Бул — шаардын өзүн бүт дүйнөгө тааныткан чоң сахна болду.
Ош өзүнүн көп улуттуу маданиятын көрсөттү.
Ош өзүнүн меймандостугун даңазалады.
Ош өзүнүн тандырсамсасы менен меймандарын сыйлады.
Ош өзүнүн обон-күүсү менен жүрөктөрдү багындырды.
Ош өзүнүн байыркы тарыхы менен туристтерди тарыхый жайларына жетеледи.
Той болот.
Тойдун эртеси да болот.
Бирок жакшы тойдон калган кадыр-барк, жылуу элес жана элдин ак батасы узак жашайт.
ДКО-2026нын Ошто өткөн улуу тоюнан да дал ушундай жаркын эстелик калды.
Ош — бул тойдун жөн гана мейманы эмес,
анын ГҮЛҮ болду. 🌺
*****
#ҚирғизистонҲақиқати
ЎШ — ДКЎ-2026
УМУМХАЛҚ ТЎЙИНИНГ ГУЛИ
Меҳмондўстлик, миллатлар тотувлиги, миллий куй-қўшиқ ва тандирсоми билан дунё меҳмонларини мафтун этган қадимий шаҳар
«Тўй болот, тойдун эртеси да болот…» — дейди халқ.
Ҳа, ҳар қандай тўйнинг якуни бор. Аммо яхши тўйнинг шуҳрати, унинг завқи, меҳмонларга қолдирган таассуроти, эзгу ният ва дуолари эртасига ҳам, йиллар ўтганидан кейин ҳам яшайди.
VI Дунё кўчманчилари ўйинлари — ДКЎ-2026 ҳам ниҳоясига етди. Бир ҳафта давомида Қирғизистонда спорт, санъат, маданият ва миллий анъаналар бир саҳнага чиқди. 110 дан ортиқ мамлакатдан келган спортчилар ва меҳмонлар кўчманчи халқларнинг бой мероси билан танишди. (euronews)
Аммо бу улкан байрамнинг фақат спорт майдонларида эмас, этношаҳарчаларда ҳам ўзгача руҳи бор эди.
Ана шу муҳитда Ўш шаҳри ўзининг алоҳида қиёфасини намоён этди.
Бу қадимий шаҳар ўзини мусобақалар натижаси билан эмас, аввало, меҳмондўстлиги, миллий маданияти, миллатлараро тотувлиги ва бетакрор таомлари билан танитди.
Ўш — бир шаҳарда жамланган бир неча маданият
Ўш азалдан турли миллат ва элатлар тинч-тотув яшаб келаётган, Шарқ маданиятлари туташган қадимий шаҳар.
ДКЎ-2026 кунларида бу ўзига хослик яна бир бор яққол намоён бўлди.
Ўш этношаҳарчасига кирган меҳмон гўё бир шаҳарнинг эмас, бутун бир минтақа маданиятининг бағрига киргандек бўлди.
Бу ерда ўзбек, қирғиз, турк, уйғур халқларининг куй-қўшиқлари янгради.
Миллий рақслар, кулги ва шодлик садолари этношаҳарчага ўзига хос файз бағишлади.
Дор ўйинлари эса айниқса меҳмонларни ҳайратга солди.
Осмон билан ер орасида мувозанат сақлаб, дор устида маҳоратини намоён этган санъаткорларни кўрган хорижлик меҳмонларнинг ҳайратини сўз билан таърифлаш қийин.
Бу ерда ҳар бир куй, ҳар бир рақс, ҳар бир миллий либос — Ўшнинг кўп миллатли маданий қиёфасини намоён этди.
Тандир қурилди — тарих ва анъана жонланди
Ўш этношаҳарчасининг энг диққатга сазовор жиҳатларидан бири — миллий таом тайёрлаш жараёнини меҳмонларга бевосита кўрсатиш бўлди.
Бу ерда тандир ва ўчоқлар қурилди.
Тандир атрофида эса нафақат таом пишди — қадимий ҳаёт тарзи, хонадон файзи ва авлоддан авлодга ўтиб келаётган миллий таом тайёрлаш маданияти намоён бўлди.
Хорижлик сайёҳлар учун бу оддий ошхона эмас, ҳақиқий этнографик томошага айланди.
Тандирга ёпилган нон, иссиқ сомса, миллий таомларнинг ҳиди бутун этношаҳарчага тарқалар, меҳмонлар эса бу жараённи қизиқиш билан кузатарди.
Айниқса, Ўшнинг брендига айланган тандирсомсаси ва кўк сомсалар меҳмонларда катта таассурот қолдирди.
Сомса дастурхонга қўйилишидан олдин унинг тайёрланиш жараёнининг ўзи меҳмонлар учун қизиқарли томошага айланди.
Тандирдан узилган иссиқ сомса — Ўшнинг ўзига хос гастрономик визит карточкаси сифатида намоён бўлди.
ЎШ ШАҲРИ ЖАМОАСИ — УЧ КАРРА ҒОЛИБ!
VI Жаҳон кўчманчилар ўйинлари доирасида ўтказилган миллий-этнографик танловларда Ўш шаҳри жамоаси юксак натижаларни қайд этиб, бир йўла уч совринли ўринни қўлга киритди.
Жумладан, «Шамдагайлар» танловида Ўш шаҳри жамоаси бор-йўғи 6 дақиқа ичида буз уйни йиғиб, биринчи ўринни эгаллади. Бу натижа иштирокчиларнинг нафақат эпчиллиги ва чаққонлигини, балки миллий уй-жой қурилиши анъаналарини пухта билишини ҳам намоён этди.
Шунингдек, театрлаштирилган урф-одатлар танловида ҳам Ўш шаҳри жамоаси биринчи ўринга сазовор бўлди. Жамоа саҳнада халқнинг қадимий анъаналари, урф-одатлари ва миллий қадриятларини маҳорат билан намойиш этиб, томошабинлар ва ҳакамлар эътиборини қозонди.
Қирғиз миллий таомларини тайёрлаш танловида эса Ўш шаҳри жамоаси иккинчи ўринни эгаллади.
Шундай қилиб, кўп миллатли ва бой маданий меросга эга бўлган Ўш шаҳри VI Жаҳон кўчманчилар ўйинларининг этномаданий дастурида ўзининг муносиб ўрнини яна бир бор намоён этди. Бу ғалабалар Ўш аҳлининг миллий анъаналарга ҳурмати, меҳнатсеварлиги, ҳамжиҳатлиги ва санъаткорлигининг ёрқин ифодаси бўлди.
Бу ерда миллий таом шунчаки меҳмон қилинмади.
Ўш ўзининг таъмини ҳам, тарихини ҳам меҳмонларга улашди.
Матбуот — Ўшнинг овозини дунёга етказган кўприк
Катта тадбирнинг муваффақиятини фақат унинг саҳнаси ва меҳмонлари билан ўлчаб бўлмайди.
У ҳақида жамоатчиликка ким, қандай ва қай даражада маълумот етказаётгани ҳам муҳим.
Шу маънода, ДКЎ-2026 кунларида Ўш шаҳрининг пресс-хизмати ҳам алоҳида фаоллик билан ишлади.
Тадбирга тайёргарлик жараёни, этношаҳарчанинг кундалик ҳаёти, меҳмонларни кутиб олиш, маданий дастурлар, миллий таомлар, ҳунармандчилик ва бошқа тадбирлар ҳақидаги маълумотлар ОАВ ва ижтимоий тармоқлар орқали тезкор, изчил ва мунтазам равишда жамоатчиликка етказиб борилди.
Бу жуда муҳим эди.
Чунки бугун ахборот — тадбирнинг ажралмас қисми.
Ўш-Этношахарчада кечаётган ҳар бир муҳим жараённинг ўз вақтида ёритилиши шаҳарнинг ДКО-2026 даги иштироки ҳақида мамлакат ва халқаро аудиторияда яхлит тасаввур шаклланишига хизмат қилди.
Матбуот ходимлари воқеаларни шунчаки хабар қилиб қўймади.
Ўшнинг меҳмондўстлиги, миллий руҳи ва маданий бойлиги катта тадбир тугагач, унинг хотираси, фотосуратлари, видеолари ва хабарлари иштироксилари ва сайехлар хотирасида қолади.
Бугун ДКЎ-2026 ҳақида гап кетганда, Ўшнинг этношаҳарчаси, миллий куйлари, Бренд тандир сомсаси ва меҳмондўстлиги ҳақидаги тасаввур дунёга тарқалди.
Масуда Айдарбекова бошчилигидаги жамоа
Бу улкан ишларнинг ортида, албатта, катта жамоанинг меҳнати бор.
Масуда Айдарбекова бошчилигидаги жамоа Ўш шаҳрининг ДКЎ-2026 даги муносиб иштироки учун масъулиятни зиммасига олиб, ҳар бир деталга эътибор қаратди.Меҳмонларни кутиб олишдан тортиб, маданий дастурларни ташкил этишгача, этношаҳарчанинг қиёфасидан тортиб ахборот таъминотигача бўлган жараёнларда бир мақсад устувор бўлди:
Ўшнинг номини муносиб ҳимоя қилиш.
Натижаси эса кўз ўнгида.
Ўшнинг бўз уйлари олдидан одамлар аримади.Миллий мусиқа садолари остида меҳмонлар бир-бири билан суратга тушди.
Сомса тарқатилди.
Қўшиқ айтилди.
Рақсга тушилди.
Дор ўйинлари намойиш этилди.Қадимий анъаналар замонавий халқаро тадбир муҳитида қайта жонланди.
Гул очган шаҳар🌺🌺🌺🌺🌺
Шаҳарнинг ташқи қиёфаси ҳам байрамга мос бўлиши керак эди.Бу борада Азамат Советбекович ва Osh Zelenhoz жамоасининг меҳнати алоҳида эътирофга лойиқ.Гул бўлмаган жойларга гул экилиб, шаҳарнинг кўчалари ва тадбир ўтказиладиган ҳудудлари янада обод қилинди.Гўё Ўшнинг ўзи ҳам меҳмонларни кутиб олиш учун байрам либосини кийди.
Жылдызбек Кочконов бошчилигидаги жамоа эса тозалик ва тартибни назорат қилди.Чунки меҳмонга кўрсатиладиган биринчи таассурот — шаҳарнинг ташқи қиёфаси.Гўзаллик — безак билан.
Безак — покизалик билан.
Покизалик эса масъулиятли меҳнат билан яратилади.
Ўшнинг яна бир ғалабаси — инсонлар қалбида
ДКЎ-2026 спорт мусобақаларида кимдир медаль олди.
Кимдир чемпион бўлди.
Кимдир ғалабани қўлдан бой берди.
Аммо этношаҳарчалардаги мусобақанинг мезони бошқача эди.
Бу ерда ғолиблик — меҳмоннинг қалбида яхши таассурот қолдириш эди.
Ўш бу беллашувда ўзини кўрсата олди.
Чунки Ўшнинг энг катта бойлиги — унинг тарихи ҳам, боз уйлари ҳам, тандири ҳам эмас.
Унинг энг катта бойлиги — одамлари.Кўп миллатли, очиқкўнгил, меҳмондўст, ўз қадриятларини ҳурмат қиладиган ва бошқа халқларнинг маданиятига ҳурмат билан қарайдиган инсонлари.
ДКЎ тугади. Аммо Ўшнинг меҳмонлари кетишга шошилмади
ДКЎ-2026 ўйинлари якунланди.
Аммо байрам руҳи дарҳол сўнмади.
Аксинча, ўйинларнинг сўнгги кунларида яна бир манзара кўзга ташланди.
Юзлаб туристлар Ўш қалъаси сари йўл олди.
Бу тасодиф эмас.
Чунки катта халқаро тадбирнинг энг катта ютуғи — меҳмоннинг «яна қайтаман» деган истагидир.ДКЎ меҳмонлари Ўшда нафақат мусобақалар ва этношаҳарчани кўрдилар.
Улар шаҳарнинг тарихий нафасини ҳис қилдилар.
Қадимий қалъани кўришни истадилар.
ЭТНО-Бозор Кўчаларини айландилар.
Миллий таомлардан татиб кўрдилар.
Одамлар билан суҳбатлашдилар.
Шу тариқа ДКЎ-2026 Ўш учун яна бир имконият эшигини очди — шаҳарнинг туризм салоҳиятини дунёга кўрсатиш имкониятини.
Тўйнинг эртаси бор. Аммо шуҳрати қолади
Энди этношаҳарчалардаги мусиқа садолари тинди.
Тандирлардаги оловлар сўнди.
Бўз уйлар аста-секин йиғилади.
Меҳмонлар юртларига қайтади.
Аммо ДКЎ-2026 Ўш ЭТНОЎРДАСИ қолдирган из осон ўчмайди.
Бу из — тандирсомса ҳидига қоришган хотира.
Бу из — миллий куйларга қўшилиб рақсга тушган хорижлик меҳмоннинг қувончи.
Бу из — дор устидаги маҳоратини намойиш этган санъаткор.
Бу из — Ўш этношаҳарчасидаги қизғин суҳбатлар.
Бу из — тозалик учун тонгдан меҳнат қилган ишчи.
Бу из — шаҳарни гулга буркаган боғбон.
Бу из — ҳар бир воқеани жамоатчиликка ўз вақтида етказган матбуот ходими.
Ва энг муҳими — Ўшга келиб, уни кўриб, унинг нон-тузидан баҳраманд бўлиб, тарихий қалъаси сари йўл олган юзлаб хорижлик меҳмонларнинг хотираси.
Шунинг учун ДКЎ-2026 Ўш учун оддий бир тадбир эмас.
Бу — шаҳар ўзини бутун дунёга танитган катта саҳна бўлди.
Ўш ўзининг кўп миллатли маданиятини кўрсатди.
Ўш ўзининг меҳмондўстлигини намоён қилди.
Ўш ўзининг тандир сомсаси билан меҳмонларни сийлади.
Ўш ўзининг куй-қўшиғи билан қалбларни забт этди.
Ўш ўзининг қадимий тарихи билан сайёҳларни қалъаси сари бошлади.
Тўй болот.
Тойдун эртеси да болот.
Аммо яхши тўйдан қолган обрў, хотира ва элнинг дуоси узоқ яшайди.
ДКЎ-2026 нинг Ўшдаги тўйидан эса ана шундай файзли хотира қолди.
Ўш — бу тўйнинг шунчаки меҳмони эмас, унинг гули бўлди.
Мавзуга оид бошқа хабарлар
- #КыргызстанАкыйкаты Аялзатынын улуулугу — элдин маданий жүзүндө Сиёсат / Ҳукумат / Жамият / Иқтисод / Технология / Илим-фан / Спорт / Маданият / Туризм / Жаҳон / Соғлиқни сақлаш / Молия / Адабиёт / Тиббиёт
- Шеърият гулшани Шухрат Ориф шеърлари энди қирғиз тилида Жамият / Илим-фан / Маданият / Туризм / Жаҳон / Адабиёт
- Эл Аралык Адабий Форуму . ---
- ДКО-2026: МАЙРАМДЫН АРТЫНДА ТУРГАН КААРМАНДАР Сиёсат / Ҳукумат / Жамият / Иқтисод / Технология / Илим-фан / Спорт / Маданият / Туризм / Жаҳон / Соғлиқни сақлаш / Молия / Адабиёт / Тиббиёт
- «ЖАҲОН КЎЧМАНЧИЛАР ЎЙИНЛАРИГА 40 КУН ҚОЛДИ!» НОМИДАГИ РАСМИЙ ТАДБИР БЎЛИБ ЎТДИ Сиёсат / Ҳукумат / Жамият / Иқтисод / Технология / Илим-фан / Спорт / Маданият / Туризм / Жаҳон / Соғлиқни сақлаш / Молия / Адабиёт / Тиббиёт
