#КыргызстанАкыйкаты Аялзатынын улуулугу — элдин маданий жүзүндө







Бишкекте өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттук мелдештер менен гана чектелбестен, улуттук маданиятты, салт-санааны, кол өнөрчүлүктү жана руханий мурастарды дүйнөгө тааныткан маанилүү эл аралык аянтчага айланууда. Бул ири иш-чарага келген мамлекет башчыларынын жубайлары да Кыргызстандын бай тарыхы жана маданий мурасы менен жакындан таанышууда.
Көчмөндөр цивилизациясынын өзгөчө дүйнөсү, анын кылымдарды карыткан салттары жана аялзатынын коомдогу орду VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий иш-чаралардан өзгөчө орун алды. Бишкекке келген биринчи айымдар үчүн уюштурулган программаларда кыргыз элинин тарыхы, улуттук кийимдери, кол өнөрчүлүгү, каада-салты жана заманбап чыгармачылыгы кеңири көрсөтүлдү.
Бул сапарда Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова менен Кытай Эл Республикасынын биринчи айымы Пэн Лиюань Кыргыз мамлекеттик тарых музейине барышты. Коноктор музейдеги экспозициялар менен таанышып, кыргыз жана кытай элдеринин тарыхый-маданий байланыштарын чагылдырган көргөзмөлөргө өзгөчө көңүл бурушту.
Музейдеги экспозициялар аркылуу эки байыркы цивилизациянын тарыхый мурастары, улуттук баалуулуктары жана маданий өзгөчөлүктөрү тааныштырылды. Кыргыз-кытай мамилелеринин терең тарыхы, Улуу Жибек жолу аркылуу байланышкан элдердин өз ара маданий таасири да өзүнчө мааниге ээ. Ушундай тарыхый мурастардын бүгүнкү күндө эл аралык деңгээлде көрсөтүлүшү эки мамлекеттин достук жана маданий байланыштарын дагы да бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Биринчи айымдар ошондой эле кыргызстандык дизайнерлердин улуттук стилдеги коллекциялары менен таанышып, кыргыз аялдарынын салттуу баш кийими — элечекке арналган «Элечек — кыргыз аялзатынын асыл мурасы» аттуу көрсөтүүнү көрүштү.
Элечек — жөн гана улуттук баш кийим эмес. Ал кыргыз аялзатынын жашоо-турмушун, үй-бүлөлүк баалуулуктарын, коомдогу ордун жана руханий дүйнөсүн чагылдырган тарыхый-маданий мурас. Анын жасалышы, оролушу жана колдонулушу да белгилүү бир салттык мааниге ээ болгон. Элечектин ар бир бүктөмүндө элибиздин тарыхы, энелерден кыздарга өтүп келген тажрыйба жана улуттук эстетика камтылган.
Бүгүнкү күндө кыргыздын салттуу кийимдери жаңыча өңүттө кайра жаралып, заманбап мода менен айкалышууда. Улуттук орнаменттер, табигый кездемелер, сайма өнөрү жана салттуу кийимдердин формалары кыргыз дизайнерлеринин чыгармачылыгында жаңы мазмунга ээ болууда. Мындай көрсөтүүлөр кыргыз маданиятынын тарых менен гана жашап калбастан, азыркы заманга ылайык өнүгүп жатканын да айгинелейт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде бир катар мамлекеттердин биринчи айымдарынын катышуусу да иш-чаранын эл аралык маанисин арттырды. Бишкектеги салтанатта Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиева, Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Мирзиёева, Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган да болушту.
Бир тууган түрк элдеринин маданий окшоштугу, тарыхый тамырлаштыгы жана жалпы руханий баалуулуктары көчмөндөрдүн мурасын даңазалаган бул ири иш-чарада өзгөчө көрүнүш тапты. Кыргыз, өзбек, азербайжан жана түрк элдеринин салттарында үй-бүлөгө, энеге, аялзатына, улууну урматтоого жана муундар байланышын сактоого өзгөчө маани берилери белгилүү.
Бүгүн Бишкек дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунан келген меймандарды кабыл алган эл аралык борборго айланды. Көчмөндөр оюндарынын спорттук программасы менен катар этномаданий иш-чаралар, улуттук оюндар, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, музыкалык жана чыгармачылык программалар өткөрүлүп, кыргыз элинин тарыхый мурасы кеңири таанытылууда.
Көчмөндөр оюндарынын өзгөчөлүгү да мына ушунда — бул мелдештердин гана жыйындысы эмес, элдерди маданият аркылуу жакындаткан, тарыхты тааныткан жана муундар арасындагы байланышты бекемдеген эл аралык кыймыл.
Айрыкча аялзатына байланышкан улуттук мурастардын эл аралык деңгээлде көрсөтүлүшү терең символикалык мааниге ээ. Анткени кайсы гана элдин болбосун тилин, маданиятын, каада-салтын жана үй-бүлөлүк баалуулуктарын кийинки муунга жеткирүүдө эненин орду өзгөчө.
Кыргыз элинин «Эне — үйдүн куту» деген түшүнүгү да бекеринен жаралган эмес. Эне үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй коомдун руханий пайдубалын бекемдеген күч катары кабыл алынган. Ошондуктан кыргыз аялзатынын улуттук кийими, зер буюмдары, кол өнөрчүлүгү жана салт-санаасы бүгүнкү күндө да улуттук иденттүүлүктүн маанилүү бөлүгү бойдон калууда.
Биринчи айымдардын Кыргызстандагы маданий иш-чараларга катышуусу өлкөлөр ортосундагы расмий дипломатиялык байланыштарды маданий жана гуманитардык кызматташтык менен толуктаган маанилүү кадам болуп саналат. Алардын кыргыз маданиятына болгон кызыгуусу элдердин бири-бирин жакындан таануусуна, өз ара урмат-сыйды бекемдөөгө жана маданий диалогду кеңейтүүгө кызмат кылат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дал ушул максатты — ар түрдүү элдердин маданиятын бир аянтчага топтоп, алардын жалпы баалуулуктарын даңазалоону көздөйт.
Бишкекке келген биринчи айымдардын сапары кыргыз элинин маданий мурасын дүйнөлүк коомчулукка таанытуунун дагы бир жаркын мисалы болуп калды. Спорт талаасында күч сынашкан мамлекеттердин өкүлдөрү маданият жана салт аркылуу жакындашып, элдерди бириктирген жалпы адамзаттык баалуулуктарды дагы бир ирет даңазалоодо.
Көчмөндөрдүн мурасы — тарыхта калган эстелик эмес. Ал бүгүн да жашап, жаңы муундун дүйнөсүндө жаңыланып, дүйнө элдерин достукка жана өз ара түшүнүшүүгө чакырган тирүү маданий мурас.
*****
#ҚирғизистонҲақиқати.
Аёл зоти улуғлиги — халқнинг маданий қиёфасида
Бишкекда ўтказилаётган VI Жаҳон кўчманчилар ўйинлари нафақат спорт мусобақалари, балки миллий маданият, урф-одат, ҳунармандчилик ва маънавий меросни дунёга танитишга хизмат қилаётган муҳим халқаро майдонга айланмоқда. Ушбу йирик тадбирда иштирок этиш учун мамлакат пойтахтига ташриф буюрган давлат раҳбарларининг рафиқа-лари ҳам Қирғизистоннинг бой тарихи ва маданий мероси билан яқиндан танишмоқдалар.
Кўчманчи цивилизациянинг ўзига хос олами, асрлар давомида шаклланган анъаналари ва аёл зотининг жамиятдаги ўрни VI Жаҳон кўчманчилар ўйинлари доирасидаги маданий тадбирларда алоҳида намоён бўлмоқда. Бишкекка ташриф буюрган биринчи хонумлар учун ташкил этилган дастурларда қирғиз халқининг тарихи, миллий либослари, ҳунармандчилиги, урф-одатлари ва замонавий ижоди кенг намойиш этилди.
Қирғизистон Республикасининг биринчи хоними Айгул Жапарова ва Хитой Халқ Республикасининг биринчи хоними Пэн Лиюань Қирғизистон Давлат тарих музейига ташриф буюриб, музей экспозициялари билан яқиндан танишдилар.
Меҳмонларга қирғиз ва хитой халқларининг тарихий-маданий меросини акс эттирувчи кўргазмалар намойиш этилди. Икки қадимий цивилизациянинг тарихи, миллий қадриятлари ва маданий ўзига хосликлари ҳақида маълумотлар берилди.
Айниқса, Буюк Ипак йўли орқали асрлар давомида шаклланган қирғиз-хитой алоқаларига оид маданий мероснинг намойиш этилиши алоҳида аҳамият касб этди. Бундай тарихий бойликларнинг халқаро даражада тақдим этилиши икки давлат ўртасидаги дўстлик, ўзаро ҳурмат ва маданий-гуманитар алоқаларни янада мустаҳкамлашга хизмат қилади.
Биринчи хонумлар, шунингдек, қирғизистонлик дизайнерларнинг миллий услубдаги коллекциялари билан танишиб, «Элечек — қирғиз аёлининг бебаҳо мероси» номли махсус намойишни томоша қилдилар.
Элечек — оддий бош кийим эмас. У қирғиз аёлининг ҳаёт тарзи, оилавий қадриятлари, жамиятдаги ўрни ва маънавий дунёсини ўзида мужассам этган тарихий-маданий меросдир. Уни тайёрлаш ва бошга ўрашнинг ҳам ўзига хос анъаналари мавжуд бўлиб, улар авлоддан-авлодга ўтиб келган.
Элечекнинг ҳар бир қатлами ва безагида халқ тарихи, оналардан қизларга мерос бўлиб келаётган тажриба, нафосат ва миллий эстетика мужассам.
Бугунги кунда қирғиз халқининг анъанавий либослари замонавий мода билан уйғунлашган ҳолда қайта кашф этилмоқда. Миллий нақшлар, табиий матолар, каштачилик санъати ва анъанавий либос шакллари қирғиз дизайнерларининг ижодида янги мазмун касб этмоқда. Бундай намойишлар миллий маданиятнинг фақат ўтмиш мероси сифатида эмас, балки замон билан ҳамнафас равишда ривожланаётган тирик қадрият эканини кўрсатади.
VI Жаҳон кўчманчилар ўйинларининг очилиш маросимида қатор давлатларнинг биринчи хонумлари иштирок этгани ҳам тадбирнинг халқаро нуфузини янада оширди. Бишкекдаги тантанали очилиш маросимида Озарбайжоннинг биринчи хоними Меҳрибан Алиева, Ўзбекистоннинг биринчи хоними Зироат Мирзиёева, Туркиянинг биринчи хоними Эмина Эрдоған ҳам иштирок этдилар.
Қардош туркий халқларнинг тарихий илдизлари, маданий яқинлиги ва умумий маънавий қадриятлари кўчманчилар меросини улуғловчи ушбу йирик тадбирда яна бир бор яққол намоён бўлди. Қирғиз, ўзбек, озарбайжон ва турк халқлари анъаналарида оила, она, аёл зоти, катталарни ҳурмат қилиш ва авлодлар ўртасидаги ворисийликни сақлашга алоҳида эътибор қаратилади.
Бугун Бишкек дунёнинг турли бурчакларидан келган меҳмонларни қабул қилаётган халқаро марказга айланди. Кўчманчилар ўйинларининг спорт дастурлари билан бир қаторда этномаданий тадбирлар, миллий спорт ўйинлари, ҳунармандлар кўргазмалари, мусиқий ва ижодий дастурлар ташкил этилмоқда. Улар орқали қирғиз халқининг бой тарихи ва маданий мероси халқаро жамоатчиликка кенг танитилмоқда.
Кўчманчилар ўйинларининг асосий ўзига хослиги ҳам шунда — бу фақат спорт мусобақаларининг мажмуи эмас. У турли халқларни маданият, тарих ва анъаналар орқали бирлаштирувчи, ўзаро ҳурмат ва дўстликни мустаҳкамловчи халқаро ҳаракатдир.
Айниқса, аёл зотига дахлдор миллий меросларни халқаро майдонда намойиш этиш чуқур рамзий маънога эга. Зеро, ҳар бир халқнинг тили, маданияти, урф-одатлари ва оилавий қадриятларини кейинги авлодларга етказишда онанинг ўрни беқиёсдир.
Қирғиз халқида «Она — хонадон қут-баракаси» деган тушунчанинг шакллангани ҳам бежиз эмас. Она нафақат оиланинг, балки жамиятнинг маънавий пойдеворини мустаҳкамловчи куч сифатида қадрланган. Шу боис қирғиз аёлининг миллий либослари, тақинчоқлари, ҳунармандчилиги ва урф-одатлари бугун ҳам миллий ўзликни англашнинг муҳим қисми бўлиб қолмоқда.
Биринчи хонумларнинг Қирғизистондаги маданий тадбирларда иштирок этиши мамлакатлар ўртасидаги расмий дипломатик муносабатларни маданий ва гуманитар ҳамкорлик билан бойитувчи муҳим қадамдир. Уларнинг қирғиз маданиятига бўлган қизиқиши халқларнинг бир-бирини яқиндан англаши, ўзаро ҳурмат ва дўстлик ришталарининг мустаҳкамланишига хизмат қилади.
VI Жаҳон кўчманчилар ўйинлари айнан ана шу эзгу мақсад — турли халқларнинг маданиятини бир майдонда жамлаш, уларга хос умумий қадриятларни улуғлаш ва халқлар ўртасидаги дўстликни мустаҳкамлашга хизмат қилмоқда.
Бишкекка ташриф буюрган биринчи хонумларнинг маданий дастурларда иштироки қирғиз халқининг бой меросини халқаро жамоатчиликка танитишнинг яна бир ёрқин намунаси бўлди. Спорт майдонларида куч синашаётган турли давлат вакиллари маданият ва анъаналар орқали бир-бирига янада яқинлашиб, халқларни бирлаштирувчи умуминсоний қадриятларни тараннум этмоқдалар.
Кўчманчилар мероси — тарих саҳифаларида қолиб кетган ёдгорлик эмас. У бугун ҳам яшамоқда, янги авлод ҳаётида янгича мазмун касб этмоқда ва дунё халқларини дўстлик, ўзаро ҳурмат ҳамда ҳамжиҳатликка чорлаётган тирик маданий мерос сифатида давом этмоқда.
Мавзуга оид бошқа хабарлар
- Кытай Эл аралык сооданы илгерилетүү кеңешинин төрагасы Жэнь Хунбин Сиёсат / Ҳукумат / Жамият / Иқтисод / Технология / Илим-фан / Спорт / Маданият / Туризм / Жаҳон / Соғлиқни сақлаш / Молия / Адабиёт / Тиббиёт
- Эл Аралык Адабий Форуму . ---
- «ЖАҲОН КЎЧМАНЧИЛАР ЎЙИНЛАРИГА 40 КУН ҚОЛДИ!» НОМИДАГИ РАСМИЙ ТАДБИР БЎЛИБ ЎТДИ Сиёсат / Ҳукумат / Жамият / Иқтисод / Технология / Илим-фан / Спорт / Маданият / Туризм / Жаҳон / Соғлиқни сақлаш / Молия / Адабиёт / Тиббиёт
- АЛАЙДА ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 35 ЖЫЛДЫГЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ Сиёсат / Ҳукумат / Жамият / Иқтисод / Технология / Илим-фан / Спорт / Маданият / Туризм / Жаҳон / Соғлиқни сақлаш / Молия / Адабиёт / Тиббиёт
- Оналар ва Қизлар Сиёсат / Ҳукумат / Жиноят / Жамият / Иқтисод / Технология / Илим-фан / Спорт / Маданият / Туризм / Жаҳон / Соғлиқни сақлаш / Молия / Адабиёт / Тиббиёт
