Оналар ва Қизлар
#КыргызстанАкыйкаты
#ЛенараНиязбекова
#РеспубликанскаяУзбПресса
20.08.2025
Бишкек. «Аялдар – лидерлер дүйнөнү жакшы жакка өзгөртөт»Эл аралык Форуму.
Форум алкагында «Кыргыз Ленд» — экспортерлор жана импортерлор ассоциациясынын президенти
Ленара Ниязбекованын сүйлөгөн сөзү
Тема: Аял — ишкерчиликтин кыймылдаткыч күчү
⸻
Урматтуу Айгүл Жапарова,
Урматтуу Саида Шавкатовна,
Форумдун катышуучулары, урматтуу кесиптештер, айымдар жана мырзалар!
Бүгүн ушундай маанилүү жана шыктандырган минбарда сөз сүйлөө мен үчүн чоң сыймык. Бул форум Кыргызстан менен Өзбекстандын аял лидерлерин, ишкер айымдарды, мамлекеттик жана бизнес өкүлдөрүн бириктирип турат.
Кыргыз Республикасынын бизнес коомчулугунун атынан жана «Кыргыз Ленд» ассоциациясынын президенти катары баса белгилейм: өлкөбүздө инклюзивдүү экономиканы өнүктүрүүгө жана аялдарды улуттук жана эл аралык экономикалык процесстерге тартууга чоң көңүл бурулууда. Акыркы жылдары мамлекеттин аял ишкерчилигине болгон мамилеси кыйла өзгөрдү.
Өлкө жетекчилигине натыйжалуу иштер үчүн жана бизнес менен ачык диалог жүргүзгөнү үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Урматтуу Президентибиз Садыр Жапаров 2024-жылдын 4-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Мыйзамына кол койду. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги аял ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча туруктуу жана системдүү иштерди жүргүзүүдө.
Бир нече жыл мурда аял ишкерчилигин колдоо маселелери күн тартибиндеги майда бөлүк эле. Бүгүн болсо сапаттык чоң бурулуш болду. 2022–2026-жылдарга арналган «Аялдар ишкерчилигин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа» иштелип чыкты. Бул жөн гана кагаз эмес, өлкө боюнча миңдеген аялдардын жашоосуна таасир эткен иш жүзүндөгү документ.
Бул программа аркылуу жеңилдетилген каржылоого, билим берүү долбоорлоруна, менторлукка жана санариптик кызматтарга кеңири жол ачылууда. Өзгөчө, мамлекеттик банктар жана Ишкердикти өнүктүрүү фонду 2023-жылдын октябрынан тарта аял ишкерчилигине арналган кредиттик продуктуларды киргизди.
Мындан тышкары, Экономика жана соода министрлиги эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте жеңилдетилген каржылоо программасын жолго койду. Анда негизги топ катары аял ишкерлер жана «Бир айыл — бир продукт» улуттук долбоорунун катышуучулары аныкталган. Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү банкы 2024-жылдын июлунда «Азия банкынын» 80 млн сомдук социалдык облигацияларын сатып алды, алардын чыгарылышы чакан жана орто бизнести, анын ичинде аял ишкерчилигин колдоого багытталган.
Мен ишкер катары бул колдоону сезип турам жана анын аймактардагы, айыл жерлериндеги айымдарды кандай шыктандырып жатканын көрүп жатам.
Эң маанилүүсү — эми мыйзамдарда расмий түрдө «аял ишкерчилиги» түшүнүгү бекемделди. Бул биздин көптөн күткөн кадамыбыз. Бул жөн гана формалдуулук эмес, таануу, так колдоо чараларын иштеп чыгуу жана аялдардын өлкө экономикасына кошкон салымын системалуу эсепке алуу мүмкүнчүлүгү.
Албетте, кеп каржылоодо гана эмес. Ишкердик — бул билим, ишеним, команда жана жаратуучулук. Бул багытта мамлекет, бизнес-ассоциациялар жана эл аралык өнөктөштөр биригип, бүтүндөй инфраструктура түзүшүүдө: курстар, акселераторлор, устаттык программалар, бизнес коомчулуктар.
Аял ишкерлер кандай тоскоолдуктарга дуушар болорун жакшы билебиз жана бул тоскоолдуктардын акырындап жоюлуп жатканын көрүп турабыз. Ийгиликтүү долбоорлордун, инновациялык стартаптардын, эл аралык кызматташтыктагы ири демилгелердин саны көбөйүүдө.
Стереотиптер жоголуп, алардын ордуна жаңы муун — күчтүү, ишенимдүү, билимдүү айымдар калыптанууда. Алар бизнес курууга, жоопкерчилик алууга, дүйнөнү өзгөртүүгө даяр.
Кыргызстан аялдары ар кандай тармактарда ийгиликтүү өзүн көрсөтүп жатат: кол өнөрчүлүктөн жана туризмден тартып, жогорку технологияларга жана социалдык бизнеске чейин. Өзгөчө, айыл жерлеринде жана аймактарда микро жана чакан ишкердикти өнүктүрүүдө алардын орду баа жеткис.
Биз — аялдар, ишкерлер, лидерлер — экономиканын жөн гана катышуучулары эмеспиз, анын кыймылдаткыч күчүбүз. Бул жыл сайын дагы даана көрүнүп жатат.
Бирок аял ишкерчилигинин келечеги ички трансформация гана эмес, эл аралык кызматташууга ачыктыгы менен да маанилүү.
Ошондуктан баса белгилегим келет: бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын айымдарынын кызматташтыгын чыңдоо мурдагыдан да маанилүү. Бизде жалпы маданий тамырлар, тарыхый жакындык бар жана бүгүн ишкер айымдарыбыздын ортосунда бекем экономикалык, бизнес жана достук байланыштарды куруу мүмкүнчүлүгү түзүлүп турат.
⸻
Сунуштарым:
• Жөн гана тажрыйба алмашуу эмес, биргелешкен долбоорлорду түзүү;
• Чек ара артындагы сооданы өнүктүрүү;
• Билим жана технологиялык чечимдерди чогуу иштеп чыгуу;
• Экспорттук демилгелерде жана социалдык долбоорлордо бири-бирин колдоо.
Мындай «аялдардын экономикалык дипломатиясы» өлкөлөрүбүздүн эки тараптуу мамилелерине чоң салым кошот.
Ишенем, Кыргызстан менен Өзбекстандын айымдарынын кызматташтыгы экономикалык өсүшкө, коңшулук мамилелерди чыңдоого жана чыныгы инклюзивдүү келечекти курууга жаңы түрткү берет.
Биз күчтөрүбүздү бириктирүүнү улантышыбыз керек — аймактар, тармактар ортосунда кызматташып, бири-бирибизди колдошубуз зарыл. Жөн гана сөз менен эмес, иш жүзүндө да. Кыргызстан менен Өзбекстанда аялдар бизнес, саясат, инновация жана социалдык трансформацияда өзгөчө көрүнүш эмес, норма болгон экосистеманы түзүшүбүз керек.
⸻
Бардыгыбызга мындан аркы ийгиликтерди, жемиштүү кызматташууну жана жаңы перспективаларды каалайм!
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат.
*****
«Аёллар – етакчилар дунёни яхшиликка ўзгартиради» Халқаро Форумида
Қирғиз ассоциацияси «Кыргыз Ленд» — экспортерлар ва импортёрлар президенти Ленара Ниязбекованинг нутқи.
Мавзу: Аёл — тадбиркорликнинг ҳаракатлантирувчи кучи
⸻
Ҳурматли Айгул Жапаровна,
Ҳурматли Саида Шавкатовна,
Форум иштирокчилари, азиз ҳамкасблар, хотин-қизлар ва жаноблар!
Мен учун бугун шундай муҳим ва илҳомлантирувчи минбарда сўзга чиқиш катта шарафдир. Бу майдон Қирғизистон ва Ўзбекистоннинг хотин-қиз етакчиларини, тадбиркор аёлларни, давлат ва бизнес вакилларини бирлаштирмоқда.
Қирғизистон Республикаси бизнес ҳамжамияти номидан ва «Кыргыз Ленд» ассоциацияси президенти сифатида таъкидламоқчиманки, мамлакатимизда инклюзив иқтисодиётни ривожлантириш ва аёлларни миллий ҳамда халқаро иқтисодий жараёнларга жалб этишга катта эътибор қаратилмоқда. Кейинги йилларда давлатнинг аёллар тадбиркорлигини ривожлантиришга муносабати ҳам сезиларли ўзгарди.
Бизнинг юртимиз раҳбариятига самарали ишларингиз ва бизнес билан очиқ мулоқот учун миннатдорчилик билдирмоқчиман.
Қадрли Президентимиз Садыр Жапаров 2024 йил 4 декабрда Жогорку Кенеш томонидан қабул қилинган «Тадбиркорлар ҳуқуқларини ҳимоя қилиш тўғрисидаги Қонунга ўзгартириш киритиш ҳақида»ги Қонунни имзолади. Шунингдек, Қирғизистон Республикаси Иқтисодиёт ва савдо вазирлиги тадбиркор аёллар учун қулай шарт-шароит яратиш йўлида изчил ва тизимли иш олиб бормоқда.
Яна бир неча йил аввал аёллар тадбиркорлигини қўллаб-қувватлаш масалалари умумий кун тартибининг кичик қисми эди. Бугун эса сифат жиҳатидан катта бурилиш юз берди. 2022–2026 йилларга мўлжалланган «Аёллар тадбиркорлигини ривожлантириш бўйича давлат дастури» ишлаб чиқилди. Бу оддий қоғоз эмас, балки бутун мамлакат бўйлаб минглаб аёллар ҳаётига таъсир кўрсатаётган амалий ишчи ҳужжатдир.
Ушбу дастур орқали имтиёзли молия, таълим лойиҳалари, менторлик ва рақамли хизматларга кенг йўл очилмоқда. Айниқса, давлат банклари ва Тадбиркорликни ривожлантириш фонди 2023 йил октябридан аёллар тадбиркорлиги учун кредит маҳсулотларини жорий қилди.
Шу билан бирга, Иқтисодиёт ва савдо вазирлиги халқаро ҳамкорлар билан биргаликда имтиёзли молиялаш дастурини йўлга қўйди. Унда асосий гуруҳ сифатида аёллар тадбиркорлари ва «Бир қишлоқ — бир маҳсулот» миллий лойиҳаси иштирокчилари белгиланган.
Қирғизистон Республикаси Тараққиёт банки эса 2024 йил июлида «Осиё банки»нинг 80 млн. сўмлик ижтимоий облигацияларини сотиб олди, уларнинг эмиссияси кичик ва ўрта бизнесни, жумладан, аёллар тадбиркорлигини қўллаб-қувватлашга йўналтирилган.
Мен тадбиркор сифатида бу ёрдамни ҳис қиламан ва унинг қишлоқ ва ҳудудлардаги аёлларни қандай илҳомлантираётганини кўриб турибман.
Жуда муҳим жиҳат шундаки, энди қонунчилигимизда расман «аёллар тадбиркорлиги» тушунчаси мустаҳкамлаб қўйилди. Бу — орзиқиб кутган қадамимиз. Бу шунчаки расмийлик эмас, балки тан олиш, аниқ кўмак чораларини ишлаб чиқиш ва аёлларнинг мамлакат иқтисодиётидаги ҳиссасини тизимли равишда ҳисобга олиш имкониятидир.
Албатта, гап фақат молияда эмас. Тадбиркорлик — бу билим, ишонч, жамоа ва яратувчиликдир. Шу йўналишда давлат, бизнес-ассоциациялар ва халқаро ҳамкорлар бирлашиб, бутун инфратузилмани яратмоқдалар: курслар, акселераторлар, устозлик дастурлари, бизнес-ҳамжамиятлар.
Аёллар тадбиркорлари қандай тўсиқларга дуч келишини яхши биламиз ва бу тўсиқлар секин-аста йиқилаётганини кўриб турибмиз. Бизда муваффақиятли лойиҳалар, инновацион стартаплар, халқаро ҳамкорликда амалга оширилаётган йирик ташаббуслар кўпаймоқда.
Стереотиплар йўқолиб, улар ўрнида янги авлод — кучли, ишончли, билимли аёллар шаклланмоқда. Улар бизнес қуришга, масъулият олишга, оламни ўзгартиришга тайёр.
Қирғизистон аёллари қўлдан келганича турли соҳаларда ўзини муваффақиятли намоён этмоқда: ҳунармандчилик ва туризмдан тортиб, юқори технологиялар ва ижтимоий бизнесгача. Айниқса, қишлоқ ва ҳудудларда микро ва кичик тадбиркорликни ривожлантиришда уларнинг ўрни беқиёс.
Биз — аёллар, тадбиркорлар, етакчилар — иқтисодиётнинг фақат иштирокчилари эмасмиз, балки унинг ҳаракатлантирувчи кучимиз. Бу ҳар йили янада равшан бўлиб бормоқда.
Лекин аёллар тадбиркорлигининг келажаги нафақат ички трансформация, балки халқаро ҳамкорликка очиқликдир.
Шу боис, таъкидлаб ўтмоқчиман: бугун Қирғизистон ва Ўзбекистон аёллари ўртасидаги ҳамкорликни кучайтириш ҳар қачонгидан ҳам муҳим. Бизда умумий маданий илдизлар, тарихий яқинлик бор ва бугун тадбиркор аёлларимиз ўртасида мустаҳкам иқтисодий, бизнес ва дўстона алоқалар қуриш имконияти мавжуд.
⸻
Таклифим:
• Фақат тажриба алмашиш эмас, балки қўшма лойиҳалар яратиш;
• Чегара орти савдосини ривожлантириш;
• Билим ва технология ечимларини биргаликда ишлаб чиқиш;
• Экспорт ташаббусларида ва ижтимоий лойиҳаларда бир-бирини қўллаб-қувватлаш.
Бундай «аёллар иқтисодий дипломатияси» мамлакатларимиз ўртасидаги икки томонлама алоқаларга кучли ҳисса бўлади.
Ишончим комилки, Қирғизистон ва Ўзбекистон аёллари ҳамкорлиги иқтисодий ўсишга, қўшничилик муносабатларини мустаҳкамлашга ва ҳақиқий инклюзив келажак қуришга янги туртки бўлади.
Биз кучларни бирлаштиришни давом эттиришимиз лозим — минтақалар, тармоқлар ўртасида ҳамкорлик қилиш, бир-биримизни қўллаб-қувватлаш. Фақат сўзда эмас, балки амалий ишларда ҳам.
Қирғизистон ва Ўзбекистон ўртасида шундай экотизим яратиш керакки, унда аёллар бизнесда, сиёсатда, инновацияларда ва ижтимоий трансформацияда истисно эмас, балки норма бўлиши лозим.
⸻
Ҳаммамизга келгусидаги муваффақиятлар, самарали ҳамкорлик ва янги истиқболлар тилайман!
Эътиборингиз учун раҳмат.
*****
ВЫСТУПЛЕНИЕ
Ленары Ниязбековой – президента Кыргызской ассоциации экспортёров и импортёров «Кыргыз Ленд»
на Форуме: «Женщины – лидеры меняют мир к лучшему»
Тема: Женщина как движущая сила предпринимательства
Уважаемая Айгуль Жапаровна,
Уважаемая Саи́да Шавка́товна,
Уважаемые участники форума, дорогие коллеги, дамы и господа!
Для меня большая честь сегодня выступать перед Вами на столь важной и вдохновляющей площадке, которое объединяет женщин-лидеров, предпринимательниц, представителей государственных и деловых кругов Кыргызстана и Узбекистана.
От лица бизнес-сообщества Кыргызской Республики и как президент Ассоциации «КыргызЛэнд» я хотела бы отметить, как в Кыргызстане активно поддерживается развитие инклюзивной экономики и расширение участия женщин в национальных и международных экономических процессах, вместе с этим в последние годы также меняется отношение государства к развитию женского предпринимательства.
Хотелось бы, выразить благодарность руководству нашей страны за вашу системную работу и открытость к диалогу с бизнесом.
Наш уважаемый президент Садыр Жапаров подписал Закон "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав предпринимателей". Закон принят Жогорку Кенешем 4 декабря 2024 года.
Также Министерство экономики и коммерции Кыргызской Республики, которое последовательно и системно работает над созданием благоприятных условий для женщин в бизнесе.
Еще несколько лет назад вопросы поддержки женщин-предпринимателей были, скажем прямо, частью общей повестки. Сегодня мы наблюдаем качественный сдвиг. У нас есть отдельная Государственная программа по развитию женского предпринимательства на 2022–2026 годы, и это — не просто документ, а реальный рабочий инструмент, влияющий на жизни тысяч женщин по всей стране.
Эта программа открывает доступ к льготному финансированию, обучающим проектам, менторству и цифровым сервисам. Для наших женщин – предпринимателей существует несколько источников, где возможно получить финансовые кредитные средства.
В частности, государственными банками и Фондом развития предпринимательства с октября 2023 года разработаны кредитные продукты для женщин-предпринимателей.
Министерство экономики и коммерции КР совместно с международными партнерами запускает Программу льготного финансирования, где целевой группой будут являться женщины – предприниматели, а также участницы Национального проекта «Одно село – один продукт».
Государственный Банк Развития КР также в июле 2024 года приобрел социальные облигации ЗАО «Банк Азии» на 80 млн.сом, эмиссия которых была направлена на поддержку малого и среднего бизнеса, в т.ч. женщин – предпринимателей.
Таким образом, я как предприниматель чувствую эту поддержку — и вижу, как она вдохновляет других женщин, особенно в регионах.
Очень важно, что сегодня в нашей законодательной базе официально закреплено понятие «женское предпринимательство». Это шаг, которого мы, женщины-предприниматели, ждали давно. Это не просто формальность — это признание, это возможность формировать гендерно-чувствительные меры поддержки, это возможность видеть и учитывать наш вклад в экономику страны на системном уровне.
Конечно, дело не только в финансах. Предпринимательство — это еще и знания, уверенность, сообщество и созидательство. И здесь государство, бизнес-ассоциации, международные партнеры объединились в создании целой инфраструктуры: курсы, акселераторы, наставничество, бизнес-сообщества.
Как предприниматели, мы знаем, с какими барьерами сталкиваемся — и как важно, что эти барьеры начинают разрушаться. Мы видим реальные примеры успеха, инновационные стартапы, масштабируемые проекты, международные коллаборации, запущенные женщинами.
Мы видим, как исчезают стереотипы, и как на их месте рождается новое поколение сильных, уверенных, компетентных женщин, готовых брать на себя ответственность, строить бизнес, менять мир вокруг себя.
Скажу, что при этом женщины Кыргызстана демонстрируют высокий потенциал, успешно реализуя себя в самых разных отраслях — от ремесел и туризма до высоких технологий и социального бизнеса. Особенно важна их роль в развитии микро- и малого предпринимательства, в том числе в регионах и сельской местности.
Считаю, что мы — женщины, предприниматели, лидеры — не просто участницы экономики, мы ее движущая сила, и с каждым годом это становится все более очевидным.
Но будущее женского предпринимательства — это не только внутренняя трансформация, но и открытость к международному сотрудничеству.
Именно поэтому хочу подчеркнуть: сегодня как никогда важно активизировать сотрудничество между женщинами Кыргызстана и Узбекистана.
У нас — общие культурные корни, историческая близость, и сегодня у нас есть возможность построить прочные экономические, деловые и дружеские связи между нашими женщинами-предпринимателями.
Предлагаю не просто обмениваться опытом —предлагаю создавать совместные проекты, развивать трансграничную торговлю, делиться знаниями, технологическими решениями, поддерживать друг друга в экспортных начинаниях и социальных инициативах.
Такая женская экономическая дипломатия будет мощным вкладом в развитие двусторонних отношений между нашими странами.
Уверена, что сотрудничество женщин Кыргызстана и Узбекистана может стать новым двигателем роста для наших государств — и в экономике, и в укреплении добрососедства, и в построении действительно инклюзивного будущего.
Нам нужно продолжать объединять усилия — между регионами, отраслями наших стран и поддерживать друг друга — не только на словах, но и на деле.
Необходимо создать экосистему между Кыргызстаном и Узбекистаном, где женщина будет не исключением, а нормой в бизнесе, политике, инновациях, социальной трансформации.
Желаю всем нам дальнейших успехов, плодотворного сотрудничества и новых горизонтов!
Спасибо за внимание.
Мавзуга оид бошқа хабарлар
- Аёл-Дунёни тебратади Сиёсат / Ҳукумат / Жиноят / Жамият / Иқтисод / Технология / Илим-фан / Спорт / Маданият / Туризм / Жаҳон / Соғлиқни сақлаш / Молия / Адабиёт / Тиббиёт
- Аёл нозик хилқат эмас ми Сиёсат / Ҳукумат / Жиноят / Жамият / Соғлиқни сақлаш / Молия / Тиббиёт
- Бизни тарих,маданият ва албатта қардошлик бирлаштириб туради. Сиёсат / Ҳукумат / Жамият / Иқтисод / Технология / Илим-фан / Спорт / Маданият / Жаҳон / Соғлиқни сақлаш / Молия
- Спорт-Қизларимиз Юқори пағона ---
- Кыргыз-Казак Кош Канат Сиёсат / Ҳукумат / Жамият / Иқтисод / Технология / Илим-фан / Спорт / Маданият / Туризм / Жаҳон / Соғлиқни сақлаш / Молия / Адабиёт / Тиббиёт
