Материалы за Июнь 2026 года » Страница 2 » Ақийқат.KG

ШОС 2026

Бишкекте ШКУнун Инвестициялык бизнес-форуму-2026 өтүүдө: инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган аянтчага 600дөн ашуун бизнес өкүлдөрү жана инвесторлор катышууда
Бүгүн, 24-июнда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан уюштурулган ШКУнун Инвестициялык бизнес-форуму-өтүүдө.
Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев катышууда.
Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы алгачкы ири инвестициялык аянтча болгон Форум ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүн, мамлекеттик органдарды, бизнес-коомчулукту, өнүктүрүү институттарын, инвестициялык фонддорду, технологиялык компанияларды жана стартап-долбоорлорду бириктирди.
Иш-чарага эл аралык жана аймактык уюмдардын, каржы институттарынын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык жана аймактык бизнестин 600дөн ашуун өкүлү катышууда. Катышуучулар инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулап, тажрыйба алмашып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууда.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Форумдун Бишкекте өткөрүлүшү ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы туруктуу инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы шарттарды түзөрүн белгиледи.
Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан Кыргызстан өзүнүн бай тарыхый мурасын санариптик экономиканын өнүгүүсү, заманбап транспорттук-логистикалык инфраструктура жана инновациялык технологиялар менен айкалыштырып, Евразиядагы өз ара байланыштуулукту чыңдоодо маанилүү орунду ээлейт.
ШКУнун 25 жылдыгы белгиленип жаткан жылы бул Форумдун Уюмдун алкагында өткөрүлүшү мамлекеттер ортосундагы өз ара ишенимди, жакшы коңшулук мамилелерди жана өнөктөштүктү чыңдоого, ошондой эле инвестициялык жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
«Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин алдында инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Биздин негизги милдет — мамлекет менен бизнестин ортосундагы түз диалог үчүн натыйжалуу аянтча түзүү, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу жана аймактагы инвестициялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү. Кыргыз Республикасы өнөктөштүккө ачык жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Форумдун ишкердик программасынын алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин инвестициялык агенттиктеринин жетекчилеринин баяндамалары, санариптик экономиканы өнүктүрүү, жашыл трансформация, саламаттык сактоо жана башка келечектүү багыттар боюнча панелдик талкуулар өткөрүлөт.
Ошондой эле катышуучулар жаңы ишкердик байланыштарды түзүүгө жана потенциалдуу инвестициялык долбоорлорду талкуулоого багытталган эки тараптуу B2B жолугушууларга катышат.
Форумдун маанилүү иш-чараларынын бири ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен резолюцияга кол коюу. ШКУнун Инвестициялык бизнес-форумун өткөрүү Кыргыз Республикасынын Уюмдагы төрагалыгынын алкагындагы демилге болуп саналат жана катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн туруктуу аянтча түзүүгө багытталган.
Резолюция ШКУнун алкагында биргелешкен инвестициялык форумдарды жана ишкердик иш-чараларды өткөрүү тажрыйбасын мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле мамлекеттердин, бизнес-коомчулуктун жана өнүктүрүү институттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган.
ШКУнун Инвестициялык бизнес-форуму-2026 экономикалык байланыштарды бекемдөө, инвестицияларды тартуу жана аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.
*****
#РеспуликанскаяУзбекскаяПресса_КыргызстанАкыйкаты”
Инвестициявий бизнес-форуми–2026 бўлиб ўтмоқда: 600 дан ортиқ тадбиркор ва инвестор инвестициявий ҳамкорликни ривожлантириш масалаларини муҳокама қилмоқда

Бугун, 24 июнь куни Бишкек шаҳрида Қирғиз Республикасининг Шанхай ҳамкорлик ташкилоти (ШҲТ)даги раислиги доирасида Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик томонидан ташкил этилган ШҲТ Инвестициявий бизнес-форуми–2026 ўз ишини бошлади.

Форумда Қирғиз Республикаси Вазирлар Маҳкамаси Раисининг биринчи ўринбосари Данияр Амангелдиев иштирок этмоқда.

ШҲТ доирасидаги илк йирик инвестициявий мулоқот майдони ҳисобланган мазкур форумга ташкилотга аъзо давлатлар вакиллари, давлат идоралари, бизнес ҳамжамияти, тараққиёт институтлари, инвестиция жамғармалари, технологик компаниялар ҳамда стартап лойиҳалар иштирокчилари жам бўлди.

Тадбирда халқаро ва минтақавий ташкилотлар, молия институтлари вакиллари, шунингдек, халқаро ва минтақавий бизнес доираларининг 600 дан ортиқ вакили қатнашмоқда. Иштирокчилар инвестициявий ва савдо-иқтисодий ҳамкорликнинг истиқболли йўналишларини муҳокама қилиб, тажриба алмашмоқда ҳамда қўшма лойиҳаларни амалга ошириш имкониятларини кўриб чиқмоқда.

Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик директори Равшанбек Сабиров форумнинг Бишкек шаҳрида ўтказилиши ШҲТга аъзо давлатлар ўртасида барқарор инвестициявий алоқаларни ривожлантириш учун янги имкониятлар яратишини таъкидлади.

Унинг сўзларига кўра, Буюк Ипак йўли чорраҳасида жойлашган Қирғизистон ўзининг бой тарихий меросини рақамли иқтисодиёт ривожи, замонавий транспорт-логистика инфратузилмаси ва инновацион технологиялар билан уйғунлаштирган ҳолда Евроосиё маконида ўзаро боғлиқликни мустаҳкамлашда муҳим ўрин эгалламоқда.

ШҲТнинг 25 йиллиги нишонланаётган йилда мазкур форумнинг ташкил этилиши давлатлар ўртасидаги ўзаро ишонч, яхши қўшничилик ва стратегик шериклик муносабатларини янада мустаҳкамлаш, шунингдек, инвестициявий ва ишбилармонлик алоқаларини ривожлантириш учун янги имкониятлар яратади.

«Бугун Шанхай ҳамкорлик ташкилотига аъзо давлатлар олдида инвестициявий ҳамкорликни кенгайтириш ва қўшма ташаббусларни амалга ошириш учун янги имкониятлар очилмоқда. Бизнинг асосий вазифамиз — давлат ва бизнес ўртасида самарали мулоқот майдонини яратиш, инвесторлар учун қулай шарт-шароитларни таъминлаш ҳамда минтақадаги инвестициявий шерикликни янада ривожлантиришдир. Қирғиз Республикаси ҳамкорлик учун очиқ ва қўшма лойиҳаларни амалга оширишга тайёр», — деди Равшанбек Сабиров.

Форумнинг ишбилармонлик дастури доирасида ШҲТга аъзо давлатлар инвестиция агентликлари раҳбарларининг маърузалари, рақамли иқтисодиётни ривожлантириш, «яшил» трансформация, соғлиқни сақлаш ва бошқа истиқболли соҳаларга бағишланган панел муҳокамалари ўтказилади.

Шунингдек, иштирокчилар янги ишбилармонлик алоқаларини ўрнатиш ва истиқболли инвестиция лойиҳаларини муҳокама қилишга қаратилган икки томонлама B2B учрашувларда қатнашадилар.

Форумнинг муҳим воқеаларидан бири ШҲТга аъзо давлатларнинг расмий вакиллари иштирокида қўшма резолюциянинг имзоланиши бўлади. Мазкур форумни ўтказиш Қирғиз Республикасининг ШҲТдаги раислиги доирасидаги муҳим ташаббуслардан бири бўлиб, иштирокчи мамлакатлар ўртасида инвестициявий ҳамкорлик учун доимий мулоқот майдонини шакллантиришга қаратилган.

Қабул қилиниши режалаштирилган резолюция ШҲТ доирасида қўшма инвестиция форумлари ва ишбилармонлик тадбирларини ўтказиш тажрибасини янада ривожлантириш, давлатлар, бизнес ҳамжамияти ва тараққиёт институтлари ўртасидаги ҳамкорликни мустаҳкамлашга хизмат қилади.

ШҲТ Инвестициявий бизнес-форуми–2026 иқтисодий алоқаларни кенгайтириш, инвестицияларни жалб этиш ва минтақа давлатлари ўртасидаги шериклик муносабатларини мустаҳкамлаш учун муҳим халқаро майдон сифатида эътироф этилмоқда.

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Шанхай кызматташтык уюмунун «Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү» аттуу Инвестициялык бизнес-форумунун расмий ачылыш аземиндеги баяндамасы

Кыргыз  Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы  Равшанбек Азатович Сабировдун Шанхай кызматташтык уюмунун «Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү» аттуу Инвестициялык бизнес-форумунун расмий ачылыш аземиндеги баяндамасы

Бишкек шаары, 2026-жылдын 24-июну

Урматтуу Адылбек Алешович!

Урматтуу Пяо Янфань айым!

Урматтуу Темир Аргембаевич!

Урматтуу делегация башчылары, Инвестициялык бизнес-форумдун катышуучулары жана коноктору!

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктеринин жетекчилерин, бизнес коомчулугунун өкүлдөрүн жана инвесторлорун чын дилден куттуктап, жылуу саламымды жолдойм.

Бүгүн Бишкек шаарында жаңы долбоорлорду, келечектүү идеяларды жана өз ара өсүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөрдү байланыштырган досторубузду жана өнөктөштөрүбүздү кабыл алуу биз үчүн чоң сыймык.

Кыргызстанга кош келиңиздер — асман тиреген тоолордун, ак илбирстин, таза энергиянын жана кең пейил адамдардын өлкөсүнө кош келиңиздер!

Улуу Жибек жолунун кесилишинде жайгашкан Кыргызстан бай тарыхый мурастарын санариптик экономиканын өнүгүшү, заманбап транспорттук-логистикалык инфраструктура жана инновациялык технологиялар менен айкалыштырып, Улуу Жибек жолунун жаңы доордогу кайра жаралуусуна жана Евразия мейкиндигиндеги өз ара байланыштарды чыңдоого олуттуу салым кошуп келет.

Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык мааракесине туш келген бул форумдун өткөрүлүшү мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара ишенимди, ынак коңшулук мамилелерди жана өнөктөштүктү дагы бекемдеп, инвестициялык жана ишкердик кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Кыргыз Республикасынын Президенти, урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун саясий эрки жана ырааттуу реформаларынын аркасында бүгүн Кыргызстан туруктуу экономикалык өсүштү, кеңири масштабдагы жаңыланууну жана жогорку инвестициялык активдүүлүктү көрсөтүүдө.

Бул артыкчылыктуу багыттар Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында өз чагылышын тапкан.

Бүгүн Кыргызстан аймактагы эң жогорку экономикалык өсүү темптеринин бирин көрсөтүүдө. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүшү 11 пайыздан ашып, ички дүң продуктунун көлөмү тарыхта биринчи жолу 1,9 триллион сомго жетти.

Түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 1,3 миллиард АКШ долларынан ашып, өсүү көрсөткүчү 27 пайыздан жогору болду. Ал эми 2026-жылдын башында негизги капиталга салынган инвестициялар 69 пайызга көбөйдү.
Акыркы үч жыл аралыгында жалпы суммасы 12,6 миллиард АКШ долларын түзгөн 78 инвестициялык макулдашууга жана 4,2 миллиард АКШ долларына барабар 45 мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) келишимине кол коюлду. Жаңы долбоорлордун жалпы инвестициялык портфели бүгүнкү күндө 23 миллиард АКШ долларынан ашат. Мындан тышкары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жалпы көлөмү 434 миллиард сомдон ашкан 90 долбоор ишке ашырылууда.

Бирок биз үчүн көрсөткүчтөр гана эмес, инвесторлор үчүн түшүнүктүү, туруктуу жана узак мөөнөттүү шарттарды түзүү да өзгөчө мааниге ээ.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдиги, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги жана Европа Биримдиги менен түзүлгөн преференциялык режимдер аркылуу 550 миллиондон ашуун калкы бар рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Ошондой эле өлкөбүз аймактагы эң либералдуу салыктык жана бажылык жеңилдиктер системаларынын бирине ээ.

Эл аралык стандарттарга шайкеш келген «Инвестициялар жөнүндө» жана «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» жаңы мыйзамдар кабыл алынды. Бул укуктук негиз эркин экономикалык аймактардагы салыктык жана бажылык жеңилдиктер менен толукталууда.

Жогорку технологияларды, жашыл энергетиканы, креативдүү индустрияларды жана стартап-экосистемаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жакында эле Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан IT-секторду жана инновацияларды колдоо, ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы инвесторлор үчүн атайын режимди киргизүү тууралуу жарлыктарга кол коюлду. Мындан сырткары, Жогорку Кеңеш «Венчурдук каржылоо жөнүндө» мыйзамды жактырды.

Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга болгон ишеним экономикалык көрсөткүчтөрдө гана эмес, Кыргызстандын эл аралык аброюнун өсүшүндө да айкын көрүнүүдө. Бул өз кезегинде өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттырууда. Кыргызстан 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды жана Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча «кара тизмесинен» чыгарылды.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өзгөчө макамы инвесторлорду ыкчам коштоп жүрүүгө жана мамлекеттик органдар менен «бирдиктүү терезе» принциби аркылуу натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк берип, өлкөнүн ачыктыгын жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууда.

Бүгүнкү күндө санариптик инвестициялык экосистема калыптанууда. Жасалма интеллектке негизделген расмий веб-сайт, инвестициялык карта жана AI-чат-бот ийгиликтүү иштеп жатат. Жакынкы мезгилде инвесторлор менен мамлекеттик органдар үчүн бирдиктүү санариптик аянтча боло турган «АИС Инвестициялар» маалыматтык системасы ишке киргизилет. Бул система долбоорлордун ачыктыгын жана натыйжалуулугун дагы да жогорулатат.

Урматтуу кесиптештер!

Кыргызстан өзүнүн инвестициялык долбоорлорун Евразиянын жаңы экономикалык архитектурасынын ажырагыс бөлүгү катары карайт. Бүгүнкү күндө аймактын экономикалык картасын өзгөртүүгө жөндөмдүү стратегиялык долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын катарына Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, CASA-1000 энергетикалык долбоору, Камбар-Ата ГЭС-1, «Асман Сити» акылдуу шаары жана «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластери кирет. Ошондой эле англис укугунун негизинде түзүлгөн «Тамчы» каржы-инвестициялык аймагын практикалык жактан ишке ашыруу башталды.

Евразиянын келечеги атаандаштыкка гана эмес, мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирип, транспорттук, энергетикалык жана санариптик багыттагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөндөмүнө да көз каранды. Дал ушундай жол менен мүмкүнчүлүктөрдүн бирдиктүү мейкиндиги калыптанат.

Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин инвестициялык мекемелеринин жетекчилери менен болгон жолугушууда инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө болгон жалпы кызыкчылыгыбызды дагы бир жолу тастыктадык.

ШКУнун Инвестициялык форумун жыл сайын ротациялык негизде өткөрүү жана мүчө мамлекеттердин инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктеринин жетекчилеринин туруктуу жолугушууларын уюштуруу демилгесин колдогон бардык делегация башчыларына ыраазычылык билдирем. Бул демилге координацияны күчөтүп, тажрыйба алмашууга жана Уюмдун алкагындагы биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдырууга өбөлгө түзөрүнө ишенем.

Урматтуу достор!

Кыргызстан инвесторлорго бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды гана эмес, Евразиянын келечектеги экономикасынын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн да сунуштайт.

Биз Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болгон ар бир инвесторду кубануу менен кабыл алабыз. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик идея жаралган учурдан тартып долбоор толук ишке ашканга чейинки бардык баскычтарда ишенимдүү өнөктөш болуп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган демилгелерге ар тараптуу колдоо көрсөтөт.

Бул форум жаңы макулдашуулардын, инвестициялык чечимдердин жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн салттуу аянтчасына айланарына терең ишенем.

Бардык катышуучуларга жемиштүү иш, ийгиликтүү сүйлөшүүлөр жана конкреттүү практикалык натыйжаларды каалайм.

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!

*****
#AkiykatKG

Выступление
Главы Национального агентства по инвестициям
при Президенте Кыргызской Республики Сабирова Равшанбека Азатовича
на официальной церемонии открытия Инвестиционного бизнес-форума
Шанхайского организации сотрудничества «Кыргызстан - сердце Евразии»
г. Бишкек, 24 июня 2026 года

Уважаемый Адылбек Алешович,
Уважаемая госпожа Пяо Янфань,
Уважаемый Темир Аргембаевич,
Уважаемые главы делегаций, участники и гости Инвестиционного бизнес-форума,
С искренним удовольствием приветствую наших коллег, руководителей агентств по продвижению инвестиций, представителей деловых кругов и инвесторов государств-членов Шанхайской организации сотрудничества. Для нас большая честь принимать сегодня в Бишкеке друзей и партнеров, с которыми мы связываем новые проекты, идеи и возможности для роста.
Добро пожаловать в Кыргызстан – в страну величественных гор, снежного барса, чистой энергии и открытых сердец!
Располагаясь на перекрестке Великого Шелкового пути, Кыргызстан сочетает богатое историческое наследие с современным развитием цифровой экономики, транспортно-логистической инфраструктуры и инновационных технологий, становясь важным участником возрождения Великого Шелкового пути и укрепления взаимосвязанности Евразии.
Проведение нашего форума под эгидой ШОС в год его 25-летия укрепляет взаимное доверие, добрососедство и партнерство между государствами-членами и придает ему практическую значимость, открывая новые возможности для инвестиционного и делового сотрудничества.

Уважаемые дамы и господа,
Благодаря политической воле и последовательным реформам Президента Кыргызской Республики уважаемого СадыраНургожоевича Жапарова Кыргызстан сегодня демонстрирует уверенный экономический рост, масштабную модернизацию и высокую инвестиционную активность.
Эти приоритеты нашли свое отражение в Национальной программе развития Кыргызской Республики до 2030 года.
Сегодня Кыргызстан демонстрирует одни из самых высоких темпов экономического роста в регионе: по итогам 2025 года рост экономики превысил 11%, а ВВП впервые достиг 1,9 триллиона сомов.
Прямые иностранные инвестиции составили более 1,3 млрд долларов США, рост - более 27%, инвестиции в основной капитал в начале 2026 года увеличились на 69%.
За последние три года, заключены 78 инвестиционных соглашений на 12,6 млрд долларов США и 45 соглашений ГЧП на 4,2 млрд.долларов США. Общий инвестиционный портфель новых проектов превышает 23 млрд долларов США. Кроме этого, в рамках ГЧП реализуется 90 проектов на сумму более 434 млрд сомов.
Однако для нас важны не только цифры - наша задача создавать понятные и долгосрочные условия для инвесторов.
Кыргызстан обеспечивает доступ к рынку свыше 550 млн человек через ЕАЭС, СНГ и преференциальные режимы с Европейским Союзом и располагает одной из наиболее либеральных систем налогообложения и таможенных преференций в регионе.
Приняты новые законы «Об инвестициях» и «О государственно-частном партнерстве», которыесоответствуют международным стандартам и дополняются режимом свободных экономических зон с налоговыми и таможенными льготами.
Особое внимание уделяется развитию высоких технологий, зеленой энергетики, креативных индустрий и стартап-экосистемы: на днях Президентом подписаны Указы о поддержке IT-сектора и инноваций и о специальном режиме для инвесторов в сфере возобновляемых источников энергии, а парламентом одобрен Закон «О венчурном финансировании».
Доверие к проводимым реформам отражается не только в экономических показателях, но и в укреплении международного авторитета страны, что напрямую повышает ее инвестиционную привлекательность. Кыргызстан избран непостоянным членом Совета Безопасности ООН на 2027-2028 годы и исключен из списка Европейского союза по авиационной безопасности.
Особый статус Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики обеспечивает оперативное сопровождение инвесторов и эффективное взаимодействие с государственными органами по принципу «единого окна», повышая прозрачность и инвестиционную привлекательность страны.
Формируется цифровая инвестиционная экосистема: уже работают официальный сайт на основе искусственного интеллекта, инвестиционная карта и AI-чат-бот. В ближайшее время будет запущена «АИС Инвестиции» - единая платформа для инвесторов и госорганов, повышающая прозрачность и эффективность проектов.

Уважаемые коллеги,
Кыргызстан рассматривает свои инвестиционные проекты как часть новой экономической архитектуры Евразии. Сегодня у нас реализуются стратегические проекты, способные изменить экономическую карту региона: это железная дорога Китай-Кыргызстан-Узбекистан, CASA-1000, Камбар-Атинская ГЭС-1, умный город «АсманСити» и горнолыжный кластер «Ала-Тоо Резорт». Начата практическая реализация финансово-инвестиционной территории «Тамчы» на основе английского права.
Будущее Евразии зависит не только от конкуренции, но и от способности стран объединять усилия и реализовывать совместные транспортные, энергетические и цифровые проекты, формируя единое пространство возможностей.
Сегодня на встрече руководителей инвестиционных ведомств государств-членов ШОС мы подтвердили нашу общую заинтересованность в дальнейшем расширении инвестиционного сотрудничества.
Благодарю глав делегаций за поддержку инициативы о проведении на ротационной основе ежегодного Инвестиционного форума ШОС и регулярных совещаний руководителей агентств по продвижению инвестиций государств-членов ШОС. Убежден, это усилит координацию, обмен практиками и продвижение совместных проектов в рамках Организации.

Уважаемые друзья,
Кыргызстан предлагает инвесторам не только благоприятные условия для бизнеса, но и возможность стать частью будущей экономики Евразии.
Мы приветствуем каждого инвестора, готового развивать проекты в Кыргызстане. Национальное агентство по инвестициям выступает надежным партнером на всех этапах - от идеи до реализации, обеспечивая необходимую поддержку проектам, которые создают новые рабочие места, способствуют экономическому росту и повышению благосостояния наших граждан.
Уверен, что форум станет традиционной площадкой для новых соглашений, инвестиционных решений и долгосрочного партнерства.
Желаю всем участникам плодотворной работы, успешных переговоров и практических результатов.
Благодарю за внимание!
*****
#ҚирғизистонҲақиқати

Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик директори Равшанбек Азатович Сабировнинг

Шанхай ҳамкорлик ташкилотининг «Қирғизистон — Евроосиё юраги» Инвестициявий бизнес-форуми расмий очилиш маросимидаги нутқи

Бишкек шаҳри, 2026 йил 24 июнь

Ҳурматли Адылбек Алешович!

Ҳурматли Пяо Янфань хоним!

Ҳурматли Темир Аргембаевич!

Ҳурматли делегациялар раҳбарлари, Инвестициявий бизнес-форум иштирокчилари ва меҳмонлар!

Шанхай ҳамкорлик ташкилотига аъзо давлатларнинг инвестицияларни рағбатлантириш агентликлари раҳбарлари, бизнес ҳамжамияти вакиллари ҳамда инвесторларини самимий қутлаб, барчангизга юракдан салом йўллайман.

Бугун Бишкек шаҳрида янги лойиҳалар, истиқболли ғоялар ва ўзаро тараққиёт имкониятларини боғлаб турган дўстларимиз ва шерикларимизни қабул қилиш биз учун катта шарафдир.

Қирғизистонга хуш келибсиз! Осмонупар тоғлар, оқ илбирс, мусаффо энергия ва бағрикенг инсонлар мамлакатига марҳамат!

Буюк Ипак йўли чорраҳасида жойлашган Қирғизистон бой тарихий меросини рақамли иқтисодиёт, замонавий транспорт-логистика инфратузилмаси ва инновацион технологиялар билан уйғунлаштириб, Буюк Ипак йўлининг янги даврда қайта тикланиши ҳамда Евроосиёдаги ўзаро боғлиқликни мустаҳкамлашга муносиб ҳисса қўшмоқда.

ШҲТнинг 25 йиллик юбилейи нишонланаётган йилда мазкур форумнинг ўтказилиши аъзо давлатлар ўртасидаги ўзаро ишончни, яхши қўшничилик ва шериклик муносабатларини янада мустаҳкамлаб, инвестициявий ҳамда ишбилармонлик ҳамкорлиги учун янги имкониятлар эшигини очмоқда.

Ҳурматли хонимлар ва жаноблар!

Қирғиз Республикаси Президенти муҳтарам Садыр Нургожоевич Жапаровнинг қатъий сиёсий иродаси ва изчил ислоҳотлари туфайли бугун Қирғизистон барқарор иқтисодий ўсиш, кенг кўламли модернизация ва юқори инвестициявий фаолликни намоён этмоқда.

Ушбу устувор йўналишлар Қирғиз Республикасининг 2030 йилгача бўлган Миллий тараққиёт дастурида ўз ифодасини топган.

Бугун Қирғизистон минтақадаги энг юқори иқтисодий ўсиш суръатларидан бирини қайд этмоқда. 2025 йил якунларига кўра иқтисодиёт ўсиши 11 фоиздан ошди, ялпи ички маҳсулот ҳажми эса тарихда илк бор 1,9 триллион сомга етди.

Тўғридан-тўғри хорижий инвестициялар ҳажми 1,3 миллиард АҚШ долларидан ошиб, ўсиш суръати 27 фоиздан юқори бўлди. 2026 йил бошида асосий капиталга йўналтирилган инвестициялар эса 69 фоизга ошди.

Сўнгги уч йил давомида умумий қиймати 12,6 миллиард АҚШ долларига тенг бўлган 78 та инвестициявий келишув ва 4,2 миллиард долларлик 45 та давлат-хусусий шериклик битими имзоланди. Янги лойиҳаларнинг умумий инвестициявий портфели 23 миллиард АҚШ долларидан ошган. Шунингдек, давлат-хусусий шериклик доирасида умумий қиймати 434 миллиард сомдан зиёд бўлган 90 та лойиҳа амалга оширилмоқда.

Бироқ биз учун рақамларгина эмас, балки инвесторлар учун аниқ, барқарор ва узоқ муддатли шарт-шароитларни яратиш ҳам муҳим аҳамиятга эга.

Қирғизистон Евроосиё иқтисодий иттифоқи, Мустақил Давлатлар Ҳамдўстлиги ҳамда Европа Иттифоқи билан мавжуд преференциал режимлар орқали 550 миллиондан ортиқ аҳолига эга бозорларга чиқиш имкониятини тақдим этади. Шу билан бирга мамлакатимиз минтақадаги энг либерал солиқ ва божхона имтиёзлари тизимларидан бирига эга.

Халқаро стандартларга мос келувчи «Инвестициялар тўғрисида» ва «Давлат-хусусий шериклик тўғрисида»ги янги қонунлар қабул қилинди. Ушбу ҳуқуқий база эркин иқтисодий ҳудудлардаги солиқ ва божхона имтиёзлари билан янада мустаҳкамланган.

Юқори технологиялар, яшил энергетика, креатив индустриялар ва стартап-экотизимларни ривожлантиришга алоҳида эътибор қаратилмоқда. Яқинда Президент томонидан IT соҳаси ва инновацияларни қўллаб-қувватлаш, шунингдек, қайта тикланувчи энергия манбалари соҳасидаги инвесторлар учун махсус режим жорий этиш ҳақидаги фармонлар имзоланди. Парламент эса «Венчур молиялаштириш тўғрисида»ги қонунни маъқуллади.

Амалга оширилаётган ислоҳотларга бўлган ишонч нафақат иқтисодий кўрсаткичларда, балки мамлакатнинг халқаро нуфузи ортиб бораётганида ҳам намоён бўлмоқда. Бу эса Қирғизистоннинг инвестициявий жозибадорлигини янада оширмоқда. Мамлакатимиз 2027–2028 йиллар учун БМТ Хавфсизлик Кенгашининг доимий бўлмаган аъзоси этиб сайланди ҳамда Европа Иттифоқининг авиация хавфсизлиги бўйича «қора рўйхати»дан чиқарилди.

Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентликнинг алоҳида мақоми инвесторларни «ягона дарча» тамойили асосида тезкор қўллаб-қувватлаш ва давлат органлари билан самарали ҳамкорликни таъминлаб, мамлакатнинг очиқлиги ҳамда инвестициявий жозибадорлигини кучайтирмоқда.

Бугун рақамли инвестициявий экотизим шакллантирилмоқда. Сунъий интеллект асосида ишловчи расмий веб-сайт, инвестиция харитаси ва AI-чатбот фаолият кўрсатмоқда. Яқин вақт ичида инвесторлар ва давлат органлари учун ягона рақамли майдон бўлган «АИС Инвестициялар» платформаси ишга туширилади.

Ҳурматли ҳамкасблар!

Қирғизистон ўз инвестиция лойиҳаларини Евроосиёнинг янги иқтисодий архитектурасининг ажралмас қисми сифатида кўради.

Бугун минтақа иқтисодий харитасини ўзгартиришга қодир бўлган стратегик лойиҳалар амалга оширилмоқда. Улар қаторида Хитой–Қирғизистон–Ўзбекистон темир йўли, CASA-1000 энергетика лойиҳаси, Қамбарота ГЭС-1, «Асман Сити» ақлли шаҳри ва «Ала-Тоо Резорт» тоғ-чанғи кластери бор. Шунингдек, инглиз ҳуқуқи асосида ташкил этилган «Тамчи» молиявий-инвестиция ҳудудини амалий жорий этиш ишлари бошланди.

Евроосиё келажаги фақат рақобатга эмас, балки давлатларнинг саъй-ҳаракатларни бирлаштириб, транспорт, энергетика ва рақамли соҳаларда қўшма лойиҳаларни амалга ошириш қобилиятига ҳам боғлиқ. Ана шу йўл билан умумий имкониятлар макони шаклланади.

Бугун ШҲТга аъзо давлатларнинг инвестиция идоралари раҳбарлари билан бўлиб ўтган учрашувда инвестициявий ҳамкорликни янада кенгайтиришга бўлган умумий интилишимизни яна бир бор тасдиқладик.

ШҲТ Инвестициявий форумларини ҳар йили ротация асосида ўтказиш ва инвестицияларни илгари суриш агентликлари раҳбарларининг мунтазам учрашувларини ташкил этиш ташаббусини қўллаб-қувватлаган барча делегациялар раҳбарларига миннатдорлик билдираман.

Ишонаманки, бу ташаббус мувофиқлаштиришни кучайтиради, тажриба алмашишни рағбатлантиради ва ташкилот доирасидаги қўшма лойиҳаларни илгари суришга хизмат қилади.

Ҳурматли дўстлар!

Қирғизистон инвесторларга нафақат бизнес юритиш учун қулай муҳит, балки Евроосиёнинг келажак иқтисодиётининг бир қисми бўлиш имкониятини ҳам таклиф этади.

Биз Қирғизистонда лойиҳаларни амалга оширишга тайёр бўлган ҳар бир инвесторни мамнуният билан қарши оламиз. Инвестициялар бўйича миллий агентлик ғоя туғилган пайтдан бошлаб лойиҳа тўлиқ амалга ошгунга қадар барча босқичларда ишончли шерик сифатида янги иш ўринлари яратиш, иқтисодий ўсишни таъминлаш ва аҳоли фаровонлигини оширишга хизмат қилувчи ташаббусларни ҳар томонлама қўллаб-қувватлайди.

Форум янги келишувлар, инвестициявий қарорлар ва узоқ муддатли шерикликлар учун анъанавий майдонга айланишига қатъий ишонаман.

Барча иштирокчиларга самарали иш, муваффақиятли музокаралар ва амалий натижалар тилайман.

Эътиборингиз учун раҳмат!

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

#AkiykatKG Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

    Бүгүн, 23-июнда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров мекеменин жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоо сөзүндө Равшанбек Сабиров мамлекеттик кызматкерлердин өлкөнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү ролун белгилеп, ар бир кызматкер өз милдеттерин жогорку жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана тактык менен аткаруусу зарылдыгын белгиледи.

«Мамлекеттик кызмат — бул өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган чоң жоопкерчиликти талап кылган иш. Инвестицияларды тартуу, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргызстандын экономикалык потенциалын жогорулатуу багытында ар бир кызматкердин эмгеги маанилүү. Биздин негизги милдетибиз — өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу иш алып барып, туруктуу экономикалык өсүшкө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө салым кошуу», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Ал мекеменин кызматкерлерине инвестициялык климатты жакшыртуу, чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлор менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле белгиленген милдеттерди сапаттуу ишке ашыруу багытындагы иштерди мындан ары да жоопкерчилик менен улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Куттуктоонун соңунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кызматкерлерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана тынчтык, ошондой эле кесиптик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.
*****
#РеспубликанскаяУзбекскаяПресса_Кыргызстан_Акыйкаты
Глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики поздравил государственных служащих с профессиональным праздником

Сегодня, 23 июня, по случаю профессионального праздника государственных служащих Кыргызской Республики глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров поздравил коллектив Национального агентства.

В своем поздравлении Равшанбек Сабиров отметил важную роль государственных служащих в развитии страны, подчеркнув необходимость выполнения каждым сотрудником своих обязанностей с высокой ответственностью, профессионализмом и точностью.

«Государственная служба — это работа, требующая высокой ответственности и направленная на развитие страны. В сфере привлечения инвестиций, создания благоприятных условий для инвесторов и повышения экономического потенциала Кыргызской Республики вклад каждого сотрудника имеет большое значение. Наша основная задача — эффективно работать в интересах государства, вносить вклад в устойчивый экономический рост и создание новых возможностей», — отметил Равшанбек Сабиров.

Он также подчеркнул важность дальнейшего ответственного продолжения работы по улучшению инвестиционного климата, развитию взаимовыгодного сотрудничества с иностранными и отечественными инвесторами, а также качественной реализации поставленных задач.

В завершение поздравления глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики пожелал сотрудникам крепкого здоровья, семейного благополучия, мира и успехов в профессиональной деятельности.

*****

Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик раҳбари давлат хизматчиларини касб байрами билан табриклади

23 июнь куни Қирғиз Республикаси давлат хизматчиларининг касб байрами муносабати билан Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик директори Равшанбек Сабиров агентлик жамоасини ушбу қутлуғ сана билан самимий табриклади.

Табрик сўзида Равшанбек Сабиров давлат хизматчиларининг мамлакат тараққиётидаги муҳим ўрнини алоҳида таъкидлаб, ҳар бир ходим ўз вазифаларини юксак масъулият, касбий маҳорат ва аниқлик билан бажариши зарурлигини қайд этди.

«Давлат хизмати — мамлакат равнақи йўлида юксак масъулият талаб қиладиган шарафли вазифадир. Инвестицияларни жалб қилиш, инвесторлар учун қулай шароитлар яратиш ва Қирғиз Республикасининг иқтисодий салоҳиятини ошириш йўлида ҳар бир ходимнинг ҳиссаси беқиёс аҳамиятга эга. Бизнинг асосий вазифамиз — давлат манфаатлари йўлида самарали фаолият юритиш, барқарор иқтисодий ўсишни таъминлаш ва янги имкониятларни яратишга муносиб ҳисса қўшишдир», — деди Равшанбек Сабиров.

Шунингдек, у инвестициявий муҳитни янада яхшилаш, хорижий ва маҳаллий инвесторлар билан ўзаро манфаатли ҳамкорликни ривожлантириш ҳамда белгиланган вазифаларни сифатли амалга ошириш борасидаги ишларни келгусида ҳам юксак масъулият билан давом эттириш муҳимлигини таъкидлади.

Табрик сўзи якунида Равшанбек Сабиров агентлик ходимларига мустаҳкам соғлиқ, оилавий бахт-саодат, тинчлик-хотиржамлик ҳамда касбий фаолиятларида улкан ютуқ ва муваффақиятлар тилади.

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик James Cubitt & Partners компаниясы менен инфраструктуралык долбоорлор жаатындагы кызматташууну талкуулады

   Бүгүн, 23-июнда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров архитектуралык долбоорлоо, инженердик чечимдер жана инфраструктуралык объектилерди өнүктүрүү багытында иш алып барган эл аралык James Cubitt & Partners (JCP) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, инвестицияларды тартуу жана инвесторлорду колдоо багытындагы мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктары, ошондой эле мындан аркы кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алышты.

«Инфраструктураны өнүктүрүү жана социалдык объектилердин сапатын жогорулатуу Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Бул жаатта алдыңкы эл аралык тажрыйбаны колдонуу жана заманбап чечимдерди сунуштай алган чет өлкөлүк компаниялар менен кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө жана инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга зарыл шарттарды түзүүгө багытталган ишин улантат», — деп Равшанбек Сабиров.

Тараптар өзгөчө саламаттык сактоо жана инфраструктураны өнүктүрүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине көңүл бурушту. Жолугушуунун катышуучулары социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, медициналык объектилерди жаңылоого жана заманбап инженердик чечимдерди колдонууга байланышкан долбоорлорго компаниянын катышуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

James Cubitt & Partners компаниясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын аймагындагы долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча консультацияларды улантуу жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча макулдашышты.
*****
#Республиканская_Узбекская_Пресса_AkikatKG
Национальное агентство по инвестициям обсудило с James Cubitt & Partners перспективы сотрудничества в сфере инфраструктурных проектов

Сегодня, 23 июня, глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров провел встречу с представителями международной компании James Cubitt & Partners (JCP), работающей в области архитектурного проектирования, инженерных решений и развития инфраструктурных объектов.

В ходе встречи стороны обсудили инвестиционный климат Кыргызской Республики, основные направления государственной политики в сфере привлечения инвестиций, а также возможные направления сотрудничества.

«Развитие инфраструктуры и повышение качества социальных объектов являются одними из приоритетных направлений для Кыргызской Республики. В этой связи важно изучать международный опыт и привлекать компетенции зарубежных компаний, которые могут способствовать реализации качественных проектов. Национальное агентство по инвестициям продолжит работу по созданию условий для эффективного взаимодействия с иностранными партнерами», — отметил Равшанбек Сабиров.

Особое внимание было уделено вопросам реализации проектов в сферах здравоохранения и инфраструктурного развития. Участники встречи рассмотрели перспективы участия компании в проектах, связанных с развитием социальной инфраструктуры, модернизацией медицинских объектов и применением современных инженерных решений.

Представители James Cubitt & Partners отметили заинтересованность в изучении возможностей участия в проектах на территории Кыргызской Республики.

По итогам встречи стороны договорились продолжить консультации по перспективным направлениям сотрудничества и дальнейшему взаимодействию.

*****
#ҚирғизистонҲақиқати
Инвестициялар бўйича миллий агентлик James Cubitt & Partners компанияси билан инфратузилма лойиҳалари соҳасидаги ҳамкорлик истиқболларини муҳокама қилди

23 июнь куни Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик директори Равшанбек Сабиров архитектура лойиҳалаш, муҳандислик ечимлари ҳамда инфратузилма объектларини ривожлантириш соҳасида фаолият юритувчи халқаро James Cubitt & Partners (JCP) компанияси вакиллари билан учрашув ўтказди.

Учрашув давомида томонлар Қирғиз Республикасининг инвестициявий имкониятлари, инвестицияларни жалб этиш ва инвесторларни қўллаб-қувватлашга қаратилган давлат сиёсатининг устувор йўналишлари, шунингдек, ўзаро ҳамкорликнинг истиқболли йўналишлари юзасидан фикр алмашдилар.

«Инфратузилмани ривожлантириш ва ижтимоий объектлар сифатини ошириш Қирғиз Республикаси учун устувор вазифалардан бири ҳисобланади. Шу муносабат билан илғор халқаро тажрибани ўрганиш ва замонавий ечимларни таклиф эта оладиган хорижий компаниялар билан ҳамкорликни кенгайтириш муҳим аҳамиятга эга. Инвестициялар бўйича миллий агентлик чет эллик ҳамкорлар билан самарали ҳамкорликни ривожлантириш ҳамда инвестициявий ташаббусларни амалга ошириш учун қулай шарт-шароитлар яратиш бўйича ишларни изчил давом эттиради», — деди Равшанбек Сабиров.

Учрашувда соғлиқни сақлаш ва инфратузилмани ривожлантириш соҳаларидаги лойиҳаларни амалга ошириш масалаларига алоҳида эътибор қаратилди. Томонлар ижтимоий инфратузилмани ривожлантириш, тиббиёт муассасаларини модернизация қилиш ҳамда замонавий муҳандислик ечимларини жорий этишга қаратилган лойиҳаларда компания иштирок этиши имкониятларини муҳокама қилдилар.

James Cubitt & Partners компанияси вакиллари Қирғиз Республикаси ҳудудида амалга оширилаётган лойиҳаларда иштирок этиш имкониятларини ўрганишга қизиқиш билдирдилар.

Учрашув якунида томонлар ҳамкорликнинг истиқболли йўналишлари бўйича маслаҳатлашувларни давом эттириш ва ўзаро ҳамкорликни янада кенгайтириш юзасидан келишиб олдилар.

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Равшанбек Сабиров: Борбордук Азия бирдиктүү инвестициялык мейкиндик катары өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ

#КыргызстанАкыйкаты
    «Бүгүн Борбордук Азия үчүн атаандаштыктан биргелешкен илгерилетүүгө жана аймактын жалпы инвестициялык брендин түзүүгө өтүү үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бири-бирибиз менен өзүнчө атаандашуу аркылуу миллиондогон инвестицияларды тарта алабыз. Ал эми Борбордук Азияны бирдиктүү аймак катары биргелешип таанытуу менен миллиарддаган инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк ачылат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.

V Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктеринин жетекчилеринин «Инвестицияларды биргелешип илгерилетүү үчүн аймактык платформаны түзүү» аталышындагы тегерек стол өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Равшанбек Сабиров эл аралык инвесторлор Борбордук Азияны барган сайын бирдиктүү экономикалык мейкиндик катары карап жатканын белгиледи. Аймак ири рынокко, олуттуу ресурстук потенциалга жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин айтты.
Ал инвестициялык багыттагы аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, Борбордук Азиянын инвестицияларды илгерилетүү агенттиктеринин тармагын (CA-IPAN), аймактын Бирдиктүү инвестициялык порталын түзүү жана Борбордук Азияны «Invest Central Asia» бирдиктүү бренди менен таанытуу зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын инвестициялык долбоорлорду «бирдиктүү терезе» принциби боюнча коштоо тажрыйбасы жана инвесторлор үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү багытындагы иштер тууралуу маалыматтар берилди.
Иш-чаранын соңунда Равшанбек Сабиров катышуучуларды Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусунун алкагында өтө турган Инвестициялык форумга катышууга чакырды. Форум 2026-жылдын 24–25-июнунда Бишкек шаарында өтөт.
Тегерек столдун катышуучулары Борбордук Азия өлкөлөрүнүн инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктеринин ортосундагы кызматташууну чыңдоо, аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип таанытуу жана жаңы инвесторлорду тартуу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

#КыргызстанАкыйкатыAkiykatKG
Равшанбек Сабиров: Центральная Азия имеет потенциал стать единым инвестиционным пространством

«Сегодня у Центральной Азии есть исторический шанс перейти от конкуренции к совместному продвижению и формированию общего инвестиционного бренда региона. Конкурируя друг с другом, мы привлекаем миллионы. Продвигая Центральную Азию вместе, мы привлекаем миллиарды», — отметил глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров.
В рамках V Ташкентского международного инвестиционного форума состоялся круглый стол руководителей агентств по продвижению инвестиций стран Центральной Азии на тему «Создание региональной платформы для совместного продвижения инвестиций».
В ходе выступления Равшанбек Сабиров отметил, что международные инвесторы всё чаще рассматривают Центральную Азию как единое экономическое пространство с крупным рынком, значительным ресурсным потенциалом и широкими возможностями для реализации инвестиционных проектов.
Он подчеркнул важность развития регионального сотрудничества в инвестиционной сфере, создания Сети агентств по продвижению инвестиций Центральной Азии (CA-IPAN), Единого инвестиционного портала региона и продвижения Центральной Азии под единым брендом «Invest Central Asia».
Кроме того, был представлен опыт Кыргызской Республики по сопровождению инвестиционных проектов по принципу «единого окна» и развитию цифровых сервисов для инвесторов.
В завершение мероприятия Равшанбек Сабиров пригласил участников форума принять участие в Инвестиционном форуме в рамках председательства Кыргызской Республики в Шанхайской организации сотрудничества, который состоится 24–25 июня 2026 года в Бишкеке.
Участники круглого стола обсудили дальнейшие шаги по укреплению взаимодействия между агентствами по продвижению инвестиций стран Центральной Азии, совместному продвижению инвестиционных возможностей региона и привлечению новых инвесторов.
#қирғизистонхақиқатипресса

Сабиров: Марказий Осиё ягона инвестициявий маконга айланиш салоҳиятига эга

«Бугун Марказий Осиё учун рақобатдан ҳамкорликка ўтиш ва минтақа учун ягона инвестициявий брендни шакллантиришнинг тарихий имконияти пайдо бўлди. Агар биз бир-биримиз билан алоҳида рақобат қилсак, миллионлаб инвестицияларни жалб қилишимиз мумкин. Аммо Марказий Осиёни ягона ҳудуд сифатида биргаликда тарғиб қилсак, миллиардлаб инвестицияларни жалб этиш имкониятига эга бўламиз», — деди Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик директори Равшанбек Сабиров.

V Тошкент халқаро инвестиция форуми доирасида Марказий Осиё давлатларининг инвестицияларни рағбатлантириш агентликлари раҳбарлари иштирокида «Инвестицияларни биргаликда илгари суриш учун минтақавий платформани шакллантириш» мавзусида давра суҳбати бўлиб ўтди.

Тадбир давомида Равшанбек Сабиров халқаро инвесторлар Марказий Осиёни тобора ягона иқтисодий макон сифатида қабул қилаётганини таъкидлади. Унинг қайд этишича, минтақа кенг бозор, улкан ресурс салоҳияти ҳамда қўшма инвестициявий лойиҳаларни амалга ошириш учун катта имкониятларга эга.

Шунингдек, у инвестиция соҳасида минтақавий ҳамкорликни янада ривожлантириш муҳимлигини таъкидлаб, Марказий Осиё инвестицияларни рағбатлантириш агентликлари тармоғини (CA-IPAN), Ягона инвестициявий порталини ташкил этиш ҳамда минтақани «Invest Central Asia» ягона бренди остида тарғиб қилиш зарурлигини билдирди.

Тадбирда Қирғиз Республикасининг инвестициявий лойиҳаларни «Ягона дарча» тамойили асосида қўллаб-қувватлаш тажрибаси ҳамда инвесторлар учун рақамли хизматларни ривожлантириш борасида амалга оширилаётган ишлар ҳақида ҳам маълумот берилди.

Давра суҳбати якунида Равшанбек Сабиров иштирокчиларни Қирғиз Республикасининг Шанхай ҳамкорлик ташкилотига раислиги доирасида ўтказиладиган Инвестиция форумида иштирок этишга таклиф қилди. Мазкур форум 2026 йилнинг 24–25 июнь кунлари Бишкек шаҳрида бўлиб ўтади.

Тадбир қатнашчилари Марказий Осиё мамлакатларининг инвестицияларни рағбатлантириш агентликлари ўртасидаги ҳамкорликни мустаҳкамлаш, минтақа инвестициявий имкониятларини биргаликда тарғиб қилиш ва янги инвесторларни жалб этиш бўйича келгуси қадамларни муҳокама қилдилар.

---
Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Эл Аралык Адабий Форуму .

Шахида Алиева

Доклад

Эмне үчүн Сахибкиран Амир Темирдин балалык чагы тууралуу маалыматтар аз сакталган?

Улуу Сахибкиран Амир Темир элибиздин жана мамлекеттүүлүгүбүздүн бай тарыхын жаратууда өзгөчө орунду ээлеген саясий ишмерлердин бири болгон. Анын инсандыгы кылымдар бою дүйнөнүн көптөгөн тарыхчыларын, жазуучуларын жана изилдөөчүлөрүн кызыктырып келген жана бүгүнкү күндө да илимпоздордун көңүл борборунда калууда.

Амир Темирдин өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу эмгек жазган чет элдик калемгерлердин арасында француз жазуучусу Марсель Бриондун орду өзгөчө. Ал Сахибкирандын образын француз окурмандарына таанытууга чоң салым кошуп, өз эмгектеринде Амир Темир тууралуу баяндаган тарыхый булактардан үзүндүлөрдү француз тилине которуп жарыялаган.

Марсель Бриондун «Мен киммин? Сахибкиран – жаһангер Темир» аттуу китеби орус тили аркылуу өзбек тилине которулуп басылып чыккан. Белгилүү француз жазуучусу жана тарых таануучусу Марсель Брион 1964-жылы Франциянын Илимдер академиясынын анык мүчөсү болуп шайланган. Ал 1984-жылдын 23-октябрында Париж шаарында дүйнөдөн кайткан.

Тарых таануу, искусство таануу жана көркөм адабиятты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Марсель Брион Франциянын жогорку мамлекеттик сыйлыктарына татыган. Ал «Ардактуу легион» ордени, «1914–1918-жылдардагы согуштагы эрдиги үчүн» медалы жана «Адабият менен искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» сыйлыгы сыяктуу бир катар жогорку даражадагы сыйлыктар менен сыйланган.

Марсель Брион улуу мекендешибиз Амир Темирдин өмүр жолу жана мамлекеттик ишмердиги менен терең кызыккан. Анын «Tamerlan» («Темир») аттуу эмгеги 1942-жылы жарык көргөн. Кийинчерээк, 1963-жылы толукталып, «Le Memorial des Siecles» («Кылымдардын жылнаамасы») аттуу сериянын алкагында «XIV кылым. Тарыхты жараткан адамдар» деген аталыш менен кайра басылып чыккан.

Китептин көлөмдүү кириш бөлүгүн академик Жерар Вальтер жазган. Басылманын негизги бөлүгүн Марсель Бриондун «Амир Темирдин портрети» аттуу очерки түзөт. Ошондой эле эмгекке «Улуу инсандар. Амир Темирдин түзүктөрүнүн негизинде», «Амир Темирдин Ибн Халдун менен жолугушуусу. Дамаск, 1401-жыл», «Амир Темир душмандын көзү менен: Ибн Арабшахтын эмгеги», «Темир түзүктөрү», «Амир Темир маршал Бусико көз карашында», «Амир Темир жана анын сарайы Султания архиепископунун баянында», «Амир Темир жана анын сарайы испан элчиси Руи Гонсалес де Клавихонун сүрөттөөсүндө» сыяктуу бөлүмдөр киргизилген. Бул материалдардын баары ар кандай тарыхый эмгектерден француз тилине которулган. Китептин жалпы көлөмү 381 бетти түзөт.

Марсель Брион Амир Темирге өтө калыс баа берет:

«Темирден мурда жашаган бир дагы моңгол же түрк жеңүүчүсү анын деңгээлиндегидей даанышман жана маданияттуу болгон эмес. Аттила менен Александр Македонскийдин өз-өзүнчө көрүнгөн сапаттары Темирдин инсандыгында өзгөчө айкалышып турганын көрүп таң каласың», — деп жазат ал.

Жазуучу Сахибкирандын ички жана тышкы саясатын жогору баалап, аны «мыкты стратег жана ийгиликтүү кол башчы» катары мүнөздөйт. Анын диний көз караштары тууралуу мындай деп белгилейт:

«Империяда диний мыйзамдар үстөмдүк кылганы менен, Амир Темир өзүн исламдын ишенимдүү кызматчысы катары көрсөтүп, ошол эле учурда башка ишенимдеги жарандардын диний көз караштарына каршы чыккан эмес».

Француз жазуучусунун айтымында, Амир Темир окумуштууларды, аалымдарды, акындарды жана өнөр адамдарын өзгөчө камкордукка алган.

«Темир илимпоздорду, дин аалымдарын, акындарды жана искусство өкүлдөрүн коргоп, аларга колдоо көрсөтчү. Ушул сапаты ага илим менен маданияттын колдоочусу, жогорку маданияттуу өкүмдар деген атак алып келген», — деп жазат Марсель Брион.

Чындыгында, Амир Темир дүйнөлүк тарыхта улуу кол башчы жана жеңүүчү гана эмес, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, илим-билимди жана маданиятты өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары да татыктуу орунду ээлейт.

Амир Темирдин ысымы тарыхта түбөлүк каларын терең ишеним менен белгилеген Марсель Брион мындай деп жазат:

«Баатыр жоокерлерге көрсөткөн кең пейилдиги, эр жүрөк адамдарды урматтап-сыйлаганы жана салгылаштардагы жеке эрдиги анын эл арасындагы кадыр-баркын арттырып, ысымын уламыштарга айланткан. Анын өзгөчө улуулугу тууралуу сансыз ырлар жаралган. Балким, ошол ырлар бүгүнкү күндө да Борбордук Азиянын аймагында жаңырып жаткандыр. Ал күчтүү кол башчы, чебер саясатчы, улуу куруучу жана Барлас уруусунун мыкты сапаттарын жогорку маданият менен айкалыштырган инсан катары тарыхта калды».

Сахибкирандын өмүрү жана басып өткөн жолу көп жылдардан бери тарыхчылардын, жазуучулардын жана изилдөөчүлөрдүн көңүлүн өзүнө буруп келет. Ал тууралуу көптөгөн тарыхый эмгектер жазылып, түрдүү илимий макалалар жарыяланган. Бүгүнкү күндө да анын инсандыгы жана ишмердиги ар кандай көз караштарда изилденип, жаңы эмгектер жарык көрүүдө.

Мени өзгөчө кызыктырган маселе — Амир Темирдин туулуп-өскөн жери, балалык чагы жана өмүрүнүн акыркы жылдарында басып өткөн жолу болду.

Көп жылдык изилдөөлөрүмдүн жүрүшүндө Сахибкирандын балалык мезгили тууралуу ишенимдүү жана кеңири баяндалган тарыхый булактар дээрлик кездешкен жок. Болгону анын азыркы Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Шахрисабз аймагында төрөлгөнү тууралуу маалыматтарга көңүл бурдум.

2017-жылы Шахрисабз шаарына барып, анын өмүрүнө жана балалык мезгилине байланыштуу маалыматтарды издөөгө аракет кылдым. Мага жол көрсөтүп жүргөн жергиликтүү тургундар Яккабаг районундагы Хожа Илгор айылына алып барышты. Ал жерде зороастризм дооруна таандык байыркы чоң курулуштун калдыктары жайгашкан экен. Учурда анын аймагы көрүстөнгө айланган. Ошондой эле ошол жердеги ыйык жайды, Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (саллаллаху алейхи васаллам) сахабаларынын бирине таандык деп эсептелген күмбөздү жана анын жанындагы чиллахананы көрсөтүштү.

Бул ыйык жайда көп кылымдардан бери муундан муунга өтүп келе жаткан шейхтердин тукумунан болгон адам азыр да кызмат өтөп жатыптыр. Биз аны менен узак маектештик. Анын айтымында, Яккабаг аймагындагы карыялар Сахибкиран Амир Темирдин балалык чагына байланышкан окуяларды муундан муунга оозеки түрдө айтып келишкен.

Чогултулган маалыматтарга ылайык, бул аймактар байыркы Кеш дубанына караган кең талаалар болгон. Ал жер аркылуу маанилүү соода жолу өткөн.

Уламыштарда айтылгандай, 1336-жылдын апрель айынын башында асмандагы жылдыздардын өзгөчө тизилиши байкалган. Ошол мезгилдеги аалымдар менен жылдыз саноочулар бул көрүнүштү ар кандайча жорушкан. Кеш башкаруучусунун жеке төлгөчүсү болсо:

«Жакын арада жер жүзүнө өкүмдар боло турган улуу инсан жарык дүйнөгө келет», — деп жоромолдогон экен.Бул сөздү уккан шаар башкаруучусу өз үй-бүлөсүндөгү аялдардын арасында төрөй турган кош бойлуулар жок экенин, эң кичүү баласы эки жашта экенин ойлоп, тынчсызданат. Ошондо ал:

«Демек, башка бир тукумдан чыккан адам келечекте менин бийлигиме мураскер болуп калышы мүмкүн», — деп шектене баштайт.

Уламыш боюнча, ал өзүнүн кызматчыларын чакырып, ошол күндөрү төрөлгөн ымыркайларды жана төрөй турган кош бойлуу аялдарды жок кылуу жөнүндө буйрук берет.

Ошол мезгилде Кеш аймагындагы таасирдүү адамдардын бири болгон Амир Темирдин атасы Амир Мухаммад Тарагай Барлас уруусунун аксакалдарынын бири эле. Анын ата-бабалары Чыңгыз хан менен Чагатайдын сарайына жакын адамдардан болушкан. Кийинчерээк алардын тукуму Кеш аймагын башкарууга катышкан.

Уламышта айтылгандай, башкаруучунун бул чечиминен кабардар болгон Амир Мухаммад Тарагай өзүнүн тууганы эсептелген өкүмдардын буйругунан чочуп, түн ичинде жубайы Такина айымды анын күңү менен кошо жашыруун түрдө сарайдан чыгарып жиберет. Ал эми башкаруучу болсо аскерлерине Такина айымды кармап, өлтүрүүнү буйруйт.

Эскертүү: Бул бөлүктөгү окуялар негизинен оозеки уламыштарга жана жергиликтүү эл арасында сакталып келген баяндарга таянат. Алар тарыхый документтер менен толук тастыкталган маалыматтар катары эмес, элдик эскерүүлөр жана риваяттар катары каралышы керек.

Кеш шаарынан кыйла алысыраак жайгашкан талаа аймагында, азыркы Яккабаг районунун Хожа Илгор айылы аркылуу өткөн соода жолунда Такина айым менен анын күңүн аскерлер кармап алышат.

Ошол учурда Амир Темирдин энеси Такина айым жоокерлерге жалбарып, жанындагы бардык байлыгын берүүгө даяр экенин айтып, өз өмүрүн сактап калууну өтүнөт. Ал Кешке кайра кайтып барбоого да макул экенин билдирет.

Уламыш боюнча, жоокерлер Такина айымды өлтүрүүнүн ордуна анын күңүн өлтүрүп, кийимдерин канга боёшот. Ошентип, өкүмдарга Такина айымды жок кылдык деп билдирүүнү көздөшөт. Бирок кош бойлуу аялды түздөн-түз өлтүрүүгө даабай, тагдырдын эркине таштап, төрөтү жакындап калган Такина айымды суусу жок терең кудукка таштап кетишет.

Кайтып барышкан соң, алар өкүмдарга Амир Тарагайдын жубайы Такина айымды өлтүргөндүктөрүн билдиришет. Бул кабарды уккан Тарагай мырза терең кайгыга батат.

Ошол эле учурда ээн талаадагы суусуз кудукта ачарчылыктан жана чарчоодон алсырап калган Такина айым көз жарып, уул төрөйт. Жаңы төрөлгөн наристенин үнү ошол жол менен өтүп бара жаткан чакан кербендин көңүлүн бурат.

Адегенде алар алыстан угулган үндү шамалдын же табышмактуу күчтөрдүн үнү деп ойлошот. Бирок жакындай берген сайын бул үн адам баласынын ыйына окшош экенин аңдашат. Кудуктун жанына келип карашса, эс-учун жоготкон аял менен жаңы төрөлгөн ымыркайды көрүшөт.

Кербенчилер эне менен баланы арабаларына салып, өздөрүнүн конушуна алып кетишет. Такина айымды тажрыйбалуу энелерге тапшырып, дарылатып, камкордук көрүшөт. Ал эми наристенин ден соолугу чың, кубаттуу төрөлгөнүн көргөндөр муну Кудайдын керемети катары кабыл алышат.

Бир нече күндөн кийин өзүнө келе баштаган Такина айым алардын ак ниет мамилесин көрүп, өзүнүн ким экенин жашырбай айтып берет. Кербен башчысы Умар Кожо аттуу билимдүү жана даанышман аксакал болгон экен. Ал болгон окуяны эч кимге жарыялабоону, бул сырды үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү менен кызматчыларынан башка эч ким билбешин катуу эскертет.

Кооптуу жагдай бир аз басаңдагандан кийин Умар Кожо Кеш шаарына ишенимдүү адамын жөнөтүп, Тарагай мырзага жубайы менен баласынын аман экенин жашыруун кабарлайт.

Бул кабарды уккан Тарагай дароо көрсөтүлгөн жерге келип, жубайы Такина айым жана уулу менен жолугат. Ал үй-бүлөсүнүн аман калганына кубанып, алардын өмүрүн сактап калган адамдарга терең ыраазычылыгын билдирет.

Кийин Умар Кожо менен Тарагай кеңешип, наристени Умар Кожонун тарбиясына берүүнү чечишет. Эл арасында айтылган уламыш боюнча, баланын жашоого болгон күчтүү умтулуусун көрүп:

— Жаны темирдей бекем экен, — дешип, ага Темир деген ысым ыйгарышат.

Ошентип, кийин дүйнөгө Сахибкиран катары таанылган улуу Амир Темирдин өмүр жолу башталган деп айтылат.

Тарагай Кеш шаарына кайтып келип, өкүмдарга бир сунуш киргизет. Ал талааларды аралап өткөн соода жолдорунда намаз окуй турган мечиттер жок болгондуктан, мусулман соодагерлер кыйналып жатканын айтып, ошол аймакка мечит курууну сунуштайт. Мечитти өз каражаты менен куруп берүүнү да мойнуна алат. Чынында анын негизги максаты мечит куруу шылтоосу менен уулу Амир Темирди тез-тез көрүп туруу эле.

(Хожа Илгор айылында курулган бул мечит совет доорунда атайылап жер алдында калтырылып, жок кылынган деген божомолдор айтылып келет. Бирок мен ал жерге барып көргөнүмдө, мечиттин пайдубалдары менен дубалдары атайын көмүлгөн эмес экенин байкадым. Кылымдар бою шамалдын, жаан-чачындын жана табигый эрозиянын таасиринен кум менен топурак басып, курулуш акырындык менен жер алдында калып кеткендиги көрүнүп турат.)

Амир Темир төрөлгөн күндөн тартып эле аны тарбиялап жаткан адамдар дене түзүлүшү чың, эрктүү болуп чоңоюшу үчүн атайын машыгууларды жүргүзүшөт. Аны сууга чөктүрбөй сүзүүгө, ачкачылыкка чыдоого, оор шарттарга көнүүгө үйрөтүшөт. Эки жашка чыкканда жаңы төрөлгөн музоону көтөрүүгө машыктыра башташат. Жаа атуу, таш көтөрүү жана ат минип чабуу сыяктуу машыгуулар үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Такина айым да билимдүү жана зирек аял болгондуктан, уулуна үч жашынан баштап китеп окууну жана Куранды туура кыраат менен окууну үйрөтөт. Устаттары дагы баланын ар тараптан өнүккөн, күчтүү жана билимдүү болуп чоңоюшу үчүн бардык күч-аракетин жумшашат.

Тарагай уулунун куткаруучулары жүргүзүп жаткан тарбия иштерин дайыма колдоп турган. Ал уулунун келечеги үчүн бардык нерсеге даяр эле.

Уламыштарга караганда, беш жашка келгенде Амир Темир чоң өгүздү көтөрө ала турган күчкө ээ болуптур. Ошол мезгилде Кеш шаарынын башкаруучусу алмашып, Тарагайга жакын тууганы бийликке келет. Ошого карабастан Тарагай жубайы Такина айым жана уулу тууралуу сырды сактап жүрөт.

Күндөрдүн биринде Кештин башкаруучусу беш жашар бала укмуштай күчкө ээ болуп, чоң өгүздү көтөрө аларын угат. Бул кабарды уккан устаттар менен Тарагай тынчсыздана башташат.

Башкаруучу элчилерине мындай буйрук берет:

— Эгерде ал бала чындап эле ушундай күчкө ээ болсо, мен аны өзүмдүн көзөмөлүмө алып тарбиялайм. Ал эми эл арасында жалган сөз таратып, адамдарды адаштырып жатышса, анда күнөөлүүлөр жазаланышы керек.

Хожа Илгор айылындагы байыркы зороастризм доорунан калган чоң курулуштун үстү ошол мезгилде ар кандай жыйындар жана салтанаттар өткөрүлүүчү аянт катары пайдаланылган экен. Башкаруучунун буйругу менен ошол жердеги чоң ташты көтөрүү сынагы уюштурулат. Илгери аскер болууну каалаган жигиттер ошол ташты көтөрүп, аянтты үч жолу айланып чыгууга милдеттүү болушкан.

Бул таш көп жылдар бою ошол жердин символу катары сакталып келген. Эми ошол эле сыноо беш жаштагы Амир Темирге сунушталат.

Элдин арасынан чыккан кичинекей Темир аянтка келет. Ал жаш экенине карабай, чоң ташты эки колу менен кучактап көтөрөт да, айлана баштайт. Үч айлампа эмес, жети жолу айланып чыгып, ташты устатына алып барып берет.

Муну көргөндөрдүн баары таң калышат. Жоокерлер да, башкаруучу да мындай көрүнүштү күтүшкөн эмес эле.

Ошол замат баланы Кеш сарайына алып кетүү тууралуу сөз чыгат. Ошондо анын устаты Умар Кожо болгон окуянын чоо-жайын башкаруучуга айтып берет. Бул жыйынга Тарагай өзү катышкан эмес.

Чындыкты уккан башкаруучу досу Тарагайдын абалын түшүнүп, анын кубанычы үчүн Такина айым менен Амир Темирди Кеш сарайына көчүрүп келүүгө чечим чыгарат. Ошондой эле өзүнүн тогуз жаштагы уулу менен Темирдин достошуп, дайыма бирге жүрүшүн кааларын билдирет.

Бул кабарды уккан Тарагай уулунун жана жаш төрөнүн тарбиясына жоопкерчиликти өз мойнуна аларын айтат.

Ошентип, уламыш боюнча, 1340-жылы Тарагайдын үй-бүлөсү кайрадан Кеш сарайына кайтып келет. Ошол учурда келечектеги Сахибкиран Амир Темир беш жашта болгон экен.

Амир Темирдин балалык чагы тууралуу маалыматтардын өз мезгилинде жазылып калбаганынын себеби тууралуу ар түрдүү божомолдор айтылып келет. Эл арасындагы айрым уламыштарга ылайык, улуу кол башчы көптөгөн салгылашууларда жеңишке жетишкени менен, бир согушта бутуна кылыч тийип жаракат алган. Ошол доордун мыкты дарыгерлери дарылоого аракет кылышканына карабастан, анын буту толук айыкпай, өмүрүнүн акырына чейин аксап калганы айтылат.

Айрым чет өлкөлүк душмандары ушул жагдайды шылдың катары пайдаланып, өз каттарында аны «Темир чолок» маанисинде аташкан деген уламыштар да бар. Мындай мамиле Сахибкирандын көңүлүнө жакпагандыктан, ал өзүнүн балалык доору тууралуу маалыматтарды кеңири жайылтууга кызыкдар болбогон деген пикирлер кездешет.

Ушул себептен улам, айрым изилдөөчүлөрдүн божомолунда, Амир Темир өзүнүн эрте балалык жашоосу жөнүндө маалыматтарды жазууга уруксат бербей келген. Ал эми тарыхчыларга өз өмүр жолун баяндоого Кеш сарайына кайтып келгенден кийин гана, болжол менен жети жаш курагынан тартып мүмкүнчүлүк берилген деп айтылат.

Ошого карабастан, кылымдар өтүшү менен анын балалык чагына байланыштуу ар кандай уламыштар жана жомоктор жаралган. Алардын арасында «Көрдө төрөлгөн бала», «Кудукта төрөлгөн баатыр», «Бир колу менен өгүз көтөргөн бала» сыяктуу баяндар кездешет. Элдик оозеки чыгармачылыкта бул уламыштардын айрымдары Амир Темирдин өмүрү менен байланыштырылып айтылып келген.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Яккабаг районунун Хожа Илгор айылында, мурда сөз болгон ыйык жайдан болжол менен бир чакырым аралыкта жайгашкан кудук тарыхый объект катары калыбына келтирилген. Бул иш Өзбекстан Республикасынын Маданий мурас агенттиги тарабынан жүзөгө ашырылып, ал жерде «Ачык асман алдындагы Амир Темир музейи» уюштурулган. Ошондой эле бул жайда эл аралык көргөзмөлөр өткөрүлгөнү маалымдалат.

Азыркы учурда Амир Темирдин өмүр жолу, анын мамлекеттик ишмердиги жана өмүрүнүн акыркы жылдарындагы Кытай жортуулуна байланышкан окуялар боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат. Бул багыттагы жаңы маалыматтар келечекте Сахибкирандын өмүр таржымалын дагы тереңирээк ачып берүүгө өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Эскертүү: Бул текстте баяндалган маалыматтардын айрым бөлүгү элдик уламыштарга жана автордук божомолдорго таянат. Алар тарых илиминде толук тастыкталган фактылар катары эмес, кошумча изилдөөнү талап кылган маалыматтар катары каралышы керек.

Азыр бул жер ачык асман алдындагы музейге айландырылган. Бул жер — Амир Темир балалык чагында көтөргөн таш деп айтылат.

---
Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Инвестициялык вектор

#КыргызстанАкыйкаты
Инвестициялык вектор: Ош облусунун мүмкүнчүлүктөрү жана өнүгүү келечеги

Бүгүн, 10-июнда, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан «Инвестициялык вектор: аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу өнүгүүсү» аталышындагы семинар өткөрүлдү.

Семинардын ачылышында Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнес өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев сөз сүйлөштү.

Иш-чара инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, аймактык долбоорлорду колдоого, мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө жана инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик саясатты түшүндүрүүгө багытталды.

Өз сөзүндө Равшанбек Сабиров аймактардын инвестициялык потенциалын өнүктүрүү Улуттук агенттиктин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

«Ош облусу экономикалык, өнөр жай жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрү кеңири аймактардын бири болуп саналат. Биздин максат жергиликтүү бизнес менен тыгыз кызматташуу аркылуу инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө болуу. Мындай жолугушуулар көйгөйлөрдү жеринде талкуулап, аларды чечүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет», — деди ал.

Семинардын жүрүшүндө инвестициялык климат, «бирдиктүү терезе» механизми, АИС «Инвестиции» системасы, инвесторлор үчүн мамлекеттик колдоо чаралары жана кепилдиктер тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, инвесторлордун кайрылууларын кароо жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, бизнес-коомчулук, тармактык мекемелер жана эл аралык өнөктөштөр катышты.

Жыйынтыгында инвестициялык инфраструктураны өнүктүрүү, мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн кызматташуусун чыңдоо жана аймакка инвестицияларды тартуу боюнча сунуштар айтылды.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өлкөнүн бардык аймактарында инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди улантат. Ушундай эле форматтагы жолугушуулар жана семинарлар башка облустарда да өткөрүлөт.
*****
#AkıykatKG

Инвестиционный вектор: возможности и перспективы развития Ошской области

Сегодня, 10 июня, в городе Ош Национальным агентством по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики был проведен семинар на тему «Инвестиционный вектор: возможности регионов и устойчивое развитие».

С приветственными словами на открытии семинара выступили глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров, полномочный представитель Президента Кыргызской Республики в Ошской области Аманкан Кенжебаев, мэр города Ош Жанарбек Акаев, а также руководитель Секретариата Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Кабинете Министров Кыргызской Республики Улук Кыдырбаев.

Мероприятие было направлено на развитие инвестиционного сотрудничества, поддержку региональных проектов, расширение взаимодействия между государственными органами и представителями бизнеса, а также разъяснение государственной политики в сфере привлечения инвестиций.

В своем выступлении Равшанбек Сабиров отметил, что развитие инвестиционного потенциала регионов является одним из приоритетных направлений деятельности Национального агентства.

«Ошская область является одним из регионов с широкими экономическими, промышленными и логистическими возможностями. Наша цель — через тесное взаимодействие с местным бизнесом продвигать инвестиционные проекты, создавать благоприятные условия для инвесторов и содействовать устойчивому развитию регионов. Такие встречи позволяют обсуждать существующие вопросы на местах и вырабатывать эффективные механизмы их решения», — отметил он.

В ходе семинара участникам была представлена информация об инвестиционном климате страны, механизме «единого окна», информационной системе АИС «Инвестиции», а также о мерах государственной поддержки и гарантиях для инвесторов. Кроме того, были обсуждены вопросы реализации инвестиционных проектов, рассмотрения обращений инвесторов и развития проектов государственно-частного партнерства.

В мероприятии приняли участие представители государственных органов и органов местного самоуправления, бизнес-сообщества, отраслевых организаций и международных партнеров.

По итогам семинара были озвучены предложения по развитию инвестиционной инфраструктуры, укреплению взаимодействия между государственными органами и бизнесом, а также привлечению инвестиций в регион.

Национальное агентство по инвестициям продолжит работу по расширению инвестиционных возможностей во всех регионах страны и созданию благоприятных условий для инвесторов. Аналогичные встречи и семинары будут проведены и в других областях Кыргызской Республики.

*****

Инвестициявий вектор: Ош вилоятининг имкониятлари ва ривожланиш истиқболлари

10 июнь куни Ош шаҳрида Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик томонидан «Инвестициявий вектор: ҳудудларнинг имкониятлари ва барқарор ривожланиши» мавзусида семинар ўтказилди.

Тадбирнинг очилиш маросимида Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик директори Равшанбек Сабиров, Президентнинг Ош вилоятидаги ваколатли вакили Аманкан Кенжебаев, Ош шаҳри мэри Жанарбек Акаев ҳамда Қирғиз Республикаси Вазирлар Маҳкамаси ҳузуридаги Бизнесни ривожлантириш ва инвестициялар бўйича кенгаш котибияти раҳбари Улук Қидирбаев иштирок этиб, йиғилганларга мурожаат қилди.

Семинар инвестициявий ҳамкорликни ривожлантириш, ҳудудий лойиҳаларни қўллаб-қувватлаш, давлат органлари ва бизнес вакиллари ўртасидаги ҳамкорликни кенгайтириш, шунингдек инвестицияларни жалб қилиш соҳасидаги давлат сиёсатини тушунтиришга бағишланди.

Тадбирда сўз олган Равшанбек Сабиров ҳудудларнинг инвестициявий салоҳиятини ривожлантириш Миллий агентлик фаолиятининг устувор йўналишларидан бири эканини таъкидлади.

— Ош вилояти иқтисодий, саноат ва логистика имкониятлари кенг бўлган ҳудудлардан бири ҳисобланади. Бизнинг мақсадимиз маҳаллий бизнес билан яқин ҳамкорлик ўрнатиш орқали инвестициявий лойиҳаларни илгари суриш, инвесторлар учун қулай шарт-шароитлар яратиш ва ҳудудларнинг барқарор ривожланишига кўмаклашишдан иборат. Бундай учрашувлар мавжуд муаммоларни жойларда муҳокама қилиш ва уларни ҳал этишнинг самарали механизмларини ишлаб чиқиш имконини беради, — деди агентлик раҳбари.

Семинар давомида иштирокчиларга мамлакатнинг инвестициявий муҳити, «Ягона дарча» механизми, «Инвестициялар» автоматлаштирилган ахборот тизими, инвесторлар учун давлат томонидан тақдим этиладиган қўллаб-қувватлаш чоралари ва кафолатлар ҳақида батафсил маълумот берилди.

Шунингдек, инвестициявий лойиҳаларни амалга ошириш, инвесторлар мурожаатларини кўриб чиқиш ҳамда давлат-хусусий шериклик лойиҳаларини ривожлантириш масалалари муҳокама қилинди.

Тадбирда давлат ва маҳаллий ўзини ўзи бошқариш органлари вакиллари, бизнес ҳамжамияти, соҳавий ташкилотлар ҳамда халқаро ҳамкорлар иштирок этди.

Семинар якунида инвестициявий инфратузилмани такомиллаштириш, давлат органлари ва бизнес ўртасидаги ҳамкорликни мустаҳкамлаш ҳамда вилоятга инвестициялар оқимини кўпайтириш бўйича қатор таклифлар илгари сурилди.

Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик мамлакатнинг барча ҳудудларида инвестициявий имкониятларни кенгайтириш ва инвесторлар учун янада қулай муҳит яратиш борасидаги ишларини изчил давом эттиради. Шу каби семинар ва мулоқотлар республиканинг бошқа вилоятларида ҳам ташкил этилиши режалаштирилган.

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Баткен шаарында инвестицияларды тартуу жана туруктуу өнүгүү маселелерине арналган аймактык семинар өткөрүлдү

  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун өлкө аймактарынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, инвестициялык саясаттын натыйжалуулугун күчөтүү жана инвестициялык долбоорлорду практикалык ишке ашыруу баскычына чейин жеткирүү боюнча тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан «Инвестициялык вектор: аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу өнүгүү» аталышындагы аймактык семинарлар уюштурулууда.
Иш-чаралар 2026-жылдын 9-11-июнь күндөрү Баткен, Ош жана Манас шаарларында өткөрүлүп, Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программаны актуалдаштыруу жана аны Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасына шайкеш келтирүү иштеринин алкагында уюштурулду.
Семинардын алгачкысы 9-июнда Баткен шаарында Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялар кеңешинин Катчылыгынын колдоосу менен өткөрүлдү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев ачып берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов сөз сүйлөдү.
Семинарга Баткен облусунун бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү, райондордун акимдери жана алардын орун басарлары, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тармактык мекемелердин, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын негизги максаты аймактагы инвестициялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен ишкерлердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле инвесторлорду колдоонун заманбап мамлекеттик механизмдери тууралуу маалымат берүү болду.
Семинардын жүрүшүндө инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүү, инвестициялык инфраструктураны санариптештирүү, «Инвестициялар» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүүгө даярдык көрүү, аймактык инвестициялык инфраструктураны өнүктүрүү жана инвестицияларды тартууга тоскоол болуп жаткан факторлорду жоюу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, Баткен облусунун инвестициялык потенциалы жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.
Катышуучулар инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү жана ишкердик жүргүзүү шарттарын жакшыртуу боюнча пикир алышты.
Семинардын жыйынтыгында Баткен облусунун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, ишкердик демилгелерди колдоого жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бизнес-коомчулуктун ортосундагы өз ара кызматташууну мындан ары чыңдоого багытталган бир катар сунуштар иштелип чыкты. Семинардын катышуучуларына тиешелүү сертификаттар тапшырылды.
*****
#ҚирғизистонҲақиқатиПресса
Баткен шаҳрида инвестицияларни жалб қилиш ва барқарор ривожланиш масалаларига бағишланган минтақавий семинар ўтказилди

Қирғиз Республикаси Президенти Садир Жапаровнинг мамлакат ҳудудларининг инвестициявий жозибадорлигини ошириш, инвестиция сиёсати самарадорлигини кучайтириш ҳамда инвестиция лойиҳаларини амалий ижро босқичигача етказиш бўйича берган топшириқларини бажариш мақсадида Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик томонидан «Инвестицион вектор: ҳудудлар имкониятлари ва барқарор ривожланиш» номли минтақавий семинарлар ташкил этилмоқда.

Тадбирлар 2026 йил 9–11 июнь кунлари Баткен, Ош ва Манас шаҳарларида ўтказилиб, Қирғиз Республикасига инвестицияларни жалб этиш дастурини янгилаш ҳамда уни Қирғиз Республикасининг 2030 йилгача бўлган Миллий ривожланиш дастурига мувофиқлаштириш доирасида ташкил этилди.

Семинарнинг дастлабкиси 9 июнь куни Баткен шаҳрида Қирғиз Республикасидаги Бирлашган Миллатлар Ташкилотининг Тараққиёт дастури (ПРООН) ҳамда Қирғиз Республикаси Вазирлар Маҳкамаси ҳузуридаги Инвестиция кенгаши котибияти кўмагида ўтказилди.

Тадбирни Қирғиз Республикаси Президентининг алоҳида топшириқлар бўйича махсус вакили Бакыт Тўрабаев очиб берди. Шунингдек, Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик раҳбари ўринбосари Дамирбек Бикулов сўзга чиқди.

Семинарда Баткен вилояти ишбилармонлик доиралари вакиллари, туман ҳокимлари ва уларнинг ўринбосарлари, давлат органлари, маҳаллий ўзини ўзи бошқариш органлари, тармоқ муассасалари, халқаро ташкилотлар ҳамда ривожланиш бўйича ҳамкорлар вакиллари иштирок этди.

Тадбирнинг асосий мақсади ҳудудда инвестиция фаолиятини ривожлантириш, Инвестициялар бўйича миллий агентлик билан тадбиркорлар ўртасидаги ҳамкорликни мустаҳкамлаш ҳамда инвесторларни қўллаб-қувватлашнинг замонавий давлат механизмлари ҳақида маълумот беришдан иборат бўлди.

Семинар давомида инвестиция қонунчилигини такомиллаштириш, инвестиция инфратузилмасини рақамлаштириш, «Инвестициялар» автоматлаштирилган ахборот тизимини жорий этишга тайёргарлик, ҳудудий инвестиция инфратузилмасини ривожлантириш ҳамда инвестиция жалб этишга тўсқинлик қилаётган омилларни бартараф этиш масалалари муҳокама қилинди.

Шунингдек, давлат-хусусий шериклик лойиҳаларини амалга оширишга алоҳида эътибор қаратилди ва Баткен вилоятининг инвестициявий салоҳияти ҳамда иқтисодий имкониятлари тақдим этилди.

Иштирокчилар инвестициявий ҳамкорликни кенгайтириш, янги инвестиция лойиҳаларини илгари суриш ҳамда тадбиркорлик фаолияти учун шароитларни яхшилаш юзасидан фикр алмашдилар.

Семинар якунлари бўйича Баткен вилоятининг инвестициявий жозибадорлигини ошириш, тадбиркорлик ташаббусларини қўллаб-қувватлаш ҳамда давлат органлари, маҳаллий ўзини ўзи бошқариш органлари ва бизнес-ҳамжамият ўртасидаги ўзаро ҳамкорликни янада мустаҳкамлашга қаратилган бир қатор таклифлар ишлаб чиқилди. Иштирокчиларга тегишли сертификатлар топширилди.
*****
#AkıykatKG
В городе Баткен проведён региональный семинар, посвящённый вопросам привлечения инвестиций и устойчивого развития

В целях исполнения поручения Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова по повышению инвестиционной привлекательности регионов страны, усилению эффективности инвестиционной политики и доведению инвестиционных проектов до стадии практической реализации Национальным агентством по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики организуются региональные семинары под названием «Инвестиционный вектор: возможности регионов и устойчивое развитие».

Мероприятия проходят 9–11 июня 2026 года в городах Баткен, Ош и Манас и организованы в рамках актуализации программы привлечения инвестиций в Кыргызскую Республику и её согласования с Национальной программой развития Кыргызской Республики до 2030 года.

Первый семинар состоялся 9 июня в городе Баткен при поддержке Программы развития ООН (ПРООН) в Кыргызской Республике и Секретариата Инвестиционного совета при Кабинете Министров Кыргызской Республики.

Мероприятие открыл специальный представитель Президента Кыргызской Республики по особым поручениям Бакыт Төрөбаев. Также с речью выступил заместитель руководителя Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Дамирбек Бикулов.

В семинаре приняли участие представители бизнес-сообщества Баткенской области, акимы районов и их заместители, представители государственных органов, органов местного самоуправления, отраслевых учреждений, международных организаций и партнёров по развитию.

Основной целью мероприятия стало развитие инвестиционной деятельности в регионе, укрепление сотрудничества между Национальным агентством по инвестициям и предпринимателями, а также информирование о современных государственных механизмах поддержки инвесторов.

В ходе семинара были обсуждены вопросы совершенствования инвестиционного законодательства, цифровизации инвестиционной инфраструктуры, подготовки к запуску автоматизированной информационной системы «Инвестиции», развития региональной инвестиционной инфраструктуры и устранения факторов, препятствующих привлечению инвестиций.

Особое внимание было уделено реализации проектов государственно-частного партнёрства, а также представлен инвестиционный потенциал и экономические возможности Баткенской области.

Участники обменялись мнениями по вопросам расширения инвестиционного сотрудничества, продвижения новых инвестиционных проектов и улучшения условий ведения предпринимательской деятельности.

По итогам семинара был разработан ряд предложений, направленных на повышение инвестиционной привлекательности Баткенской области, поддержку предпринимательских инициатив и дальнейшее укрепление взаимодействия между государственными органами, органами местного самоуправления и бизнес-сообществом. Участникам были вручены соответствующие сертификаты.
#республиканскаяпрессаакыйкатkg

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Янги имкониятлар босқичи

#КыргызстанАкыйкаты

ПЭЭФ-2026- жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана эл аралык кызматташтык маселелерин талкуулоого багытталган алдыңкы эл аралык аянтчалардын бири болгон Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2026 (ПЭЭФ-2026) иш-чараларына катышты.

Иш сапардын негизги жыйынтыгы катары «ВЭБ.РФ» мамлекеттик өнүктүрүү корпорациясы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ортосунда кызматташуу жана маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Форумдун алкагында Мээримбек Койчуманов Россия Федерациясынын Удмурт Республикасынынын бизнес-делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү перспективаларын, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Удмурт Республикасынын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ишкердик байланыштарды чыңдоого жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Улуттук агенттиктин ПЭЭФ-2026га катышуусу Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын илгерилетүүдө, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүдө жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды чыңдоодо маанилүү кадам болду.
*****

Новые инвестиционные возможности на МПЭФ-2026

Заместитель главы Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Мээримбек Койчуманов принял участие в мероприятиях Международного Петербургского экономического форума – 2026 (МПЭФ-2026) — одной из ведущих международных площадок для обсуждения вопросов экономического развития, инвестиций и международного сотрудничества.

Ключевым событием визита стало подписание Соглашения о сотрудничестве и информационном взаимодействии между Государственной корпорацией развития «ВЭБ.РФ» и Национальным агентством по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики.

В рамках форума также состоялась встреча Мээримбека Койчуманова с бизнес-делегацией Удмуртской Республики Российской Федерации. Стороны обсудили перспективы расширения торгово-экономических связей, возможности реализации совместных инвестиционных проектов, а также развитие сотрудничества между деловыми кругами Кыргызской Республики и Удмуртской Республики.

По итогам переговоров стороны подтвердили взаимную заинтересованность в укреплении деловых контактов и дальнейшем развитии двустороннего сотрудничества.

Участие Национального агентства в МПЭФ-2026 стало важным шагом в продвижении инвестиционного потенциала Кыргызской Республики, расширении международного партнерства и укреплении деловых связей с зарубежными партнерами.
#республиканскаяпрессаакыйкатkg
*****

ПЭИФ–2026:
Янги инвестициявий имкониятлар

Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик раҳбарининг ўринбосари Меэримбек Қойчуманов иқтисодий тараққиёт, инвестициялар ва халқаро ҳамкорлик масалаларини муҳокама қилишга бағишланган нуфузли халқаро майдонлардан бири — Петербург халқаро иқтисодий форуми–2026 (ПЭИФ–2026) тадбирларида иштирок этди.

Хизмат сафари давомидаги энг муҳим натижалардан бири сифатида «ВЭБ.РФ» давлат тараққиёт корпорацияси ҳамда Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик ўртасида ҳамкорлик ва ахборот алмашинуви тўғрисидаги Битим имзоланди.

Форум доирасида Меэримбек Қойчуманов Россия Федерациясининг Удмурт Республикаси бизнес-делегацияси билан ҳам учрашув ўтказди. Музокаралар чоғида томонлар савдо-иқтисодий алоқаларни кенгайтириш истиқболлари, қўшма инвестиция лойиҳаларини амалга ошириш имкониятлари, шунингдек Қирғиз Республикаси ва Удмурт Республикаси ишбилармон доиралари ўртасидаги ҳамкорликни ривожлантириш масалаларини муҳокама қилдилар.

Учрашув якунида томонлар ишбилармонлик алоқаларини мустаҳкамлаш ва икки томонлама ҳамкорликни янада ривожлантиришдан ўзаро манфаатдор эканликларини тасдиқладилар.

Миллий агентликнинг ПЭИФ–2026 форумидаги иштироки Қирғиз Республикасининг инвестициявий салоҳиятини халқаро майдонда тарғиб этиш, шериклик муносабатларини кенгайтириш ҳамда хорижий ҳамкорлар билан ишбилармонлик алоқаларини мустаҳкамлаш йўлида муҳим қадам бўлди.
#ҚирғизистонҲақиқатиПресса

---
Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Инвестициялык кызматташуу

#КыргызстанАкыйкаты
Инвестициялык кызматташуу

Бүгүн, 4-июнда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов маалыматтарды иштетүү борборлорун (дата-борборлорду) куруу жана эксплуатациялоо багытында иш алып барган кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, заманбап дата-борборлорду түзүү, ошондой эле маалыматтарды сактоо жана иштетүү жаатындагы инвестициялык долбоорлорду Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Компаниянын өкүлдөрү санариптик сервистердин, булут технологияларынын жана жасалма интеллектке негизделген чечимдердин иштешин камсыз кылган маалыматтарды иштетүү борборлорун долбоорлоо, куруу жана башкаруу боюнча тажрыйбасын тааныштырышты.
Дамирбек Бикулов Кыргыз Республикасынын заманбап санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган инвестицияларды жана алдыңкы технологияларды тартууга кызыкдар экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүүнү улантууга жана кызматташуунун келечектүү багыттарын биргелешип иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.
*****

Инвестиционное сотрудничество
Сегодня, 4 июня, заместитель главы Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Дамирбек Бикулов провел встречу с представителями китайской компании, специализирующейся на строительстве и эксплуатации центров обработки данных (ЦОД).
В ходе переговоров стороны обсудили перспективы инвестиционного сотрудничества в сфере развития цифровой инфраструктуры, создания современных дата-центров, а также реализации инвестиционных проектов в области хранения и обработки данных на территории Кыргызской Республики.
Представители компании презентовали свой опыт в проектировании, строительстве и управлении центрами обработки данных, обеспечивающими работу цифровых сервисов, облачных технологий и решений на основе искусственного интеллекта.
Дамирбек Бикулов отметил заинтересованность Кыргызской Республики в привлечении инвестиций и передовых технологий, направленных на развитие современной цифровой инфраструктуры и повышение инвестиционной привлекательности страны.
По итогам встречи стороны выразили готовность к дальнейшему взаимодействию и проработке перспективных направлений сотрудничества.
*****
#ҚирғизистонҲақиқатиПресса
Инвестициявий ҳамкорлик

Бугун, 4 июнь куни Ўзбекистон Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик раҳбари ўринбосари Дамирбек Бикулов маълумотларни қайта ишлаш марказлари (дата-марказлар)ни қуриш ва эксплуатация қилиш соҳасида фаолият юритувчи хитойлик компания вакиллари билан учрашув ўтказди.

Учрашув давомида томонлар рақамли инфратузилмани ривожлантириш, замонавий дата-марказларни ташкил этиш, шунингдек, Қирғиз Республикаси ҳудудида маълумотларни сақлаш ва қайта ишлаш соҳасидаги инвестициявий лойиҳаларни амалга ошириш имкониятларини муҳокама қилдилар.

Компания вакиллари рақамли хизматлар, булутли технологиялар ҳамда сунъий интеллект асосидаги ечимлар фаолиятини таъминловчи маълумотларни қайта ишлаш марказларини лойиҳалаштириш, қуриш ва бошқариш бўйича ўз тажрибаларини тақдим этдилар.

Дамирбек Бикулов Қирғиз Республикаси замонавий рақамли инфратузилмани ривожлантириш ва мамлакатнинг инвестициявий жозибадорлигини оширишга хизмат қилувчи инвестициялар ҳамда илғор технологияларни жалб этишдан манфаатдор эканини таъкидлади.

Учрашув якунлари бўйича томонлар ўзаро ҳамкорликни давом эттириш ва истиқболли ҳамкорлик йўналишларини биргаликда ишлаб чиқишга тайёр эканликларини билдирдилар.

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Яндекс.Метрика
Cайт "Clicks.KG" Реклама Агентлиги
томонидан ишлаб чиқилган.