Баткен шаарында инвестицияларды тартуу жана туруктуу өнүгүү маселелерине арналган аймактык семинар өткөрүлдү





Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун өлкө аймактарынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, инвестициялык саясаттын натыйжалуулугун күчөтүү жана инвестициялык долбоорлорду практикалык ишке ашыруу баскычына чейин жеткирүү боюнча тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан «Инвестициялык вектор: аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу өнүгүү» аталышындагы аймактык семинарлар уюштурулууда.
Иш-чаралар 2026-жылдын 9-11-июнь күндөрү Баткен, Ош жана Манас шаарларында өткөрүлүп, Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программаны актуалдаштыруу жана аны Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасына шайкеш келтирүү иштеринин алкагында уюштурулду.
Семинардын алгачкысы 9-июнда Баткен шаарында Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялар кеңешинин Катчылыгынын колдоосу менен өткөрүлдү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев ачып берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов сөз сүйлөдү.
Семинарга Баткен облусунун бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү, райондордун акимдери жана алардын орун басарлары, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тармактык мекемелердин, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын негизги максаты аймактагы инвестициялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен ишкерлердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле инвесторлорду колдоонун заманбап мамлекеттик механизмдери тууралуу маалымат берүү болду.
Семинардын жүрүшүндө инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүү, инвестициялык инфраструктураны санариптештирүү, «Инвестициялар» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүүгө даярдык көрүү, аймактык инвестициялык инфраструктураны өнүктүрүү жана инвестицияларды тартууга тоскоол болуп жаткан факторлорду жоюу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, Баткен облусунун инвестициялык потенциалы жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.
Катышуучулар инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү жана ишкердик жүргүзүү шарттарын жакшыртуу боюнча пикир алышты.
Семинардын жыйынтыгында Баткен облусунун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, ишкердик демилгелерди колдоого жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бизнес-коомчулуктун ортосундагы өз ара кызматташууну мындан ары чыңдоого багытталган бир катар сунуштар иштелип чыкты. Семинардын катышуучуларына тиешелүү сертификаттар тапшырылды.
*****
#ҚирғизистонҲақиқатиПресса
Баткен шаҳрида инвестицияларни жалб қилиш ва барқарор ривожланиш масалаларига бағишланган минтақавий семинар ўтказилди
Қирғиз Республикаси Президенти Садир Жапаровнинг мамлакат ҳудудларининг инвестициявий жозибадорлигини ошириш, инвестиция сиёсати самарадорлигини кучайтириш ҳамда инвестиция лойиҳаларини амалий ижро босқичигача етказиш бўйича берган топшириқларини бажариш мақсадида Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик томонидан «Инвестицион вектор: ҳудудлар имкониятлари ва барқарор ривожланиш» номли минтақавий семинарлар ташкил этилмоқда.
Тадбирлар 2026 йил 9–11 июнь кунлари Баткен, Ош ва Манас шаҳарларида ўтказилиб, Қирғиз Республикасига инвестицияларни жалб этиш дастурини янгилаш ҳамда уни Қирғиз Республикасининг 2030 йилгача бўлган Миллий ривожланиш дастурига мувофиқлаштириш доирасида ташкил этилди.
Семинарнинг дастлабкиси 9 июнь куни Баткен шаҳрида Қирғиз Республикасидаги Бирлашган Миллатлар Ташкилотининг Тараққиёт дастури (ПРООН) ҳамда Қирғиз Республикаси Вазирлар Маҳкамаси ҳузуридаги Инвестиция кенгаши котибияти кўмагида ўтказилди.
Тадбирни Қирғиз Республикаси Президентининг алоҳида топшириқлар бўйича махсус вакили Бакыт Тўрабаев очиб берди. Шунингдек, Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик раҳбари ўринбосари Дамирбек Бикулов сўзга чиқди.
Семинарда Баткен вилояти ишбилармонлик доиралари вакиллари, туман ҳокимлари ва уларнинг ўринбосарлари, давлат органлари, маҳаллий ўзини ўзи бошқариш органлари, тармоқ муассасалари, халқаро ташкилотлар ҳамда ривожланиш бўйича ҳамкорлар вакиллари иштирок этди.
Тадбирнинг асосий мақсади ҳудудда инвестиция фаолиятини ривожлантириш, Инвестициялар бўйича миллий агентлик билан тадбиркорлар ўртасидаги ҳамкорликни мустаҳкамлаш ҳамда инвесторларни қўллаб-қувватлашнинг замонавий давлат механизмлари ҳақида маълумот беришдан иборат бўлди.
Семинар давомида инвестиция қонунчилигини такомиллаштириш, инвестиция инфратузилмасини рақамлаштириш, «Инвестициялар» автоматлаштирилган ахборот тизимини жорий этишга тайёргарлик, ҳудудий инвестиция инфратузилмасини ривожлантириш ҳамда инвестиция жалб этишга тўсқинлик қилаётган омилларни бартараф этиш масалалари муҳокама қилинди.
Шунингдек, давлат-хусусий шериклик лойиҳаларини амалга оширишга алоҳида эътибор қаратилди ва Баткен вилоятининг инвестициявий салоҳияти ҳамда иқтисодий имкониятлари тақдим этилди.
Иштирокчилар инвестициявий ҳамкорликни кенгайтириш, янги инвестиция лойиҳаларини илгари суриш ҳамда тадбиркорлик фаолияти учун шароитларни яхшилаш юзасидан фикр алмашдилар.
Семинар якунлари бўйича Баткен вилоятининг инвестициявий жозибадорлигини ошириш, тадбиркорлик ташаббусларини қўллаб-қувватлаш ҳамда давлат органлари, маҳаллий ўзини ўзи бошқариш органлари ва бизнес-ҳамжамият ўртасидаги ўзаро ҳамкорликни янада мустаҳкамлашга қаратилган бир қатор таклифлар ишлаб чиқилди. Иштирокчиларга тегишли сертификатлар топширилди.
*****
#AkıykatKG
В городе Баткен проведён региональный семинар, посвящённый вопросам привлечения инвестиций и устойчивого развития
В целях исполнения поручения Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова по повышению инвестиционной привлекательности регионов страны, усилению эффективности инвестиционной политики и доведению инвестиционных проектов до стадии практической реализации Национальным агентством по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики организуются региональные семинары под названием «Инвестиционный вектор: возможности регионов и устойчивое развитие».
Мероприятия проходят 9–11 июня 2026 года в городах Баткен, Ош и Манас и организованы в рамках актуализации программы привлечения инвестиций в Кыргызскую Республику и её согласования с Национальной программой развития Кыргызской Республики до 2030 года.
Первый семинар состоялся 9 июня в городе Баткен при поддержке Программы развития ООН (ПРООН) в Кыргызской Республике и Секретариата Инвестиционного совета при Кабинете Министров Кыргызской Республики.
Мероприятие открыл специальный представитель Президента Кыргызской Республики по особым поручениям Бакыт Төрөбаев. Также с речью выступил заместитель руководителя Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Дамирбек Бикулов.
В семинаре приняли участие представители бизнес-сообщества Баткенской области, акимы районов и их заместители, представители государственных органов, органов местного самоуправления, отраслевых учреждений, международных организаций и партнёров по развитию.
Основной целью мероприятия стало развитие инвестиционной деятельности в регионе, укрепление сотрудничества между Национальным агентством по инвестициям и предпринимателями, а также информирование о современных государственных механизмах поддержки инвесторов.
В ходе семинара были обсуждены вопросы совершенствования инвестиционного законодательства, цифровизации инвестиционной инфраструктуры, подготовки к запуску автоматизированной информационной системы «Инвестиции», развития региональной инвестиционной инфраструктуры и устранения факторов, препятствующих привлечению инвестиций.
Особое внимание было уделено реализации проектов государственно-частного партнёрства, а также представлен инвестиционный потенциал и экономические возможности Баткенской области.
Участники обменялись мнениями по вопросам расширения инвестиционного сотрудничества, продвижения новых инвестиционных проектов и улучшения условий ведения предпринимательской деятельности.
По итогам семинара был разработан ряд предложений, направленных на повышение инвестиционной привлекательности Баткенской области, поддержку предпринимательских инициатив и дальнейшее укрепление взаимодействия между государственными органами, органами местного самоуправления и бизнес-сообществом. Участникам были вручены соответствующие сертификаты.
#республиканскаяпрессаакыйкатkg
Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...