Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Азатович Сабировдун Шанхай кызматташтык уюмунун «Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү» аттуу Инвестициялык бизнес-форумунун расмий ачылыш аземиндеги баяндамасы
Бишкек шаары, 2026-жылдын 24-июну
Урматтуу Адылбек Алешович!
Урматтуу Пяо Янфань айым!
Урматтуу Темир Аргембаевич!
Урматтуу делегация башчылары, Инвестициялык бизнес-форумдун катышуучулары жана коноктору!
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктеринин жетекчилерин, бизнес коомчулугунун өкүлдөрүн жана инвесторлорун чын дилден куттуктап, жылуу саламымды жолдойм.
Бүгүн Бишкек шаарында жаңы долбоорлорду, келечектүү идеяларды жана өз ара өсүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөрдү байланыштырган досторубузду жана өнөктөштөрүбүздү кабыл алуу биз үчүн чоң сыймык.
Кыргызстанга кош келиңиздер — асман тиреген тоолордун, ак илбирстин, таза энергиянын жана кең пейил адамдардын өлкөсүнө кош келиңиздер!
Улуу Жибек жолунун кесилишинде жайгашкан Кыргызстан бай тарыхый мурастарын санариптик экономиканын өнүгүшү, заманбап транспорттук-логистикалык инфраструктура жана инновациялык технологиялар менен айкалыштырып, Улуу Жибек жолунун жаңы доордогу кайра жаралуусуна жана Евразия мейкиндигиндеги өз ара байланыштарды чыңдоого олуттуу салым кошуп келет.
Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык мааракесине туш келген бул форумдун өткөрүлүшү мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара ишенимди, ынак коңшулук мамилелерди жана өнөктөштүктү дагы бекемдеп, инвестициялык жана ишкердик кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Урматтуу айымдар жана мырзалар!
Кыргыз Республикасынын Президенти, урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун саясий эрки жана ырааттуу реформаларынын аркасында бүгүн Кыргызстан туруктуу экономикалык өсүштү, кеңири масштабдагы жаңыланууну жана жогорку инвестициялык активдүүлүктү көрсөтүүдө.
Бул артыкчылыктуу багыттар Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында өз чагылышын тапкан.
Бүгүн Кыргызстан аймактагы эң жогорку экономикалык өсүү темптеринин бирин көрсөтүүдө. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүшү 11 пайыздан ашып, ички дүң продуктунун көлөмү тарыхта биринчи жолу 1,9 триллион сомго жетти.
Түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 1,3 миллиард АКШ долларынан ашып, өсүү көрсөткүчү 27 пайыздан жогору болду. Ал эми 2026-жылдын башында негизги капиталга салынган инвестициялар 69 пайызга көбөйдү.
Акыркы үч жыл аралыгында жалпы суммасы 12,6 миллиард АКШ долларын түзгөн 78 инвестициялык макулдашууга жана 4,2 миллиард АКШ долларына барабар 45 мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) келишимине кол коюлду. Жаңы долбоорлордун жалпы инвестициялык портфели бүгүнкү күндө 23 миллиард АКШ долларынан ашат. Мындан тышкары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жалпы көлөмү 434 миллиард сомдон ашкан 90 долбоор ишке ашырылууда.
Бирок биз үчүн көрсөткүчтөр гана эмес, инвесторлор үчүн түшүнүктүү, туруктуу жана узак мөөнөттүү шарттарды түзүү да өзгөчө мааниге ээ.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдиги, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги жана Европа Биримдиги менен түзүлгөн преференциялык режимдер аркылуу 550 миллиондон ашуун калкы бар рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Ошондой эле өлкөбүз аймактагы эң либералдуу салыктык жана бажылык жеңилдиктер системаларынын бирине ээ.
Эл аралык стандарттарга шайкеш келген «Инвестициялар жөнүндө» жана «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» жаңы мыйзамдар кабыл алынды. Бул укуктук негиз эркин экономикалык аймактардагы салыктык жана бажылык жеңилдиктер менен толукталууда.
Жогорку технологияларды, жашыл энергетиканы, креативдүү индустрияларды жана стартап-экосистемаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жакында эле Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан IT-секторду жана инновацияларды колдоо, ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы инвесторлор үчүн атайын режимди киргизүү тууралуу жарлыктарга кол коюлду. Мындан сырткары, Жогорку Кеңеш «Венчурдук каржылоо жөнүндө» мыйзамды жактырды.
Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга болгон ишеним экономикалык көрсөткүчтөрдө гана эмес, Кыргызстандын эл аралык аброюнун өсүшүндө да айкын көрүнүүдө. Бул өз кезегинде өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттырууда. Кыргызстан 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды жана Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча «кара тизмесинен» чыгарылды.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өзгөчө макамы инвесторлорду ыкчам коштоп жүрүүгө жана мамлекеттик органдар менен «бирдиктүү терезе» принциби аркылуу натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк берип, өлкөнүн ачыктыгын жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууда.
Бүгүнкү күндө санариптик инвестициялык экосистема калыптанууда. Жасалма интеллектке негизделген расмий веб-сайт, инвестициялык карта жана AI-чат-бот ийгиликтүү иштеп жатат. Жакынкы мезгилде инвесторлор менен мамлекеттик органдар үчүн бирдиктүү санариптик аянтча боло турган «АИС Инвестициялар» маалыматтык системасы ишке киргизилет. Бул система долбоорлордун ачыктыгын жана натыйжалуулугун дагы да жогорулатат.
Урматтуу кесиптештер!
Кыргызстан өзүнүн инвестициялык долбоорлорун Евразиянын жаңы экономикалык архитектурасынын ажырагыс бөлүгү катары карайт. Бүгүнкү күндө аймактын экономикалык картасын өзгөртүүгө жөндөмдүү стратегиялык долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын катарына Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, CASA-1000 энергетикалык долбоору, Камбар-Ата ГЭС-1, «Асман Сити» акылдуу шаары жана «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластери кирет. Ошондой эле англис укугунун негизинде түзүлгөн «Тамчы» каржы-инвестициялык аймагын практикалык жактан ишке ашыруу башталды.
Евразиянын келечеги атаандаштыкка гана эмес, мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирип, транспорттук, энергетикалык жана санариптик багыттагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөндөмүнө да көз каранды. Дал ушундай жол менен мүмкүнчүлүктөрдүн бирдиктүү мейкиндиги калыптанат.
Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин инвестициялык мекемелеринин жетекчилери менен болгон жолугушууда инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө болгон жалпы кызыкчылыгыбызды дагы бир жолу тастыктадык.
ШКУнун Инвестициялык форумун жыл сайын ротациялык негизде өткөрүү жана мүчө мамлекеттердин инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктеринин жетекчилеринин туруктуу жолугушууларын уюштуруу демилгесин колдогон бардык делегация башчыларына ыраазычылык билдирем. Бул демилге координацияны күчөтүп, тажрыйба алмашууга жана Уюмдун алкагындагы биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдырууга өбөлгө түзөрүнө ишенем.
Урматтуу достор!
Кыргызстан инвесторлорго бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды гана эмес, Евразиянын келечектеги экономикасынын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн да сунуштайт.
Биз Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болгон ар бир инвесторду кубануу менен кабыл алабыз. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик идея жаралган учурдан тартып долбоор толук ишке ашканга чейинки бардык баскычтарда ишенимдүү өнөктөш болуп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган демилгелерге ар тараптуу колдоо көрсөтөт.
Бул форум жаңы макулдашуулардын, инвестициялык чечимдердин жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн салттуу аянтчасына айланарына терең ишенем.
Бардык катышуучуларга жемиштүү иш, ийгиликтүү сүйлөшүүлөр жана конкреттүү практикалык натыйжаларды каалайм.
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!
*****
#AkiykatKG
Выступление
Главы Национального агентства по инвестициям
при Президенте Кыргызской Республики Сабирова Равшанбека Азатовича
на официальной церемонии открытия Инвестиционного бизнес-форума
Шанхайского организации сотрудничества «Кыргызстан - сердце Евразии»
г. Бишкек, 24 июня 2026 года
Уважаемый Адылбек Алешович,
Уважаемая госпожа Пяо Янфань,
Уважаемый Темир Аргембаевич,
Уважаемые главы делегаций, участники и гости Инвестиционного бизнес-форума,
С искренним удовольствием приветствую наших коллег, руководителей агентств по продвижению инвестиций, представителей деловых кругов и инвесторов государств-членов Шанхайской организации сотрудничества. Для нас большая честь принимать сегодня в Бишкеке друзей и партнеров, с которыми мы связываем новые проекты, идеи и возможности для роста.
Добро пожаловать в Кыргызстан – в страну величественных гор, снежного барса, чистой энергии и открытых сердец!
Располагаясь на перекрестке Великого Шелкового пути, Кыргызстан сочетает богатое историческое наследие с современным развитием цифровой экономики, транспортно-логистической инфраструктуры и инновационных технологий, становясь важным участником возрождения Великого Шелкового пути и укрепления взаимосвязанности Евразии.
Проведение нашего форума под эгидой ШОС в год его 25-летия укрепляет взаимное доверие, добрососедство и партнерство между государствами-членами и придает ему практическую значимость, открывая новые возможности для инвестиционного и делового сотрудничества.
Уважаемые дамы и господа,
Благодаря политической воле и последовательным реформам Президента Кыргызской Республики уважаемого СадыраНургожоевича Жапарова Кыргызстан сегодня демонстрирует уверенный экономический рост, масштабную модернизацию и высокую инвестиционную активность.
Эти приоритеты нашли свое отражение в Национальной программе развития Кыргызской Республики до 2030 года.
Сегодня Кыргызстан демонстрирует одни из самых высоких темпов экономического роста в регионе: по итогам 2025 года рост экономики превысил 11%, а ВВП впервые достиг 1,9 триллиона сомов.
Прямые иностранные инвестиции составили более 1,3 млрд долларов США, рост - более 27%, инвестиции в основной капитал в начале 2026 года увеличились на 69%.
За последние три года, заключены 78 инвестиционных соглашений на 12,6 млрд долларов США и 45 соглашений ГЧП на 4,2 млрд.долларов США. Общий инвестиционный портфель новых проектов превышает 23 млрд долларов США. Кроме этого, в рамках ГЧП реализуется 90 проектов на сумму более 434 млрд сомов.
Однако для нас важны не только цифры - наша задача создавать понятные и долгосрочные условия для инвесторов.
Кыргызстан обеспечивает доступ к рынку свыше 550 млн человек через ЕАЭС, СНГ и преференциальные режимы с Европейским Союзом и располагает одной из наиболее либеральных систем налогообложения и таможенных преференций в регионе.
Приняты новые законы «Об инвестициях» и «О государственно-частном партнерстве», которыесоответствуют международным стандартам и дополняются режимом свободных экономических зон с налоговыми и таможенными льготами.
Особое внимание уделяется развитию высоких технологий, зеленой энергетики, креативных индустрий и стартап-экосистемы: на днях Президентом подписаны Указы о поддержке IT-сектора и инноваций и о специальном режиме для инвесторов в сфере возобновляемых источников энергии, а парламентом одобрен Закон «О венчурном финансировании».
Доверие к проводимым реформам отражается не только в экономических показателях, но и в укреплении международного авторитета страны, что напрямую повышает ее инвестиционную привлекательность. Кыргызстан избран непостоянным членом Совета Безопасности ООН на 2027-2028 годы и исключен из списка Европейского союза по авиационной безопасности.
Особый статус Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики обеспечивает оперативное сопровождение инвесторов и эффективное взаимодействие с государственными органами по принципу «единого окна», повышая прозрачность и инвестиционную привлекательность страны.
Формируется цифровая инвестиционная экосистема: уже работают официальный сайт на основе искусственного интеллекта, инвестиционная карта и AI-чат-бот. В ближайшее время будет запущена «АИС Инвестиции» - единая платформа для инвесторов и госорганов, повышающая прозрачность и эффективность проектов.
Уважаемые коллеги,
Кыргызстан рассматривает свои инвестиционные проекты как часть новой экономической архитектуры Евразии. Сегодня у нас реализуются стратегические проекты, способные изменить экономическую карту региона: это железная дорога Китай-Кыргызстан-Узбекистан, CASA-1000, Камбар-Атинская ГЭС-1, умный город «АсманСити» и горнолыжный кластер «Ала-Тоо Резорт». Начата практическая реализация финансово-инвестиционной территории «Тамчы» на основе английского права.
Будущее Евразии зависит не только от конкуренции, но и от способности стран объединять усилия и реализовывать совместные транспортные, энергетические и цифровые проекты, формируя единое пространство возможностей.
Сегодня на встрече руководителей инвестиционных ведомств государств-членов ШОС мы подтвердили нашу общую заинтересованность в дальнейшем расширении инвестиционного сотрудничества.
Благодарю глав делегаций за поддержку инициативы о проведении на ротационной основе ежегодного Инвестиционного форума ШОС и регулярных совещаний руководителей агентств по продвижению инвестиций государств-членов ШОС. Убежден, это усилит координацию, обмен практиками и продвижение совместных проектов в рамках Организации.
Уважаемые друзья,
Кыргызстан предлагает инвесторам не только благоприятные условия для бизнеса, но и возможность стать частью будущей экономики Евразии.
Мы приветствуем каждого инвестора, готового развивать проекты в Кыргызстане. Национальное агентство по инвестициям выступает надежным партнером на всех этапах - от идеи до реализации, обеспечивая необходимую поддержку проектам, которые создают новые рабочие места, способствуют экономическому росту и повышению благосостояния наших граждан.
Уверен, что форум станет традиционной площадкой для новых соглашений, инвестиционных решений и долгосрочного партнерства.
Желаю всем участникам плодотворной работы, успешных переговоров и практических результатов.
Благодарю за внимание!
*****
#ҚирғизистонҲақиқати
Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик директори Равшанбек Азатович Сабировнинг
Шанхай ҳамкорлик ташкилотининг «Қирғизистон — Евроосиё юраги» Инвестициявий бизнес-форуми расмий очилиш маросимидаги нутқи
Бишкек шаҳри, 2026 йил 24 июнь
Ҳурматли Адылбек Алешович!
Ҳурматли Пяо Янфань хоним!
Ҳурматли Темир Аргембаевич!
Ҳурматли делегациялар раҳбарлари, Инвестициявий бизнес-форум иштирокчилари ва меҳмонлар!
Шанхай ҳамкорлик ташкилотига аъзо давлатларнинг инвестицияларни рағбатлантириш агентликлари раҳбарлари, бизнес ҳамжамияти вакиллари ҳамда инвесторларини самимий қутлаб, барчангизга юракдан салом йўллайман.
Бугун Бишкек шаҳрида янги лойиҳалар, истиқболли ғоялар ва ўзаро тараққиёт имкониятларини боғлаб турган дўстларимиз ва шерикларимизни қабул қилиш биз учун катта шарафдир.
Қирғизистонга хуш келибсиз! Осмонупар тоғлар, оқ илбирс, мусаффо энергия ва бағрикенг инсонлар мамлакатига марҳамат!
Буюк Ипак йўли чорраҳасида жойлашган Қирғизистон бой тарихий меросини рақамли иқтисодиёт, замонавий транспорт-логистика инфратузилмаси ва инновацион технологиялар билан уйғунлаштириб, Буюк Ипак йўлининг янги даврда қайта тикланиши ҳамда Евроосиёдаги ўзаро боғлиқликни мустаҳкамлашга муносиб ҳисса қўшмоқда.
ШҲТнинг 25 йиллик юбилейи нишонланаётган йилда мазкур форумнинг ўтказилиши аъзо давлатлар ўртасидаги ўзаро ишончни, яхши қўшничилик ва шериклик муносабатларини янада мустаҳкамлаб, инвестициявий ҳамда ишбилармонлик ҳамкорлиги учун янги имкониятлар эшигини очмоқда.
Ҳурматли хонимлар ва жаноблар!
Қирғиз Республикаси Президенти муҳтарам Садыр Нургожоевич Жапаровнинг қатъий сиёсий иродаси ва изчил ислоҳотлари туфайли бугун Қирғизистон барқарор иқтисодий ўсиш, кенг кўламли модернизация ва юқори инвестициявий фаолликни намоён этмоқда.
Ушбу устувор йўналишлар Қирғиз Республикасининг 2030 йилгача бўлган Миллий тараққиёт дастурида ўз ифодасини топган.
Бугун Қирғизистон минтақадаги энг юқори иқтисодий ўсиш суръатларидан бирини қайд этмоқда. 2025 йил якунларига кўра иқтисодиёт ўсиши 11 фоиздан ошди, ялпи ички маҳсулот ҳажми эса тарихда илк бор 1,9 триллион сомга етди.
Тўғридан-тўғри хорижий инвестициялар ҳажми 1,3 миллиард АҚШ долларидан ошиб, ўсиш суръати 27 фоиздан юқори бўлди. 2026 йил бошида асосий капиталга йўналтирилган инвестициялар эса 69 фоизга ошди.
Сўнгги уч йил давомида умумий қиймати 12,6 миллиард АҚШ долларига тенг бўлган 78 та инвестициявий келишув ва 4,2 миллиард долларлик 45 та давлат-хусусий шериклик битими имзоланди. Янги лойиҳаларнинг умумий инвестициявий портфели 23 миллиард АҚШ долларидан ошган. Шунингдек, давлат-хусусий шериклик доирасида умумий қиймати 434 миллиард сомдан зиёд бўлган 90 та лойиҳа амалга оширилмоқда.
Бироқ биз учун рақамларгина эмас, балки инвесторлар учун аниқ, барқарор ва узоқ муддатли шарт-шароитларни яратиш ҳам муҳим аҳамиятга эга.
Қирғизистон Евроосиё иқтисодий иттифоқи, Мустақил Давлатлар Ҳамдўстлиги ҳамда Европа Иттифоқи билан мавжуд преференциал режимлар орқали 550 миллиондан ортиқ аҳолига эга бозорларга чиқиш имкониятини тақдим этади. Шу билан бирга мамлакатимиз минтақадаги энг либерал солиқ ва божхона имтиёзлари тизимларидан бирига эга.
Халқаро стандартларга мос келувчи «Инвестициялар тўғрисида» ва «Давлат-хусусий шериклик тўғрисида»ги янги қонунлар қабул қилинди. Ушбу ҳуқуқий база эркин иқтисодий ҳудудлардаги солиқ ва божхона имтиёзлари билан янада мустаҳкамланган.
Юқори технологиялар, яшил энергетика, креатив индустриялар ва стартап-экотизимларни ривожлантиришга алоҳида эътибор қаратилмоқда. Яқинда Президент томонидан IT соҳаси ва инновацияларни қўллаб-қувватлаш, шунингдек, қайта тикланувчи энергия манбалари соҳасидаги инвесторлар учун махсус режим жорий этиш ҳақидаги фармонлар имзоланди. Парламент эса «Венчур молиялаштириш тўғрисида»ги қонунни маъқуллади.
Амалга оширилаётган ислоҳотларга бўлган ишонч нафақат иқтисодий кўрсаткичларда, балки мамлакатнинг халқаро нуфузи ортиб бораётганида ҳам намоён бўлмоқда. Бу эса Қирғизистоннинг инвестициявий жозибадорлигини янада оширмоқда. Мамлакатимиз 2027–2028 йиллар учун БМТ Хавфсизлик Кенгашининг доимий бўлмаган аъзоси этиб сайланди ҳамда Европа Иттифоқининг авиация хавфсизлиги бўйича «қора рўйхати»дан чиқарилди.
Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентликнинг алоҳида мақоми инвесторларни «ягона дарча» тамойили асосида тезкор қўллаб-қувватлаш ва давлат органлари билан самарали ҳамкорликни таъминлаб, мамлакатнинг очиқлиги ҳамда инвестициявий жозибадорлигини кучайтирмоқда.
Бугун рақамли инвестициявий экотизим шакллантирилмоқда. Сунъий интеллект асосида ишловчи расмий веб-сайт, инвестиция харитаси ва AI-чатбот фаолият кўрсатмоқда. Яқин вақт ичида инвесторлар ва давлат органлари учун ягона рақамли майдон бўлган «АИС Инвестициялар» платформаси ишга туширилади.
Ҳурматли ҳамкасблар!
Қирғизистон ўз инвестиция лойиҳаларини Евроосиёнинг янги иқтисодий архитектурасининг ажралмас қисми сифатида кўради.
Бугун минтақа иқтисодий харитасини ўзгартиришга қодир бўлган стратегик лойиҳалар амалга оширилмоқда. Улар қаторида Хитой–Қирғизистон–Ўзбекистон темир йўли, CASA-1000 энергетика лойиҳаси, Қамбарота ГЭС-1, «Асман Сити» ақлли шаҳри ва «Ала-Тоо Резорт» тоғ-чанғи кластери бор. Шунингдек, инглиз ҳуқуқи асосида ташкил этилган «Тамчи» молиявий-инвестиция ҳудудини амалий жорий этиш ишлари бошланди.
Евроосиё келажаги фақат рақобатга эмас, балки давлатларнинг саъй-ҳаракатларни бирлаштириб, транспорт, энергетика ва рақамли соҳаларда қўшма лойиҳаларни амалга ошириш қобилиятига ҳам боғлиқ. Ана шу йўл билан умумий имкониятлар макони шаклланади.
Бугун ШҲТга аъзо давлатларнинг инвестиция идоралари раҳбарлари билан бўлиб ўтган учрашувда инвестициявий ҳамкорликни янада кенгайтиришга бўлган умумий интилишимизни яна бир бор тасдиқладик.
ШҲТ Инвестициявий форумларини ҳар йили ротация асосида ўтказиш ва инвестицияларни илгари суриш агентликлари раҳбарларининг мунтазам учрашувларини ташкил этиш ташаббусини қўллаб-қувватлаган барча делегациялар раҳбарларига миннатдорлик билдираман.
Ишонаманки, бу ташаббус мувофиқлаштиришни кучайтиради, тажриба алмашишни рағбатлантиради ва ташкилот доирасидаги қўшма лойиҳаларни илгари суришга хизмат қилади.
Ҳурматли дўстлар!
Қирғизистон инвесторларга нафақат бизнес юритиш учун қулай муҳит, балки Евроосиёнинг келажак иқтисодиётининг бир қисми бўлиш имкониятини ҳам таклиф этади.
Биз Қирғизистонда лойиҳаларни амалга оширишга тайёр бўлган ҳар бир инвесторни мамнуният билан қарши оламиз. Инвестициялар бўйича миллий агентлик ғоя туғилган пайтдан бошлаб лойиҳа тўлиқ амалга ошгунга қадар барча босқичларда ишончли шерик сифатида янги иш ўринлари яратиш, иқтисодий ўсишни таъминлаш ва аҳоли фаровонлигини оширишга хизмат қилувчи ташаббусларни ҳар томонлама қўллаб-қувватлайди.
Форум янги келишувлар, инвестициявий қарорлар ва узоқ муддатли шерикликлар учун анъанавий майдонга айланишига қатъий ишонаман.
Барча иштирокчиларга самарали иш, муваффақиятли музокаралар ва амалий натижалар тилайман.
Эътиборингиз учун раҳмат!