Шеърият гулшани Шухрат Ориф шеърлари энди қирғиз тилида
Шухрат Ориф ырлар
МЕН ЭМЕС, ШАМАЛ КЕЧИКТИ
Шамал тааныш сени апкелген,
Таштап кеткен мени ал кыйла...
Көкүрөктө үмүт жан берген,
Сен кайрылып келдиң тагдырдан.
Башаламан ушул дүйнөгө,
Келгенимдин кимге пайдасы?
Өмүр шамал күтүп өткөндөй,
Кырк жыл күттүм бекен шамалды?
Жашоо жөнүн аңдап, түшүнсөм,
Топурагым бөлөк , мен бөлөк.
Күттүрбөсө, Кудай, шамалың,
Мен башкача жашайт өңдөнөм...
Өмүр дарек издеп токтомок
Бир ишарат жетмек а сизден,
Тазарууга рухум шайланмак.
Бу дүйнөнү бөлөп сезимге,
Дүйнө кайра өзүнө айланмак.
Бир ишарат жетмек а сизден,
Жолугууга үмүт бүрдөмөк.
Бизди бөлгөн жылдар уялып,
Ташты жарып сүйүү гүлдөмөк.
Бир ишарат жетмек а сизден,
Тоолор дагы бизге дем болмок.
Көзүңүздү тиктеп өтсөм ээ,
Бу дүйнөдө жалган кем болмок.
Бир ишарат жетмек а сизден,
Өмүр дарек издеп, токтомок.
Желге күлкү болгон жылдарга,
Бир ирмемге тынчтык орномок
Чачыңызга үнсүз көмүлбөй,
Таноолорум баарын айтса экен.
Сактап калмак элем дүйнөнү,
Бир ишарат жетмек а сизден..
*****
АДАМДАРДАЙ КЕЛБЕЙТ ЖАШАГЫМ
Дартың сулуу болчу сенден да,
Мен чынында сүйгөм дартыңды.
Ансыз да өмүр муңдуу чагында.
Мага белек кылдың кайгыны.
Көздөрүмдөн бакыт издейсиң,
"Бакыт шартпы, гүлүм, бизге?"- дейм.
Адамдардай келбей жашагым,
Адамдардай сүйгүм келди бейм.
Татыктуубуз улуу тагдырга,
Бактылуулук — майда тилек бир.
Көздөрүңдө муңдуу жаш көрдүм,
Өлүм — чечим эмес бизге эми.
Атыңды атап өлүү бар
Ортобузда жыйырма күз бар,
Жыйырма бейбаш көктөм бар.
Ортобузда — бактылуулар,
Биз — бактылуу карыптар.
Ортобузда — үнсүз жылдар,
Миллиарддаган адамдар.
Ортобузда — дудук көңүл,
Дүрбөлөңдүү тынчтык бар.
Жолугуу бар ортобузда,
Бак тургузган бийик дар,
Жыйырма тамчы көз жаш, анан
Жалыны өчпөс билик бар.
Ортобузда чарчайт тагдыр,
Кимдер келип, ким кетпейт.
Ортобузда жашайт дүйнө,
Бирок, бизге дем жетпейт.
Ортобузда сүйүүбүз бар,
Жанды үнсүз бөлүү бар.
Өлүмдү да суктандырып,
Атыңды атап өлүү бар.
*****
КААБАДА
Кыялдай жолдорум — чексиздик,
Бу жолдо жел болуп, желдим мен.
Кудайым, ачылсын эшигиң,
Өзүмдү ээрчитип келдим мен.
Башка бир жолго кул кылбадым,
Өмүрүм өзүңдөн башталат.
Жолдордун баардыгы кыйрады,
Жан кайра өзүңдөн жай табат.
Тирүүлүк, өмүрүм көз ачкан —
Турмуштан чегерген белетим.
Бутум — жер, көңүлүм — көк асман,
Өзүңдөн кабарым күтөмүн.
Кайрат жок ыйлоого, чөгүүгө,
Тагдырым үстүмөн көп күлөт.
Кыялдай жолум бар өмүрдө,
Дарегим жолума тигилет.
КАР. МЕН жана СҮЙГӨН ЖАР
Кар каткырат тереземде,
Эрк түшкөндөй асмандан.
Кусалыктан ээрчийт издер,
Сени издеп баскандай.
Өмүр көккө сапырылып,
Тереземден түшкөндөй.
Дагы күттүм келериңди,
Сени издеп күткөндөй.
Кар каткырат тереземде,
Мен мелтиреп караймын.
Сенсиз кардай ээрип, эркем,
Атыңды ичтен атаймын.
Кыялдарда гана биргебиз
Сагынчыма көөмп мен сени,
Жаным тынчтык тапкан убакта,
Неге түндө “амансыңбы” – деп,
Көздөрүмө тиктейт чырактар.
Кайгыма анан көмдүм мен сени,
Кайгыма да сулуу көрүндүң.
Баары сулуу болуп төрөлүп,
Баары сулуу өттү өмүрдөн.
Кыялдарга көмдүм мен сени,
Кыялымды сезим бийледи.
кыялдарда гана биргебиз,
Ушу жалган кошпойт бизди эми.
Тынчтыгыма көмдүм мен сени,
Тагдыр татаал болду дагы да.
Унчукпаймын дилим жанчылып,
Унчукпаймын, сага агылам.
Сени көөмуп элестериме,
Жашайм дегем барктап өмүрдү.
Сени эмес, эркем, түшүндүм,
Көмсөм болмок экен өзүмдү.
*****
Мага тагдырсың
Кайталангыс, күндөй — келгениң.
(Сени көрсөм кайра жаралам.)
Дүйнө окшой түшөт дүйнөгө,
Баары сугун артат а мага.
Кайталангыс, бийик — кетүүң да,
(Боштук орноп калат көңүлгө.)
Баары аяйт, аяйт мени да,
Дүйнө окшой түшөт өзүнө.
*****
Чексиз эрк
Аядым окшойт мен сизди,
Аягым келип өзүмдү.
(Каректер кокус тийишсе,
Ала албайт элем көзүмдү.)
Аядым окшойт мен сизди,
Утурлап чыкпай атайын.
(Жагамын депмин мен сизге,
Абийирден кетсем ансайын.)
Аядым окшойт мен сизди,
Теңирдей болуп аяйм деп.
(Кучагым отко ыргытсам,
Кучагын ачты мага Эрк!)
Аядым окшойт мен сизди,
Атымды атап жүрсөңүз.
(Атайын узак жашадым,
Эртеңин ойлоп дүйнөнүн.)
*****
Акындык маанай
Жамгыр. Акын. Деңиз. Түн. Шамал...
Сукбат курат Кудай жөнүндө.
Шордуу дүйнө тиктейт мөлтүрөп,
Чындык үнсүз жүрөт көңүлдө.
Акын. Шамал. Жамгыр. Түн. Деңиз...
Бири-биринин угат сөздөрүн.
Бири-биринен издейт издерин,
Бири-биринен көрөт өздөрүн!
Шамал. Деңиз. Акын. Түн. Жамгыр...
Бири-биринин чырмап тамырын,
Алар — жерден көктөп чыккан ый,
Алар — жалгыз Кудай билген сыр.
Деңиз. Жамгыр. Шамал. Түн. Акын...
Жашап жатат. Жашайт! Алардын
тамандары жерге төшөлүү,
Каректери көккө таандык.
*****
Стамбул
Көрдүң көптү, көрдүң мени да,
Сени менен дидар күткөнмүн.
Деңизи жок, бирок, жүрөгү,
Деңиздерге толо элденмин.
Дүйнөнү күл кылган Бонапарт,
"Борбору" атап сени дүйнөнүн
айткан сөзү таамай ок экен.
Көңүлдөргө тынчтык бересиң,
Көргөндөрдө арман жок экен.
Асман өпкөн көпүрөсүндө
Планеттер туташабы же?
Теңир берип, берем дегенин,
Балким, сенин ушул көркөмүң,
Теңиримдин убадасы ээ?
Асман жактан азан чакырган,
Мечиттердин чатырларынан
Ак шоолалар түшөт Күндөгү.
Соода кайнап турган *Фатихтен
Сатып алсаң болот дүйнөнү.
Көзүн албай тиктейт телмирип,
Тарых таштап кеткен жер, издер.
Үр кыздардын чачы — толкуну,
Сага башын жөлөйт деңиздер.
Сарайлардын дубалдарынан,
Кылычтардын мизи көрүнөт.
Суктандырган гарем* төрүнөн,
Сулуулардын көзү көрүнөт.
Трамвайлар ашык бозойдой,
Шашат, шашат, шашат жарына.
Күндүзүң — үй башкаларына,
Түнүң — Мекен ашыктарыңа.
Кыялындай жигит курактын,
Уяңындай бала убактын,
Босфор муңдуу кайрык, ыр ырдап,
Тынч жүрөктү козгоп узатты.
Жээктериң жөлөп кемени,
Парустарын шамал учурат.
Таш көчөлөр кайда муң ташып,
Тамандардан муңу угулат.
Базарыңа келсем баш багып,
Соодагери болуп Кокондун.
Өмүр — базар кээде ызгаардуу,
Өмүр — базар кээде бороондуу...
Галатага* чыгып акынча,
Көз чаптырып тиктейм Ааламга.
Сулуулардын оор тагдыры,
Сулуулугуң салат санаага.
Тагдыры көп кечелериңден,
Кубаныч да, ыза көрүндү.
Башакшехир* көчөлөрүнөн,
Абдукарим Мырза көрүндү.
Ак кептерлер азык күткөндөй,
Адамдар да тагдыр күтүшөт,
Лалелиде* өзбек кандаштар,
Ырыскысын терип жүрүшөт.
Мурун өрдөп, муунум бошотуп,
Айылымдын жыты азгырат.
Өз деңизим күтүп калбасын,
Оо, деңиздер, жакшы калгыла!
Күтөт чыгар апам Босфордой,
Атам күтөр көөнү чөккөнсүп.
Дареги жок учуп жүрбөсүн,
Эки кызым — көгүчкөндөрүм!
Алган жарым, асыл жан теңим,
Эске салып турат Мекенди.
Стамбулум, сага кезиктим,
Эми армансыз узап кетемин.
Коштошомун, кош бол, улуу түн!
Жаның үчүн жаным беремин.
Качандыр бир кайра жанды алып,
Чайың үчүн кайтып келемин.
Фатих* - Фатихтеги соода борборлору;
Галата* - Түркиянын Стамбул шаарындагы жер (Галата сарай)
Гарем* - Осмон доорунда гарем — султандын сарайындагы аялдар жашаган бөлүк болгон. Ал жерге султандын аялдары, кыздары, эжелер, апасы (валиде султан) жана кызматчы кыздар гана кирчү.
Башакшехир* - Түркиядагы шаардын аталышы.
Лалели* - Стамбулдагы көчөнүн аталышы
Абал
Үнсүз басып жүрөм жээкте,
Кудай менен жалгыз калгандай.
Деңизге окшоп кирсиз, күнөөсүз,
Бир сулуу кыз кайда барат жай?
Жаш сулуудай толкун чайпалат,
Жаңы уйкудан көзүн ачкансып.
Үнсүз, сөзсүз жээкти айланам,
Кудай менен жалгыз калгансып.
*****
Кандайсыз…
Ышкырык үнүнө селт эткен,
Куштардай кыялым учту не?
Кырк жылга калыңыз өзгөрбөй,
Оо, кырк жыл бир “Сиз” деп учту элем.
Сезимге көп түштү чагылган,
Бир "Сиз" деп, мен ата, жар болдум.
Ак сүйүүм акысы тагдырдан,
Сизди бир көрүүгө зар болдум.
Сизге окшош кыздарым төрөлдү,
Сиз кандай тагдырды жандайсыз?
Кантейин кабыргам кайышып,
Кайгырам кайдасыз? Kандайсыз?
Жашаймын бир сизге алаксып,
Жашоом бүт сиз менен чектелет.
Кандайсыз? Кайдасыз? Биле албай,
Кабарсыз оо дүйнө кетпесем...
Ышкырык үнүнөн селт эткен,
Куштардай канатым сабалап,
Дагы кырк жыл бир “Сиз” деп учайын!
Ыйлабай турсаңыз анда да.
Арапа күндөгү ойлор
Тилектер жаайт бул күнү,
Телефон тынбайт эрте-кеч.
Жүрөктө улуйт муң үнү,
Куттуктайт достор эстеген.
Шамалдай тозгон будуң-чаң
Максаттар — алган насибим.
Үмүттү жагып тушуна,
Өмүрүм берип а түгүл.
Жылдарбы тынчтык бербеген,
Арзууга барчу жол — күндөр!
Жанаша жашап өлүмгө,
Жарыгын чачкан бул күнү
Өтпөсөк экен өмүрдөн.
Таптым- жоготтум…
Көңүл жогун тапкан убакта,
Көрүшпөсөк эмне сиз менен!
Өмүрүмө мазмун беле же —
Кусаланып, сизди издеген.
Айырмам жок башкалардан эч,
Мажбур жашап жүргөн бирөөмүн.
Араң "Сиз" деп кыркка келди элем,
Эми кантип өмүр сүрөмүн?
Унутпаса деймин болгону,
Баскан изим сизге байланат.
Сагыныңыз, мени ойлоңуз,
Мен жашашым үчүн кайрадан!
Көрүшпөсөк эмне сиз менен,
Көңүл жогун тапкан убакта...
*****
Өзүмдү сагынуу
Мага бир чоң макам бергиле,
Бет кабын чечейин дүйнөнүн,
Адамдык өз жолун жоготту,
Ачылсын ак жолу сүйүүнүн.
Мага бир чоң макам бергиле,
Бир түркүк болоюн өмүргө,
Көз жашы болуп же шарабы
ыйлайын төгүлүп асманга,
Күлөйүн көтөрүп азабын.
Мага бир чоң макам бергиле,
Бу тагдыр күлкүмдү келтирет.
Качандыр, кайдадыр сүйүүнүн,
Көзүнө тиктейин мелтиреп ...
Бу дүйнө сизге куп жарашты,
Жарашып сиз анын төрүнө.
Мага бир чоң макам бергиле,
Бир азга окшоюн өзүмө.
*****
Мен
Сулууну көрбөгөн ашыкмын,
Көрүшпөй өтөрүм билемин.
Сиз кайда барасыз ашыгып,
Мен сизге жете албай келемин.
Сөздөрүн жоготкон акынмын,
Өмүргө жашоо үчүн келбегем.
Санаага, кайгыга жакынмын,
Бир сизди колдоого келгенмин.
Сиз сүйгөн бу дүлөй дүйнөнү,
Асыроо менен көп алекмин.
Мавлондун качанкы чарыгы,
Машрабдан калган көз-карекмин.
Мансурдун көзүнүн муңумун,
Исага кагылган канжармын.
Сиз кантип тааныбай калдыныз?
Мен — ошол баягы... баягы...
Сизди издеп келгенмин дүйнөгө,
Жоктосом жооп бербей койбоңуз.
Дагы эле бейкапар, бийиксиз,
Ыйласам бактылуу болбоңуз.
Таманым канатат көчөлөр,
Жолуңуз утурлап өтөмүн.
Бу дүйнө барымды сизге окшоп,
Бир өмүр байкабай өтөбү?..
Шухрат менен арифтин арасында
Келеке кылба, досум,
Дүйнөнүн төрүн көрдүм.
Колдорун өбө берген,
Кулдуктун көбүн көрдүм.
Тилсиздер базарыбы,
Тилсиздин сөзүн көрдүм.
Ашыктар мазарыбы,
Мазардын өзүн көрдүм.
Бир кезде адам элем,
Кудайдай тагым көрдүм.
Өкүнүч... өкүнүчтүү,
Өмүрдө барын көрдүм.
Мен эми эмне кылам,
Бардыгын көрүп койдум?
Отузда Шухрат элем,
Кыркымда ариф* болдум.
Кудайга аян баары,
Жанымды берип көрдүм.
Мен сизге көп жеңилип,
Мен сизди жеңип көрдүм.
Жүз жашты көрөр болсом,
Ызатым менен көрсөм.
Же узап кетер болсом,
Уятым менен өлсөм...
ариф* (ориф)- кудайдын сырын билген, кудайды тааныган киши.
*****
Сүкүт
Кашымда турасың унчукпай,
Билемин айтарың көп мага.
Өкүнбө. Ыйлаба. Тумчукпа!
Баардыгы тааныш кеп, сөз мага.
Кашымда турасың унчукпай,
Көзүмө карайсың тигиле.
Баарына уруксат берген да,
Бардыгын чектеген дүнүйө...
Кашымда турасың унчукпай,
Көзүңдө көп жылдык кек турат.
Үн-сөзсүз өтөмүн жаныңдан,
Ашыктар сүйүүгө бек турат.
Унчукпайм. Кетесиң, карагым,
Изиңден таарыныч төгүлө.
Мынча жыл дүлөйдөй жашадым,
Бар сырым айтылып көзүңө.
*****
САМАРКАНД
Кыйын экен сенде тынч уктоо,
Баатырдык бейм жашоо койнуңда.
Ташың тирүү бассаң үн салат,
Тарых, турмуш, тагдыр мойнуңда.
Ойлуу тиктейт кече-көчөлөр,
Кыялдары кылым карыткан.
Күндүз сенде дүйнө түйшүгү,
Түнүң күбө канча тарыхка.
Чырак кармап жүрөт сопулар,
Аскерлериң шаар аралап.
Мергенчилер кайтат аң улап,
Бүбү-бакшы жүрөт жана да.
Деги эмне айтмак болушат
Мунаралар тилсиз аптыга.
Султандардын калган издерин,
Чынарлардан шамал сапырат.
Сенде таза ыйык рухуң бар,
Кыянаттын бардай каргышы.
Муундардын бардай жеңиши,
Муң-санаанын бардай дабышы.
Өтмүшүңдө доор талашкан,
Падаркуштун* асирети бар.
Амирлерди ханга айланткан,
Аялзаттын касиети бар.
Күмбөздөргө өчпөс из кылып,
Көргөн күнүн жазган бабалар,
Тааный албай кайра жол соңун,
Акылынан азган бабалар.
Таң каламын эски калаада,
Бүгүнкүнүн үнү жаңырып,
Регистанда саякатчылар,
Издеп жүрөт өзөк, тамырын.
Сезимдердин дейди кулумун,
Мен — акынмын келип кетүүчү.
Ар күн сайын өсүү жолунда,
А сен жаңы, түбөлүктүүсүң.
Босогоңдо жаткан ар ташың,
Ташың тирүү бассаң үн салат,
Кыйын экен сенде тынч уктоо,
Баатырдык бейм сенде жашаган...
*Падаркуш - перс тилинен которгондо "атасын өлтүргөн киши" деген маанини билдирет.
Мен сени кечирдим, жашоо
Сен кечиргин, кечир мени, Гүл!
Үнсүз жашап өттүм жаныңда.
Кечир мени, кечир, эй, Адам!
Тааныбадым сени чынында.
Мени кечир, кечир, Теңирим!
Мен баарына өзүм кечиккем.
Мени кечир, кечир, эй, Жашоо!
А мен сени эбак кечиргем.
Тазарууга болбойт өзүңсүз
Акырын, жай жылат бу тагдыр,
Дагы өзүн кайталайт бул абал.
Теңирим жараткан бу дүйнө,
Бизди бир кыла албай убара.
Планеттер тынчтыгы жоголгон,
Тартылып-түртүлүп нени издейт.
Дайралар алып келген кабарга,
Таарынат жээги жок деңиздер.
Тагдырым тамырда агылган,
Жүрөктүн согушу белги дейм.
Жолугуу бактына жаным шай,
Өмүргө сени издеп келгендей.
Кел, жашоо көркүнө чыгып бир,
Азайсын бүтпөгөн сагынчым.
Бизге түк тазаруу жок эми,
Бүт күнөөм өзүңө таандык.
*****
Астанадагы ойлор
Шакта жалгыз калган алмадай,
Төгүлүүгө бакыт издепмин.
Дүйнөсүнө келген конокмун,
Мендик эмес экен, билбепмин.
Кылымдары көзгө күл чачты,
Алсыз жаным канча дил төктүм.
Эшиктерин ачып не күндүн,
Мен өзүмдү көккө теңепмин.
Төгүлсүн деп тилеп көңүлдү,
Тең экиге бекер бөлүпмүн.
Жарың бир күн келет дешкенде,
Жанып, күйүп өзүм барыпмын.
Жарым айтты:"-Башка жарың бар"
Жер караган, байкуш, карыпмын.
Пенде, адам боло албаган
Мен жөн гана Шухрат Арифмин.
*****
АЙЛАНА
Жалбырактар шыбырашат суроолуу,
Шуулдашат шамал коштоп бариктер.
Ашыгышат тазарууга кайрадан,
Бак-дарактар тонун чечкен таризде.
Ойдо жокто болуучудай бир укмуш,
Отургучтар алда кимди күтүшөт.
Эгер кудай пенделерин сүйбөсө,
Айрылуунун ачуу даамын билгизмек.
Көк жиберген күндөр — жаңы мүмкүндүк,
Өз огунда Аалам тегиз термелип
базар көздөй бара жатат бир киши,
Турмуш муңун ырга салган өңдөнүп.
Акындын ойлору
(Акын Аскар Махкамдин жаркын элесине арнайм)
Күндө тиктейм терезеден үмүттүү,
Булуттардай дүйнө сүзөт көзүмдө.
Астанама башын жөлөп үр кыздар,
Көңүл улайт "күт" дейт узун түндөрдө.
Кум астында калып анан балалык,
Арзуу издеп кеткем темир шаардан.
Дүйнө, сага мактал айтып көп ирет,
Кан ыйлагам, босогоңо баш ургам.
Жок, мен эмес, кызык өзү адамзат,
Кадыр билген өз кишисин өгөйлөп,
Отко салып, канжар уруп, же асып,
Өлсө мактайт... Кимден калган жөрөлгө?
Миң жыл издеп Адам өзүн Адамдай,
Дервиштери келет Көктөн кабардай.
Шадман келет, Шухрат келет мага окшоп,
Мендей карып, мендей жаны жай албай.
Кофарнихон* дарыянын жээгинде,
Сулуу кыздар сууга түшүн агызат.
Көзү күздөй саргайыңкы чоң энем,
Жыртык көлөч дүйнө менен алышат.
Топуракка сыйбайт биздин сөзүбүз —
Кандай сызып чыга берет тамандан.
А мен болсо акырет күн келгенче,
Шарпылдаймын дарыядай, адамдар....
*Кофарнихон — Таджикистандагы бир дарыянын аталышы
Барыңыз кандай жакшы!
Барыңыз кандай жакшы!
Көзүңүз — бейиш төрү.
Дүйнөдө сизди көрдүм,
Башкалар көрүнбөдү.
Барыңыз кандай жакшы!
Сиз — үмүт карегисиз.
Өмүрбү сизсиз өмүр?
Кудайдын дарегисиз.
Барыңыз кандай жакшы!
Жар, сизге өзүм муктаж.
Карагат көзүңүздү,
Көрүүгө көзүм муктаж.
Барыңыз кандай жакшы!
Тик карайм бу дүйнөгө,
Ашыктык — улук макам,
Жүрөктү бүлүндүрөр.
Барыңыз кандай жакшы!
Кайылмын бардыгына.
Жанымдан артык мага,
Санааңыз, кайгыңыз да.
Тамырда агат эрким,
Барыңыз кандай жакшы!
Адамдык парзы — сүйүү,
Кудайга жакындатты.
Жолуңдун туткунумун
Көктөмдөй келүүңө аз калды,
Кел! Өмүр гүлдөрү ачылсын.
Сага тек гүлдөгөн жарашат,
Кудайдын дарексиз катысың.
Көктөмдөй кетүүмө аз калды,
Аз калды кетүүмө келбестей.
А мага тек кетүү жарашат,
Жаныңда калууга эрк жетпейт.
Көздөрүм — деңиздей алыстык
Кайдадыр шашылат ирмемдер,
Түштөрүм күлкүмдү талашат.
Жүрөгүм колумда жоголуп,
Жарасы чоңоюп баратат.
Мен барда — сиз барсыз дүйнөдө,
Көңүлдө тилек бар, үмүт бар.
Дүйнөдөй көздөрү капкара,
Дүйнөдөй жарык жүз сүйүү бар.
Жаныма бир ыза жай бербей,
Бар бекен бир болуу айласы?
Кырк жылдай жолуңуз күзөттүм,
Жарыгым, кайдасыз... кайдасыз?
Бардык таш көчөдө изим бар,
Дүйнөдө сизди издеп карыктым.
Көздөрүм — Кытайдын дубалы,
Көздөрүм — деңиздей алыстык.
Билинбей барыңыз-жогуңуз,
Бирок, мен дүйнөдө бар элем.
Билсеңиз, мен жашык жан эмес,
Билсеңиз, мен ашык жар элем.
Жээкте
Атыңды айтат деңиз шамалы,
Тынчтыгың бар толкун үнүндө.
Сени таап алам кайрадан,
Тапкым келип сенден өзүмдү.
Өмүр — сага алып барчу жол,
Тагдыр болсо элестерибиз.
Тирүүлүктө сага жетүү жок,
Өлүм бизди кезиктиреби?
Издей берем сени кайрадан,
Тапкым келип сенден өзүмдү.
Атыңды айтат деңиз шамалы,
Тынчтыгың бар толкун үнүндө.
Тагдыр жоопсуз табышмак
Майдаланып өтөт өмүрүм,
Ыраазы эмес жылдар күндөргө.
Ирмемдерим дале тынчы жок,
Айрылуу бар кара түндөрдө.
Кээде баары түмөн түйшүктүү,
Кээде баары көңүл күткөндөй.
Мунарага окшоп күзөттө
Жашагансыйм кирпик ирмебей.
Таба албадым, тагдыр, атыңды,
Табышмактын жообу кайда бар?
Деңизге окшойм терең, караңгы,
Жарык тилеп өткөн дайрадан.
Толкун кирет түндө түшүмө,
Мен деңизмин, кантип ырастайм?
Кереги жок чыгар жол издеп,
Аны эч качан келип сурашпайт.
*****
Бир күнү
Бир керемет болуп качандыр,
Бактар кайра түшүм береби?
Аралыгы ушул эмеспи,
Кудай менен алсыз пенденин.
Кылымдардын бузуп тынчтыгын,
Тоолор бир күн тилге келеби?
Кан көздөрдөн агып чыга албай,
Моюндардан агып кетеби?
Агымынан токтоп дайралар,
Өзөндөрдөн ашып чыгабы?
Жамгыр жашын бойго сиңирген,
Сары чөлдүн кимге убалы?
Булут тарап көктүн бетинен,
Күн күлмүңдөп жерге тийеби?
Күнөөсү жок аппак булуттар,
Күнөөсү жок, муну билеби?
Дүйнө бир күн түштөн ойгонуп,
Тосмолорду алып жолунан,
(Кайда барат дүйнө жолдо бу,)
Кантип чыгат сырдуу торунан?
Эриндерим токтоп сүйлөөдөн,
Бир күн көздүн муңу өчөрбү?
Эх, күзгүгө бир күн тик карап,
Адамга окшоп жашап өтөмбү…
Бул өмүр — жан сукбаты
Аяба, досум, мени
Маңдайда багым мына!
Күлкүмдөн табы учат,
Канымда жалын мына!
Көзүмдү таңып турмуш
дарынан басып өтөм.
Жүрөктү аяп турам,
Болбосо дагы өсөм.
Бак конгон карегиме,
Дале азоо минген атым.
Бул өмүр өмүр эмес,
Бул өмүр — жан сукбаты.
Чын өмүр келет бир күн,
Ал мага окшобойт эч.
Мен токтоп калган жерден,
Ал чарчап, токтобойт эч.
Кучактап ирмемдерди,
Гүлдөдүм гүлдөр чакта.
Коркууну үйрөтүштү,
Айландым күлбөс жанга.
Сен менин дилимди көр,
Аяба, бирок, досум!..
*****
Жөн гана...
Ылай сууга кошулуп,
Көз ачылды болгону.
Өтмөк экем жөн жашап,
Таанып билдим оң, солун.
Ичим канап узак жыл,
Күлүп турдум сыртыман.
Жан дарекке жеткенче,
Качан тарайт бул туман?
Күн жолумдан жашынып,
Айдын жүзүн унуткам.
Баш-аягым бир карап,
Башын чайкайт булуттар.
Далай сезим жан кыйып,
Колдо шарап... турамын.
Күүң чал да, көрүп ал,
Бир оюн-зоок курайын!
— Неге?- деймин кудайга
— Мен дейдимин дүйнөңдө?
Жер огунда айланат,
Бирок, болбойт сүйгөнгө...
Жол караган түндөрү,
Жарым, сага барамын.
Көздөрүмө караба,
Жашып кетем, карагым.
Кыркынчы дабандагы ой
Кырк дабан, ашууну калтырдым.
Алдыда не күндөр жарышы?
Кайрат жок жетүүгө чаптырып,
Калууга жол бербейт намысым.
Тагдырым боёксуз сүрөттөй;
Ак-кара, ак-кара, ак-кара...
Башымда добулбас урамын,
Дооруңду ырдаймын таманда.
Өмүрүм куштардын данындай,
Кокондон Ташкентке чачылган.
Көңүлдүн түбүнө жанымдай,
Бир кооз кумура катылган.
Адамга окшосом кээ күнү,
Кээ күнү адамга зарыгам
Ойгонсом өңүмдө жер жүзү,
Уктасам уктатпас жарым бар.
Топурак, өзүңдөй жакын жок,
Булуттай аманат өздөр бар.
Бармагым тиштегим келет, эх,
Батынбайм, көздөр бар, сөздөр бар.
Атам бар, энем бар бүтүнмүн,
Боорумда бактылуу аял бар.
Болбосо жашоодо кантмекмин,
Оо, жакшы, кыял бар, кыял бар!
Кырк дабан, ашууну калтырдым.
Алдыда не күндөр жарышы...
Башкалар сыяктуу бактылуу
жашоого жол бербейт намысым.
*****
Күз жана Жаз
Мына кайра мага кайтарып,
Алып келди тагдыр өзуңдү.
Мына кайра дагы аргасыз,
Күнөө менен келдик жүзмө-жүз.
Көзүңдө жаш мына кайрадан,
Күрсүнөмүн ага жүйөө бар.
Айтары не эриндериңдин...
Аяп турат бизди күнөө да.
Келүү менен кетүүнүн арасында…
Келдиңиз...
Өзгөрүп кетти дүйнө,
Өзгөнү көзүм көрбөй,
Өзүм да өзгөрүлдүм.
Башкалар жарын күтүп,
Башкалар бакыт издеп,
Бакыттын азабында.
Мен бактан тажаганда
келдиңиз...
Сиз келдиңиз...
Күлдүңүз...
Бакыттан балкып жаным,
Жыгылган жерден турдум,
Чогулуп чачылганым.
Чок кармап адаштым көп,
Чочудум кайра дагы...
кайра дагы...
Тигиле карадыңыз...
Түшүндүм ой төркүнүн,
Түштөрүм жалган чыкты,
Түшүндүм... болбойт сүйүү.
Чоң тузак — салам берүү,
Коштошуу — жалгыз амал,
Чоң азап — сүйүп калуу.
Не тагдыр?
Бул не бүтүм?
Бир ыйлап, бир күлөмүн
Тагдырдын талаасында.
Эч кимди сүйбөгөндөй
мен сизди жанып сүйдүм
Өмүргө келүү менен
Кетүүнүн арасында.
*****
Ашыктар
Мендей болуп зеригип,
Кең мейкин да арыды.
Жазда таштап кеткен кыз,
Күздө кел, көр багымды.
Аза күтүп сүйүүгө,
Желге учат бариктер.
Көккө атым жазышкан,
Турналарды кайрып кел.
Бизди эч ким тааныбайт,
Бу бекетте жан учса.
(Жашоо мага — жаман түш)
А сен кайда жүрөсүң,
Чачың жайып парустай.
А мен кимден не күттүм,
Асман тиктеп теректей.
Жанды сага сактапмын,
Жаным сага керектей.
Бариктердей дил үшүйт.
Күздөн мурун биз келип,
Көрктөгөнчө дүйнөнү,
Бийлик курду күз келип.
Өмүр өтүп барат…
Кербендей чубалган өмүрдө,
Сабырым түгөнүп, үн салат.
Сага улам жакындап, кабырым,
Барууга улам аз күн калат.
Кир жугуп барактай көңүлгө,
Уялап дүйнөмдү кусалык.
Алаңдап алды-артым каранам,
Ким бирөө күзөтүп турабы?
Балалык, мен кандай таза элем,
Булутту ээрчийм деп жоголгом.
Сиз балким, ишенбейт чыгарсыз,
Мен сизди көп күттүм шо жолдо.
Коштосо көөнүмдү көңүлдөр,
Көзүмдөн жамгырдай жаш агат.
Ордоңдо келатам, оо, өмүр,
Ордуңду деги эмне баса алат?
Сабырым түгөнөт, аз калды,
Көчөңдөн өтүүгө белсенем.
Бир ашык баратат тосуп чык,
Дүйнөнү артынып желкеге.
Тирүүлүк
Чеп курган кулдардай кордолдум,
Не күндөр башыман өтпөдү.
Желкенин жүгү го кеп эмес,
Көз жетпес түйшүктөр өкчөдү.
Тыйынын жоготкон баладай,
Менде ага өкүнүч болгон жок.
Ал тыйын меники болсо да,
Кап, дүйнө эркиме койгон жок.
Кутулуп түйшүктүн торунан,
Жаркырап жашагым келген, эх!
Жылда эмес, ирмемде жашоого,
Тирүүлүк убада бергендей...
Салам, кырк жаш!
Карабачы кызыктай,
Салам, кырк жаш, канатташ!
Турпатымды тунук, ак,
Турмушка көп талаткам.
Ашык, адам, арифпи*,
Не деп айтсам өзүмдөн?
Ачык, айкын көрүнөт,
Кара кашым, көзүмдөн.
Ээрчип далай жылдарды,
Ирмемдерде адашкам.
Сага тартуу кылайын,
Жүрөгүмдү канатчан.
Жүрөгүм да мага окшоп,
Далай сынып кетилген.
Кыйын болду мени ээрчип,
Кырк жол басып келишке.
ариф* (ориф)- кудайдын сырын билген, кудайды тааныган киши.
*****
Бу дүйнө
Кокон базар — бу дүйнө,
Соодагер көп алгандан.
Күлүп тосот. Кетүүгө
эч ким келбейт жардамга.
Көк бөрүдөй — бу дүйнө,
Бири-бирин тепкилейт.
Байгеси жок арзыган,
Өзү келип, кетти дейт.
Ышк мазары — бу дүйнө,
Мажнундардын кайгысы.
Кудай жолун түз тапкан,
Сопулардын каргышы.
Өгөйлөбө, оо, дүйнө,
Мен да муңга эгизмин.
Ичи сызып, кетилген,
Сырты бүтүн дербишмин.
Жылдар суудай агылып,
Өз атымды унутам.
Мен кеткенде кыздарым,
Ыйлап карап турушар.
Кооз дүйнө, катыгүн,
Кимге жандын убалы?
Кыздарымдын акы үчүн,
Колуңду өөп турамын.
*****
Бир ирет
Бир ирет көзүбүз көрүштү,
Мезгилдер жолунан адашып.
Кубанып баладай ээрчиди,
Булуттар асманда жанашып.
Өмүрүм колуңа тапшырам,
Тирүүлүк, барыңды сездим мен.
Жылдызга кулачым жайылат,
Сиз мени эстеген мезгилде.
Сук артат чокулар бийиктен,
Тагдыры сизге окшош алардын.
Дүйнөнүн өмүрү узарат,
Айтсаңыз сүйүүнүн кабарын.
Кудайдын кулагы сүйүнсүн,
Арзуудан табият жаңырды.
Дүйнөнү берүүгө даярмын,
Эрдиңиз атаса атымды.
Дүйнөдө күз бар
Жаз жамалы насип болбоду,
Күздө келдим, күзмүн кеткенче.
Келер жолуң күтүп боздоюн,
Күз баригин төгүп бүткөнчө.
Сен да жазды издеп, жоктобо,
Кетүүң жакшы эмес бейиштен.
Күздөн башка мезгил бары — түш,
Бу дүйнөдө күз бар, периштем!
*****
Туулган күнүмдө
Шыңгырайт телефон кээде эрте,
Шыңгырайт кээде кеч, кечигип.
Отуз жети жашка келипмин,
Ирмемдер артынан ээрчитип.
Тунарып барат дил тилектен,
Эски ойлор жүгөнүн чечишет.
Өмүрдү тажатып жибергем,
Энекем дагы өмүр тилейт, эх ...
Муңая тигилет кыздарым,
Муңайсам муңаят жарым да.
Кубансам мени аяп кагылат,
Мени аяйт дубалда саат да.
Будуң-чаң заманда баатырмын,
Өмүрүм уурдатып олтурам.
Убакыт жашымды толтурат,
А менчи эмнени толтурам?
Кубануу же ыйлоо керекпи,
Досумбу, касымбы — түзөгөн?
Билемин кудайым жаратып,
Кайсы бир кетикти бүтөгөн.
Арыз-муң жок сага, жүрөгүм,
Дүйнөгө биринчи баш келди.
Бардыгы, бардыгы жайында,
Көзүмө бир муңдуу жаш келди.


ТУРКСОЙ Бош котиби Султон Раев Ўзбекистон Ёзувчилар уюшмасига ташриф буюрди




