Инвестициялар боюнча улуттук агенттик республикалык ишембиликке активдүү катышты.




Бүгүн, 18-апрель күнү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу 
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдарга тиричилик калдыктары менен иштөө боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.
Улуттук агенттиктин кызматкерлери Чүй облусунун Байтик айылында бөлүнгөн участокто тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүшүп, айлана-чөйрөнү ирээтке келтирүүгө өз салымдарын кошушту.
Мындай демилгелер жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөп, коомдо тазалык маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.