#ҚирғизистонХақиқати
Ўшда буюк аждодлар хотирасига бағишланган маънавий-маърифий тадбир бўлиб ўтди
Бугун Ўш шаҳридаги 44-сонли мактабда туркий дунё адабиётининг икки буюк сиймоси — Алишер Навоий ҳамда Заҳириддин Муҳаммад Бобур таваллуд айёмлари муносабати билан кенг қамровли маънавий-маърифий тадбир юқори савияда ташкил этилди.
Тадбир ёш авлодни миллий қадриятлар ва бой адабий мерос руҳида тарбиялаш, улар қалбида ватанпарварлик ва маънавий камолот туйғуларини мустаҳкамлашга қаратилгани билан аҳамиятли бўлди.

Унда шаҳар таълим бўлими вакиллари, Ўзбекистоннинг Ўш шаҳридаги Бош консулхонаси масъул ходимлари, Ўш шаҳар кенгаши депутати, Қирғиз Республикаси Ўзбек миллий маданий маркази вакиллари ҳамда шаҳар жамоатчилиги фаоллари иштирок этдилар.
Тадбир давомида ўқувчилар томонидан Навоий ва Бобурнинг ғазал ва шеърларидан намуналар ифодали ва таъсирчан тарзда ўқилди. Шунингдек, шоирлар ҳаёти ва ижодига бағишланган саҳнавий кўринишлар намойиш этилди. Ёшларимиз буюк аждодларимизнинг бой адабий меросини чуқур англаган ҳолда, уларнинг ҳаёт йўли ва ижодий мероси ҳақида пухта билимга эга эканликларини намоён этишди.
Бу эса тадбир иштирокчиларига катта маънавий завқ бағишлаб, йиғилганларда фахр ва ифтихор туйғуларини уйғотди.
Тадбирда сўзга чиққанлар ёш авлодни юксак маънавият, миллий ўзлик ва аждодлар меросига садоқат руҳида тарбиялашнинг долзарб аҳамияти ҳақида фикр билдириб, буюк меросни асраб-авайлаш ҳар биримизнинг муқаддас бурчимиз эканини таъкидладилар.
Тадбир сўнгида мактаб жамоасига эсдалик совғалари топширилди, ўқувчиларга ўқиш ва ижодий фаолиятларида улкан муваффақиятлар тилаб қолинди.
Бундай маънавий-маърифий тадбирлар ёшлар қалбида ватанпарварлик, миллий ғурур ва адабиётга муҳаббат туйғуларини мустаҳкамлашда муҳим аҳамият касб этади. Буюк аждодларимиз мероси эса халқимиз учун битмас-туганмас маънавий хазина
бўлиб қолаверади.
*****
Ошто улуу бабалардын урматына арналган маданий-агартуу иш-чарасы өттү
Бүгүн Ош шаарындагы №44 мектепте түрк дүйнөсүнүн эки улуу инсаны — Алишер Навои жана Захириддин Мухаммад Бабур туулган күндөрүнө карата кеңири маданий-агартуу иш-чарасы жогорку деңгээлде уюштурулду.
Иш-чара жаш муунду улуттук баалуулуктарга жана бай адабий мураска болгон урмат-сый духунда тарбиялоого, алардын жүрөгүндө мекенчилдик жана руханий жетилүү сезимин бекемдөөгө багытталганы менен өзгөчө мааниге ээ болду.
Ага шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери, Ош шаардык кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Өзбек улуттук маданий борборунун өкүлдөрү жана шаар коомчулугунун активисттери катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар Навои менен Бабурдун газелдеринен жана ырларынан көркөм, таасирдүү үзүндүлөрдү окуп беришти. Ошондой эле акындардын өмүр жолу жана чыгармачылыгына арналган сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланды. Жаштар улуу бабаларыбыздын бай адабий мурасын терең түшүнгөндүгүн, алардын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кеңири билимге ээ экендигин даңазалап көрсөтө алышты.
Бул иш-чара катышуучуларга чоң руханий ырахат тартуулап, сыймык жана урмат сезимдерин ойготту.
Сөз сүйлөгөндөр жаш муунду жогорку руханий баалуулуктарга, улуттук аң-сезимге жана ата-бабалар мурасына берилгендик духунда тарбиялоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Улуу мурастарды сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз экени баса белгиленди.
Иш-чаранын соңунда мектеп жамаатына эстелик белектер тапшырылып, окуучуларга окууда жана чыгармачылыкта зор ийгиликтер кааланды.
Мындай маданий-агартуу иш-чаралары жаштардын жүрөгүндө мекенчилдик сезимин, улуттук сыймыкты жана адабиятка болгон сүйүүнү бекемдөөгө чоң салым кошот. Улуу бабаларыбыздын мурасы — эл үчүн түгөнгүс руханий казына бойдон калууда.