Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Өзбек тили күнү белгиленди
2025-жылдын 24-октябрында Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Өзбек тили күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Элчилиги жана Кыргызстандын Өзбек Улуттук-Маданий Борбору (ӨУМБ) биргеликте уюштурушту.
Салтанатты жыйындын ачылышында Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикром Пархатович Ниязходжаев менен ӨУМБнын төрага орун басары, Кыргыз Республикасынын маданияттын эмгек сиңирген ишмери, жазуучу Бегижон Махмудович Ахмедов сөз сүйлөшүп, катышуучуларды майрам менен куттукташты.
Иш-чарага маданий борбордун активисттери, интеллигенция өкүлдөрү жана коомчулук катышты.
Сөз сүйлөгөндөр эне тилдин жаш муунду тарбиялоодогу маанисин белгилешип, дүйнө жүзү боюнча болжол менен 50 миллионго жакын адам өзбек тилинде сүйлөөрүн эскертишти. Ошондой эле Кыргызстанда өзбек тилин үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн айтышты.
Мындан тышкары, эне тили менен катар мамлекеттик тил — кыргыз тилин да терең жана параллелдүү өздөштүрүү зарылдыгы баса белгиленди.
Иш-чаранын соңунда Өзбекстан Элчилигинин Ардак грамоталары менен бир катар активдүү ишмерлер жана чыгармачыл инсандар сыйланышты. Алардын катарында Мирзохид Музамедзиев, Бегижон Ахмедов, Бахтиёржон Кодиров, Дилором Ашурова, Бобур Супумурзаев, Нуриддин Атаханов, ырчы Иномиддин, Карина Давлетова жана түштүк аймактардын бир нече өкүлдөрү бар.
*****
Алыкул Осмонов номидаги Миллий кутубхонада Ўзбек тили куни нишонланди
2025 йил 24 октябрь куни Бишкек шаҳридаги Қирғиз Республикаси Миллий кутубхонаси — Алыкул Осмонов номидаги муассасада Ўзбек тили кунига бағишланган тантанали тадбир бўлиб ўтди.
Тадбирни Қирғиз Республикасидаги Ўзбекистон Республикаси Элчихонаси ҳамда Қирғизистон Ўзбек Миллий-Маданий Маркази (ЎМММ) ҳамкорликда ташкил этди.
Маросимни Ўзбекистон Республикасининг Қирғиз Республикасидаги Фавқулодда ва Мухтор Элчиси Саидикром Парҳатович Ниязхўжаев ҳамда ЎМММ раиси ўринбосари, Қирғиз Республикасида хизмат кўрсатган маданият арбоби, ёзувчи Бегижон Маҳмудович Аҳмедов очиб берди ва иштирокчиларни байрам билан қутладилар.
Тадбирда маданий марказ фаоллари, зиёлилар, жамоатчилик вакиллари иштирок этдилар. Суҳбат ва нутқларда она тилининг ёш авлодни тарбиялашдаги аҳамияти алоҳида таъкидланди. Шунингдек, ҳозирги кунда бутун дунё бўйлаб 50 миллионга яқин киши ўзбек тилида сўзлашиши қайд этилди.
Қирғизистон ҳудудида ҳам ўзбек тилини ўрганиш ва ривожлантириш учун барча шароитлар яратилгани маълум қилинди. Шу билан бирга, нутқларда она тили билан бир қаторда давлат тили — қирғиз тилини ҳам чуқур ва мукаммал ўрганиш муҳим экани таъкидлаб ўтилди.
Тадбир якунида қатор фаоллар ва ижодкорлар фаолияти алоҳида эътироф этилди. Жумладан, Мирзоҳид Музамедзиев, Бегижон Аҳмедов, Бахтиёржон Кодиров, Дилором Ашурова, Бобур Супумурзаев, Нуриддин Атаханов, қўшиқчи Иномиддин, Карина Давлетова ҳамда жанубий ҳудудлардан бир нечта фаоллар Ўзбекистон Элчихонасининг Фахрий ёрлиқлари билан тақдирландилар.
*****
В Национальной библиотеке имени Алыкула Осмонова отметили День Узбекского языка.
24 октября 2025 года состоялось мероприятие, посвящённое Дню узбекского языка. Его организовали Посольство Республики Узбекистан в Кыргызской Республике совместно с Узбекским Национально-Культурным Центром Кыргызстана (УНКЦ).
Мероприятие открыли и выступили с приветственными речами Чрезвычайный и Полномочный Посол Республики Узбекистан в Кыргызской Республике Саидикром Пархатович Ниязходжаев и заместитель председателя УНКЦ, заслуженный деятель культуры Кыргызской Республики, писатель Бегижон Махмудович Ахмедов.
В мероприятии приняли участие активисты культурного центра, представители интеллигенции и общественности. Выступающие подчеркнули значение родного языка в воспитании подрастающего поколения, отметили, что в мире на узбекском языке говорят около 50 миллионов человек, а в Кыргызстане созданы все условия для его изучения и развития. Также было отмечено, что наряду с родным языком важно глубоко и параллельно изучать государственный — кыргызский язык.
В завершение мероприятия Мирзохид Музамедзиев, Бегижон Ахмедов, Бахтиёржон Кодиров, Дилором Ашурова, Бобур Супумурзаев, Нуриддин Атаханов, певец Иномидин, Карина Давлетова и несколько активистов южных центров были награждены Почётными грамотами Посольства Узбекистана.