⸻
Ўзбекистонлик ёзувчига халқаро эътироф: ТУРКСОЙ аъзолигига қабул қилинди
Қирғизистоннинг кўҳна ва шу билан бирга руҳий зиёга бой шаҳри — Ўшда бўлиб ўтган “Яшил олам” номли Турк дунёси халқаро шеърият фестивали доирасида ўзбек адабиёти учун муҳим воқелик рўй берди.
Ўзбекистонлик ёзувчи Шухрат Ориф маданий ҳамкорликнинг юқори намунаси бўлмиш Халқаро туркий маданият ташкилоти (ТУРКСОЙ) Ёзувчилар уюшмаси аъзолигига қабул қилинди. Аъзолик гувоҳномаси ва махсус кўкрак нишони ускуна тантанали маросимда ўз эгасига топширилди.
Бу аъзолик нафақат бир ижодкорнинг шахсий ютуғи, балки умумий ўзбек адабиётининг туркий дунёда тутган ўрни ва таъсир доирасини яна бир бор тасдиқловчи муҳим ишора сифатида қайд этилди.
ТУРКСОЙ — бу туркий халқлар ўртасидаги адабий-маданий мулоқотни мустаҳкамловчи, халқлар дўстлигини, руҳий яқинликни асраб-авайловчи эл аралык майдон. Шу маънода Шухрат Орифнинг ушбу тузилмага қўшилиши, унинг ижодида туркий маънавият, муштарак илдизлар ва умуминсоний ғоялар самарали мужассам эканини яна бир карра намоён этди.
Фестиваль давомида ёзувчи нафақат ўз асарларидан парчалар ўқиб эшиттирди, балки туркий дунёдаги қатор таниқли қалам аҳллари билан адабий мулоқотда бўлиб, ижодий тажриба ва ғоялар алмашувига муҳим ҳисса қўшди.
Мазкур танлов ва унга бағишланган маросим ТУРКСОЙ раҳбари, Қирғизистонлик таниқли арбоб Султон Раев, ҳамда ТУРКСОЙ Ёзувчилар уюшмаси раиси, ўзбекистонлик таниқли шоир Улуғбек Эсдавлат раҳбарлигида ўтказилди.
Бу каби халқаро эътирофлар миллий адабиётимизнинг туркий дунёдаги нуфузи ошиб бораётганини, ёш ва тажрибали ижодкорларимизнинг сўз орқали маънавий кўприклар яратаётганини кўрсатади.
⸻
Өзбекстандык жазуучуга эл аралык таанылуу: ТҮРКСОЙ мүчөлүгүнө кабыл алынды
Кыргызстандын бай маданияттуу, руханий нуру төгүлгөн калаасы — Ош шаарында өткөн “Жашыл дүйнө” аттуу Түрк дүйнөсү эл аралык поэзия фестивалы алкагында өзбек адабияты үчүн маанилүү окуя болду.
Өзбекстандык белгилүү жазуучу Шухрат Ориф түрк элдеринин маданий кызматташуусунун символу болгон ТҮРКСОЙ — Эл аралык Түрк маданияты уюмунун Жазуучулар биримдигине мүчө катары кабыл алынды. Тиешелүү мүчөлүк күбөлүгү жана төш белгиси салтанаттуу аземде расмий тапшырылды.
Бул мүчөлүк – бир жазуучунун гана ийгилиги эмес, өзбек адабиятынын жалпы түрк дүйнөсүндөгү орду жана таасирин дагы бир жолу тастыктаган көрүнүктүү окуя болду.
ТҮРКСОЙ — түрк тилдүү элдердин ортосундагы руханий жакындыкты, адабий-маданий диалогду өнүктүрүп келген беделдүү аянт. Шухрат Орифтин ушул түзүмгө кошулушу анын чыгармаларында түрк дүйнөсүнө тиешелүү жалпы баалуулуктар, рухий мурас жана жалпы адамзаттык идеялар кеңири чагылдырылганын көрсөтүп турат.
Фестивалдын жүрүшүндө жазуучу өзүнүн чыгармаларынан үзүндү окуп, түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү калемгерлери менен адабий баарлашуу жүргүзүп, чыгармачыл тажрыйба жана идеялар менен бөлүштү.
Бул иш-чара ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы, Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук ишмери Султан Раев жана ТҮРКСОЙ Жазуучулар биримдигинин төрагасы, Өзбекстандын белгилүү акыны Улугбек Эсдавлат башчылыгында уюштурулду.
Мындай эл аралык таанылуулар улуттук адабиятыбыздын түрк дүйнөсүндөгү кадыр-баркы жогорулап жатканын, жаш жана тажрыйбалуу калемгерлер рухий көпүрөлөрдү түзүп жатканын дагы бир ирет айкын көрсөтөт.
Шухрат Орифтин ТҮРКСОЙ мүчөлүгүнө кабыл алынышы — биздин адабият үчүн жаңы баракча, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги десек жаңылышпайбыз.