#Дүйнөлүк Көчмөндөр оюну кесиптештерибиз айтымында;
Урматтуу замандаштар жана кесиптештер! Кырк жылдан ашуун убакыттан бери Кыргыз спортун, улуттук оюндарын иликтеп, 12 олимпиаданы, 6 Азия оюндарын, 5 Көчмөндөр оюндарын жеринен чагылдырып, спорт, олимпиада кыймылы тууралуу 20 китеп жазган спорттук баяндамачы катары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ушунчалык жогорку деңгээлде жана ийгиликтүү өткөнүн баса белгилейм. Бул жолу Кыргыз бренди болгон оюндарыбыз Азия жана олимапиада оюндарынан калышпаган, айрым жерлери алардан ашып түшкөн, кыргыз пейилин, наркын, баалуулуктарын жана мурастарын көрсөткөн керемет болду. Кыргызстаныбыздын аты бүткүл дүйнөгө өзүнө татыктуу деңгээлде тааныта алды.
Кыргыз болуп төрөлүп, Кыргыз жерин мекендеп калганыбыз үчүн Кудайга миң мертебе ыраазычылык билдиребиз. Канча өлкөнү көрсөм дагы Кыргыз жериндей, элиндей элди, жерди көргөн жокмун. Канча эл, турист Кыргыз жеринен энергия, күч-кубат алып, жашоого, өмүргө, бийик максаттарга шыктанып жана тамшанып кетишти. Келерки жылдан тартып Кыргызстаныбыздын экономикасын дагы арка-бел боло турган чоң туристтик агымга Көчмөндөр оюндары жол ачып, чакырык болуп берди.
Бул дүйнөлүк масштабдагы эң ири долбоорду ишке ашырууга салым кошкон ар бир адамды, уюштуруучуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкулдөрүн чын дилден куттуктайм! Татарстан бул эстафетаны биздин өлкөдөй өткөрө алабы? Себеби, Кыргызстан бул ирет оюндардын деңгээлин өтө жогору көтөрүп, туу чокусу кылып койду. Ошондой болсо дагы келечектеги оюндарды жайылтууга колдон келген салымдарыбызды кошо берели! Бар болуңуздар! Ишиңиздер ар дайым илгери, ден соолугуңуздар чың, тилектериңиздер кабыл болсун!
Терең урматто менен 40 жылдык эмгек аркалаган Спорт серепчиси,Журналист Кабыл Макешов
*****
Ҳурматли замондошлар ва қадрли ҳамкасблар!
Қирқ йилдан ортиқ вақт давомида қирғиз спорти ва миллий ўйинларини ўрганиб, 12 та Олимпиада, 6 та Осиё ўйинлари ва 5 та Кўчманчилар ўйинларини бевосита воқеа жойидан ёритган, спорт ва олимпия ҳаракати ҳақида 20 та китоб ёзган спорт шарҳловчиси сифатида шуни алоҳида таъкидламоқчиман: VI Жаҳон кўчманчилар ўйинлари ниҳоятда юксак савияда ва муваффақиятли ўтди.
Бу гал Қирғизистоннинг миллий брендига айланган Кўчманчилар ўйинлари Осиё ва Олимпия ўйинларидан асло қолишмади, айрим жиҳатларда эса улардан ҳам устун келди. Энг муҳими, ушбу улуғ тадбир орқали қирғиз халқининг кенг феъл-атвори, қадриятлари, урф-одатлари, миллий руҳи ва асрий мероси бутун дунёга намоён бўлди.
Қирғизистоннинг номи жаҳонга муносиб даражада танитилди.
Қирғиз бўлиб туғилганимиз ва мана шу муқаддас заминда яшаб келаётганимиз учун Яратганга минг бор шукр айтамиз. Дунёнинг қанча мамлакатларини кўрган бўлсам-да, Қирғизистон заминидек гўзал юртни, қирғиз халқидек самимий ва меҳмондўст элни учратмадим.
Бу кунларда қанча-қанча хорижлик меҳмонлар ва сайёҳлар Қирғизистондан куч-қувват, руҳий тетиклик ва янги илҳом олиб қайтишди. Улар ҳаётга, эзгу мақсадларга янада катта ишонч ва завқ билан юртларига йўл олишди.
Кўчманчилар ўйинлари келгуси йиллардан бошлаб мамлакатимиз иқтисодиётига ҳам катта таянч бўладиган улкан сайёҳлик оқими учун кенг йўл очиб, бутун дунёга катта даъват қилди.
Жаҳон миқёсидаги ушбу улкан лойиҳани муваффақиятли амалга оширишга ҳисса қўшган ҳар бир инсонни, ташкилотчиларни, оммавий ахборот воситалари вакилларини чин қалбимдан муборакбод этаман!
Энди эстафета Татаристонга ўтади. Татаристон ушбу ўйинларни биз каби юксак савияда ўтказа олармикан? Чунки Қирғизистон бу гал Кўчманчилар ўйинларининг савиясини ниҳоятда юксак поғонага кўтариб, унинг энг чўққисини белгилаб берди.
Шундай бўлса-да, келгусида Кўчманчилар ўйинларини янада кенг ёйиш, унинг нуфузини ошириш ва дунё халқларини янада яқинлаштириш йўлида қўлимиздан келган барча ҳиссамизни қўшишда давом этайлик!
Барчангиз омон бўлинг! Ишларингиз доимо олға силжисин, соғлигингиз мустаҳкам, эзгу ниятларингиз рўёбга чиқсин хурмат билан 40 йиллик иш таджрибасигс эга Спорт шархловчи,Журналист Кабыл Макешов.