Энергетика тармагында Улуттук агенттик менен ХанаЭнергия ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу
#КыргызстанАкыйкатыПресса
Эл аралык кызматташууну өнүктүрүү жана инновацияларды тартуу алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ХанаЭнергия менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду.
Документке Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жана ХанаЭнергия компаниясынын директору Улугбек Марипов кол коюшту.
Меморандум энергетика секторундагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган. Анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, инфраструктураны модернизациялоо, ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу каралган.
Тараптар жетишилген макулдашуулар заманбап технологияларды киргизүүгө, энергия натыйжалуулугун жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
*****
Подписание меморандума о взаимопонимании между Национальным агентством по инвестициям и ОсОО ХанаЭнергия
в сфере энергетики
В рамках развития международного сотрудничества и привлечения инноваций Национальное агентство по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики подписало меморандум о взаимопонимании с ОсОО «ХанаЭнергия».
Документ подписали глава Национального агентства Равшанбек Сабиров и директор ОсОО «ХанаЭнергия» Улугбек Марипов.
Меморандум направлен на развитие сотрудничества в энергетическом секторе, включая привлечение иностранных инвестиций, модернизацию инфраструктуры, а также реализацию совместных проектов в сфере возобновляемых источников энергии.
Стороны выразили уверенность в том, что достигнутые договорённости будут способствовать внедрению современных технологий, повышению энергоэффективности и устойчивому развитию экономики Кыргызской Республики.
#РеспубликанскаяпрессаAkiykatKG
*****
#ҚирғизистонХақиқатиПресса
Энергетика соҳасида Миллий агентлик ва ХанаЭнергия ўртасида ўзаро англашув меморандуми имзоланди
Халқаро ҳамкорликни ривожлантириш ва инновацияларни жалб этиш доирасида Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик ХанаЭнергия билан ўзаро англашув меморандумини имзолади.
Ҳужжатга Миллий агентлик раҳбари Равшанбек Сабиров ҳамда ХанаЭнергия компанияси директори Улугбек Марипов томонидан имзо қўйилди.
Меморандум энергетика соҳасида ҳамкорликни кенгайтиришга қаратилган бўлиб, у хорижий инвестицияларни жалб этиш, инфратузилмани модернизация қилиш, шунингдек қайта тикланувчи энергия манбалари соҳасида қўшма лойиҳаларни амалга оширишни назарда тутади.
Томонлар эришилган келишувлар замонавий технологияларни жорий этишга, энергия самарадорлигини оширишга ҳамда Қирғиз Республикаси иқтисодиётининг барқарор ривожланишига хизмат қилишига ишонч билдирдилар.
Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

#AkiykatKG

Эл аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен Түштүк Кореянын LNC Elecom Co. Ltd компаниясынын башкы директору Ли Су-Янг ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.


Бүгүн, 22-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Gansu Feitian International Trading Company компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

#КыргызстанАкыйкатыПресса
Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлор талкууланды
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвестициялардын өсүшүн камсыз кылууга, эл аралык жана ички инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана бул тармакта туруктуу укуктук-нормативдик базаны түзүүгө багытталган системалуу ишти улантууда.







Президент Садыр Жапаров жана TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Сан "Ала-Арча" жаратылыш паркында этномаданий программа менен таанышты


Бүгүн, 17-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пекин айыл чарба илимий-технологиялык «ЦзинГэн ТяньСя» компаниясынын (Кытай Эл Республикасы) өкүлдөрү менен жолугушту.



#КыргызстанАкыйкатыПресса
