



1-октябрь — Эл аралык Мугалимдер,Медицина тармагында менторлук менен билим берүүнү ден соолук менен айкалыштырып иштеген кесип ээленин кесиптик майрамы.Бул күн улуу муундун өкүлдөрүнө урмат-сый көрсөтүп, алардын коомдогу ордун дагы бир ирет баалаган өзгөчө дата. Ошондой эле күз айларында медицина кызматкерлерин ,мугалимдердин, педагогдордун коомдогу ордуна таазим этип, алардын талыкпаган эмгегин белгилөө салтка айланган.
Ушул маанилүү даталардын алдында Ош шаарындагы кыймыл-таяныч тутумундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда жылуу маанайдагы иш-чара болуп өттү.
Бул борбордо өзгөчө камкордукка муктаж балдардын ден соолугун чыңдоо, аларды коомдук чөйрөгө аралаштыруу жана жашоого болгон ишенимин бекемдөө багытында күн сайын чоң эмгек жасалат. Ар бир баланын жетишкендигинин артында дарыгерлердин, медайымдардын, педагогдордун, тарбиячылардын жана жалпы кызматкерлердин мээнети турат.
Борбордун жетекчиси Роза Садирова баштаган эмгек жамаат өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасап, балдардын ден соолугун калыбына келтирүү менен бирге аларга мээрим, жылуулук жана үмүт тартуулап келет.
Иш-чаранын жүрүшүндө Республикалык Аялдар Кеңешинин төрайымы , Кыргыз Республикасы Илимдер Академиясы мүчөсу,илимпоз Айнуру Алтыбаева борбордун жамааты менен жолугушуп, алардын күнүмдүк эмгеги тууралуу жылуу пикирлерин билдирди.
— Баланын ден соолугун чыңдоо — бул жөн гана медициналык жардам көрсөтүү эмес. Бул чоң сабырдуулукту, кесипкөйлүктү жана адамдык мээримди талап кылган жооптуу иш. Сиздердин ар бириңиздердин эмгегиңиздер балдардын келечегине түздөн-түз таасирин тийгизет, — деген мааниде каалоо-тилектерин айтты Айнуру Алтыбаева.
Андан соң борбордун дарыгерлерине, медициналык кызматкерлерине жана эмгек жамаатынын өкүлдөрүнө Ардак грамоталар тапшырылды. Бул сыйлыктар алардын кесиптик ишине берилген баа гана эмес, коомдун алдында турган жоопкерчиликтүү жана сооптуу эмгегине көрсөтүлгөн урматтын белгиси болду.
Салтанатта улуу муунга урмат көрсөтүү, балдарга камкордук кылуу жана адам өмүрүнүн сапатын жакшыртууга багытталган эмгектин баалуулугу тууралуу сөздөр айтылды.
Мындай жолугушуулар эмгек адамын шыктандырып, анын коом үчүн жасап жаткан ишинин маанилүүлүгүн сездирет. Айрыкча ден соолугун калыбына келтирүүгө муктаж балдар менен иштеген адистер үчүн жылуу сөздүн, колдоонун жана көңүл буруунун орду өзгөчө.
Мээрим менен жасалган эмгек — адамдын жүрөгүндө калат. Ал эми баланын жылмаюусу — ошол эмгектин эң чоң сыйлыгы.