“Uzbekistan 24” телеканалынын делегациясынын Ош шаарына сапары.
2026-жылдын 12–13-мартында Өзбекстан Республикасынын “Uzbekistan 24” телеканалынын чыгармачыл тобу Кыргыз Республикасынын Ош шаарына расмий иш сапары менен келди.
Конокторду Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Башкы консулу Зафарбек Шавкатович жана консулдуктун кызматкерлери жылуу тосуп алышты.
Сапардын алкагында делегация Ош шаарындагы Өзбек улуттук маданий борборуна жана Элдер Ассамблеясынын имаратына барып, ар түрдүү улут өкүлдөрү үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Конокторду Элдер Ассамблеясынын шаардык жана облустук жетекчилеринин өкүлдөрү, коомдук уюмдардын жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Өзбек улуттук маданий борборунун жана шаардык өзбек маданий борборунун өкүлдөрү тосуп алышты.
Ошондой эле делегация Захириддин Мухаммад Бабур атындагы Өзбек академиялык драма театрына барды. Театрдын директору А.Абдуразаков конокторго театрдын тарыхы, чыгармачылык ишмердүүлүгү жана сахна өнөрүнүн өнүгүшү тууралуу маалымат берди.
Сапардын экинчи күнү “Uzbekistan 24” телеканалынын өкүлдөрү Кыргыз-Өзбек эл аралык университетине барышты. Университеттин жетекчилиги конокторду кабыл алып, окуу жайдын ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берди. Учурда университетте 14 миңге жакын студент билим алып жатканы белгиленди. Делегация университеттин китепканасы, окуу аудиториялары жана басма бөлүмдөрү менен таанышты. Мындан тышкары, академик Мамасаидов тарабынан интервью берилди.
Коноктор Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы мектепке барып, мектеп жамааты жана окуучулар менен жолугушту. Окуучулар улуу ойчул Алишер Навоинин газалдарынан үзүндүлөрдү окуп беришти.
Мындан тышкары, делегация Жибек Жолуда жайгашкан №47 мектепке да барып, ал жердеги окуучулар менен баарлашты.
Сапардын жүрүшүндө коноктор Ош шаарынын тарыхый жана маданий символдорунун бири болгон Сулайман-Тоо музейине барышып, андагы экспозициялар жана тарыхый көргөзмөлөр менен таанышты.
“Uzbekistan 24” телеканалынын делегациясы Ош шаарынын тургундары менен жолугушуп, кыргыз жана өзбек элдеринин ортосундагы достук, өз ара урмат-сый жана ынтымак өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти. Алар шаардагы социалдык жана маданий өнүгүүнү, улуттар аралык ынтымакты жана тургундардын тынч-тату жашоосун жогору баалашты.
Бул сапар эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достук жана маданий кызматташтык байланыштарын мындан ары да бекемдөөгө кызмат кылаары белгиленди.
..............................................
Ўзбекистон “Uzbekistan 24” телеканали делегациясининг Ўш шаҳрига ташрифи
2026 йил 12–13 март кунлари Ўзбекистон Республикасининг “Uzbekistan 24” телеканали ижодий гуруҳи Қирғиз Республикасининг Ўшаҳрига расмий ташриф буюрди.
Меҳмонларни Ўш шаҳрида Ўзбекистон Республикасининг Бош консули Зафарбек Шавкатович ҳамда консуллик ходимлари самимий кутиб олдилар.
Ташриф давомида делегация Ўш шаҳрида жойлашган Ўзбек миллий маданият маркази ҳамда халклар Ассамблея биноларига ташриф буюриб, у ерда турли миллат вакиллари учун яратилган шароитлар билан танишдилар. Меҳмонларни халклар Ассамблеясининг шаҳар ва вилоят раҳбарияти вакиллари, жамоат ташкилотларнинг раҳбарлари — ҳамда Қирғиз Республикаси Ўзбек миллий маданий маркази ва шаҳар Ўзбек миллий маданий маркази вакиллари кутиб олдилар.
Шунингдек, делегация Заҳириддин Муҳаммад Бобур номидаги Ўзбек академик драма театрига ташриф буюрди. Театр директори Азамжан Абдуразаков меҳмонларга театр тарихи, унинг ижодий фаолияти ва саҳна санъатининг ривожи ҳақида маълумот берди.
Ташрифнинг иккинчи кунида “Uzbekistan 24” телеканали вакиллари Қирғиз–Ўзбек халқаро университетига ташриф буюрдилар. Университет раҳбарияти меҳмонларни кутиб олиб, таълим муассасасининг фаолияти ҳақида батафсил маълумот берди. Университетда ҳозирги кунда 14 мингга яқин талабалар таҳсил олаётгани таъкидланди. Делегация университет кутубхонаси, ўқув аудиториялари ва нашриёт бўлимлари билан танишди. Шунингдек, академик Мамасаидов томонидан интервью берилди.
Меҳмонлар Ўш шаҳридаги Алишер Навоий номидаги мактабга ташриф буюриб, мактаб жамоаси ва ўқувчилар билан учрашдилар. Ўқувчилар буюк мутафаккир Алишер Навоийнинг ғазалларидан намуналар ўқиб бердилар.
Шунингдек, делегация Жибек Жолуда жойлашган 47-сонли мактабга ҳам ташриф буюриб, у ердаги ўқувчилар билан мулоқот қилди.
Ташриф давомида меҳмонлар Ош шаҳрининг тарихий ва маданий рамзларидан бири ҳисобланган Сулаймон-Тоо музейида бўлиб, у ердаги экспозициялар ва тарихий кўргазмалар билан танишдилар.
“Uzbekistan 24” телеканали делегацияси Ўш шаҳри аҳолиси билан учрашиб, қирғиз ва ўзбек халқлари ўртасидаги дўстлик, ўзаро ҳурмат ва ҳамжиҳатлик муҳитини алоҳида эътироф этди. Улар шаҳардаги ижтимоий ва маданий тараққиёт, миллатлараро тотувлик ва аҳолининг аҳилликда яшаб келаётганини юқори баҳоладилар.
Мазкур ташриф икки мамлакат халқлари ўртасидаги дўстлик ва маданий ҳамкорлик алоқаларини янада мустаҳкамлашга хизмат қилиши таъкидланди.