
Ош.21.03.2026
Нооруз майрамы жогорку шаң менен белгиленди
21-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Байыркы тарыхка ээ болгон бул улуу майрам жыл сайын элдин ынтымагын бекемдеп, жаратылыш менен адамзаттын кайра жаралуусун даңазалап келет.
Нооруз — күн менен түндүн теңелген учурун билдирген, жаңылануунун, тазалануунун жана жакшылыкка умтулуунун символу катары өзгөчө мааниге ээ. Бул күнү адамдар бири-бирине жакшы тилек айтып, таарынычтарды унутуп, жаңы үмүттөр менен келечекке кадам ташташат. Улуттук каада-салттар жанданып, дасторкондор жайылып, элдик оюн-зооктор уюштурулат.
Майрамдык иш-чаранын алкагында шаар тургундары жана коноктору үчүн кеңири концерттик программа тартууланды. Сахнада Ош шаардык маданият жана жаштар башкармалыгынын таланттуу солисттери, Мурас эстрада тобу, Эл аспаптар оркестри, театр артисттери жана Арууке бийчилер ансамбли өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ар бир номер көрүүчүлөргө жаздын жаркын маанайын, улуттук маданияттын бай мурасын сездирди.
Кеченин өзгөчө коногу — белгилүү ырчы Гүлжигит Сатыбеков болду. Анын аткаруусундагы чыгармалар майрамга келген элге көтөрүңкү маанай тартуулап, борбордук аянттагы шаңды дагы да күчөттү.
Иш-чара учурунда шаарыбыз мэри Жанар Акаев,Кыргыз Республикасы Жогорку Кеңештин торагасы Марлен Маматалиев Абдырахманович куттуктоо сөзгө чыгып бул майрамдын элибизге маанилуу болгону,жаратылыштын сергек болгону жана ырыскынынын бешиги экенин кайта эстетип өтүштү.Улуттук оюндар, көргөзмөлөр жана элдик каада-салттарды чагылдырган көрсөтүүлөр да уюштурулуп, катышуучулар үчүн майрамдык маанай түзүлдү. Айрыкча жаш муун үчүн Нооруздун маңызы, анын тарбиялык жана маданий баалуулугу кеңири түшүндүрүлдү.
Жалпысынан, Нооруз майрамы Ош шаарында жогорку деңгээлде уюштурулуп, элдин биримдигин, маданий мурастарга болгон урмат-сыйын дагы бир ирет айгинеледи. Бул улуу майрам ар бир үйгө тынчтык, береке жана жакшылык алып келсин деген тилектер менен кечки борбордук стадиондо Өзбекстандан келген сыйлуу коноктор ,эл артисттери,Кыргызстанда кызмат көрсөткөн маданият тармагы алдылары менен чоң концерт уюштуруу иштери жолго коюлган.Келип конок болуп,майрамды жакшы өткөрүп кеткиле урматту Оштуктарым!🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺
*****
#ҚирғизистонХақиқатиПресса
Ўш, 21.03.2026
Наврўз байрами юқори шукуҳ билан нишонланди
21 март куни Ўш шаҳри марказий майдонида Наврўз байрамига бағишланган тантанали тадбир юқори савияда ўтказилди. Қадимий тарихга эга бўлган ушбу улуғ айём ҳар йили халқ бирдамлигини мустаҳкамлаб, табиат ва инсониятнинг қайта янгиланишини улуғлаб келмоқда.
Наврўз — кун ва тун тенглашган паллани англатиб, янгиланиш, покланиш ва эзгуликка интилиш рамзи сифатида алоҳида аҳамият касб этади. Бу кунда одамлар бир-бирига эзгу тилаклар билдириб, араз-адоватларни унутиб, янги орзу-умидлар билан келажакка қадам қўядилар. Миллий урф-одат ва анъаналар янада жонланиб, дастурхонлар ёзилиб, халқона ўйин-кулгулар ташкил этилади.
Байрам доирасида шаҳар аҳолиси ва меҳмонлар учун бой концерт дастури тақдим этилди. Саҳнада Ўш шаҳар маданият ва ёшлар бошқармасининг иқтидорли солистлари, Мурас эстрада гуруҳи, Халқ чолғулари оркестри, театр санъаткорлари ҳамда Арууке раққосалар ансамбли ўз санъат намуналарини намойиш этдилар. Ҳар бир чиқиш томошабинларга баҳорнинг ёрқин кайфиятини, миллий маданиятнинг бой меросини ҳис эттирди.
Кечанинг алоҳида меҳмони — таниқли хонанда Гулжигит Сатыбеков бўлиб, унинг ижросидаги қўшиқлар байрамга ташриф буюрганларга кўтаринки руҳ бағишлаб, марказий майдондаги шодликни янада оширди.
Тадбир давомида шаҳар мэри Жанар Акаев ҳамда Қирғиз Республикаси Жогорку Кенгаши раиси Марлен Маматалиев табрик сўзи билан чиқиш қилиб, ушбу байрамнинг халқимиз ҳаётидаги аҳамияти, табиатнинг уйғониши ва ризқ-насибанинг манбаи эканини алоҳида таъкидладилар.
Шунингдек, миллий ўйинлар, кўргазмалар ва халқ анъаналарини акс эттирувчи чиқишлар ташкил этилди. Айниқса, ёш авлод учун Наврўзнинг мазмун-моҳияти, унинг тарбиявий ва маданий аҳамияти кенг ёритилди.
Умуман олганда, Наврўз байрами Ўш шаҳрида юқори даражада ташкил этилиб, халқ бирдамлиги ва миллий қадриятларга бўлган ҳурматни яна бир бор намоён этди. Бу улуғ айём ҳар бир хонадонга тинчлик, барака ва фаровонлик олиб келсин, деган эзгу тилаклар билдирилди.
Шунингдек, кечқурун марказий стадионда Ўзбекистондан ташриф буюрган нуфузли меҳмонлар, халқ артистлари ҳамда Қирғизистонда хизмат кўрсатган маданият намояндалари иштирокида катта концерт дастурини ташкил этиш ишлари йўлга қўйилгани маълум қилинди.
Азиз Ўшликлар, байрамга марҳамат, Наврўз байрамини биргаликда ўтказайлик! 🌺