Адабий Достук-Абадий Достук
ШУҲРАТ ОРИФ
“Күз менен жаздын ортосунда”
Мовароуннахрдан соккон поэзия шамалы
Шуҳрат Орифтин “Мовий эрк” аттуу поэзия жыйнагы түрк тилинде Анкара шаарында жарык көргөн. Акындын поэтикалык дүйнөсүн Кыргызстандын окурмандарына кеңири тааныштыруу максатында бул адабий сын сунушталууда.
Шуҳрат Ориф поэзиясында тема жана идеялык багыт системалуу мүнөзгө ээ. Анын поэтикалык тафаккурунун өзөгүн адам – заман – тагдыр мамилеси түзөт. Акын үчүн ыр эстетикалык көрүнүш гана эмес, руханий эсеп, ички монолог жана тарыхый эс-тутумдун көркөм чагылдырылышы болуп саналат.
Анын ырларында адамдын ички азабы, эс-тутумдун тагдырга тийгизген таасири, жер–журт–мекен сезими, руханий жалгыздык мотиви өзөктүү орунду ээлейт. Лирикалык “мен” байкоочу, ой жүгүртүүчү, талдоочу образ катары көрүнөт. Бул “мен” романтикалык пафостон алыс болуп, интроспективдүү мүнөзгө ээ. Окуялар сүрөттөлбөйт, тескерисинче, аң-сезимден өткөрүлүп, психологиялык-семантикалык таасир жаратат.
Акындын тили жөнөкөй, бирок маанилик чөйрөсү кең. Ал элдик тил менен көркөм тилди айкалыштырат, жасалма метафоралардан качат. Сөз – пафос эмес, эс-тутум. Сөз сезимди жашырбайт, мазмунду ачат. Бул поэтикалык чынчылдыктын негизги белгиси.
Поэзиясында жол, түн, сукут, шамал, журт сыяктуу образдар архетиптик мүнөз алып, жаңы семантикалык өң-түс табат. Айрыкча түн менен сукут ички жалгыздык менен терең ой жүгүртүүнүн символу катары ачылат.
Шуҳрат Ориф заманды тирүү категория катары кабылдайт. Убакыт хронологиялык түшүнүк эмес, психологиялык жана философиялык мейкиндик. Өткөн чак, азыркы учур жана келечек бири-бирине сиңип кетет. Бул өзгөчөлүк акындын поэзиясын постмодернисттик аң-сезимге жакындатканы менен, улуттук рухтан ажыратпайт.
“Мовий эрк” жыйнагындагы ырлардын көбү эркин ыр формасында жазылган. Ички ритм, интонация жана ой агымы композициялык түзүлүштү аныктайт. Ритм уйкаштык аркылуу эмес, ойдун кыймылы аркылуу жаралат.
“Кар. Мен. Жар.” ыры минималисттик поэтикалык үлгү катары бааланат. Үч сөз аркылуу кең маанилик мейкиндик ачылат:
• Кар – тазалык, муздактык, сукут
• Мен – жалгыз аң-сезим
• Жар – сүйүү, жылуулук, очок
Мында муздактык менен жылуулуктун, жалгыздык менен кошо болуунун карама-каршылыгы символдук деңгээлде берилген.
“Кадар имлосу; эски бир сызык” ыры метатексттик мүнөзгө ээ. “Имло” түшүнүгү өзгөртүүгө мүмкүн эмес тагдыр жазуусу катары чечмеленет. Бул көрүнүш акынды соцреалисттик калыптан алыстатып, улуттук поэзиянын ички булактарына жакындатат.
Жалпысынан алганда, Шуҳрат Ориф поэзиясында тышкы окуяларга караганда ички драматизм үстөмдүк кылат. Негизги поэтикалык объект – адамдын өзү эмес, анын заман, тагдыр жана эс-тутум алдындагы абалы.
Шуҳрат Орифтин чыгармачылыгы тематикасы жагынан экзистенциалдык, лирикалык “мен” позициясы боюнча интроверттик, тили жагынан минималисттик жана мазмундук жактан заманбап адамдын ички драмасын чагылдырган бүтүн поэтикалык система катары мүнөздөлөт.
Шухрат Ориф ырлар
МЕН ЭМЕС, ШАМАЛ КЕЧИКТИ
Шамал тааныш сени апкелген,
Таштап кеткен мени ал кыйла...
Көкүрөктө үмүт жан берген,
Сен кайрылып келдиң тагдырдан.
Башаламан ушул дүйнөгө,
Келгенимдин кимге пайдасы?
Өмүр шамал күтүп өткөндөй,
Кырк жыл күттүм бекен шамалды?
Жашоо жөнүн аңдап, түшүнсөм,
Топурагым бөлөк , мен бөлөк.
Күттүрбөсө, Кудай, шамалың,
Мен башкача жашайт өңдөнөм...
*****
Өмүр дарек издеп токтомок
Бир ишарат жетмек а сизден,
Тазарууга рухум шайланмак.
Бу дүйнөнү бөлөп сезимге,
Дүйнө кайра өзүнө айланмак.
Бир ишарат жетмек а сизден,
Жолугууга үмүт бүрдөмөк.
Бизди бөлгөн жылдар уялып,
Ташты жарып сүйүү гүлдөмөк.
Бир ишарат жетмек а сизден,
Тоолор дагы бизге дем болмок.
Көзүңүздү тиктеп өтсөм ээ,
Бу дүйнөдө жалган кем болмок.
Бир ишарат жетмек а сизден,
Өмүр дарек издеп, токтомок.
Желге күлкү болгон жылдарга,
Бир ирмемге тынчтык орномок
Чачыңызга үнсүз көмүлбөй,
Таноолорум баарын айтса экен.
Сактап калмак элем дүйнөнү,
Бир ишарат жетмек а сизден..
*****
*****
АДАМДАРДАЙ КЕЛБЕЙТ ЖАШАГЫМ
Дартың сулуу болчу сенден да,
Мен чынында сүйгөм дартыңды.
Ансыз да өмүр муңдуу чагында.
Мага белек кылдың кайгыны.
Көздөрүмдөн бакыт издейсиң,
"Бакыт шартпы, гүлүм, бизге?"- дейм.
Адамдардай келбей жашагым,
Адамдардай сүйгүм келди бейм.
Татыктуубуз улуу тагдырга,
Бактылуулук — майда тилек бир.
Көздөрүңдө муңдуу жаш көрдүм,
Өлүм — чечим эмес бизге эми.
*****
Атыңды атап өлүү бар
Атыңды атап өлүү бар
Ортобузда жыйырма күз бар,
Жыйырма бейбаш көктөм бар.
Ортобузда — бактылуулар,
Биз — бактылуу карыптар.
Ортобузда — үнсүз жылдар,
Миллиарддаган адамдар.
Ортобузда — дудук көңүл,
Дүрбөлөңдүү тынчтык бар.
Жолугуу бар ортобузда,
Бак тургузган бийик дар,
Жыйырма тамчы көз жаш, анан
Жалыны өчпөс билик бар.
Ортобузда чарчайт тагдыр,
Кимдер келип, ким кетпейт.
Ортобузда жашайт дүйнө,
Бирок, бизге дем жетпейт.
Ортобузда сүйүүбүз бар,
Жанды үнсүз бөлүү бар.
Өлүмдү да суктандырып,
Атыңды атап өлүү бар.
*****
КААБАДА
Кыялдай жолдорум — чексиздик,
Бу жолдо жел болуп, желдим мен.
Кудайым, ачылсын эшигиң,
Өзүмдү ээрчитип келдим мен.
Башка бир жолго кул кылбадым,
Өмүрүм өзүңдөн башталат.
Жолдордун баардыгы кыйрады,
Жан кайра өзүңдөн жай табат.
Тирүүлүк, өмүрүм көз ачкан —
Турмуштан чегерген белетим.
Бутум — жер, көңүлүм — көк асман,
Өзүңдөн кабарым күтөмүн.
Кайрат жок ыйлоого, чөгүүгө,
Тагдырым үстүмөн көп күлөт.
Кыялдай жолум бар өмүрдө,
Дарегим жолума тигилет.
*****
КАР. МЕН жана СҮЙГӨН ЖАР
КАР. МЕН жана СҮЙГӨН ЖАР
Кар каткырат тереземде,
Эрк түшкөндөй асмандан.
Кусалыктан ээрчийт издер,
Сени издеп баскандай.
Өмүр көккө сапырылып,
Тереземден түшкөндөй.
Дагы күттүм келериңди,
Сени издеп күткөндөй.
Кар каткырат тереземде,
Мен мелтиреп караймын.
Сенсиз кардай ээрип, эркем,
Атыңды ичтен атаймын.
*****
Кыялдарда гана биргебиз
Сагынчыма көөмп мен сени,
Жаным тынчтык тапкан убакта,
Неге түндө “амансыңбы” – деп,
Көздөрүмө тиктейт чырактар.
Кайгыма анан көмдүм мен сени,
Кайгыма да сулуу көрүндүң.
Баары сулуу болуп төрөлүп,
Баары сулуу өттү өмүрдөн.
Кыялдарга көмдүм мен сени,
Кыялымды сезим бийледи.
кыялдарда гана биргебиз,
Ушу жалган кошпойт бизди эми.
Тынчтыгыма көмдүм мен сени,
Тагдыр татаал болду дагы да.
Унчукпаймын дилим жанчылып,
Унчукпаймын, сага агылам.
Сени көөмп элестериме,
Жашайм дегем барктап өмүрдү.
Сени эмес, эркем, түшүндүм,
Көмсөм болмок экен өзүмдү.
Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...
Мавзуга оид бошқа хабарлар
- Шеърият гулшани Шухрат Ориф шеърлари энди қирғиз тилида Жамият / Илим-фан / Маданият / Туризм / Жаҳон / Адабиёт
- Оналар ва Қизлар Сиёсат / Ҳукумат / Жиноят / Жамият / Иқтисод / Технология / Илим-фан / Спорт / Маданият / Туризм / Жаҳон / Соғлиқни сақлаш / Молия / Адабиёт / Тиббиёт
- “Семетей”талкууда ---
- Турксойда Юлдузлар ёғдуси Жамият / Илим-фан / Маданият / Туризм / Жаҳон / Адабиёт
- Турксойда Юлдузлар ёғдуси Жамият / Илим-фан / Маданият / Туризм / Жаҳон / Адабиёт
