Материалы за 27.08.2026 » Ақийқат.KG

#КыргызстанАкыйкаты Кыргызстан менен Словениянын RIKO компаниясы кызматташуусу талкууланды

   Бүгүн, 27-августта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө словениялык компанияга Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, экономиканын негизги багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү долбоорлор тууралуу маалыматтар тааныштырылды.
«Кыргызстан өз ара пайдалуу кызматташууга ачык жана заманбап технологияларды, ошондой эле эл аралык компаниялардын тажрыйбасын тартууга кызыкдар. Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшүүгө жана узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн зарыл шарттарды түзүүгө даярбыз», — деди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.
Тараптар энергетика жана экономиканын башка артыкчылыктуу тармактарындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. RIKO компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанда иш алып баруу шарттарын жана келечектүү долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири изилдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.
Жолугушуу Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы ишкердик байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана кызматташуунун жаңы багыттарын аныктоого негиз түздү.
*****
#РеспубликанскаяПрессаAkıykatKG.
Кыргызстан и словенская компания RIKO обсудили перспективы сотрудничества
Сегодня, 27 августа, в Национальном агентстве по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики состоялась встреча с представителями словенской компании RIKO.
В ходе переговоров словенской компании представили инвестиционный потенциал Кыргызстана, ключевые направления экономики и проекты, перспективные для международного партнерства.
“Кыргызстан открыт для взаимовыгодного сотрудничества и заинтересован в привлечении современных технологий и опыта международных компаний. Мы готовы содействовать реализации перспективных инициатив и создавать необходимые условия для долгосрочного партнерства”, — отметил глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров.
Участники рассмотрели перспективы взаимодействия в энергетике и других приоритетных отраслях. Представители RIKO выразили заинтересованность в более детальном изучении условий ведения деятельности в Кыргызстане и возможностях участия в перспективных проектах.
Переговоры стали основой для дальнейшего развития деловых связей между Кыргызстаном и Словенией и поиска новых направлений для сотрудничества.
*****
#ҚирғизистонҲақиқати
Қирғизистон ва Словениянинг RIKO компанияси ҳамкорлик истиқболларини муҳокама қилди

Бугун, 27 август куни Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Миллий инвестициялар агентлигида Словениянинг RIKO компанияси⁠ вакиллари билан учрашув бўлиб ўтди.

Музокаралар давомида словениялик компания вакилларига Қирғизистоннинг инвестициявий салоҳияти, иқтисодиётнинг устувор йўналишлари ҳамда халқаро ҳамкорлик учун истиқболли лойиҳалар ҳақида батафсил маълумот берилди.

«Қирғизистон ўзаро манфаатли ҳамкорликка очиқ бўлиб, замонавий технологиялар ва халқаро компанияларнинг илғор тажрибасини жалб этишдан манфаатдор. Биз истиқболли ташаббусларни амалга оширишга кўмаклашиш ва узоқ муддатли ҳамкорлик учун зарур шарт-шароитларни яратишга тайёрмиз», — деди Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Миллий инвестициялар агентлиги директори Равшанбек Сабиров.

Учрашувда томонлар энергетика ва иқтисодиётнинг бошқа устувор соҳаларидаги ҳамкорлик истиқболларини муҳокама қилдилар. RIKO компанияси вакиллари Қирғизистонда фаолият юритиш шароитлари ҳамда истиқболли лойиҳаларда иштирок этиш имкониятларини янада чуқурроқ ўрганишдан манфаатдор эканликларини билдирдилар.

Мазкур учрашув Қирғизистон ва Словения ўртасидаги ишбилармонлик алоқаларини янада ривожлантириш, шунингдек, ҳамкорликнинг янги йўналишларини белгилаш учун муҳим асос бўлди.

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Ошто органикалык айыл чарбанын келечеги талкууланды

  Илим, инновация жана практика — таза өндүрүш менен туруктуу келечектин негизи

Ош шаарында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү маселелерине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ош мамлекеттик университетинде уюштурулган «Органикалык айыл чарбанын туруктуу өнүгүүсү: илим, инновация жана практика» аттуу жыйынга Кыргызстандын жана Өзбекстандын окумуштуулары, адистери, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү катышты.

Конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин «Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — органикалык айыл чарбасынын бүгүнкү абалын талдоо, тармактагы илимий жетишкендиктер менен практикалык тажрыйбаларды айкалыштыруу жана анын келечектеги өнүгүү багыттарын аныктоо болду.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев катышып, аймак үчүн экологиялык таза айыл чарбасын өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, органикалык өндүрүштү кеңейтүү калкты сапаттуу жана коопсуз азык-түлүк менен камсыз кылуу менен катар, жердин асылдуулугун сактоого, айлана-чөйрөнү коргоого жана айыл жергесинин туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү, Ош мамлекеттик университетинин жана Ош технологиялык университетинин окумуштуулары, ошондой эле Өзбекстандын Анжиян айыл чарба институтунун адистери катышты.

Адистер органикалык продукция өндүрүүнүн заманбап технологиялары, топурактын асылдуулугун сактоо жана жогорулатуу, өсүмдүктөрдү биологиялык ыкмалар менен коргоо, биокоопсуздукту камсыз кылуу сыяктуу маанилүү маселелерди кеңири талкуулашты. Ошондой эле илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын өндүрүшкө киргизүү, фермерлерге жаңы технологияларды жайылтуу жана органикалык продукциянын рыногун кеңейтүү маселелерине да көңүл бурулду.

Бүгүн дүйнө жүзүндө экологиялык жактан таза, ден соолукка зыянсыз азык-түлүккө болгон суроо-талап улам өсүп жатат. Мындай шартта органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү Кыргызстандын агрардык тармагы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Айрыкча жаратылыш шарты жана айыл чарба өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү органикалык продукцияны көбөйтүүгө ыңгайлуу болгон Ош облусу үчүн бул багыт чоң экономикалык жана социалдык мааниге ээ.

Конференциянын жүрүшүндө айтылган сунуш-пикирлердин негизинде Ош облусунда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган илимий негизделген практикалык сунуштар иштелип чыкты. Алар келечекте тармакты системалуу өнүктүрүүгө, илим менен өндүрүштүн байланышын чыңдоого жана аймакта экологиялык таза продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө кызмат кылмакчы.

«Илимден — таза өндүрүшкө, таза өндүрүштөн — туруктуу келечекке!» деген ураан алдында өткөн эл аралык конференция органикалык айыл чарбасы жөн гана жаңы багыт эмес, келечек муундардын саламаттыгы, жердин берекеси жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу менен түздөн-түз байланышкан стратегиялык маселе экенин дагы бир ирет айгинеледи.
*****

   Халқаро экспертлар Ўшда органик қишлоқ хўжалигининг истиқболларини муҳокама қилдилар

Бугун, 24 август куни Ўш давлат университетида «Органик қишлоқ хўжалигини барқарор ривожлантириш: илм-фан, инновация ва амалиёт» мавзусида халқаро илмий-амалий конференция бўлиб ўтди. Тадбир Президентнинг «Органик қишлоқ хўжалигининг миллий куни тўғрисида»ги фармонини амалга ошириш доирасида ташкил этилди.

Конференцияда Қирғиз Республикаси Президентининг Ўш вилоятидаги ваколатли вакилининг биринчи ўринбосари Мирлан Орозбаев иштирок этиб, вилоятда органик қишлоқ хўжалигини ривожлантиришнинг аҳамиятига алоҳида тўхталди.

Анжуманда Қирғиз Республикаси Сув ресурслари, қишлоқ хўжалиги ва қайта ишлаш саноати вазирлиги, Ўш давлат университети, Ўш технология университети, шунингдек, Ўзбекистоннинг Андижон қишлоқ хўжалиги институти олимлари, халқаро экспертлар ҳамда қишлоқ хўжалиги маҳсулотлари ишлаб чиқарувчилари иштирок этдилар.

Тадбир доирасида органик маҳсулот ишлаб чиқаришнинг замонавий технологиялари, тупроқ унумдорлигини сақлаш, биологик ҳимоя ва биохавфсизлик масалалари атрофлича муҳокама қилинди.

Муҳокамалар якунида Ўш вилоятида органик қишлоқ хўжалигини ривожлантиришга қаратилган илмий асосланган амалий тавсиялар ишлаб чиқилди.

Конференциянинг асосий шиори:

«Илмдан — тоза ишлаб чиқариш сари, тоза ишлаб чиқаришдан — барқарор келажак сари!»

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Кыргызстанда Baytik Mountain Resort долбоорун ишке ашыруу боюнча МЖӨ келишимине кол коюлду

Бүгүн, 27-августта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте «Baytik Mountain Resort» жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерин түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу үч тараптуу келишимге кол коюлду.
Документ Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун ачык акционердик коому, «Valmont Group» жоопкерчилиги чектелген коому жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ортосунда түзүлдү.
Долбоор Чүй облусунун Кашка-Суу айылынын аймагында заманбап, жыл бою иштей турган тоо-туристтик кластерди түзүүнү карайт. Анын курамында тоо лыжа жана туристтик инфраструктура, асма жолдор, жасалма кар жаадыруу системалары менен жабдылган тоо лыжа трассалары, жайкы эс алуу жайлары, мейманкана комплекстери, ресторандар, SPA-комплекстери, MICE-борборлор, үй-бүлөлүк жана активдүү эс алуу объекттери, ошондой эле инженердик, транспорттук жана санариптик инфраструктура түзүлөт.
Долбоордун жалпы наркы 127,9 млн АКШ долларын түзөт. Аны каржылоо China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) стратегиялык өнөктөшүнүн EPC+F модели боюнча каржылоосунун, «Элдик Банк» ААКтын насыялык каражаттарынын, жеке өнөктөштүн өздүк каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
«Бул келишимге кол коюу - туризм тармагындагы ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруудагы маанилүү кадам. Baytik Mountain Resort туристтер үчүн заманбап, жыл бою иштей турган эс алуу борборуна айланып, аймактын өнүгүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана инвестиция тартууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз. Ири долбоорлор заманбап технологияларды колдонуу менен ишке ашырылып, узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык натыйжа берүүсү биз үчүн маанилүү», — деди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.
Долбоорду куруу этабында кеминде 1 500 жумуш ордун түзүү, ал эми объект пайдаланууга берилгенден кийин 800дөн кем эмес туруктуу жумуш ордун камсыз кылуу пландалууда. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын үлүшү кеминде 80 пайызды түзүүгө тийиш.
Ошондой эле долбоордун алкагында Smart Resort санариптик башкаруу системасын, энергияны үнөмдөөчү чечимдерди, кайра жаралуучу энергия булактарын жана заманбап экологиялык технологияларды киргизүү каралган.
Жеке өнөктөш долбоорду каржылоо, куруу, жабдуу, пайдаланууга берүү жана андан ары техникалык тейлөө боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат. Долбоор этап-этабы менен ишке ашырылып, инфраструктуранын биринчи кезегин 4–5 жыл аралыгында пайдаланууга берүү пландалууда.
Baytik Mountain Resort Кыргызстандын туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө, өлкөнүн жыл бою иштей турган туристтик багыт катары потенциалын жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана узак мөөнөттүү инвестицияларды тартууга багытталган ири долбоорлордун бири болот.
*****
#РеспубликанскаяПрессаAkiykatKG

В Кыргызстане подписано соглашение о ГЧП по реализации проекта Baytik Mountain Resort
Сегодня, 27 августа, в Национальном агентстве по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики состоялось трехстороннее подписание Соглашения о государственно-частном партнерстве по реализации проекта «Всесезонный горно-туристический кластер Baytik Mountain Resort».
Соглашение подписали ОАО «Фонд поддержки развития туризма в Кыргызской Республике», ОсОО «Valmont Group» и Национальное агентство по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики.
Проект предусматривает создание современного всесезонного горно-туристического кластера в Чуйской области, в районе села Кашка-Суу. Здесь планируется строительство горнолыжной и туристической инфраструктуры, канатных дорог и трасс с системами искусственного оснежения, гостиничных комплексов, ресторанов, SPA- и MICE-центров, а также объектов для семейного и активного отдыха.
Общая стоимость проекта составляет 127,9 млн долларов США. Финансирование планируется обеспечить за счет средств стратегического партнера China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) в рамках модели EPC+F, заемного финансирования ОАО «Элдик Банк», собственных средств частного партнера и других источников, не запрещенных законодательством Кыргызской Республики.
«Подписание соглашения — это важный шаг в реализации крупного инвестиционного проекта в туристической сфере. Мы рассчитываем, что Baytik Mountain Resort станет современным всесезонным центром притяжения для туристов, будет способствовать развитию региона, созданию новых рабочих мест и привлечению инвестиций. Для нас важно, чтобы крупные проекты реализовывались с применением современных технологий и приносили долгосрочный социально-экономический эффект», — отметил глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров.
На этапе строительства планируется создать не менее 1 500 рабочих мест, а после ввода объекта в эксплуатацию — не менее 800 постоянных. При этом доля граждан Кыргызской Республики среди создаваемых рабочих мест должна составлять не менее 80 процентов.
Проект также предусматривает внедрение цифровой системы управления курортом Smart Resort, энергоэффективных решений, возобновляемых источников энергии и современных экологических технологий.
Частный партнер берет на себя обязательства по проектированию, финансированию, строительству, оснащению, вводу в эксплуатацию и дальнейшему техническому обслуживанию объектов. Реализация будет проходить поэтапно, с вводом первой очереди инфраструктуры в течение 4–5 лет.
Baytik Mountain Resort станет одним из крупных проектов в сфере туристической инфраструктуры, направленных на развитие потенциала Кыргызстана как всесезонного туристического направления, создание новых рабочих мест и привлечение долгосрочных инвестиций.
*****
#ҚирғизистонҲақиқати

Қирғизистонда «Baytik Mountain Resort» лойиҳасини амалга ошириш бўйича давлат-хусусий шериклик келишуви имзоланди

Бугун, 27 август куни Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентликда йил давомида фаолият юритадиган «Baytik Mountain Resort» тоғ-туризм кластерини ташкил этиш лойиҳасини амалга ошириш бўйича давлат-хусусий шериклик тўғрисида уч томонлама келишув имзоланди.

Ҳужжат Қирғиз Республикасида Туризмни ривожлантиришни қўллаб-қувватлаш жамғармаси очиқ акциядорлик жамияти, «Valmont Group» масъулияти чекланган жамияти ҳамда Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик ўртасида тузилди.

Лойиҳа Чуй вилоятининг Қашқа-Суу қишлоғи ҳудудида замонавий, йил давомида фаолият юритадиган тоғ-туризм кластерини барпо этишни назарда тутади. Унинг таркибида тоғ-чанғи ва сайёҳлик инфратузилмаси, осма йўллар, сунъий қор ёғдириш тизимлари билан жиҳозланган тоғ-чанғи трассалари, ёзги дам олиш масканлари, меҳмонхона мажмуалари, ресторанлар, SPA-мажмуалари, MICE-марказлари, оилавий ва фаол дам олиш объектлари, шунингдек, муҳандислик, транспорт ва рақамли инфратузилма барпо этилади.

Лойиҳанинг умумий қиймати 127,9 миллион АҚШ долларини ташкил этади. Уни молиялаштириш стратегик ҳамкор — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) томонидан EPC+F модели асосида ажратиладиган маблағлар, «Элдик Банк» ОАЖнинг кредит маблағлари, хусусий ҳамкорнинг ўз маблағлари ҳамда Қирғиз Республикаси қонунчилигида тақиқланмаган бошқа манбалар ҳисобидан амалга оширилади.

«Ушбу келишувнинг имзоланиши туризм соҳасидаги йирик инвестициявий лойиҳани амалга оширишдаги муҳим қадамдир. Baytik Mountain Resort сайёҳлар учун замонавий, йил давомида фаолият кўрсатадиган дам олиш марказига айланиб, ҳудуднинг ривожланишига, янги иш ўринлари яратилишига ва инвестициялар жалб қилинишига хизмат қилади, деб ишонамиз. Биз учун йирик лойиҳаларнинг замонавий технологиялардан фойдаланган ҳолда амалга оширилиши ва узоқ муддатли ижтимоий-иқтисодий самара бериши муҳим», — деди Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик директори Равшанбек Сабиров.

Лойиҳани қуриш босқичида камида 1 500 та иш ўрни яратиш, объект фойдаланишга топширилгандан сўнг эса камида 800 та доимий иш ўрнини таъминлаш режалаштирилган. Бунда яратиладиган иш ўринларида Қирғиз Республикаси фуқароларининг улуши камида 80 фоизни ташкил этиши лозим.

Шунингдек, лойиҳа доирасида Smart Resort рақамли бошқарув тизимини, энергия тежамкор ечимларни, қайта тикланувчи энергия манбаларини ҳамда замонавий экологик технологияларни жорий этиш кўзда тутилган.

Хусусий ҳамкор лойиҳани молиялаштириш, қуриш, жиҳозлаш, фойдаланишга топшириш ва кейинчалик техник хизмат кўрсатиш бўйича мажбуриятларни ўз зиммасига олади. Лойиҳа босқичма-босқич амалга оширилиб, инфратузилманинг биринчи навбатини 4–5 йил давомида фойдаланишга топшириш режалаштирилган.

Baytik Mountain Resort Қирғизистоннинг сайёҳлик инфратузилмасини ривожлантириш, мамлакатнинг йил давомида сайёҳларни қабул қиладиган туристик йўналиш сифатидаги салоҳиятини ошириш, янги иш ўринлари яратиш ва узоқ муддатли инвестицияларни жалб этишга қаратилган йирик лойиҳалардан бири бўлади.

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Яндекс.Метрика
Cайт "Clicks.KG" Реклама Агентлиги
томонидан ишлаб чиқилган.