







Илим, инновация жана практика — таза өндүрүш менен туруктуу келечектин негизи
Ош шаарында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү маселелерине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ош мамлекеттик университетинде уюштурулган «Органикалык айыл чарбанын туруктуу өнүгүүсү: илим, инновация жана практика» аттуу жыйынга Кыргызстандын жана Өзбекстандын окумуштуулары, адистери, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү катышты.
Конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин «Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — органикалык айыл чарбасынын бүгүнкү абалын талдоо, тармактагы илимий жетишкендиктер менен практикалык тажрыйбаларды айкалыштыруу жана анын келечектеги өнүгүү багыттарын аныктоо болду.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев катышып, аймак үчүн экологиялык таза айыл чарбасын өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, органикалык өндүрүштү кеңейтүү калкты сапаттуу жана коопсуз азык-түлүк менен камсыз кылуу менен катар, жердин асылдуулугун сактоого, айлана-чөйрөнү коргоого жана айыл жергесинин туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү, Ош мамлекеттик университетинин жана Ош технологиялык университетинин окумуштуулары, ошондой эле Өзбекстандын Анжиян айыл чарба институтунун адистери катышты.
Адистер органикалык продукция өндүрүүнүн заманбап технологиялары, топурактын асылдуулугун сактоо жана жогорулатуу, өсүмдүктөрдү биологиялык ыкмалар менен коргоо, биокоопсуздукту камсыз кылуу сыяктуу маанилүү маселелерди кеңири талкуулашты. Ошондой эле илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын өндүрүшкө киргизүү, фермерлерге жаңы технологияларды жайылтуу жана органикалык продукциянын рыногун кеңейтүү маселелерине да көңүл бурулду.
Бүгүн дүйнө жүзүндө экологиялык жактан таза, ден соолукка зыянсыз азык-түлүккө болгон суроо-талап улам өсүп жатат. Мындай шартта органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү Кыргызстандын агрардык тармагы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Айрыкча жаратылыш шарты жана айыл чарба өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү органикалык продукцияны көбөйтүүгө ыңгайлуу болгон Ош облусу үчүн бул багыт чоң экономикалык жана социалдык мааниге ээ.
Конференциянын жүрүшүндө айтылган сунуш-пикирлердин негизинде Ош облусунда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган илимий негизделген практикалык сунуштар иштелип чыкты. Алар келечекте тармакты системалуу өнүктүрүүгө, илим менен өндүрүштүн байланышын чыңдоого жана аймакта экологиялык таза продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө кызмат кылмакчы.
«Илимден — таза өндүрүшкө, таза өндүрүштөн — туруктуу келечекке!» деген ураан алдында өткөн эл аралык конференция органикалык айыл чарбасы жөн гана жаңы багыт эмес, келечек муундардын саламаттыгы, жердин берекеси жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу менен түздөн-түз байланышкан стратегиялык маселе экенин дагы бир ирет айгинеледи.
*****
Халқаро экспертлар Ўшда органик қишлоқ хўжалигининг истиқболларини муҳокама қилдилар
Бугун, 24 август куни Ўш давлат университетида «Органик қишлоқ хўжалигини барқарор ривожлантириш: илм-фан, инновация ва амалиёт» мавзусида халқаро илмий-амалий конференция бўлиб ўтди. Тадбир Президентнинг «Органик қишлоқ хўжалигининг миллий куни тўғрисида»ги фармонини амалга ошириш доирасида ташкил этилди.
Конференцияда Қирғиз Республикаси Президентининг Ўш вилоятидаги ваколатли вакилининг биринчи ўринбосари Мирлан Орозбаев иштирок этиб, вилоятда органик қишлоқ хўжалигини ривожлантиришнинг аҳамиятига алоҳида тўхталди.
Анжуманда Қирғиз Республикаси Сув ресурслари, қишлоқ хўжалиги ва қайта ишлаш саноати вазирлиги, Ўш давлат университети, Ўш технология университети, шунингдек, Ўзбекистоннинг Андижон қишлоқ хўжалиги институти олимлари, халқаро экспертлар ҳамда қишлоқ хўжалиги маҳсулотлари ишлаб чиқарувчилари иштирок этдилар.
Тадбир доирасида органик маҳсулот ишлаб чиқаришнинг замонавий технологиялари, тупроқ унумдорлигини сақлаш, биологик ҳимоя ва биохавфсизлик масалалари атрофлича муҳокама қилинди.
Муҳокамалар якунида Ўш вилоятида органик қишлоқ хўжалигини ривожлантиришга қаратилган илмий асосланган амалий тавсиялар ишлаб чиқилди.
Конференциянинг асосий шиори:
«Илмдан — тоза ишлаб чиқариш сари, тоза ишлаб чиқаришдан — барқарор келажак сари!»