

Бүгүн, 27-августта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө словениялык компанияга Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, экономиканын негизги багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү долбоорлор тууралуу маалыматтар тааныштырылды.
«Кыргызстан өз ара пайдалуу кызматташууга ачык жана заманбап технологияларды, ошондой эле эл аралык компаниялардын тажрыйбасын тартууга кызыкдар. Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга көмөктөшүүгө жана узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн зарыл шарттарды түзүүгө даярбыз», — деди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.
Тараптар энергетика жана экономиканын башка артыкчылыктуу тармактарындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. RIKO компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанда иш алып баруу шарттарын жана келечектүү долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири изилдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.
Жолугушуу Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы ишкердик байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана кызматташуунун жаңы багыттарын аныктоого негиз түздү.
*****
#РеспубликанскаяПрессаAkıykatKG.
Кыргызстан и словенская компания RIKO обсудили перспективы сотрудничества
Сегодня, 27 августа, в Национальном агентстве по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики состоялась встреча с представителями словенской компании RIKO.
В ходе переговоров словенской компании представили инвестиционный потенциал Кыргызстана, ключевые направления экономики и проекты, перспективные для международного партнерства.
“Кыргызстан открыт для взаимовыгодного сотрудничества и заинтересован в привлечении современных технологий и опыта международных компаний. Мы готовы содействовать реализации перспективных инициатив и создавать необходимые условия для долгосрочного партнерства”, — отметил глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров.
Участники рассмотрели перспективы взаимодействия в энергетике и других приоритетных отраслях. Представители RIKO выразили заинтересованность в более детальном изучении условий ведения деятельности в Кыргызстане и возможностях участия в перспективных проектах.
Переговоры стали основой для дальнейшего развития деловых связей между Кыргызстаном и Словенией и поиска новых направлений для сотрудничества.
*****
#ҚирғизистонҲақиқати
Қирғизистон ва Словениянинг RIKO компанияси ҳамкорлик истиқболларини муҳокама қилди
Бугун, 27 август куни Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Миллий инвестициялар агентлигида Словениянинг RIKO компанияси вакиллари билан учрашув бўлиб ўтди.
Музокаралар давомида словениялик компания вакилларига Қирғизистоннинг инвестициявий салоҳияти, иқтисодиётнинг устувор йўналишлари ҳамда халқаро ҳамкорлик учун истиқболли лойиҳалар ҳақида батафсил маълумот берилди.
«Қирғизистон ўзаро манфаатли ҳамкорликка очиқ бўлиб, замонавий технологиялар ва халқаро компанияларнинг илғор тажрибасини жалб этишдан манфаатдор. Биз истиқболли ташаббусларни амалга оширишга кўмаклашиш ва узоқ муддатли ҳамкорлик учун зарур шарт-шароитларни яратишга тайёрмиз», — деди Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Миллий инвестициялар агентлиги директори Равшанбек Сабиров.
Учрашувда томонлар энергетика ва иқтисодиётнинг бошқа устувор соҳаларидаги ҳамкорлик истиқболларини муҳокама қилдилар. RIKO компанияси вакиллари Қирғизистонда фаолият юритиш шароитлари ҳамда истиқболли лойиҳаларда иштирок этиш имкониятларини янада чуқурроқ ўрганишдан манфаатдор эканликларини билдирдилар.
Мазкур учрашув Қирғизистон ва Словения ўртасидаги ишбилармонлик алоқаларини янада ривожлантириш, шунингдек, ҳамкорликнинг янги йўналишларини белгилаш учун муҳим асос бўлди.