#ҚирғизистонЎзбекМатбуоти
#Табрик
#жолонмомитов85
#яшилоламфестивали
#ўзбекистонифтихори
#қирғизистонхақийқати
Ўзбекистон ижодкорларининг Қирғизистондаги адабий чиқишлари кенг эътирофга сазовор бўлди
Қирғизистоннинг қадимий ва маънавият маскани саналмиш — Ўш шаҳрида “TURKSOY” халқаро ташкилоти ташаббуси билан буюк қирғиз шоири, миллий адабиётнинг йирик намояндаларидан бири Жолон Мамытовнинг 85 йиллик юбилейига бағишланган халқаро шеърият фестивали юқори савияда ўтказилди.
Ушбу адабий анжуман туркий халқлар ўртасидаги маънавий ҳамкорлик ва биродарликни янада мустаҳкамлаш, ёш ижодкорларнинг ўзаро тажриба алмашишини таъминлаш, уларнинг овозини кенг жамоатчиликка етказиш мақсадида ташкил этилди.
Фестиваль доирасида Ўзбекистондан ташриф буюрган ёзувчи ва шоирлар гуруҳи, хусусан, “Ёшлар” журнали бош муҳаррири, таниқли адабиётшунос ва шоир Нурилла Чориев бошчилигидаги делегация томонидан намоён этилган адабий чиқишлар Қирғизистон зиёлилари, ёзувчи-шоирлари ҳамда адабиётшунослар томонидан юқори баҳоланди.
Ижодий чиқишлар чуқур маъно ва юксак шеърий савия билан ажралиб турди. Туркий тилдош халқларнинг ўтмиши, бугуни ва келажаги, умуминсоний қадриятлар, муҳаббат ва Ватан ҳақидаги шеърлар қардош халқлар қалбини ларзага солди.
Эътиборли жиҳати шундаки, анжуманда таниқли адабиёт арбоблари ва маданият ходимлари иштирокидаги тантанали маросимда Нурилла Чориев Қирғизистон Миллий Ёзувчилар уюшмаси аъзолигига қабул қилинди. Бу нафақат шахсан шоирнинг, балки бутун ўзбек адабиётининг ҳам минтақада тутган ўрни ва нуфузи юқори эканини тасдиқловчи муҳим воқеа сифатида қайд этилди.
Анжуманда Ўзбекистон, Қозоғистон, Қирғизистон, Туркия, Озарбайжон, Туркманистон ва Венгриядан келган 50 га яқин ёш ижодкор ўз асарларини ўқиш, шеърият, адабиёт ва маънавият борасида фикр алмашиш имконига эга бўлди.
Фестиваль доирасида турли ижодий кечалар, мастер-класслар, китоб тақдимотлари, жонли шеърхонликлар ҳамда адабий-иқтисодий мулоқотлар ташкил этилди.
Фестивалнинг умумий руҳи, шеъриятга бўлган эҳтиром ва ёш қаламкашларга яратилаётган имкониятлар туркий мамлакатлар ўртасидаги маънавий алоқаларнинг мустаҳкам пойдеворига айланмоқда.
——-
Өзбекстандык акын-жазуучулардын Кыргызстандагы адабий чыгыштары кең таанылды
Кыргызстандын байыркы жана маданий борборлорунун бири болгон Ош шаарында “TURKSOY” эл аралык уюмунун демилгеси менен улуу кыргыз акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине арналган эл аралык поэзия фестивалы жогорку деңгээлде өттү.
Бул адабий иш-чара түрк тилдүү элдердин ортосундагы маданий кызматташтыкты чыңдоо, жаш калемгерлердин тажрыйба алмашуусу жана алардын үнүн кеңири коомчулукка жеткирүү максатында уюштурулду.
Фестиваль алкагында Өзбекстандан келген акын-жазуучулар тобу, айрыкча “Ёшлар” журналынын башкы редактору, белгилүү адабиятчы жана акын Нурилло Чориев жетектеген делегациянын адабий чыгыштары кыргыз окурмандары жана адабият күйөрмандары тарабынан жогорку баага татыды.
Алардын чыгармаларында терең маани, көркөм поэтикалык бийиктик жана түрк элдеринин тарыхы, бүгүнкү күнү, келечеги, жалпы адамзаттык баалуулуктар, сүйүү жана мекен темалары камтылып, жүрөктөрдү элжиретти.
Эң маанилүү учур – фестиваль учурунда өтүүчү салтанаттуу жыйында Нурилло Чориев Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзуна мүчө катары кабыл алынды. Бул — акындын гана эмес, жалпы өзбек адабиятынын да аймактагы орду жана кадыр-баркы жогору экенин дагы бир жолу далилдеген маанилүү окуя болду.
Иш-чарага Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Түркмөнстан жана Венгриядан келген 50гө чукул жаш акын-жазуучулар катышып, өз чыгармаларын окуп, адабият жана маданият жаатында пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Фестиваль алкагында чыгармачыл кечелер, мастер-класстар, китеп презентациялары, жандуу поэзия окуулары жана адабий диалогдор уюштурулду.
Бул фестивалдын жалпы руху, поэзияга болгон урмат-сыйы жана жаш калемгерлерге түзүлгөн шарттар түрк дүйнөсүндөгү маданий байланыштардын бекем пайдубалына айланууда.
#ТУРКСОЙ