Низамиддин Эшмурадов - 2001-жыл 21- февралда Самарканд облусунун Нурабад районунда окутуучу үй бүлөсүндө туулган. Азыркы убакытта ал Өзбекстан Мемлекеттик искусство жана маданият институтунда 5-курс студенти. Бир топ конкурстардын жеңүүчүсү. Акындын 2021-жылда "Үмүт мезгили", 2023-жылда "Тилектерим сиздерге тартуу" аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн. Бир топ ырлары ырчылар тарабынан ырдап келишет.
АПАМ КҮТҮП ТУРАТ
Көңүлүмдү сураба менде көңүл жок,
Сагынсам жүрөгүм азаптар жутат.
Жолумда ынтызар, көзү төрт болуп,
Мени алыс жакта апакем күтөт.
Келсе бир дасторкон жайайын деген,
Жолунда жанымды берейин деген.
Баламды боорума катайын деген,
Мени алыс жакта апакем күтөт.
Ооматым жылмайып турбаса дагы,
Достор колдоруну сунбаса дагы.
Эч бир жан сагынып күтпөсө дагы,
Мени алыс жакта апакем күтөт.
Перзент болбодум мен ишке жараган,
Бир ыр жазганым жок көзүң караган.
Жол бергин барайын эй, сен Жараткан,
Мени алыс жакта апакем күтөт.
Апакем бар экен, менин көөнүм ток,
Душмандар артыман ата албайт ок.
Жалаң мени ойлоп бир да тынчы жок,
Мени алыс жакта апакем күтөт.
Жүрөгүм апама ачпасам болбойт,
Ташкенттен белектер албасам болбойт.
Бүгүн мен жанына барбасам болбойт,
Мени алыс жакта апакем күтөт.
КӨКТӨМ
Көктөм, сени сагынган элек,
Жолдоруңду ынтызар карап.
Ооруу жанды кылып бир тетик,
Жалбырак- гүл жыттары тарап.
Байчечекей бой созот кырда,
Нурун чачып жогазын кызыл.
Койун багат койчу адырда,
Ойгонушат тирик жан бүткүл.
Шүгүрчүлүк айтат картаңдар,
Чыктык мына дагы көктөмгө.
Ашык жигит кайра, кат жазат,
Жолдон айдай толуп өткөнгө.
Көктөм, сенин айдай жамалың,
Эргүү берет сен билсең мага.
Кыялымда туулган сезим –
Кубанчымды арнаймын ырда.
Көктө болсо, обонун салып,
Канат кагат турналар өктөм.
Дагы сенин бооруңа кайтып,
Сүрөтүңдү тартамын, көктөм!..
Кусаңда оорулуу жанымда азап,
Жүрөсүңбү, жаным, тынч-аман?
Жолдорубуз айры экен го,
Жолугуу да эми бир арман.
Жарытпайт эч жүрөгүмдү нур,
Күн жылмайып карабайт неге?
Күн нүрүндай тунук сүйүүмдү,
Мен колумда апкелдим сага.
А сен болсо сактай албадың,
Көгүчкөндөй учурдуң көккө.
Тармал-тармал чачтарың сылап,
Мен сен үчүн тутамын желке.
Сүйөмүн деп ыйладың, бирок,
Айталбадың бир да энеңе.
Махабаттан жараланган дил-
Куса оту сыйбайт денеңе.
Бүгүн жоксуң жанымда, бирок
Кыялдарыма чөгөмүн-толом.
Сен каякта бактылуу болсоң,
Мен дагы мында бактылуу болом.