#КыргызстанАкыйкаты
#ҚирғизистонХақиқатиПресса
Эки миң жылдык тарыхка ээ болгон байыркы жана жашарган Маргилан шаары бүгүн дагы бир нукура деңгээлдеги иш-чарага конок болду. Шаардын борборундагы Ижодкорлор багында “Улуу Жибек жолу” эл аралык маком фестивалы — достук жана өнөр майрамы көтөрүңкү маанайда өттү.
Фестивалдын алкагында өткөн сынакка Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Озбекстандын ар кайсы вилояттарынан келген өнөрпоздор ар кыл багыттагы маком чыгармаларды чеберчилик менен аткарышты. Ар бир катышуучунун чыгышы калыстар тобу тарабынан татыктуу бааланды. Салтанаттуу сыйлоо аземинде вилоят хокиминин орун басары Хуршиджон Ахмедов вилоят хокими Хайрулло Бозоровдун фестиваль катышуучуларына жолдогон куттуктоосун окуп берди.
«Эл аралык музыка фестивалына “катта ашула пири” деп даңазаланган Журахон Султонов, атактуу бийчи Тамарахонум, эл артисти Мамуржон Узоков, улуу сөз чебери Юсуфжон кызык Шакаржонов сыяктуу дүйнөгө таанымал көптөгөн өнөр ээлери чыккан Маргилан шаарынын бул фестивалга кожолук кылуусунун өзгөчө символдук мааниси бар. Байыркы тарыхыбыз, бай маданиятыбыз жана түпкү баалуулуктарыбыздын белгиси болгон маком өнөрү терең философиялык тамырлары, кайталангыс көркөм стили жана бай чыгармачыл салттары менен руханий жашообузда маанилүү орунду ээлейт», — деп белгиленди куттуктоо сөзүндө.
Андан соң фестивалдын катышуучуларынын активдүү катышуусу жана чебер аткаруулары үчүн вилоят хокимчилигинин дипломдору жана эстелик белектери тапшырылды. Фестиваль соңунда көркөм топтор жана белгилүү өнөрпоздор катышкан концерттик программа чогулгандарга дагы да майрамдык маанай тартуулады.
*****
Икки минг йиллик тарихга эга кўҳна ва навқирон Марғилон шаҳри бугун яна бир нуфузли тадбирга мезбонлик қилди. Шаҳар марказидаги Ижодкорлар боғида “Буюк Ипак йўли” халқаро мақом фестивали - дўстлик ва санъат байрами кўтаринкилик билан бўлиб ўтди.
Фестиваль доирасида ўтган танловда Туркия, Озарбайжон, Қозоғистон, Қирғиз Республикаси ва Ўзбекистоннинг вилоятларидан келган санъаткорлар турли йўналишдаги мақомларни моҳирона ижро этдилар. Иштирокчиларнинг ҳар бир чиқиши ҳакамлар ҳайъати томонидан муносиб баҳолаб борилди. Тантанали тақдирлаш маросимида вилоят ҳокими ўринбосари Хуршиджон Аҳмедов вилоят ҳокими Ҳайрулло Бозоровнинг фестиваль иштирокчиларига йўллаган табригини ўқиб эшиттирди.
"Халқаро мусиқа фестивалига катта ашула пири деб ном олган Жўрахон Султонов, машҳур раққоса Тамарахоним, халқ ҳофизи Маъмуржон Узоқов, буюк сўз устаси Юсуфжон қизиқ Шакаржонов каби дунёга таниқли кўплаб санъаткорлар этишиб чиққан Марғилон шаҳри мезбонлик қилаётганида ҳам ўзига хос рамзий маъно мужассам. Бизнинг қадимий тарихимиз, бой маданиятимиз, азалий қадриятларимизнинг рамзи бўлган мақом санъати теран фалсафий илдизлари, бетакрор бадиий услуби ва бой ижодий анъаналари билан маънавий ҳаётимизда муҳим ўрин эгаллайди", - дея эътироф этилди табрик сўзида.
Шундан сўнг фестиваль қатнашчилари фаол иштироки ва маҳоратли ижролари учун вилоят ҳокимлигининг диплом ва эсдалик совғалари билан тақдирландилар. Фестиваль якунида бадиий жамоалар ва таниқли санъаткорлар иштирокидаги концерт дастури йиғилганларга янада байрамона кайфият бағишлади.