Кыргызстан Биринчи Корея-Борбордук Азия бизнес-саммитине катышууда





#
, 2026-жылдын 16-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында «Өсүү жана инновациялар үчүн Корея Республикасы менен Борбордук Азиянын кызматташтыгынын келечеги» аталышында Биринчи Корея-Борбордук Азия бизнес-саммити өтүүдө.
Иш-чара биринчи Корея-Борбордук Азия саммитинин алкагында уюштурулуп, Корея Республикасынын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, экономикалык уюмдарынын жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн бир аянтчага чогултууда. Катышуучулар соода-инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ишкердик байланыштарды өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашууда.
Саммитте Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров катышууда. Ал Корея Республикасы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө арналган биринчи панелдик сессияда сөз сүйлөөдө.
«Кыргызстан Корея Республикасы менен инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана кореялык инвестицияларды экономиканын артыкчылыктуу тармактарына тартууга кызыкдар. Бишкекте KOTRA өкүлчүлүгүнүн ачылышын кубаттайбыз жана муну эки өлкөнүн ортосундагы түз ишкердик байланыштарды чыңдоодогу маанилүү кадам катары баалайбыз.
Ошондой эле кореялык тараптын Korean Desk түзүү демилгесин колдойбуз жана анын кореялык бизнес менен түз диалог жүргүзүү, инвестициялык долбоорлорду коштоо жана кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издөөгө багытталган натыйжалуу аянтча катары иш алып баруусу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө даярбыз.
Бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири Саммиттин алкагында Кореянын инфраструктура жана шаарларды өнүктүрүү боюнча корпорациясы менен меморандумга кол коюлушу болду. Мындай өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү кореялык-кыргыз технологиялык өнөктөштүгүнүн жаңы форматын калыптандырууга, заманбап технологияларды киргизүүгө, жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.
Сессиянын жүрүшүндө катышуучулар экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашууда. Саммиттин программасында ошондой эле стратегиялык мааниге ээ пайдалуу кендер жана жеткирүү чынжырлары, өнөр жай, энергетика, инфраструктура жана логистика боюнча панелдик талкуулар каралган.
Саммит өкмөттөр менен ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн практикалык механизмдерин талкуулоо, ошондой эле негизги тармактардагы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Кыргызстандын саммитке катышуусу өлкөнүн инвестициялык потенциалын илгерилетүүгө, кореялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
*****
#РеспубликанскаяПрессаAkiykatKG
Кыргызстан принимает участие в Первом Корейско-Центральноазиатском бизнес-саммите
Сегодня, 16 сентября 2026 года, в Сеуле в рамках официального визита Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Республику Корея проходит Первый Корейско-Центральноазиатский бизнес-саммит на тему «Будущее сотрудничества между Республикой Корея и Центральной Азией во имя роста и инноваций».
Мероприятие проводится в рамках первого Корейско-Центральноазиатского саммита и объединяет представителей государственных органов, экономических организаций и деловых кругов Республики Корея и стран Центральной Азии. Участники рассматривают вопросы расширения торгово-инвестиционного сотрудничества, развития деловых контактов и реализации совместных проектов.
Кыргызскую Республику на саммите представляет глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров. Он выступает на первой панельной сессии, посвященной расширению торгово-инвестиционного сотрудничества между Республикой Корея и странами Центральной Азии.
«Кыргызстан заинтересован в расширении инвестиционного сотрудничества с Республикой Корея и привлечении корейских инвестиций в приоритетные отрасли экономики. Мы приветствуем открытие представительства KOTRA в Бишкеке и рассматриваем его как вклад в укрепление деловых связей между двумя странами.
Поддерживаем инициативу корейской стороны по созданию Korean Desk и готовы создать необходимые условия для его эффективной работы в качестве площадки для диалога с корейским бизнесом, сопровождения инвестиционных проектов и поиска новых направлений взаимодействия. В этом контексте важное значение имеет подписание на полях Саммита меморандума с Корейской корпорацией развития инфраструктуры и городов.
Уверен, что расширение взаимодействия позволит сформировать новый формат корейско-кыргызского технологического партнёрства, внедрять современные технологии, создавать новые производства и реализовывать совместные инвестиционные проекты», - отметил глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров.
В ходе сессии участники обсуждают перспективные направления экономического взаимодействия, возможности для инвестиций и дальнейшее развитие партнерства. Программа саммита также включает панельные дискуссии по вопросам критически важных полезных ископаемых и цепочек поставок, промышленности, энергетики, инфраструктуры и логистики.
Саммит создает условия для обсуждения практических механизмов развития сотрудничества между правительствами и деловыми кругами, а также расширения экономических возможностей в ключевых секторах. Участие Кыргызстана способствует продвижению инвестиционного потенциала страны, развитию сотрудничества с корейскими партнерами и привлечению новых проектов.
*****
#ҚирғизистонҲақиқати
ҚИРҒИЗИСТОН БИРИНЧИ КОРЕЯ–МАРКАЗИЙ ОСИЁ БИЗНЕС-САММИТИДА ИШТИРОК ЭТМОҚДА
Бугун, 2026 йил 16 сентябрь куни, Қирғиз Республикаси Президенти Садир Жапаровнинг Корея Республикасига расмий ташрифи доирасида Сеул шаҳрида «Корея Республикаси ва Марказий Осиёнинг ўсиш ва инновациялар йўлидаги ҳамкорлигининг истиқболлари» мавзусида Биринчи Корея–Марказий Осиё бизнес-саммити бўлиб ўтмоқда.
Мазкур тадбир биринчи Корея–Марказий Осиё саммити доирасида ташкил этилган бўлиб, унда Корея Республикаси ҳамда Марказий Осиё мамлакатларининг давлат органлари, иқтисодий ташкилотлари ва ишбилармон доиралари вакиллари бир майдонга жамланган.
Саммит иштирокчилари савдо-инвестициявий ҳамкорликни кенгайтириш, ишбилармонлик алоқаларини ривожлантириш ҳамда қўшма лойиҳаларни амалга ошириш масалаларини муҳокама қилмоқдалар.
Саммитда Қирғизистон номидан Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик раҳбари Равшанбек Сабиров иштирок этмоқда. У Корея Республикаси ва Марказий Осиё мамлакатлари ўртасидаги савдо-инвестициявий ҳамкорликни кенгайтиришга бағишланган биринчи панел сессиясида нутқ сўзламоқда.
Равшанбек Сабиров ўз нутқида Қирғизистоннинг Корея Республикаси билан инвестициявий ҳамкорликни кенгайтириш ва Корея инвестицияларини иқтисодиётнинг устувор тармоқларига жалб этишдан манфаатдор эканини таъкидлади.
«Бишкек шаҳрида KOTRA ваколатхонасининг очилишини олқишлаймиз ва буни икки мамлакат ўртасидаги тўғридан-тўғри ишбилармонлик алоқаларини мустаҳкамлаш йўлидаги муҳим қадам сифатида баҳолаймиз.
Шунингдек, Корея томонининг Korean Desk ташкил этиш ташаббусини қўллаб-қувватлаймиз. Унинг кореялик бизнес вакиллари билан тўғридан-тўғри мулоқот олиб бориш, инвестициявий лойиҳаларни қўллаб-қувватлаш ва ҳамкорликнинг янги имкониятларини излашга хизмат қиладиган самарали майдон сифатида фаолият юритиши учун зарур шароитларни яратишга тайёрмиз.
Бу йўналишдаги муҳим қадамлардан бири Саммит доирасида Кореянинг инфратузилма ва шаҳарларни ривожлантириш корпорацияси билан меморандум имзолангани бўлди.
Бундай ҳамкорликни янада ривожлантириш Корея–Қирғизистон технологик шериклигининг янги шаклини яратиш, замонавий технологияларни жорий этиш, янги ишлаб чиқариш қувватларини барпо этиш ҳамда қўшма инвестициявий лойиҳаларни амалга оширишга хизмат қилади», — деди Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик раҳбари Равшанбек Сабиров.
Сессия давомида иштирокчилар иқтисодий ҳамкорликнинг истиқболли йўналишлари, инвестицияларни жалб этиш имкониятлари ҳамда шерикликни янада ривожлантириш масалаларини муҳокама қилмоқдалар.
Саммит дастуридан, шунингдек, стратегик аҳамиятга эга фойдали қазилмалар ва таъминот занжирлари, саноат, энергетика, инфратузилма ҳамда логистика масалаларига бағишланган панел муҳокамалари ўрин олган.
Мазкур саммит ҳукуматлар ва ишбилармон доиралар ўртасидаги ҳамкорликни ривожлантиришнинг амалий механизмларини муҳокама қилиш, шунингдек, асосий тармоқларда иқтисодий имкониятларни кенгайтириш учун муҳим мулоқот майдони вазифасини ўтамоқда.
Қирғизистоннинг саммитдаги иштироки мамлакатнинг инвестициявий салоҳиятини халқаро майдонда илгари суриш, кореялик ҳамкорлар билан алоқаларни кенгайтириш ва янги инвестициявий лойиҳаларни амалга ошириш учун қўшимча имкониятлар яратишга қаратилган.
Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...