Материалы за 09.09.2026 » Страница 2 » Ақийқат.KG

Это было поистине событие мирового масштаба, большой праздник культуры, дружбы и единения народов.

#КыргызстанАкыйкаты
От всей души выражаем искреннюю благодарность Министерству культуры, организаторам, волонтёрам, коллегам — всем, кто своим трудом, вниманием и преданностью сделал этот праздник по-настоящему незабываемым!

Это было поистине событие мирового масштаба, большой праздник культуры, дружбы и единения народов.

Для узбекской прессы AkiykatKG было большой честью стать частью этого исторического торжества. Мы благодарны за возможность быть вместе с вами на этом большом празднике, разделить его радость, эмоции и незабываемую атмосферу.

Спасибо за гостеприимство, за доверие и за этот великий праздник, который мы пережили !Всегда готовы поработать с такой организационной,сплаченной командой в месте и сообща🤝🥰🤗🤗🤗🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

ДКО-2026: МАЙРАМДЫН АРТЫНДА ТУРГАН КААРМАНДАР

[spoiler][/spoiler]


Тез жардам кызматкерлери, куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр жана коопсуздук кызматтары — чоң майрамдын көрүнбөгөн сакчылары

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. Чемпиондор аныкталып, улуттук оюндар жана маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген меймандар Кыргызстандын табияты, маданияты жана меймандостугу менен таанышты.

Бул ири иш-чаранын тынч жана коопсуз өтүшүндө көзгө көп илине бербеген, бирок жоопкерчилиги зор кызматтар — тез медициналык жардам, куткаруу, өрт коопсуздугу жана коомдук тартипти камсыз кылган кызматкерлер маанилүү роль аткарышты.

20 БРИГАДА, 80 КЫЗМАТКЕР

Тез медициналык жардам тобу оюндардын ачылыш аземинен кийин эле Кырчын жайлоосуна жөнөдү. Бир жума бою талаа шартында 20 бригададан турган 80 кызматкер күнү-түнү кызмат өтөдү.

Жалпысынан ДКО-2026нын өтүүчү жайларында медициналык кызматка 340тан ашуун медицина кызматкери тартылды. Кырчында 10 тез жардам бригадасы, 6 медициналык пункт жана көчмө госпиталь иштеди.

Көчмө госпиталь 21 атайын автоунаа жана 31 палатадан туруп, анын курамында операциялык бөлмө, рентген, УЗИ, лаборатория, реанимация жана көчмө дарыкана уюштурулду. Госпиталь суткасына 150гө чейин бейтапты кабыл алып, 20га чейин операция жасоого мүмкүнчүлүк түздү.

1 516 МЕДИЦИНАЛЫК МУРОЖААТ

Оюндар учурунда медициналык жардам алуу үчүн 1 516 адам кайрылды. Алардын 1 003ү Кырчында катталса, көчмө госпиталда 264 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Алардын арасында 150 чет өлкөлүк мейман да бар.

Жалпысынан 273 жаракат алуу жана 101 шашылыш медициналык абал катталып, 75 бейтап ооруканага жаткырылды. Бир бейтаптын абалы оорлошкондо, ал тик учак менен Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткирилди.

Бул сандар жөн гана статистика эмес. Ар бир кайрылуунун артында адамдын ден соолугу жана өмүрү турат. Медиктердин негизги милдети — ар бир учурда жардамды өз убагында көрсөтүү болду.

КУТКАРУУЧУЛАР — ДАЙЫМА ДАЯР

ДКО-2026нын коопсуздугун камсыз кылууга 300дөн ашуун куткаруучу жана 79 атайын техника тартылды. Алардын арасында куткаруу жана өрт өчүрүүчү автоунаалар, көчмө госпиталь жана эки тик учак болду.

Куткаруу посттору негизги иш-чара өтүүчү жайлардан тышкары Бишкек — Балыкчы — Каракол багытында, Боом жана Куак капчыгайларында, Токмок, Тамчы жана Өрнөк аймактарында да уюштурулду.

Кырчын этношаарчасында жүздөгөн боз үйлөр, ашканалар жана сахналар жайгашкандыктан, өрт коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чаралар башталганга чейин объектилер текшерилип, өрт өчүрүүчү каражаттардын даярдыгы көзөмөлдөндү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлер транспорт агымын жөнгө салып, тыгындардын алдын алып, чет өлкөлүк меймандарга жол көрсөтүп, коомдук тартипти сактоого салым кошту.

Кырчында адашып калган кичинекей баланын апасы да видеокөзөмөл аркылуу тез арада аныкталып, эне-бала кыска убакыттын ичинде кайра табыштырылды.

МАЙРАМДЫН КӨРҮНБӨГӨН КААРМАНДАРЫ

ДКО-2026нын сахнасында чемпиондор, спортчулар жана өнөр адамдары алкышка бөлөндү. Ал эми майрамдын тынч жана коопсуз өтүшүнүн артында бир жума бою нөөмөттө турган жүздөгөн адистин эмгеги турду.

Тез жардам кызматкерлери, куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр жана коопсуздук кызматтары үчүн эң чоң жыйынтык — медаль эмес, милдеттердин толук аткарылып, оюндардын тынч жана коопсуз өтүшү болду.

Бул кызматтар үчүн ДКО-2026 чоң жоопкерчилик менен катар, масштабдуу эл аралык иш-чараларды коштоп жүрүү боюнча баа жеткис тажрыйба мектеби болду.

ДКО-2026 аяктады. Ал эми майрамдын коопсуздугун камсыз кылган адамдар өз милдетин абийир менен аткарышты.

Алардын ар бирине — чоң рахмат!
*****
#ҚирғизистонҲақиқати
ДКЎ-2026: БАЙРАМ ОРТИДА ТУРГАН ҚАҲРАМОНЛАР

Тез ёрдам, қутқарувчилар, ёнғин ўчирувчилар ва хавфсизлик ходимлари — катта байрамнинг кўринмас посбонлари

VI Жаҳон кўчманчилар ўйинлари якунланди. Чемпионлар аниқланди, миллий ўйинлар ва маданий дастурлар ўтказилди, дунёнинг турли мамлакатларидан келган меҳмонлар Қирғизистонни кашф этди.

Бу улкан тадбирнинг осойишта ва хавфсиз ўтишида эса кўзга кўринмайдиган, аммо масъулияти ниҳоятда катта бўлган хизматлар — тез тиббий ёрдам, қутқарув, ёнғин хавфсизлиги ва ҳуқуқ-тартибот ходимлари муҳим ўрин тутди.

20 БРИГАДА, 80 ХОДИМ

Тез тиббий ёрдам жамоаси ўйинларнинг очилиш маросимидан сўнгёқ Қирчин яйловига йўл олди. Бир ҳафта давомида дала шароитида 20 та бригада ва 80 нафар ходим хизмат қилди.

Умуман, ДКЎ-2026 майдонларида тиббий хизматга 340 нафардан ортиқ тиббиёт ходими жалб этилди. Қирчинда 10 та тез ёрдам бригадаси, 6 та тиббий пункт ва кўчма госпиталь фаолият кўрсатди.

Кўчма госпиталь 21 та махсус автомашина ва 31 та палатадан иборат бўлиб, унда операция хонаси, рентген, УЗИ, лаборатория, реанимация ва кўчма дорихона ташкил этилди. У суткасига 150 нафаргача беморни қабул қилиш ва 20 тагача операция ўтказиш имкониятига эга бўлди.

1 516 МУРОЖААТ

Ўйинлар давомида тиббий ёрдам сўраб 1 516 киши мурожаат қилди. Қирчинда 1 003 та мурожаат қайд этилди, кўчма госпитальда 264 нафарга ёрдам кўрсатилди. Мурожаат қилганлар орасида 150 нафар хорижлик меҳмон ҳам бор.

Жами 273 та жароҳатланиш, 101 та шошилинч ҳолат қайд этилди, 75 нафар бемор шифохонага ётқизилди. Бир бемор оғир аҳволда вертолёт орқали Балиқчи шаҳридаги шифохонага етказилди.

Рақамлар ортида инсон тақдири турибди. Ҳар бир мурожаатга ўз вақтида жавоб бериш — тиббий хизматнинг энг муҳим вазифаси бўлди.

ҚУТҚАРУВЧИЛАР — ДОИМ ТАЙЁР

ДКЎ-2026 хавфсизлигини таъминлаш учун 300 нафардан ортиқ қутқарувчи ва 79 та махсус техника сафарбар этилди. Улар таркибида қутқарув ва ёнғин ўчириш машиналари, кўчма госпиталь ҳамда икки вертолёт бор эди.

Қутқарув постлари асосий тадбир майдонлари билан бир қаторда Бишкек — Балиқчи — Қоракўл йўналиши, Боом ва Қуак даралари, Тўқмоқ, Тамчи ва Ўрнөк ҳудудларида ҳам ташкил этилди.
Қирчиндаги этношаҳарчада юзлаб ўтовлар, ошхоналар ва саҳналар жойлашгани учун ёнғин хавфсизлигига алоҳида эътибор қаратилди. Тадбирлардан олдин объектлар текширилиб, ёнғинга қарши воситалар назоратдан ўтказилди.
Йўл ҳаракати хавфсизлиги ходимлари эса транспорт оқимини бошқариш, тирбандликларнинг олдини олиш ва меҳмонларга йўл-йўриқ кўрсатиш билан бирга, жамоат тартибини таъминлашга ҳисса қўшди.
Қирчинда адашиб қолган кичик боланинг онаси видеокузатув орқали аниқланиб, улар тезда қайта бирлаштирилди.

БАЙРАМНИНГ КЎРИНМАС ҚАҲРАМОНЛАРИ

ДКЎ-2026нинг саҳнасида чемпионлар ва санъаткорлар олқишланди. Аммо байрамнинг хавфсизлиги ортида бир ҳафта давомида навбатчилик қилган юзлаб мутахассислар турди.

Тез ёрдам ходимлари, қутқарувчилар, ёнғин ўчирувчилар ва хавфсизлик хизматлари учун энг катта натижа — медаль эмас, барча вазифаларнинг тўлиқ бажарилиши ва ўйинларнинг тинч ўтиши эди.
Бу жамоалар ДКЎ-2026 давомида улкан тажриба орттирди. Улар яна бир бор исботлади: катта халқаро тадбирнинг ҳақиқий муваффақияти фақат саҳнадаги томоша эмас, балки унинг ортида турган профессионал ва фидокор инсонларнинг меҳнати билан таъминланади.

ДКЎ-2026 якунланди. Улар эса ўз вазифасини шараф билан адо этди.

Уларнинг ҳар бирига— катта раҳмат!

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Яндекс.Метрика
Cайт "Clicks.KG" Реклама Агентлиги
томонидан ишлаб чиқилган.