АЛАЙДА ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 35 ЖЫЛДЫГЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ






Эгемендүүлүк — элдин эркин тандоосун, улуттук мамлекеттүүлүгүн жана келечекке болгон ишенимин айгинелеген улуу баалуулук. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Ош облусунун бардык аймактарында кеңири масштабдагы майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, айтылуу дата татыктуу белгиленди.
Быйылкы Эгемендүүлүк күнү өлкөбүздүн тарыхындагы маанилүү мезгилдерди эске салган, улуттук биримдиктин жана мамлекеттүүлүктүн баалуулугун дагы бир ирет даңазалаган өзгөчө маанилүү майрам катары өтүүдө. Ушул улуу датага карата Ош облусунун жети районунда жана шаарларында маданий-көпчүлүк иш-чаралар өткөрүлүп, анда элибиздин тарыхы, салт-санаасы, улуттук баалуулуктары жана бүгүнкү жетишкендиктери кеңири чагылдырылды.
Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралардын бири Алай районунда жогорку деңгээлде уюштурулду. Майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев катышып, Алай элин айтылуу тарыхый дата менен куттуктады.
Өз сөзүндө Мирлан Орозбаев эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан басып өткөн тарыхый жолго токтолуп, мамлекеттин келечеги биринчи кезекте элдин ынтымагына, коомдогу туруктуулукка жана мекенчилдик сезимине байланыштуу экенин белгиледи. Ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, социалдык-экономикалык өнүгүү багытындагы иштер жана аймактардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган демилгелер тууралуу сөз кылып, Алай районунун элине бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, тынчтык жана береке каалады.
— Эгемендүүлүк — бул бизге ата-бабаларыбыздан калган эң ыйык мурас жана ошол эле учурда келечек муундардын алдындагы чоң жоопкерчилик. Мамлекетибиздин өнүгүшү, элдин жашоо-турмушунун жакшырышы жана Кыргызстаныбыздын дүйнөдөгү татыктуу ордун табышы жалпыбыздын аракетибизге байланыштуу, — деген мазмундагы жылуу каалоо-тилектер айтылды.
Салтанатка Алай районунун акими Адыл Сапаров, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, коомдук ишмерлер, аксакалдар, жаштар, эмгек жамааттарынын өкүлдөрү жана район тургундары катышты.
Алай жергесинин эли үчүн Эгемендүүлүк күнү өзгөчө мааниге ээ. Тарыхы терең, элинин каада-салты бекем сакталган бул аймакта улуттук нарк-насилге, ата-бабадан калган мураска жана мекенчилдик баалуулуктарга өзгөчө маани берилет. Майрамдык салтанатта да дал ушул руханий баалуулуктар кеңири чагылдырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө көркөм чыгармачылык жамааттардын жана таланттуу өнөрпоздордун катышуусунда чоң концерттик программа тартууланды. Анда кыргыз элинин салттуу музыкасы, обондуу ырлары, улуттук бийлери жана фольклордук чыгармалары аткарылып, көрүүчүлөргө көтөрүңкү маанай тартуулады.
Мындан тышкары, майрамдын ажырагыс бөлүгү болгон улуттук оюндар боюнча мелдештер уюштурулуп, анда жаштар жана спорт сүйүүчүлөрү өз күчүн сынашты. Улуттук оюндар кыргыз элинин кылымдардан бери келаткан салттарын, эр жүрөктүгүн, шамдагайлыгын жана ата-бабалардын мурасын кийинки муундарга жеткирүүдөгү маанилүү каражат экенин дагы бир ирет далилдеди.
Майрамдык иш-чаранын жалпы маанайы Алай элинин ынтымагын, мекенчилдигин жана өлкөнүн келечегине болгон ишенимин айгинеледи. Айрыкча жаштардын активдүү катышуусу эгемендүү Кыргызстандын келечеги билимдүү, мекенчил жана демилгелүү муундун колунда экенин көрсөттү.
Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы — өткөндү эскерип, бүгүнкү жетишкендиктерди баалап, келечекке жаңы максаттарды белгилөө үчүн маанилүү учур. Бул дата ар бир жаранга мамлекеттин тагдырына кайдыгер карабоо, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуу жана коомдогу ынтымакты бекемдөө зарылдыгын эске салат.
Алай районундагы салтанат да дал ушундай маанайды камтып, мамлекеттик эгемендүүлүктүн маанисин даңазалаган, элди биримдикке жана мекенди сүйүүгө үндөгөн мазмундуу майрамдык иш-чара катары өттү.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы жалпы өлкө боюнча белгиленип жаткан бул күндө Алайдын ак калпактуу эли да өзүнүн Мекенге болгон сүйүүсүн, элдик салтын жана биримдигин даңазалап, эгемен өлкөнүн жаркын келечегине болгон ишенимин билдирди.
*****
#РеспубликанскаяПрессаAkiykatKG
В АЛАЙСКОМ РАЙОНЕ ТОРЖЕСТВЕННО ОТМЕТИЛИ 35-ЛЕТИЕ НЕЗАВИСИМОСТИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
31 августа — День независимости Кыргызской Республики — один из важнейших государственных праздников, символизирующий свободу, суверенитет и право народа самостоятельно определять свое будущее. В этом году страна отмечает 35-летие государственной независимости. В честь знаменательной даты во всех районах Ошской области прошли праздничные мероприятия, объединившие представителей местных органов власти, старшее поколение, молодежь и жителей регионов.
Особое торжество состоялось в Алайском районе. Праздничное мероприятие прошло в атмосфере единства, патриотизма и уважения к истории независимого Кыргызстана.
В торжествах принял участие первый заместитель полномочного представителя Президента Кыргызской Республики в Ошской области Мирлан Орозбаев. От имени руководства области он поздравил жителей Алайского района с 35-летием независимости Кыргызской Республики и пожелал каждой семье мира, благополучия, здоровья и достатка.
В своем выступлении Мирлан Орозбаев подчеркнул историческое значение независимости для кыргызского народа, отметив, что за прошедшие десятилетия страна прошла важный и непростой путь становления государственности. По его словам, независимость является не только важнейшим достижением народа, но и большой ответственностью перед будущими поколениями.
Особое внимание было уделено вопросам дальнейшего развития Кыргызстана, укреплению общественного согласия и стабильности, повышению благосостояния населения и созданию новых возможностей для социально-экономического развития регионов.
— Независимость — это наше величайшее национальное достояние, которое мы обязаны бережно сохранять и передавать будущим поколениям. Будущее страны зависит от единства народа, мира и стабильности, а также от вклада каждого гражданина в развитие родной страны, — прозвучало в ходе праздничного мероприятия.
В торжествах также приняли участие аким Алайского района Адыл Сапаров, представители районной государственной администрации, органов местного самоуправления, аксакалы, общественные деятели, представители трудовых коллективов, молодежь и жители района.
Для жителей Алая День независимости имеет особое значение. Этот край с богатой историей, самобытной культурой и глубокими национальными традициями всегда отличался бережным отношением к духовному наследию народа. Праздничная программа стала ярким отражением этих ценностей.
Одним из главных событий торжества стала концертная программа, подготовленная творческими коллективами и талантливыми исполнителями района. Со сцены звучали кыргызские народные песни, музыкальные произведения, были представлены национальные танцы и фольклорные номера. Яркие выступления подарили зрителям праздничное настроение и стали своеобразным музыкальным посвящением родной стране.
Особое место в программе заняли национальные игры и спортивные состязания. Молодежь и любители традиционных видов спорта продемонстрировали силу, ловкость, выносливость и мастерство. Национальные игры, являющиеся частью многовекового культурного наследия кыргызского народа, не только сохраняют традиции предков, но и способствуют воспитанию у подрастающего поколения чувства уважения к истории и культуре своей страны.
Праздничная атмосфера в Алайском районе наглядно продемонстрировала сплоченность местного населения, его уважение к государственным ценностям и уверенность в будущем Кыргызстана. Активное участие молодежи стало свидетельством того, что новое поколение готово принимать ответственность за дальнейшее развитие страны и вносить свой вклад в ее процветание.
35-летие независимости — это не только повод вспомнить исторический путь страны, но и возможность оценить достигнутое, определить новые цели и с уверенностью смотреть в будущее. Независимость требует постоянного труда, ответственности и единства общества. Именно эти ценности становятся основой устойчивого развития государства.
Праздничное мероприятие в Алайском районе стало ярким выражением всенародного уважения к независимости Кыргызстана. Жители района, сохраняя верность национальным традициям и духовным ценностям, встретили знаменательную дату с гордостью за свою страну и надеждой на ее мирное, стабильное и благополучное будущее.
Сегодня, спустя 35 лет после обретения государственной независимости, Кыргызстан продолжает свой путь развития, укрепляя государственность и раскрывая потенциал каждого региона. И этот путь, прежде всего, начинается с единства народа, уважения к истории и ответственности каждого гражданина за будущее своей Родины.
*****
#ҚирғизистонҲақиқати
АЛАЙ ТУМАНИДА ҚИРҒИЗИСТОН МУСТАҚИЛЛИГИНИНГ 35 ЙИЛЛИГИ ТАНТАНАЛИ НИШОНЛАНДИ
31 август — Қирғиз Республикасининг Мустақиллик куни. Бу сана мамлакат тарихида халқнинг эркинлиги, суверенитети ва ўз тақдирини ўзи белгилаш ҳуқуқини ифода этувчи энг улуғ давлат байрамларидан биридир. Жорий йилда Қирғизистон ўз давлат мустақиллигининг 35 йиллигини нишонламоқда. Ушбу қутлуғ сана муносабати билан Ўш вилоятининг барча ҳудудларида кенг кўламли байрам тадбирлари ташкил этилиб, уларда давлат ва маҳаллий ҳокимият органлари вакиллари, нуронийлар, ёшлар ҳамда кенг жамоатчилик иштирок этди.
Шундай тантанали тадбирлардан бири Алай туманида ҳам юқори савияда ташкил этилди. Байрам тадбири халқ бирдамлиги, ватанпарварлик ва мустақил Қирғизистон тарихи ҳамда давлатчилик анъаналарига ҳурмат руҳида ўтди.
Тантанали маросимда Қирғиз Республикаси Президентининг Ўш вилоятидаги ваколатли вакилининг биринчи ўринбосари Мирлан Орозбоев иштирок этиб, Алай тумани аҳолисини мамлакат мустақиллигининг 35 йиллиги билан самимий муборакбод этди. У ўз табригида юртдошларга тинчлик-хотиржамлик, мустаҳкам соғлик, оилавий фаровонлик ва барака тилади.
Тадбирда сўзга чиққан Мирлан Орозбоев Қирғизистон халқи учун мустақилликнинг тарихий аҳамияти беқиёс эканини таъкидлади. Унинг қайд этишича, мустақиллик йилларида мамлакат давлатчиликни мустаҳкамлаш, ижтимоий-иқтисодий тараққиётни таъминлаш ва халқ фаровонлигини ошириш йўлида муҳим босқичларни босиб ўтди.
Шу билан бирга, мустақиллик нафақат эришилган улкан тарихий ютуқ, балки келажак авлодлар олдидаги юксак масъулият экани таъкидланди. Мамлакат тараққиёти, жамиятда тинчлик ва барқарорликни таъминлаш, аҳоли турмуш даражасини янада яхшилаш, ҳудудларнинг иқтисодий салоҳиятини ривожлантириш бугунги куннинг муҳим вазифаларидан экани қайд этилди.
— Мустақиллик — халқимизнинг энг улуғ миллий бойлиги. Уни асраб-авайлаш, мустаҳкамлаш ва келажак авлодларга муносиб тарзда етказиш барчамизнинг муқаддас бурчимиздир. Мамлакат келажаги халқнинг бирдамлиги, тинчлик ва барқарорлик, шунингдек, ҳар бир фуқаронинг юрт тараққиётига қўшаётган ҳиссасига бевосита боғлиқ, — деган мазмунда фикрлар билдирилди.
Тантанали тадбирда Алай тумани ҳокими Адил Сапаров, туман давлат маъмурияти ва маҳаллий ўзини ўзи бошқариш органлари вакиллари, нуронийлар, жамоат фаоллари, меҳнат жамоалари вакиллари, ёшлар ҳамда туман аҳолиси иштирок этди.
Алай замини бой тарихи, ўзига хос маданияти ва миллий қадриятлари билан ажралиб туради. Бу ҳудудда аждодлардан мерос бўлиб келаётган урф-одат ва анъаналарни асраб-авайлашга алоҳида эътибор қаратилади. Мустақиллик байрами доирасида ташкил этилган тадбирлар ҳам ана шу миллий ва маънавий қадриятларни кенг намоён этди.
Тадбир дастуридан ўрин олган маданий концерт дастури байрамга янада кўтаринки руҳ бағишлади. Туманнинг ижодий жамоалари ва истеъдодли санъаткорлари томонидан қирғиз халқ қўшиқлари, мусиқий асарлар, миллий рақслар ҳамда фольклор намуналари ижро этилди.
Байрамнинг яна бир муҳим қисми миллий спорт ўйинлари ва мусобақалари бўлди. Ёшлар ҳамда миллий спорт турларига қизиқувчи иштирокчилар куч, чаққонлик, эпчиллик ва матонатини намойиш этдилар.
Миллий ўйинлар халқнинг кўп асрлик маданий меросининг ажралмас қисми бўлиб, улар орқали аждодлардан қолган анъаналарни асраб-авайлаш, ёш авлодни миллий қадриятларга ҳурмат руҳида тарбиялаш муҳим аҳамият касб этади.
Алай туманидаги байрам тадбири аҳолининг ўзаро ҳамжиҳатлиги, Ватанга муҳаббати ва мамлакат келажагига ишончини яққол намоён этди. Айниқса, ёшларнинг тадбирларда фаол иштирок этгани эътиборга лойиқ бўлди. Бу эса янги авлод юрт тақдири ва унинг келажаги учун масъулиятни ҳис этаётганидан далолатдир.
Мустақилликнинг 35 йиллиги — бу нафақат босиб ўтилган тарихий йўлни ёдга олиш, балки бугунги ютуқларни сарҳисоб қилиш, келажак мақсадларни белгилаш ва янги марралар сари интилиш учун ҳам муҳим фурсатдир.
Зеро, мустақилликни мустаҳкамлаш доимий меҳнат, юксак масъулият ва жамият бирдамлигини талаб этади. Мамлакатнинг барқарор тараққиёти, аввало, тинчлик, ҳамжиҳатлик ва умуммиллий мақсадлар атрофида бирлашишга боғлиқ.
Алай туманида ўтказилган тантанали тадбир ҳам Қирғизистон мустақиллигига бўлган юксак ҳурматнинг ёрқин ифодаси бўлди. Туман аҳолиси миллий анъана ва маънавий қадриятларга содиқ ҳолда улуғ санани катта ғурур ва кўтаринки кайфият билан кутиб олди.
Қирғизистон давлат мустақиллигига эришганига 35 йил тўлган бугунги кунда мамлакат ўз тараққиёт йўлини изчил давом эттирмоқда. Ҳар бир ҳудуднинг салоҳиятини рўёбга чиқариш, аҳоли фаровонлигини юксалтириш ва давлатчилик асосларини янада мустаҳкамлаш йўлида янги вазифалар белгиланмоқда.
Мустақиллик — кеча эришилган тарихий ютуқгина эмас, балки бугун асраб-авайланиши ва эртага янада мустаҳкам ҳолда келажак авлодларга етказилиши лозим бўлган буюк қадриятдир.
Алай халқи ҳам ушбу қутлуғ сана муносабати билан ўзининг Ватанга садоқати, миллий қадриятларга ҳурмати ва юрт келажагига ишончини яна бир бор намоён этди.
Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...