Материалы за 28.08.2026 » Ақийқат.KG

Кытай Эл аралык сооданы илгерилетүү кеңешинин төрагасы Жэнь Хунбин



КЫТАЙ–КЫРГЫЗ БИЗНЕС ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯ ФОРУМУНУН АЧЫЛЫШ АЗЕМИНДЕ СҮЙЛӨГӨН СӨЗҮ

2026-жылдын 28-августу, Бишкек шаары, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы

Урматтуу Премьер-министрдин орун басары Акунбеков мырза!

Урматтуу Улуттук инвестициялар агенттигинин директору Сабиров мырза,
Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Сариев мырза,
Элчи Лю Цзянпин мырза!

Урматтуу ишкерлер!

Айымдар жана мырзалар!

Баарыңыздарга кайырдуу таң каалайм!

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары жана Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитине катышуусу алдында Кытай Эл аралык сооданы илгерилетүү кеңеши Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялар агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте Кытай–Кыргыз бизнес жана инвестиция форумун өткөрүп жатат.

Адегенде Кытай Эл аралык сооданы илгерилетүү кеңешинин атынан бул иш-чарага катышып жаткан Премьер-министрдин орун басары Акунбеков мырзага чын жүрөктөн урматымды билдирем!

Форумга катышып жаткан бардык урматтуу конокторго жылуу салам айтып, кош келиңиздер дейм!

Ошондой эле Кытай–Кыргызстан ортосундагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көп жылдардан бери салым кошуп келе жаткан бардык тармактардын өкүлдөрүнө чын дилимден ыраазычылык билдирем!

Кытай менен Кыргызстан — достук мамиледеги коңшу мамлекеттер, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштөр жана жаңылануу жолунда бир максатты көздөгөн өнөктөш өлкөлөр.

Төрага Си Цзиньпин менен Президент Садыр Жапаровдун стратегиялык жетекчилиги жана жеке аракеттеринин натыйжасында жаңы доордогу Кытай–Кыргызстан ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелери улам жаңы бийиктиктерге көтөрүлүүдө.

Эки өлкөнүн мамилелери жакшы коңшулукка жана жалпы бакубатчылыкка негизделген Кытай–Кыргызстан тагдырлаш коомчулугун түзүүнүн жаңы этабына кирди.

Эки өлкөнүн өз ара байланышы жана алакасы улам тереңдеп, соода-экономикалык кызматташтыкта олуттуу ийгиликтер жаралууда.

Кытай Эл аралык сооданы илгерилетүү кеңеши Кытайдагы эң ири улуттук соода жана инвестицияларды илгерилетүү уюму катары көп жылдан бери Кыргызстандагы өнөктөш мекемелер менен тыгыз кызматташып келет. Биз эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүү үчүн сапаттуу диалог жана кызматташтык аянтчаларын биргелешип түзүп келебиз.

Бүгүнкү форум эки өлкөнүн мамлекет башчылары жетишкен маанилүү макулдашууларды ишке ашырууга жана Кытай–Кыргызстан соода-экономикалык кызматташтыгын дагы да практикалык натыйжалар менен байытууга багытталган.

Форумга ар түрдүү тармактарды камтыган, ишмердүүлүгүнүн багыты жана масштабы боюнча өкүлчүлүктүү 100дөн ашык кытай компанияларынын өкүлдөрү катышууда.

Атап айтканда, China Road and Bridge Corporation Барскоон–Бедель өткөрмө пунктуна баруучу жолду курууга катышууда. ZTE Кыргызстандын телекоммуникациялык инфраструктурасын жаңыртууга жана санариптик өнүгүүсүнө салым кошууда. Ал эми Янлин демонстрациялык зонасы Кыргызстанда мөмө-жемиш дарактарынын сапаттуу сортторун өстүрүү боюнча технологияларды көрсөтүүчү бакты түзүүдө.

Мындай ири жана үлгүлүү көптөгөн долбоорлор Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырылып, өз жемишин бере баштады. Алар өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда.

Бүгүн форумга катышып жаткан компаниялар чын дилден жана так максаттар менен келишти. Алар кызматташууга чоң үмүт жана ишеним менен карап жатышат.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, үч сунушумду билдиргим келет.

Биринчиден, соода кызматташтыгынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Кытай бир нече жылдан бери Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү жана импорттун негизги булагы болуп келе жатат.

2025-жылы Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 27,2 миллиард АКШ долларын түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга өстү жана тарыхый рекордду жаңылады.

Кыргызстандын бал, кургатылган мөмө-жемиштер сыяктуу продукциялары кытайлык керектөөчүлөрдүн арасында чоң суроо-талапка ээ. Ал эми Кытайда чыгарылган жаңы энергия булактарында жүрүүчү автоунаалар сыяктуу товарлар Кыргызстандын жарандарынын күнүмдүк жашоосуна кеңири кирүүдө.

Эки тараптуу соода кызматташтыгы эки өлкөнүн элдерине реалдуу жана практикалык пайда алып келүүдө.

Кытай Эл аралык сооданы илгерилетүү кеңеши өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, сооданы илгерилетүүгө багытталган көбүрөөк иш-чараларды максаттуу түрдө уюштурууга даяр.

Ошондой эле эки өлкөнүн компанияларын айыл чарба продукциялары сыяктуу салттуу тармактардагы сооданын көлөмүн көбөйтүү менен катар, кызмат көрсөтүүлөр соодасы, санариптик соода, чек ара аралык электрондук соода сыяктуу жаңы өсүү багыттарын өнүктүрүүгө колдоого даярбыз.

Мунун негизинде эки тараптуу сооданын көлөмүн гана эмес, сапатын да жогорулатууга болот.

Экинчиден, өндүрүш жана жеткирүү чынжырлары боюнча кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачуу.

Кытай менен Кыргызстан географиялык жактан жакын, ал эми экономиканын жана өнөр жайдын тармактары бири-бирин толуктап турат. Өндүрүш жана жеткирүү чынжырлары жаатындагы практикалык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар.

Акыркы жылдары көптөгөн кытай компаниялары каржылык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, Кыргызстанда инвестициялык ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Бул өлкөдөгү өнөр жайды модернизациялоого жана жашыл өнүгүүгө өтүү процессине олуттуу түрткү берүүдө.

2023-жылдан бери Кытай Эл аралык сооданы илгерилетүү кеңешинин демилгеси менен Кытай Эл аралык жеткирүү чынжырлары көргөзмөсү төрт жолу өткөрүлдү. Бул иш-чара ачык жана өз ара пайдалуу глобалдык өндүрүш жана жеткирүү чынжырлары боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык аянтчага айланды.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы жана өлкөнүн компаниялары бул көргөзмөгө активдүү катышып, жакшы натыйжаларга жетишти.

Келерки жылдын июнь айында Бээжин шаарында Кытай Эл аралык жеткирүү чынжырлары боюнча бешинчи көргөзмө өткөрүлөт.

Кыргызстандын дагы көптөгөн компанияларын жана уюмдарын ага катышууга чын дилден чакырам.

Бул өндүрүш жана жеткирүү чынжырлары жаатында так жана максаттуу өнөктөштөрдү табууга, өз ара байланыштарды бекемдөөгө жана дагы да көп практикалык натыйжаларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Үчүнчүдөн, аймактык кызматташтыктын жаңы барагын ачуу.

Кыргызстан Борбордук Азиядагы экономикасы эң ачык өлкөлөрдүн бири, Шанхай кызматташтык уюмунун маанилүү мүчөсү, ошондой эле «Бир алкак — бир жол» демилгесин эң алгачкылардан болуп колдоп, аны биргелешип курууга активдүү катышкан мамлекеттердин бири.

Кытай менен Кыргызстан жакшы коңшулукка жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген өнүгүү жолун биргеликте басып өтүп жатат.

Бул жаңы типтеги эл аралык мамилелерди түзүүнүн үлгүсүнө айланып, аймактык кызматташтыктын өнүгүшүнө жаңы дем берүүдө.

Кытай Эл аралык сооданы илгерилетүү кеңеши мындан ары да көпүрө жана байланыштыруучу звено катары өзүнүн ролун күчөтөт.

Биз Кыргызстандагы өнөктөш уюмдар менен Кытай–Борбордук Азия ишкерлер комитети, ШКУнун Ишкерлер комитети сыяктуу механизмдердин алкагында кызматташтыкты мындан ары да тереңдетебиз.

Ошондой эле Жибек жолу бизнес кеңеши сыяктуу көп тараптуу жана эки тараптуу ишкердик кызматташтык механизмдеринин мүмкүнчүлүктөрүн дагы натыйжалуу пайдаланабыз.

Жогорку сапаттагы «Бир алкак — бир жол» демилгесин биргелешип ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөтүп, аймактагы ишканалардын эл аралык кызматташтыкта туруктуу жана ишенимдүү өнүгүүсүнө шарт түзөбүз.

Айымдар жана мырзалар!

Бул жыл Кытайдын «15-беш жылдык планынын» башталган жылы.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Кытай экономикасы 4,7 пайызга өстү. Бул көрсөткүч дүйнөнүн негизги экономикаларынын арасында жогорку деңгээлде болуп, Кытай экономикасынын күчтүү туруктуулугун жана жигердүүлүгүн көрсөттү.

Келечекке көз чаптырсак, Кытайдын рыногу жаңы жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жаратат, Кытай өндүрүшү кыйла натыйжалуу өнөр жай экосистемасын түзөт, ал эми Кытайдын инфраструктурасы дагы да ыңгайлуу жана комплекстүү шарттарды камсыз кылат.

Кытай жогорку сапаттагы өнүгүү жана жогорку деңгээлдеги ачыктык саясатын туруктуу улантып, Кыргызстанды кошкондо дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен «Кытай мүмкүнчүлүктөрүн 2.0» бөлүшүүгө даяр.

Биз биргелешип кызматташтыктын жана өз ара пайдалуу өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууга умтулабыз.

Бардык ишкер досторубузду бул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланууга, өз ара байланыштарды жана пикир алмашууну күчөтүүгө, практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана өз ара пайдалуу натыйжаларга жетишүүгө чакырам.

Сөзүмдүн аягында бул иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүн каалайм!

Бардык конокторго бекем ден соолук, иштериңиздерге ийгилик жана үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык каалайм!

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!
*****
#ҚирғизистонҲақиқати
@Жан ХунБин
ХИТОЙ–ҚИРҒИЗИСТОН САВДО ВА ИНВЕСТИЦИЯ ФОРУМИ ОЧИЛИШ МАРОСИМИДА СЎЗЛАГАН НУТҚ

Хитой Халқаро савдони рағбатлантириш кенгаши раиси
Жэнь Хунбин

2026 йил 28 август, Бишкек шаҳри, «Ала-Арча» давлат қароргоҳи

Ҳурматли Бош вазир ўринбосари Акунбеков жаноблари!

Ҳурматли Миллий инвестициялар агентлиги директори Сабиров жаноблари,
Савдо-саноат палатаси раиси Сариев жаноблари,
элчи Лю Цзянпин жаноблари!

Қадрли тадбиркорлар!

Хонимлар ва жаноблар!

Барчангизга хайрли тонг тилайман!

Хитой Халқ Республикаси Раиси Си Цзиньпиннинг Қирғиз Республикасига давлат ташрифи амалга оширилиши ва Шанхай ҳамкорлик ташкилотининг Бишкек саммитида иштирок этиши арафасида Хитой Халқаро савдони рағбатлантириш кенгаши Қирғиз Республикаси Миллий инвестициялар агентлиги ҳамда Қирғиз Республикаси Савдо-саноат палатаси билан ҳамкорликда Хитой–Қирғизистон савдо ва инвестиция форумини ўтказмоқда.

Аввало, Хитой Халқаро савдони рағбатлантириш кенгаши номидан ушбу тадбирда иштирок этаётган Бош вазир ўринбосари Акунбеков жанобларига самимий эҳтиромимни билдираман!

Форумда иштирок этаётган барча меҳмонларни чин қалбимдан қутлаб, самимий хуш келибсиз, дейман!

Шунингдек, Хитой–Қирғизистон ўртасидаги амалий ҳамкорликни изчил ривожлантиришга узоқ йиллардан буён ҳисса қўшиб келаётган турли соҳалар вакилларига самимий миннатдорчилигимни билдираман!

Хитой ва Қирғизистон — дўстона қўшнилар, ҳар томонлама стратегик шериклар, модернизация йўлида бир мақсад сари бораётган ҳамкор давлатлардир.

Раис Си Цзиньпин ва Президент Садир Жапаровнинг стратегик раҳбарлиги ва шахсий саъй-ҳаракатлари туфайли Хитой–Қирғизистон янги даврдаги ҳар томонлама стратегик шериклик муносабатлари изчил равишда янги босқичларга кўтарилмоқда. Икки давлат муносабатлари яхши қўшничилик ва умумий фаровонликка асосланган Хитой–Қирғизистон тақдир муштараклиги ҳамжамиятини барпо этишнинг янги босқичига кирди.

Томонлар ўртасидаги ўзаро боғлиқлик ва алоқадорлик тобора чуқурлашиб, савдо-иқтисодий ҳамкорликда салмоқли натижаларга эришилмоқда.

Хитой Халқаро савдони рағбатлантириш кенгаши Хитойдаги энг йирик миллий савдо ва инвестицияларни рағбатлантириш ташкилоти сифатида узоқ йиллар давомида Қирғизистондаги ҳамкор ташкилотлар билан яқин алоқаларни сақлаб келмоқда. Биз икки мамлакат ишбилармон доиралари ўртасидаги алоқаларни чуқурлаштириш учун юқори сифатли мулоқот ва ҳамкорлик платформаларини биргаликда яратиб келмоқдамиз.

Бугунги форум икки давлат раҳбарлари эришган муҳим келишувларни амалга ошириш, Хитой–Қирғизистон савдо-иқтисодий ҳамкорлигини янада амалий натижалар билан бойитишга қаратилган.

Форумда турли соҳаларни қамраб олган, йўналишлари ва фаолият кўлами билан кенг намунани ташкил этувчи 100 нафардан зиёд Хитой компаниялари вакиллари иштирок этмоқда.

Жумладан, China Road and Bridge Corporation Барскоон–Бедель чегара назорат-ўтказиш пункти йўли қурилишида иштирок этмоқда. ZTE Қирғизистоннинг телекоммуникация инфратузилмасини модернизация қилиш ва рақамли ривожлантириш жараёнига ҳисса қўшмоқда. Янлин демонстрация зонаси эса Қирғизистонда мева дарахтларининг юқори сифатли навларини етиштириш бўйича технологияларни намойиш этиш боғини ташкил этмоқда.

Шу каби кўплаб йирик ва намунавий лойиҳалар Қирғизистонда муваффақиятли амалга оширилиб, ўз самарасини бермоқда. Бу лойиҳалар мамлакатнинг иқтисодий ва ижтимоий ривожига муҳим ҳисса қўшмоқда.

Бугун форумда иштирок этаётган компаниялар катта самимият ва аниқ мақсадлар билан келган. Улар ҳамкорликка катта умид ва ишонч билан қарамоқда.

Фурсатдан фойдаланиб, учта таклифимни билдирмоқчиман.

Биринчидан, савдо ҳамкорлигининг янги имкониятларини кенгайтириш.

Хитой бир неча йилдан буён Қирғизистоннинг энг йирик савдо ҳамкори ва импорт манбалари орасида биринчи ўринда келмоқда.

2025 йилда Хитой ва Қирғизистон ўртасидаги товар айирбошлаш ҳажми 27,2 миллиард АҚШ долларини ташкил этиб, ўтган йилга нисбатан 20 фоизга ўсди ва тарихий рекордни янгилади.

Қирғизистоннинг асал, қуритилган мевалар каби маҳсулотлари хитойлик истеъмолчилар томонидан катта қизиқиш билан харид қилинмоқда. Хитойнинг янги энергия манбаларида ҳаракатланувчи автомобиллари каби маҳсулотлари эса Қирғизистон аҳолисининг кундалик ҳаётига кириб бормоқда.

Икки томонлама савдо ҳамкорлиги икки мамлакат халқларига реал ва амалий манфаат келтирмоқда.

Хитой Халқаро савдони рағбатлантириш кенгаши ўз имкониятларидан фойдаланган ҳолда кўпроқ савдони рағбатлантириш тадбирларини мақсадли равишда ташкил этишга, икки мамлакат компанияларини қишлоқ хўжалиги маҳсулотлари каби анъанавий соҳаларда савдо ҳажмини ошириш билан бирга, хизматлар савдоси, рақамли савдо, трансчегаравий электрон тижорат каби янги ўсиш нуқталарини шакллантиришга қўллаб-қувватлашга тайёр.

Бу орқали икки томонлама савдонинг нафақат ҳажмини, балки сифатини ҳам оширишга эришиш мумкин.

Иккинчидан, ишлаб чиқариш ва таъминот занжирлари ҳамкорлигининг янги салоҳиятини рўёбга чиқариш.

Хитой ва Қирғизистон географик жиҳатдан яқин, иқтисодий ва саноат тармоқлари эса бир-бирини тўлдириб туради. Ишлаб чиқариш ва таъминот занжирлари соҳасида амалий ҳамкорликни чуқурлаштириш учун кенг имкониятлар мавжуд.

Сўнгги йилларда кўплаб Хитой компаниялари молиявий ва технологик салоҳиятидан фойдаланиб, Қирғизистонда инвестициявий фаолиятни йўлга қўймоқда. Бу мамлакатда саноатни модернизация қилиш ва яшил ривожланишга ўтиш жараёнини сезиларли даражада рағбатлантирмоқда.

2023 йилдан буён Хитой Халқаро савдони рағбатлантириш кенгаши ташаббуси билан Хитой Халқаро таъминот занжирлари кўргазмаси тўрт марта ўтказилди. Мазкур тадбир очиқ ва ўзаро манфаатли глобал ишлаб чиқариш ҳамда таъминот занжирлари ҳамкорлигини ривожлантиришга хизмат қиладиган халқаро очиқ платформага айланди.

Қирғизистон Савдо-саноат палатаси ва мамлакат компаниялари ушбу кўргазмада фаол иштирок этиб, яхши натижаларга эришди.

Келаси йил июнь ойида Пекин шаҳрида Бешинчи Хитой Халқаро таъминот занжирлари кўргазмаси ўтказилади.

Қирғизистоннинг янада кўплаб компания ва ташкилотларини унда иштирок этишга самимий таклиф қиламан.

Бу ишлаб чиқариш ва таъминот занжирлари соҳасида аниқ ва мақсадли шерикларни топиш, ўзаро алоқаларни мустаҳкамлаш ҳамда янада кўп амалий натижаларга эришиш имконини беради.

Учинчидан, минтақавий ҳамкорликнинг янги саҳифасини яратиш.

Қирғизистон Марказий Осиёда иқтисодиёти энг очиқ мамлакатлардан бири, Шанхай ҳамкорлик ташкилотининг муҳим аъзоси ҳамда «Бир макон, бир йўл» ташаббусини қўллаб-қувватлаган ва уни амалга оширишда энг аввал иштирок этган давлатлардан биридир.

Хитой ва Қирғизистон яхши қўшничилик ва ўзаро манфаатли ҳамкорликка асосланган тараққиёт йўлини биргаликда босиб ўтмоқда. Бу янги турдаги халқаро муносабатларни шакллантиришнинг намунасига айланиб, минтақавий ҳамкорлик ривожига янги куч бағишламоқда.

Хитой Халқаро савдони рағбатлантириш кенгаши бундан буён ҳам кўприк ва боғловчи бўғин сифатидаги ўз ролини кучайтиради.

Биз Қирғизистондаги ҳамкор ташкилотлар билан Хитой–Марказий Осиё тадбиркорлар қўмитаси, ШҲТ Тадбиркорлар қўмитаси каби механизмлар доирасида ҳамкорликни янада чуқурлаштирамиз.

Шунингдек, Ипак йўли Бизнес кенгаши каби кўп томонлама ва икки томонлама ишбилармонлик ҳамкорлиги механизмларининг имкониятларидан янада самарали фойдаланиб, юқори сифатли «Бир макон, бир йўл» ташаббусини биргаликда амалга оширишни фаол рағбатлантирамиз.

Минтақадаги компанияларни халқаро ҳамкорликда янада барқарор ва ишончли тараққиёт йўлидан боришига кўмаклашамиз.

Хонимлар ва жаноблар!

Бу йил Хитойнинг «15-беш йиллик режаси» бошланган йилдир.

Жорий йилнинг биринчи ярмида Хитой иқтисодиёти 4,7 фоизга ўсди. Бу натижа дунёнинг асосий иқтисодиётлари орасида юқори кўрсаткичлардан бири бўлиб, Хитой иқтисодиётининг юксак барқарорлиги ва ҳаётий кучини намоён этмоқда.

Келажакка назар ташлайдиган бўлсак, Хитой бозори янада кенг янги имкониятлар яратади, Хитой ишлаб чиқариши янада самарали саноат экотизимини шакллантиради, Хитой инфратузилмаси эса янада қулай ва кенг қамровли шарт-шароитларни тақдим этади.

Хитой юқори сифатли ривожланиш ва юқори даражада очиқлик сиёсатини изчил давом эттиради ҳамда Қирғизистонни ҳам қамраб олган дунё мамлакатлари билан **«Хитой имкониятлари 2.0»**ни баҳам кўради.

Биргаликда ҳамкорлик ва ўзаро манфаатли тараққиётнинг янги истиқболларини очишга интиламиз.

Барча тадбиркор дўстларимизни ушбу имкониятдан унумли фойдаланишга, ўзаро мулоқот ва алоқаларни кучайтиришга, амалий ҳамкорликни чуқурлаштиришга ҳамда ўзаро манфаатли натижаларга эришишга чақираман.

Сўзим якунида ушбу тадбирга катта муваффақият тилайман!

Барча меҳмонларга мустаҳкам соғлик, ишларида омад ва хонадонларига фаровонлик тилайман!

Эътиборингиз учун раҳмат!

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Бишкекте Кыргыз-Кытай инвестициялык форуму өтүүдө Бүгүн, 28-августта, Бишкек шаарында “Кыргызстан-Кытай: биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда” аталышындагы Кыргыз-Кытай инвестициялык форуму өтүүдө.

    Иш-чарага Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик органдарынын, өнүктүрүү институттарынын, каржы уюмдарынын жана бизнес чөйрөлөрүнүн 300гө жакын өкүлү катышууда.
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы стратегиялык өнөктөштүктү ырааттуу өнүктүрүп келет. Форумдун алкагында инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай кооперациясы, өндүрүштөрдү локалдаштыруу, транспорттук, энергетикалык жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, санариптештирүү, ошондой эле заманбап жана «жашыл» технологияларды киргизүү маселелери талкууланууда.
«Бүгүнкү күндө биздин милдет - инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү менен гана чектелбестен, аны конкреттүү долбоорлорго, жаңы өндүрүштөргө жана узак мөөнөттүү өнөктөштүккө айландыруу. Мындай жолугушуулар бизнес өкүлдөрүнө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн түздөн-түз талкуулоого, өнөктөштөрдү табууга жана сүйлөшүүлөрдөн практикалык чечимдерге өтүүгө шарт түзөт», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.
Иш-чаранын алкагында эки тараптуу B2B жолугушуулар өтүп, анда кыргызстандык жана кытайлык компаниялар өз долбоорлорун тааныштырып, өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун шарттарын талкуулашууда. Ошондой эле инвестициялык келишимдерге, меморандумдарга, коммерциялык келишимдерге жана кызматташуу боюнча башка документтерге кол коюу каралган.
Иш-чаранын Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына боло турган сапарынын алдында өткөрүлүшү эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын чыңдоого, ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
Кыргыз-Кытай инвестициялык форуму Кыргызстандын чет өлкөлүк өнөктөштөр менен инвестициялык жана экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган эл аралык иш-чараларын улантууда. Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгынын алкагында Бишкекте «Кыргызстан - Евразиянын жүрөгү» инвестициялык бизнес-форуму өтсө, июль айында Кыргыз-Өзбек инвестициялык бизнес-форуму өткөрүлгөн.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик «Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгы» аталышындагы тегерек столдун тең уюштуруучусу болду. Иш-чарада аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү жана соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо перспективалары талкууланды.
Жакынкы убакта Кыргыз-Герман Ишкер кеңешинин кезектеги жыйынын жана Биринчи Борбордук Азия - Корея бизнес-саммитин өткөрүү пландалууда. Ошондой эле күзүндө “Борбордук Азия жана Араб булуңунун мамлекеттери” II инвестициялык форумун өткөрүү каралууда.
Алдыдагы иш-чаралар түздөн-түз ишкердик байланыштарды түзүүгө, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
*****
#РеспубликанскаяУзбекскаяПрессаAkikatKG

В Бишкеке проходит Кыргызско-Китайский инвестиционный форум
Сегодня, 28 августа, в Бишкеке проходит Кыргызско-Китайский инвестиционный бизнес-форум «Кыргызстан - Китай: путь к устойчивому развитию и общему процветанию». Мероприятие объединяет около 300 представителей государственных органов, институтов развития, финансовых организаций и деловых кругов Кыргызстана и Китая.
Кыргызская Республика и Китайская Народная Республика последовательно развивают стратегическое партнерство. Участники обсуждают расширение инвестиционного взаимодействия, промышленную кооперацию, локализацию производств, развитие транспортной, энергетической и логистической инфраструктуры, цифровизацию, а также внедрение современных и «зеленых» технологий.
«Сегодня наша задача - не только расширять инвестиционное взаимодействие, но и переводить его в конкретные проекты, новые производства и долгосрочные партнерства. Такие встречи позволяют бизнесу напрямую обсуждать возможности сотрудничества, находить партнеров и переходить от переговоров к практическим решениям»,- отмечает глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров.
В рамках мероприятия проходят двусторонние B2B-встречи, в ходе которых кыргызские и китайские компании представляют свои проекты, обсуждают возможности партнерства и условия реализации совместных инициатив. Также запланировано подписание инвестиционных соглашений, меморандумов, коммерческих контрактов и других документов о сотрудничестве.
Проведение мероприятия в преддверии визита Председателя Китайской Народной Республики Си Цзиньпина в Кыргызскую Республику способствует дальнейшему укреплению экономических связей, развитию прямых контактов между деловыми кругами и реализации конкретных совместных проектов.
Кыргызско-Китайский инвестиционный форум продолжает серию международных мероприятий, направленных на развитие инвестиционного и экономического взаимодействия Кыргызстана с зарубежными партнерами. В рамках председательства Кыргызской Республики в Шанхайской организации сотрудничества в Бишкеке состоялся Инвестиционный бизнес-форум «Кыргызстан - сердце Евразии», а в июле прошел Кыргызско-Узбекский инвестиционный бизнес-форум.
Национальное агентство по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики также выступило соорганизатором круглого стола «Торгово-экономическое и инвестиционное сотрудничество регионов Кыргызстана и России», в рамках которого обсуждались перспективы развития межрегиональных связей и укрепления торгово-экономических отношений.
В ближайшее время Национальное агентство по инвестициям планирует проведение очередного заседания Кыргызско-Германского делового совета и Первого Корейско-Центральноазиатского бизнес-саммита. Осенью также планируется проведение II Инвестиционного форума «Центральная Азия и Арабские государства Залива».
Предстоящие мероприятия создадут дополнительные возможности для установления прямых деловых контактов, укрепления международных связей и реализации совместных инициатив.
*****
#ҚирғизистонҲақиқати

Бишкекда Қирғизистон–Хитой инвестиция форуми ўтказилмоқда

Бугун, 28 август куни Бишкек шаҳрида «Қирғизистон–Хитой: барқарор тараққиёт ва умумий фаровонлик сари» мавзусида Қирғизистон–Хитой инвестиция бизнес-форуми бўлиб ўтмоқда. Тадбирда Қирғизистон ва Хитой давлат органлари, тараққиёт институтлари, молия ташкилотлари ҳамда ишбилармон доираларининг 300 га яқин вакили иштирок этмоқда.

Қирғиз Республикаси ва Хитой Халқ Республикаси стратегик шериклик муносабатларини изчил ривожлантириб келмоқда. Форум доирасида инвестициявий ҳамкорликни кенгайтириш, саноат кооперацияси, ишлаб чиқаришларни маҳаллийлаштириш, транспорт, энергетика ва логистика инфратузилмасини ривожлантириш, рақамлаштириш, шунингдек, замонавий ва «яшил» технологияларни жорий этиш масалалари муҳокама қилинмоқда.

«Бугунги кундаги вазифамиз нафақат инвестициявий ҳамкорликни кенгайтириш, балки уни аниқ лойиҳалар, янги ишлаб чиқариш қувватлари ва узоқ муддатли шерикликка айлантиришдан иборат. Бундай учрашувлар бизнес вакилларига ҳамкорлик имкониятларини бевосита муҳокама қилиш, ҳамкорлар топиш ва музокаралардан амалий ечимларга ўтиш имконини беради», — деди Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар миллий агентлиги раҳбари Равшанбек Сабиров.

Тадбир доирасида икки томонлама B2B учрашувлар ҳам ўтказилмоқда. Уларда қирғизистонлик ва хитойлик компаниялар ўз лойиҳаларини тақдим этиб, шериклик имкониятлари ҳамда қўшма ташаббусларни амалга ошириш шартларини муҳокама қилмоқда. Шунингдек, инвестиция келишувлари, меморандумлар, тижорий шартномалар ва ҳамкорликка оид бошқа ҳужжатларни имзолаш режалаштирилган.

Тадбирнинг Хитой Халқ Республикаси Раиси Си Цзиньпиннинг Қирғиз Республикасига бўлажак ташрифи арафасида ўтказилаётгани икки давлат ўртасидаги иқтисодий алоқаларни янада мустаҳкамлаш, ишбилармон доиралар ўртасидаги тўғридан-тўғри алоқаларни кенгайтириш ва қўшма лойиҳаларни амалга оширишга хизмат қилади.

Қирғизистон–Хитой инвестиция форуми Қирғизистоннинг хорижий ҳамкорлар билан инвестициявий ва иқтисодий ҳамкорлигини ривожлантиришга қаратилган халқаро тадбирлар туркумини давом эттирмоқда. Қирғиз Республикасининг Шанхай ҳамкорлик ташкилотига раислиги доирасида Бишкек шаҳрида «Қирғизистон — Евроосиё юраги» инвестиция бизнес-форуми ўтказилган бўлса, июль ойида Қирғизистон–Ўзбекистон инвестиция бизнес-форуми ташкил этилди.

Бундан ташқари, Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар миллий агентлиги «Қирғизистон ва Россия минтақаларининг савдо-иқтисодий ва инвестициявий ҳамкорлиги» мавзусидаги давра суҳбатининг ҳамташкилотчиси сифатида иштирок этди. Тадбирда минтақалараро алоқаларни ривожлантириш ва савдо-иқтисодий муносабатларни мустаҳкамлаш истиқболлари муҳокама қилинди.

Яқин вақтларда Қирғизистон–Германия Ишбилармонлар кенгашининг навбатдаги йиғилиши ҳамда Биринчи Марказий Осиё–Корея бизнес-саммити ўтказилиши режалаштирилмоқда. Шунингдек, куз фаслида «Марказий Осиё ва Араб кўрфази давлатлари» II инвестиция форумини ўтказиш кўзда тутилган.

Келгусидаги тадбирлар тўғридан-тўғри ишбилармонлик алоқаларини ўрнатиш, халқаро ҳамкорликни мустаҳкамлаш ва қўшма ташаббусларни амалга ошириш учун қўшимча имкониятлар яратади.

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

    Ысык-Көлдө Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин каражатына «Ден-Соолук» ден соолукту чыңдоо борборунун жаңы корпусунун курулушуна старт берилди

2026-жылдын 27-августунда Ысык-Көлдүн жээгинде «Ден-Соолук» ден соолукту чыңдоо борборунун жаңы корпусунун курулушуна расмий түрдө старт берилди. Маанилүү иш-чаранын алкагында мезгил кутусун салтанаттуу түрдө салуу аземи өттү. Долбоор өлкөнүн социалдык чөйрөсүндөгү өзгөчө демилге болуп саналат: Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу эс алуу жана ден соолукту чыңдоо багытындагы жаны имарат Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлүк төгүмдөрүнүн эсебинен курулууда.

Жаңы комплекс күн сайын элдин саламаттыгын сактоо милдетин аркалаган дарыгерлер, фельдшерлер, медайымдар жана саламаттык сактоо системасынын бардык адистери үчүн ден соолукту калыбына келтирүүгө, күч-кубат топтоого жана үй-бүлөсү менен эс алууга ыңгайлуу заманбап жай болуп эсептелет. Жаңы имарат 40 орунга ылайыкташып, эс алуучулар үчүн максималдуу ыңгайлуулукту камсыз кылып жаңы, заманбап эмеректер менен толук жабдылат.
*****
#РеспубликанскаяПрессаAkiykatKG
На Иссык-Куле дан старт строительству нового корпуса оздоровительного центра «Ден-Соолук» на средства Профсоюза работников здравоохранения

27 августа 2026 года на побережье озера Иссык-Куль дан официальный старт строительству нового корпуса оздоровительного центра «Ден-Соолук». Знаковое событие ознаменовалось торжественной закладкой капсулы времени. Проект стал беспрецедентным для социальной сферы страны: впервые за всю суверенную историю Кыргызстана объект оздоровления и отдыха возводится за счет членских взносов Профсоюза работников здравоохранения.

Новый комплекс задуман как современное пространство для реабилитации, восстановления сил и семейного отдыха тех, кто ежедневно держит на своих плечах здоровье нации: врачей, фельдшеров, медицинских сестер и всех специалистов системы здравоохранения. Корпус рассчитан на 40 мест и будет полностью оснащен новой, современной мебелью для обеспечения максимального уюта.
*****
#ҚирғизистонҲақиқати

Иссиқкўлда Соғлиқни сақлаш ходимлари касаба уюшмаси маблағлари ҳисобидан «Ден-Соолук» соғломлаштириш марказининг янги биноси қурилиши бошланди

2026 йил 27 август куни Иссиқкўл соҳилида «Ден-Соолук» соғломлаштириш марказининг янги биноси қурилишига расман старт берилди. Муҳим тадбир доирасида вақт капсуласини тантанали равишда жойлаштириш маросими ҳам ўтказилди.

Мазкур лойиҳа мамлакат ижтимоий соҳасидаги ўзига хос ташаббуслардан бири бўлиб, Қирғизистоннинг мустақиллик йилларида илк бор дам олиш ва соғломлаштириш мақсадидаги объект Соғлиқни сақлаш ходимлари касаба уюшмаси аъзоларининг бадаллари ҳисобидан барпо этилмоқда.

Янги мажмуа ҳар куни аҳоли саломатлигини асрашдек масъулиятли вазифани зиммасига олган шифокорлар, фельдшерлар, ҳамширалар ва соғлиқни сақлаш тизимининг барча мутахассислари учун мўлжалланган.

Бу ерда тиббиёт ходимлари соғлигини тиклаши, куч-қувват тўплаши, руҳан ҳордиқ чиқариши ва оиласи билан мазмунли дам олиши учун замонавий ва қулай шароитлар яратилади.

Янги бино 40 ўринга мўлжалланган бўлиб, дам олувчиларга максимал даражада қулайлик яратиш мақсадида замонавий мебель ва зарур жиҳозлар билан тўлиқ таъминланади.

Лойиҳа, аввало, инсон саломатлигини асраш йўлида фидокорона меҳнат қилаётган тиббиёт ходимларига муносиб дам олиш ва соғломлашиш шароитини яратишга қаратилгани билан аҳамиятлидир.

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Яндекс.Метрика
Cайт "Clicks.KG" Реклама Агентлиги
томонидан ишлаб чиқилган.