Материалы за 26.08.2026 » Ақийқат.KG

Баткен облусунда инвестициялык климатты өнүктүрүү боюнча иш күчөтүлүүдө


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Баткен облусунда инвестициялык жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун коштоо боюнча иштерди күчөтүүдө.
Жумушчу сапардын алкагында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү облустун жетекчилиги менен жолугушуп, инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышын жана 2026-жылы инвестицияларды өздөштүрүүнүн жүрүшүн талкуулашты. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары жана инвесторлор менен мындан аркы кызматташуунун багыттары аныкталды.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү Кызыл-Кыя шаарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу ишке ашырылып жаткан күн электр станцияларын, турак жай комплексин жана муниципалдык базарды куруу долбоорлору менен таанышты. Ошондой эле газобетон блокторун, кирпич, курулуш желимин жана инерттик материалдарды өндүрүүчү ишканалардын долбоорлорунун жүрүшү каралды. Мындан тышкары, сурьманы өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча долбоорлор талкууланды.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин аймактагы ишмердүүлүгү иштеп жаткан долбоорлорду коштоого, жаралган маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүгө, жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүүгө, инвестиция тартууга, жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.
Улуттук агенттик Баткен облусунун жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, инвесторлор жана финансылык институттар менен кызматташууну улантып, келечектүү долбоорлорду илгерилетүүгө жана аймакка жаңы инвестицияларды тартууга көмөктөшөт.
*****
#РеспубликанскаяПрессаAkiykatKG
НАИ усиливает работу по развитию инвестиционного климата в Баткенской области
Национальное агентство по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики усиливает работу по сопровождению инвестиционных и государственно-частных партнёрских проектов в Баткенской области.
В рамках рабочего визита представители Национального агентства по инвестициям провели встречу с руководством региона, обсудили ход реализации инвестиционных проектов и освоение инвестиций в 2026 году, а также определили дальнейшие направления взаимодействия с местными органами власти и инвесторами.
Представители Национального агентства по инвестициям ознакомились с реализацией проектов солнечных электростанций, жилого комплекса и муниципального рынка в городе Кызыл-Кыя по механизму ГЧП, а также предприятий по производству газобетонных блоков, кирпича, строительного клея и сыпучих материалов. Отдельно рассмотрены проекты по производству и переработке сурьмы.
Работа Национального агентства по инвестициям в регионе направлена на сопровождение действующих проектов, содействие в решении возникающих вопросов, создание условий для запуска новых производств, привлечения инвестиций, создания рабочих мест и развития инфраструктуры.
Национальное агентство продолжит взаимодействие с руководством Баткенской области, органами местного самоуправления, инвесторами и финансовыми институтами для продвижения перспективных проектов и привлечения новых инвестиций в регион.
*****
#ҚирғизистонҲақиқати

Баткен вилоятида инвестициявий муҳитни ривожлантириш бўйича ишлар кучайтирилмоқда

Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик Баткен вилоятида инвестициявий ҳамда давлат-хусусий шериклик лойиҳаларини қўллаб-қувватлаш ва кузатиб бориш ишларини кучайтирмоқда.

Хизмат сафари доирасида Инвестициялар бўйича миллий агентлик вакиллари вилоят раҳбарияти билан учрашиб, инвестиция лойиҳаларининг амалга оширилиши ва 2026 йилда инвестицияларни ўзлаштириш жараёнини муҳокама қилдилар. Шунингдек, маҳаллий ҳокимият органлари ва инвесторлар билан келгусидаги ҳамкорликнинг асосий йўналишлари белгилаб олинди.

Инвестициялар бўйича миллий агентлик вакиллари Қизил-Қия шаҳрида давлат-хусусий шериклик механизми асосида амалга оширилаётган қуёш электр станциялари, турар жой мажмуаси ва муниципал бозор қурилиши лойиҳалари билан танишдилар. Шунингдек, газобетон блоклари, ғишт, қурилиш елими ва инерт материаллар ишлаб чиқарувчи корхоналар лойиҳаларининг амалга оширилиш жараёни ҳам кўриб чиқилди. Бундан ташқари, сурьма ишлаб чиқариш ва уни қайта ишлаш бўйича лойиҳалар муҳокама қилинди.

Инвестициялар бўйича миллий агентликнинг ҳудуддаги фаолияти амалга оширилаётган лойиҳаларни қўллаб-қувватлаш, юзага келаётган муаммоларни ҳал этишга кўмаклашиш, янги ишлаб чиқариш корхоналарини ишга тушириш учун шароит яратиш, инвестицияларни жалб қилиш, янги иш ўринлари яратиш ҳамда инфратузилмани ривожлантиришга қаратилган.

Миллий агентлик Баткен вилояти раҳбарияти, маҳаллий ўзини ўзи бошқариш органлари, инвесторлар ва молиявий институтлар билан ҳамкорликни давом эттириб, истиқболли лойиҳаларни илгари суриш ва ҳудудга янги инвестицияларни жалб қилишга кўмаклашади.

Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Яндекс.Метрика
Cайт "Clicks.KG" Реклама Агентлиги
томонидан ишлаб чиқилган.