Материалы за 28.05.2026 » Ақийқат.KG

Инвестициялык кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды


Бүгүн, 28-майда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров кытайлык Ivan Xu инвестициялык-технологиялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык кызматташтыктын келечектүү багыттарын жана Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушууда Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, ошондой эле чет элдик инвестицияларды тартуунун артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде санариптик инфраструктура, энергетика, өнөр жай, логистика жана экологиялык туруктуу долбоорлор сунушталды.
«Кыргызстан инвестицияларды тартуу жана жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө ырааттуу иш алып барууда. Биз заманбап санариптик чечимдерге инвестиция салууга жана өлкөбүздүн инвестициялык потенциалын өнүктүрүүгө катышууга даяр стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдарбыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандагы стратегиялык урбанистикалык долбоор катары каралып жаткан экологиялык жактан таза Асман шаарында заманбап дата-борборлорду куруу долбоорун ишке ашыруу перспективаларына токтолуп, Ivan Xu компаниясынын өкүлдөрү аталган демилгени мындан ары илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
*****
Обсуждены перспективные направления инвестиционного сотрудничества
Сегодня, 28 мая, глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров встретился с представителями китайской инвестиционно-технологической компании Ivan Xu. В ходе переговоров стороны обсудили перспективные направления инвестиционного сотрудничества и возможности реализации совместных проектов на территории Кыргызской Республики.
В рамках встречи был представлен инвестиционный потенциал Кыргызстана, а также приоритетные направления для привлечения иностранных инвестиций, включая цифровую инфраструктуру, энергетику, промышленность, логистику и экологически устойчивые проекты.
«Кыргызстан последовательно создает благоприятные условия для привлечения инвестиций и реализации высокотехнологичных проектов. Мы заинтересованы в сотрудничестве со стратегическими партнерами, готовыми инвестировать в современные цифровые решения и участвовать в развитии инвестиционного потенциала нашей страны», — отметил глава Национального агентства по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики Равшанбек Сабиров.
По итогам встречи стороны обсудили перспективы реализации проекта по строительству современных дата-центров в экологически чистом городе Асман, который рассматривается как стратегический урбанистический проект Кыргызстана. Представители компании Ivan Xu выразили заинтересованность в дальнейшем продвижении данной инициативы.
#akiykatkg
*****
Инвестициявий ҳамкорликнинг истиқболли йўналишлари муҳокама қилинди

28 май куни Қирғиз Республикаси Президенти ҳузуридаги Инвестициялар бўйича миллий агентлик директори Равшанбек Сабиров Хитойнинг «Ivan Xu» инвестициявий-технологик компанияси вакиллари билан учрашди.

Музокаралар давомида томонлар инвестициявий ҳамкорликнинг истиқболли йўналишлари ҳамда Қирғизистон ҳудудида қўшма лойиҳаларни амалга ошириш имкониятларини муҳокама қилдилар.

Учрашувда Қирғизистоннинг инвестициявий салоҳияти, шунингдек хорижий сармояларни жалб қилишнинг устувор йўналишлари, жумладан рақамли инфратузилма, энергетика, саноат, логистика ва экологик барқарор лойиҳалар тақдим этилди.

«Қирғизистон инвестицияларни жалб этиш ва юқори технологияли лойиҳаларни амалга ошириш учун қулай шарт-шароитлар яратиш борасида изчил иш олиб бормоқда. Биз замонавий рақамли ечимларга сармоя киритишга ҳамда мамлакатимиз инвестициявий салоҳиятини ривожлантиришда иштирок этишга тайёр бўлган стратегик ҳамкорлар билан ишлашдан манфаатдормиз», — деди Равшанбек Сабиров.

Учрашув якунида томонлар Қирғизистоннинг стратегик шаҳарсозлик лойиҳаси сифатида қаралаётган экологик тоза Асман шаҳрида замонавий дата-марказлар қуриш лойиҳасини амалга ошириш истиқболларини кўриб чиқдилар. Шунингдек, «Ivan Xu» компанияси вакиллари мазкур ташаббусни янада илгари суришдан манфаатдор эканликларини билдирдилар.
#ҚирғизистонХақиқатипресса

---
Батафсил ўқиш



Ижтимоий тармоқда баҳам кўринг...

Яндекс.Метрика
Cайт "Clicks.KG" Реклама Агентлиги
томонидан ишлаб чиқилган.