“Адабий Достук” көпрүүсү бекем болсун!



#КыргызстанАкыйкатыПресса
БЕЛГИЛҮҮ АЗЕРБАЙЖАН АКЫНЫ НАМЫК ДЕЛИДАГЛЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДА КИТЕБИ БАСЫЛЫП ЧЫКТЫ
Белгилүү Азербайжан акыны Намык Далидаглинин "Мен убакыттан утулдум" аттуу кезектеги ырлар китеби Кыргыз Республикасында "Book-Blank" басмаканасында 1000 (миң)нускада басылып чыкты.
Кыргызстан Улуттук Жазуучулар союзунун Ош облусу бөлүмү сунушу менен басылып чыкканы, боордош элдердин арасындагы адабий көпүрөнүн бекемделип жатканын далилдейт. Бермет Закирова китеп жөнүндө пикир билдирди. Китептин редактору Мукумжан Нурбаев.
Баса белгилей кетсек, акын-журналист Намык Далидагли Түркия жана Борбордук Азия республикалары жана Азербайжан Республикасы ортосундагы адабий-маданий алакаларды кеңейтүү жана пропаганда кылууда активдүү катышып келет. Ал өзү жетекчилик кылып жаткан маалымат ресурстарында боордош өлкөлөрдөгү авторлорун чыгармаларына улам орун ажыратат.
Эске салсак
Намиг Дeлидаглы 1970-жылы 29-сентябрда Азербайжан Республикасынын Калбаджар районунда мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган. Кесиби боюнча журналист жана филолог.
Ал 1994-жылдан бери мезгилдүү басма сөз тармагында эмгектенип келет.
Анын чыгармалары жана макалалары АКШда, Түштүк Кореяда, Түркияда, Пакистанда, Борбордук Азияда, ошону менен катар Европа өлкөлөрүндө жана башка чет элдик басма сөз каражаттарында үзгүлтүксүз жарыяланып турат. Анын көптөгөн ырлары Азербайжанда жана чет өлкөлөрдө басылып чыккан адабий жыйнактарда да жарыяланган.
Ал "Ак түндүн жомогу", "Мейманкана бөлмөсүнөн репортаж", "Элүүнүн элегинен өткөндөр", Өзбекстанда басылып чыккан "Сүйүүнүн жымжырттыгы" поэтикалык китептеринин, "Чексиз өмүрдүн жартылай күндөлүгү" аттуу публицистикалык китептин жана 4 публицистикалык жыйнактын автору.
Азербайжан Жазуучулар союзунун жана Азербайжан Журналисттер союзунун мүчөсү Намиг Дeлидаглы Президенттик стипендияга, "Алтын калем" жана башка адабий жана медиа сыйлыктарына, анын ичинде Казакстандын "Ахмад Ясеви" сыйлыгына, ошондой эле Кыргызстандын "Чыңгыз Айтматов - Алтын калем" медалына ээ болгон.
Ал Азербайжан-түрк адабий мамилелерин өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги, ошондой эле басма сөздөгү жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн ар кандай уюмдар тарабынан сыйланган.
Намиг Дeлидаглы учурда "Manevr.az", "Dalidag.az" жана "Sumqayitfakt.az" жаңылыктар сайттарынын негиздөөчүсү жана башкы редактору, "Delidag" адабий союзунун жана Азербайжан Журналисттер союзунун Калбажар бөлүмүнүн төрагасы. Анын бир тууганы Түркияда иштеген "Kapsamhaber" жаңылыктар порталынын кабарчысы.
"Мен убакыттан утулдум" - автордун өлкөдөн тышкары басылып чыккан экинчи китеби.