Аёл нозик хилқат эмас ми
#КыргызстанАкыйкаты
#ЭлАралыкФорум
#РеспубликанскаяУзбПрессаKG
#НогойбаеваАсельДанияровна
#АсельНогойбаева(Зомбулук-Кулак-мурду кесилген аял )
Саламатсыздарбы, Урматтуу коноктор жана бүгүнкү форумдун катышуучулары!
Жашоодо жеңил болсо көтөрүлбөй, оор учурда чөгүп кетпей, көпчүлүк катары мен дагы бир нече жыл чет өлкөдө иштеп, тажрыйба топтоп, жаңы маданияттарга аралашып, мамилелерди көрдүм. Ал учур, мага чоң сабак берди - мен турмуштун ак-карасын, адамдардын мамилесин жана эмгекти баалоону үйрөндүм.
Өз мекенимден алыс жашап, бир нерсени ачык-айкын түшүндүм - эч нерсе өз үйүңдүн жылуулугун алмаштыра албастыгы, туулган жериңдин топурагы жана элиңдин көз карашы.
Менин үй-бүлөмдө болгон, башымдан өткөн оор кырдаалдан кийин... эки баламдын келечегин ойлоп, жакындарым жана мага колдоо көрсөткөн адамдар түрткү болуп, чакан бизнести баштоого бел байладым. Биринчи кадамды жасадым – артынан экинчи кадам келди... эркиндикке, алдыга умтулуу жолум оңой болгон жок. Мен корктум. Кайда бараарымды, кимге ишенээримди билбеген мезгилдер болду... Бирок, мени уккан адамдарды жолуктурдум. Ошондо мен түшүндүм: мен жалгыз эмесмин.
Ковид мезгили баарыбызга материалдык нерселердин баалуу эместигин көрсөттү, ошол себептен кичине топтогон каражатыма азык-түлүк дүкөнүн ачып, чакан бизнес баштоону чечтим.
Ооба, бул жаңы багытты баштоо мен үчүн оңой болгон жок, күч, чыдамкайлык жана кайраттуулук менен мен өз тажрыйбама ишендим, биздин кичинекей мекенибизде да мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканына ынандым. Эң негизгиси, колдоолорду сезүү жана аракеттерди кылуудан коркпоо керек демекчимин.
Мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет, себеби, айыл жергесиндеги айымдарыбызга жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Мисалы, социалдык контракт программасынын, жеңилдетилген насыянын алкагында айымдарыбыз жеке эле үй-бүлөсүнүн жашоосун жакшыртууга салым кошпостон, көптөн бери кыялданып жүргөн, бирок ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болбой келген жеке бизнестерин ачууга шарттар түзүлдү. Бул алардын эгемендүүлүккө болгон алгачкы кадамы жана келечекке болгон ишеними болду.
Ийгиликке жетүү үчүн “башка бир өлкөгө кетүү керек” деп ойлогондордун баарына кайрылгым келет: эң башкысы өзүңө ишен, жакындарыңды ойлон, аракет кыл... мамлекетибиздин колдоосу менен татыктуу жашоо курууга болот. Биз өз кезегинде, жумуш орундарын түзүү менен, экономиканы көтөрүп, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошо алабыз.
Эң негизгиси, кичинеден кадам таштоо менен баштоо зарыл.
Урматтуу Айгүл Жапаровна!
Менин ден соолугума байланыштуу оор мезгилде көрсөткөн камкордугуңуз жана колдооңуз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет. Сиздин көңүл бурууңуз, жылуу сөздөрүңүз мен үчүн чоң колдоо жана дем болуп калды. Сиздин жардамыңыздын аркасында мен өзүмдү жакшы сезип турам жана толук сакайып кетишиме үмүтүм чоң.
Ошону менен бирге, медицина илимдеринин доктору, пластикалык хирург, Россиянын пластикалык, реконструктивдик жана эстетикалык хирургдар коомунун президенти Мантурова Наталья Евгеньевнага тынымсыз эмгегиңиз, алтын колдоруңуз жана бейтаптарга болгон жылуу мамилеңиз үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем. Сиз жөн гана хирург эмессиз, сиз гармония менен ишенимди калыбына келтирүүчү чыныгы сүрөтчүсүз.
Кадырлуу Саида Шавкатовна!
Айымдарга карата болгон зордук-зомбулук менен күрөшүп келгениңиз баарыбызга маалым. Зордук-зомбулукка каршы күрөштө жигердүү жана ак ниет эмгегиңиз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиз. Сиздин адамдын
ар-намысын коргоого, адилеттүүлүктү бекемдөөгө жана жабырлануучуларга колдоо көрсөтүүгө багытталган аракеттериңиз гумандуу жана коопсуз коомду курууга кошкон зор салым болуп саналат.
Туулуп өскөн Мекенибизде биргеликте иштеп, ийгилик жаратып, өз өлкөбүздү кайра кайткыбыз келген мамлекетке айландыралы.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!
*****
Собиқ эри кулоқ,бурнини кесиб ташлаган Асель Ногойбаеванинг форумдаги нутқи.
Саломатмисизлар, ҳурматли меҳмонлар ва бугунги форум иштирокчилари!
Ҳаётда енгил бўлса кўтарилмай, оғир пайтда чўкмай, кўпчилик каби мен ҳам бир неча йил чет элда ишлаб, тажриба тўплаб, янги маданиятларга аралашиб, турли муносабатларни кўрдим. Ўша давр менга катта сабоқ берди – ҳаётнинг оқ-қорасини, одамларнинг муносабатини ва меҳнатни қадрлашни ўргандим.
Ўз Ватанимдан узоқ яшаб, бир нарсани очиқ-ойдин тушундим – ҳеч нарса ўз уйингнинг илиқлигини алмаштира олмайди, туғилган жойингнинг тупроғи ва элингнинг қарашига тенг келмайди.
Оиламда юз берган, бошимдан ўтган оғир вазиятдан сўнг… икки фарзандимнинг келажагини ўйлаб, яқинларим ва менга кўмак кўрсатган одамлар туртки бўлиб, кичик бизнесни бошлашга бел боғладим. Биринчи қадамни қўйдим – ортидан иккинчи қадам келди… эркинликка, олдинга интилиш йўлим осон бўлмади. Қўрққан пайтларим бўлди. Қаерга борарман, кимга ишонарман, билмаган даврларим бўлди… Лекин мени тинглай олган одамлар йўлимдан чиқди. Ўшанда англадим: мен ёлғиз эмас эканман.
Ковид даври барчамизга моддий нарсаларнинг қимматли эмаслигини кўрсатди. Шунинг учун кичик йиғган маблағимга озиқ-овқат дўконини очиб, кичик бизнес бошлашга қарор қилдим.
Ҳа, бу янги йўналишни бошлаш мен учун осон бўлмади, куч, сабр ва матонат билан ўз тажрибамга ишондим, Ватанимизда ҳам имкониятлар яратилаётганига ишонч ҳосил қилдим. Энг асосийси – қўллаб-қувватлашни ҳис этиш ва ҳаракатдан қўрқмаслик кераклигини айтаман.
Давлатимиз томонидан олиб борилаётган сиёсат учун чин юрагимдан миннатдорчилик билдираман, чунки қишлоқ жойлардаги аёлларимизга ҳаётини яхши томон ўзгартириш имкониятлари яратилмоқда. Масалан, “ижтимоий контракт” дастури, имтиёзли кредитлар орқали аёлларимиз на фақат ўз оиласининг турмушини яхшилашга ҳисса қўшмоқда, балки кўп йиллар орзу қилиб келган, аммо амалга ошириш имконияти бўлмаган шахсий бизнесини очишга шароит яратилди. Бу уларнинг мустақилликка қўйган илк қадами ва келажакка ишончи бўлди.
Ийғилиққа эришиш учун “бошқа мамлакатга кетиш керак” деб ўйлаётганларга мурожаат қилмоқчиман: энг асосийси ўзингга ишон, яқинларингни ўйла, ҳаракат қил… давлатимиз қўллови билан муносиб ҳаёт қуриш мумкин. Биз эса ўз навбатида, иш ўринлари яратиш орқали иқтисодиётни кўтариб, мамлакатимиз тараққиётига ҳисса қўша оламиз. Энг муҳими – кичикдан қадам ташлаб бошлаш зарур.
Ҳурматли Айгул Жапаровна!
Менинг соғлиғим билан боғлиқ оғир пайтда кўрсатган ғамхўрлигингиз ва қўлловингиз учун чин юрагимдан миннатдорчилик билдираман. Сизнинг эътиборингиз, илиқ сўзларингиз мен учун катта қўллаб-қувватлаш ва илҳом бўлди. Ёрдамингиз туфайли ўзимни яхши ҳис этяпман ва тўлиқ соғайиб кетишимга умидим катта.
Шунингдек, тиббиёт фанлари доктори, пластик жарроҳ, Россия Пластик, реконструктив ва эстетик жарроҳлар жамияти президенти Наталья Евгеньевна Мантуровага ҳам узлуксиз меҳнатингиз, олтин қўлларингиз ва беморларга бўлган илиқ муносабатингиз учун чин дилдан миннатдорчилик билдираман. Сиз оддий жарроҳ эмассиз, сиз уйғунлик ва ишончни тикловчи ҳақиқий санъаткорсиз.
Қадрли Саида Шавкатовна!
Аёлларга нисбатан зўравонликка қарши курашиб келаётганингиз барчамизга маълум. Зўравонликка қарши курашдаги фаол ва холис меҳнатингиз учун чин юрагимдан миннатдорчилик билдиришга рухсат этинг. Сизнинг инсон шаънини ҳимоя қилишга, адолатни мустаҳкамлашга ва жабрланувчиларга қўллаб-қувватлаш кўрсатишга қаратилган ҳаракатларингиз инсонпарвар ва хавфсиз жамият қуришга қўшган катта ҳиссангиздир.
Туғилиб ўсган Ватанимизда биргаликда меҳнат қилиб, муваффақият яратиб, ўз юртимизни яна қайтиб келгимиз келадиган мамлакатга айлантирайлик.
Эътиборингиз учун раҳмат!
